Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын сүйүү менен берген жетекчилигине баш иесиңби?

Жахабанын сүйүү менен берген жетекчилигине баш иесиңби?

Жахабанын сүйүү менен берген жетекчилигине баш иесиңби?

«Жалган жолдорду жек көрөм» (ЗАБ. 118:128).

1, 2. а) Досуңдун көздөгөн жериңе жетүүгө байланыштуу берген кандай эскертүүсүнө ыраазы болмоксуң жана эмне үчүн? б) Жахаба кызматчыларына кандай эскертүүлөрдү берет жана эмне үчүн?

БИР жакка сапарга аттанганы жатасың дейли. Жолду жакшы билген ишенимдүү досуңан ал жакка кантип барса болорун сурайсың. Ал майда-чүйдөсүнө чейин айтып бергенден кийин: «Кийинки бурулуштан этият бол, анткени ал жердеги белги туура эмес. Анын айынан көптөр адашып кеткен»,— дейт. Анын камкордугуна ыраазы болуп, эскертүүсүнө кулак кагат белең? Жахаба кандайдыр бир мааниде ошондой доско окшош. Ал бизге, көздөгөн жерибизге — түбөлүк өмүргө — жетишибиз үчүн, айкын-так көрсөтмөлөрдү бергенден сырткары, туура эмес жолго түшүрө турган жаман таасирлерден сак болууну да эскертет (Мыйз. 5:32; Ыш. 30:21).

2 Ушул жана кийинки макалада сүйүктүү Досубуз Жахаба Кудай эскерткен ошол таасирлердин айрымдарын талкуулайбыз. Жахабанын андай эскертүүлөрдү камкордугунан, сүйүүсүнөн улам берерин эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ал биздин көздөгөн жерибизге жетишибизди каалайт. Кызматчыларынын терс таасирлерге алдырып, ак жолдон адашып кеткенин көргөндө анын жүрөгү ооруйт (Жез. 33:11). Бул макалада бизге терс таасир тийгизе турган үч нерсеге токтолобуз. Биринчи терс таасирдин булагы — башка адамдар, экинчисиники — өзүбүз, ал эми үчүнчүсүнүкү — бизге чындап жардам бере албаган, чоң коркунуч туудура турган нерселер. Биз алардын эмне болгон таасирлер экенин жана асмандагы Атабыздын бизге аларга каршы турууга кантип жардам берерин билгенибиз маанилүү. Ыйык Китепти жазууга катышкан бир забурчу Жахабага: «Жалган жолдорду жек көрөм»,— деп айткан (Заб. 118:128). Сен да жек көрөсүңбү? Кел анда, канткенде «жалган жолдорду» ого бетер жек көрүүгө жана алардан качууга чечкиндүү боло аларыбызды карап көрөлү.

«Көпчүлүктү ээрчибе»

3. а) Кайсы жолго түшүүнү билбей жатканда көпчүлүктү ээрчүү эмне үчүн кооптуу? б) Чыгуу 23:2де кандай маанилүү принцип камтылган?

3 Алыс жакка кетип баратып андан ары кайсы жол менен жүрүштү билбей жатсаң, эмне кылат элең? Балким, саякатчылардын көбү түшүп жаткан жолго түшкүң келеттир. Бирок бул опурталдуу. Себеби алар сен багыт алган жерге барбашы же алар да адашып жүрүшү мүмкүн. Ушуга байланыштуу байыркы Ысрайылга берилген мыйзамдардын биринде кандай принцип камтылганына көңүл бурсаң. Сот катары кызмат кылгандарга жана сотто күбө боло тургандарга «көпчүлүктү ээрчибеши» керектиги эскертилген (Оку: Чыгуу 23:2). Ооба, жеткилеңсиз болгондуктан адамдар оңой эле чөйрөсүндөгүлөрдүн кысымына алдырып, чындыкты бурмалап коюшу этимал. Бирок көпчүлүктү ээрчибөөгө байланыштуу берилген принцип сот иштерине гана тиешелүүбү? Жок.

4, 5. Көпчүлүк Жашыя менен Калепке кандай кысым көрсөткөн жана аларга кысымга каршы турууга эмне жардам берген?

4 «Көпчүлүктү ээрчүүгө» дээрлик бардык учурда азгырык пайда болушу мүмкүн. Андай азгырык күтүлбөгөн жерден пайда болуп, ага каршы туруу кыйынга турушу ыктымал. Мисалы, Жашыя менен Калепке кандай кысым көрсөтүлгөнү жөнүндө ойлонуп көрсөң. Алар Убадаланган жерди чалгындап келүүгө барган 12 кишинин арасында болчу. Кайра келишкенде, алардын ону ал жер жөнүндө ындынды өчүргөн жаман кабар айтышкан. Атүгүл ал жерден нефилимдердин — адамдардан аял алган козголоңчул периштелердин балдарынын — алп тукумдарын көрдүк дешкен (Башт. 6:4). Бирок алардын айткандары болбогон эле сөз болчу. Анткени ал алп кишилердин каардуу урпактары кылымдар мурун эле Топон суунун убагында тукум курут болгон. Анткен менен чындыкка коошпогон ушундай сөздөр да ишеними алсыздарга күчтүү таасир эткен. Он чалгынчынын суук кабары камышка тийген өрттөй бир заматта тарап, элдин үрөйүн учуруп, дүрбөлөң түшүргөн. Көп өтпөй элдин басымдуу бөлүгү Жахабанын көрсөтмөсү боюнча Убадаланган жерге баруу туура эмес деп ойлой баштаган. Ушундай оор жагдайда Жашыя менен Калеп эмне кылган? (Сан. 13:25—33).

5 Ал экөө көпчүлүктү ээрчиген эмес. Эл уккусу келбей, таш бараңга алып коё жаздаса да, алар чындыкты айтып, ошого бекем карманышкан. Аларга эр жүрөк болууга эмне жардам берген? Негизинен, ишеними. Ишеними күчтүү адамдар курулай сөздөр менен Жахаба Кудайдын ыйык убадаларынын ортосундагы айырманы так-таасын көрүшөт. Кийинчерээк Жашыя да, Калеп да Жахабанын бир да убадасы аткарылбай калбаганын айтышкан (Оку: Жашыя 14:6, 8; 23:2, 14). Экөө тең ишенимдүү Кудайга берилген бойдон калышкан. Ишеними жок көп элди ээрчип, Жахабанын жүрөгүн оорутуу алардын оюна да келген эмес. Алар бекем болуп, бизге мыкты үлгү калтырышкан (Сан. 14:1—10).

6. Көпчүлүктү ээрчүүгө кандай азгырыктар болушу мүмкүн?

6 Сенин да «көпчүлүктү ээрчүүгө» азгырылган учуруң болду беле? Бүгүнкү күндө Жахабадан алыстап, анын адеп-ахлак нормаларын тебелеп-тепсегендер абдан көп. Көңүл ачууга жана эс алууга келгенде, андай адамдар адатта өздөрүнүн бурмаланган ой-пикирлерин таңуулашат. Алсак, алар телеберүүлөрдө, фильмдерде жана видео оюндарында көп камтылган адеп-ахлаксыздыктын, зордук-зомбулуктун, спиритизмдин эч зыяны жок деп ырасташы мүмкүн (2 Тим. 3:1—5). Өзүң же үй-бүлөң үчүн көңүл ачуунун жана эс алуунун түрүн тандап жатканда башкалардын мокоп калган абийиринин чечимдериңе таасир этишине, абийириңди калыпташына жол бересиңби? Бул «көпчүлүктү ээрчигенге» жатып калбайбы?

7, 8. а) «Түшүнүү жөндөмүбүздү» кантип машыктыра алабыз жана эмне үчүн бул катуу эрежелердин тизмесине карманууга караганда пайдалуу? б) Исанын жаш жолдоочуларынын үлгүсү жүрөк жылытарлык деп эмне үчүн айта аласың?

7 Жахаба бизге чечим чыгарууга жардам бере турган баалуу белек — «түшүнүү жөндөмүн» — берген. Бирок аны «иш жүзүндө колдонуунун аркасында» машыктырышыбыз керек (Эвр. 5:14). Көпчүлүктү ээрчүү жана абийирге жараша чече турган нерселерде катуу эрежелерге кармануу түшүнүү жөндөмүбүздү өрчүтпөйт. Ошондуктан, мисалы, Жахаба өзүнүн элине кандай фильмдерден, китептерден жана Интернет сайттарынан качуу керектигине байланыштуу тизме берген эмес. Анткени бул дүйнө көлөкөдөй тез өзгөрүп тургандыктан, андай тизме көп өтпөй эле эскирип калмак (1 Кор. 7:31). Андан да жаманы, бул бизге ыйык китептик принциптердин үстүнөн терең ой жүгүртүп, тиленип, анан ошол принциптердин негизинде чечим чыгарышыбызга тоскоолдук кылмак (Эф. 5:10).

8 Албетте, Ыйык Китепке негизделген чечимдерибиз кээде башкаларга жакпашы мүмкүн. Мектепте окуган Исанын жолдоочуларына көпчүлүк көргөндү көрүп, көпчүлүк кылганды кылууга катуу кысым көрсөтүлүшү ыктымал (1 Пет. 4:4). Кичинекей бир туугандарыбыздын да, чоңураактарынын да Жашыя менен Калептикиндей ишеним көрсөтүп, «көпчүлүктү ээрчибегенин» көрүү кандай гана жүрөк жылытарлык!

Жүрөгүң менен көзүңдүн каалоосуна жетеленбе

9. а) Саякаттап баратканда каалоолорубузга, ой-сезимдерибизге эле жетектелүү эмне үчүн кооптуу? б) Сандар 15:37—39-аяттардагы мыйзам Кудайдын байыркы эли үчүн эмне себептен маанилүү болгон?

9 Биз азыр экинчи терс таасирди талкуулайбыз; анын булагы — өзүбүз. Мисалы, бир жакка саякаттап баратасың дейли. Картага кол шилтеп коюп, сезимдериңе эле жетектелип, көзүңө жакшы көрүнгөн жолдун баарына эле түшө берсең, эмне болот? Кылт эте түшкөн ой-сезимдерге эле жетелене берсең, максатыңа жетпей турганың айтпаса да түшүнүктүү. Буга байланыштуу Жахабанын байыркы Ысрайылга берген дагы бир мыйзамына көңүл бурсаң. Бүгүнкү күндө көптөр кийимдин этегине чачыларды жасап, үстүнөн көк жип өткөрүү жөнүндөгү ошол мыйзамдын эмне себептен берилгенин түшүнбөшү мүмкүн (Оку: Сандар 15:37—39). Ал мыйзам эмне үчүн маанилүү болгон деп ойлойсуң? Ага баш ийүү Кудайдын элине айланасындагы бутпарас элдерден айырмаланып турууга, алардан обочо болууга жардам берген. Эгер ысрайылдыктар Жахабанын ырайымына ээ болууну каалашса, ошол мыйзамды аткарышы керек болчу (Леб. 18:24, 25). Андан сырткары, ал мыйзам бизге көздөгөн жерибизге — түбөлүк өмүргө — жетүүгө бөгөт койгон экинчи терс таасир жөнүндө билүүгө жардам берет. Кандайча?

10. Жахаба адам баласынын табиятын эң сонун билерин кантип көрсөткөн?

10 Жахаба өзүнүн элине ал мыйзамды эмне үчүн бергенин түшүндүрүп: «Бузуктукка түрткөн жүрөгүңөр менен көзүңөрдүн каалоосун аткарбашыңар үчүн»,— деп айткан. Жахаба адам баласынын табиятын эң сонун билет. Ал жүрөгүбүздүн — ички адамыбыздын — көргөн нерселерибизге бат эле азгырылып кетерин жакшы билет. Ошондуктан Ыйык Китепте: «Адамдын жүрөгү өтө анткор, өтө бузулган, аны ким биле алат?» — деген эскертүү берилген (Жер. 17:9). Кудайдын ысрайылдыктарга эскертүү бергени кандай гана туура болгонун баамдадыңбы? Жахаба алардын тегерегиндеги бутпарас элдердин кылгандарын көрүп, азгырылып кетиши мүмкүн экенин билген. Ысрайылдыктар Кудайга ишенбеген адамдарга окшошууну каалап, натыйжада алардын ой жүгүртүүсүн, көз карашын сиңирип, алардай иш-аракет кыла башташы ыктымал эле (Накыл 13:20).

11. Көргөн нерселерибизге кантип азгырылышыбыз мүмкүн?

11 Бүгүнкү күндө биздин анткор жүрөгүбүз көргөн нерселерибизге оңой эле азгырылып кетиши мүмкүн. Анткени биз туура эмес каалоолорду ойгото турган нерселерге жык толгон дүйнөдө жашап жатабыз. Анда Сандар 15:39да камтылган принципти кантип колдонсок болот? Эгер мектебиңдегилердин, жумушуңдагылардын же айлана-чөйрөңдөгүлөрдүн кийими барган сайын адепсиз, ачык боло берсе, бул сага таасир этиши мүмкүнбү? Жүрөгүң менен көзүңдүн каалоосуна жетеленип, көргөн нерселериңе азгырылышың мүмкүнбү? Аларга окшоп кийинип, карманган нормаларыңды төмөндөткүң келиши мүмкүнбү? (Рим. 12:1, 2).

12, 13. а) Карабашыбыз керек болгон нерселерди караганга жакын келсек, эмне кылышыбыз керек? б) Бизге башкалар үчүн азгырык болуудан этият болууга эмне түрткү берет?

12 Азыр өзүбүздү башкара билүүгө үйрөнгөнүбүз болуп көрбөгөндөй маанилүү. Эгер карабашыбыз керек болгон нерселерди караганга жакын келсек, ишенимдүү Аюбдун чечкиндүүлүгүн эстейли. Ал көзү менен келишим түзгөн, башкача айтканда, башка аялдарды кумарлануу менен карабайм деп бекем чечип алган (Аюб 31:1). Дөөтү падыша да: «Көз алдыма пайдасы жок нерселерди койбойм»,— деп чечип алган (Заб. 100:3, «ЖД» [101:3]). Таза абийирибизди булгаган жана Жахаба менен болгон мамилебизге залакасын тийгизе турган нерселердин баары «пайдасы жок нерселер» болуп эсептелет. Аларга көз кумарын ойготкон жана жүрөгүбүздү туура эмес иш жасоого түрткөн азгырыктар да кирет.

13 Өзүбүз да эч качан башкаларды жаман иш кылууга азгырып, алар үчүн кандайдыр бир мааниде «пайдасы жок нерсе» болгубуз келбейт. Ошол себептен тыкан, уят-сыйыттуу кийинүүгө байланыштуу рухтун жетеги менен жазылган ыйык китептик кеңешке олуттуу карайбыз (1 Тим. 2:9). Уят-сыйыттуулук өзүбүзгө жаккан кийимди тандоону эле билдирбейт. Бул айланабыздагылардын абийирин, сезимдерин эске алып, алардын жан дүйнө тынчтыгын жана жыргалчылыгын өз кызыкчылыктарыбыздан жогору коюуну билдирет (Рим. 15:1, 2). Исанын жолдоочуларынын жыйналышында бул жагынан мыкты үлгү көрсөтүп жаткан жаштар миңдеп саналат. Жүрөгү менен көзүнүн каалоосуна жетеленбей, бардык жагынан, атүгүл кийим тандоодо да Жахабага жагууга умтулуп жатканын көрүп алар менен кандай гана сыймыктанабыз!

«Эч нерсеге жарабаган» нерселерди көздөбө

14. Шемуел «эч нерсеге жарабаган» нерселерди көздөбөөгө байланыштуу кандай эскертүү берген?

14 Учу-кыйырына көз жетпеген эрме чөлдө кетип баратканыңды элестетсең. Бир убакта алыстан суу көрүнгөндөй болот, бирок ал чынында суу эмес, алдамчы элес. Эгер аны суу деп ойлоп, ошол жакка жөнөсөң эмне болот? Жолдон адашып, өмүрүңөн айрылышың мүмкүн! Жахаба ушундай коркунуч бар экенин жакшы билет. Бир мисалга токтололу. Ысрайылдыктар тегерегиндеги падыша башкарган элдерди туурагысы келген. Мындай каалоо чынында олуттуу күнөөгө жаткан, анткени бул Жахабаны өздөрүнүн Падышасы катары четке какканга тете болгон. Жахаба аларды падыша башкарышына жол берсе да, Шемуел пайгамбар аркылуу аларга «эч нерсеге жарабаган» нерселерди көздөөнүн, атап айтканда, чындап жардам бере албай турган нерселерге таянуунун залакалуу экенин эскерткен (Оку: 1 Шемуел 12:21).

15. Ысрайылдыктар кандайча «эч нерсеге жарабаган» нерсеге умтулушкан?

15 Ысрайыл эли адамдардын арасынан дайындалган падышаны Жахабага караганда көбүрөөк реалдуу, көбүрөөк ишенүүгө татыктуу деп ойлошконбу? Эгер ошондой болсо, алар чын-чынында «эч нерсеге жарабаган» нерсени көздөшкөн. Мунун кесепетинде алардын Шайтандын дагы башка жалган нерселерине азгырылышы толук ыктымал болчу. Мисалы, падыша элди бурканга сыйынууга түртүшү мүмкүн эле. Бурканга сыйынгандар жыгачтан же таштан жасалган, көз менен көрүп, кол менен кармоого болгон кудайлар бардыгын жараткан Жахабага — көзгө көрүнбөгөн Кудайга — караганда көбүрөөк реалдуу, көбүрөөк ишенүүгө татыктуу деп жаңылыш ойлошот. Элчи Пабыл белгилегендей, буркандар — «эч нерсеге арзыбаган нерселер» (1 Кор. 8:4). Алар көрө да, уга да, сүйлөй да, иш-аракет кыла да алышпайт. Сен аларды көрө же кармай алаттырсың, анткен менен аларга сыйынсаң, «эч нерсеге жарабаган» нерсеге — каргашага гана алып бара турган алдамчы элеске — умтулган болмоксуң (Заб. 113:12—16).

16. а) Шайтан көптөрдү чындап жардам бере албай турган нерселерди көздөөгө кантип азгырууда? б) Эмне үчүн материалдык нерселер эмес, Жахаба Кудай гана жардам бере алат?

16 Шайтан амалкөйлүк менен азыр да адамдарды «эч нерсеге жарабаган» — чындап жардам бере албай турган — нерселерди көздөөгө азгырууда. Алсак, ал канчалагандарды материалдык нерселер коопсуз жашоого шарт түзөт деген ойго ишендирип келет. Акча, мал-мүлк, маянасы көп жумуш чоң пайда алып келчүдөй сезилиши мүмкүн. Бирок ден соолугуңдан ажыраганда, экономика төмөндөгөндө же табигый кырсык болгондо, алар жардам бере алабы? Алар адамдардын көкүрөгүндөгү боштукту толтура алабы? Же туура жетекчилик издеп, жашоосун маңыздуу кылууну, жүрөгүн өйүгөн суроолоруна жооп алууну каалагандарга жардам бере алабы? Ажал менен беттешкенде, алар эмне кылып бере алат? Эгер рухий муктаждыктарыбызды материалдык нерселер менен канааттандырууга умтулсак, көңүл кайттыкка учурайбыз. Материалдык нерселер бизди куткара да, бизге чындап жардам бере да албайт. Ооба, акча, мал-мүлк коопсуздукту камсыз кылып, бактылуу болушубузга өбөлгө түзө албайт, ошондой эле бизди өлүм менен оорудан сактап кала албайт (Накыл 23:4, 5). Ал эми Жахаба Кудайыбыз — чындап жардам бере ала турган Кудай! Аны менен тыгыз мамиледе болгондо гана өзүбүздү чындап коопсуз сезе алабыз. Бул кандай гана чоң бата! Андыктан чындап жардам бере албай турган нерселерди көздөөдөн, Жахабаны унутуп коюудан сак бололу.

17. Бул макалада талкууланган терс таасирлерге байланыштуу эмнеге чечкиндүүсүң?

17 Жахабанын Досубуз жана өмүр сапарында Жол көрсөтүүчүбүз экени биз үчүн бата эмеспи?! Эгер анын үч нерсенин: көпчүлүктүн, жүрөгүбүздүн жана чындап жардам бере албай турган нерселердин терс таасиринен сак болууга карата сүйүү менен берген эскертүүсүнө дайыма кулак каксак, көздөгөн жерибизге — түбөлүк өмүргө — жете аларыбыз шексиз. Кийинки макалада Жахабанын бизге көптөрдү адаштырган жалган жолдордон оолак болууга жана аларды жек көрүүгө жардам бериш үчүн берген дагы үч эскертүүсүн карап чыгабыз (Заб. 118:128).

Кандай деп ойлойсуң?

Төмөнкү аяттарда камтылган принциптерди кантип колдонсоң болот?

Чыгуу 23:2

Сандар 15:37—39

1 Шемуел 12:21

Забур 118:128

[Изилдөө суроолору]

[11-беттеги сүрөт]

«Көпчүлүктү ээрчүүгө» азгырылган учуруң болду беле?

[13-беттеги сүрөт]

Кылт эте түшкөн ой-сезимдерге жетеленүү эмне үчүн кооптуу?

[14-беттеги сүрөт]

Чындап жардам бере албай турган нерселерге умтулган жоксуңбу?