Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын «бейпилдигине» кирдиңби?

Кудайдын «бейпилдигине» кирдиңби?

Кудайдын «бейпилдигине» кирдиңби?

«Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү» (ЭВР. 4:12).

1. Бүгүн Кудайдын «бейпилдигине» кирүүнүн бир жолу кайсы жана эмне үчүн аны кылганга караганда айткан оңой болушу мүмкүн?

МУРУНКУ макалада Кудайдын «бейпилдигине» кириш үчүн тил алчаак болуп, анын ой-ниетине ылайык иш кылышыбыз керектигин талкуулаганбыз. Муну кылганга караганда айтып коюу оңой болушу мүмкүн. Мисалы, жакшы көргөн айрым нерселерибиздин Жахабага жакпай турганын билгенде адегенде баш ийгибиз келбеши ыктымал. Бул «баш ийүүгө даяр» болууга үйрөнүшүбүз керектигин көрсөтүп турат (Жкп. 3:17). Ушул макалада Кудайдын ой-ниетине ылайык иш кылууга — чын жүрөктөн баш ийүүгө — болгон даярдуулугубуз сыналышы мүмкүн болгон айрым жагдайларды карап чыгабыз.

2, 3. Жахабанын көз алдында «асыл зат» бойдон калыш үчүн эмне кыла беришибиз керек?

2 Ыйык Китептен жашооңдун кайсы бир жагын өзгөртүшүң керектигин билгенде эмне кыласың? Ойлоп көрсөң, Жахаба өзүнүн уюмуна чогултууну каалаган адамдар Ыйык Жазмада «бардык элдердин асыл заттары» деп аталат (Акай 2:7, «ЖД»). Алгач чындыкты тааныганда көбүбүз «асыл зат» эмес болчубуз. Анткен менен Кудайга жана анын сүйүктүү Уулуна болгон сүйүүбүз бизге Кудайга толугу менен жагуу үчүн ой жүгүртүүбүздү, адаттарыбызды өзгөртүүгө түрткү берген. Зарыл өзгөрүүлөрдү жасаш үчүн Жахабадан жардам сурап көп тиленип, көп күч жумшаганбыз. Акыры, чөмүлтүлүп, Жахабанын ырайымына ээ болгонбуз (Оку: Колосалыктар 1:9, 10).

3 Бирок чөмүлтүлгөндөн кийин жеткилеңсиздигибиз менен болгон күрөшүбүз токтоп калган эмес. Бул күрөш биз жеткилеңдикке жетмейинче улана берет. Эгер күрөшүбүздү токтотпой, Кудайдын көз алдында «асыл зат» болууга умтула берсек, ал аракетибизге сөзсүз батасын берет.

Кеңеш берилгенде...

4. Ыйык Жазмага негизделген кеңешти кайсы үч жол менен алышыбыз мүмкүн?

4 Кемчиликтерибиздин үстүнөн иштерден мурун кандай кемчиликтерибиз бар экенин билип алышыбыз керек. Падышалык залынан уккан жүрөк козгоорлук баяндама же адабияттарыбыздын бирине чыккан ойлондурарлык макала олуттуу кемчилигибизди көргөнгө жардам бериши мүмкүн. Эгер баяндама уккандан же макала окугандан кийин да кайсы жактан өзгөрүшүбүз керектигин аңдабасак, Жахаба ага көңүлүбүздү буруш үчүн кайсы бир ишенимдешибизди колдонушу мүмкүн (Оку: Галатиялыктар 6:1).

5. Бизге кеңеш берилсе, кандай жооп кайтарышыбыз мүмкүн жана эмне үчүн жыйналыштын аксакалдары бизге жардам бергенин уланта бериши керек?

5 Кеңеш канчалык сылыктык, мээримдүүлүк менен берилбесин, жеткилең эмес адамдын кеңешин кабыл алуу оңой эмес. Ошентсе да, Галатиялыктар 6:1де көрсөтүлгөндөй, Жахаба рухий жактан жетилгендерге бизди «жумшактык менен» оңдоп-түзөөгө «аракет кылууну» буйруган. Эгер кеңешти кабыл алсак, Кудайдын көз алдында ого бетер баалуу болобуз. Кызыктуусу, баарыбыз эле тиленгенде өзүбүздүн жеткилең эмес экенибизди оңой эле моюнга алабыз. Бирок кимдир бирөө кайсы бир кемчилигибизди айтса, актанууга, аны анча деле олуттуу эмес кылып көрсөтүүгө, анын ниетине шек саноого же кеңешти кантип бергенин сынга алууга жакын келебиз (2 Пад. 5:11). Өзгөчө, жеке иштерибизге, мисалы, жакындарыбыздын жүрүм-турумуна, кийимибизге, сырткы көрүнүшүбүзгө, тазалыгыбызга же биз жакшы көргөн, бирок Жахаба жек көргөн көңүл ачуунун түрүнө байланыштуу кеңеш берилсе, кыжырданып, айткыбыз келбегенди айтып алышыбыз, ошондон улам өзүбүз да капа болуп, кеңеш берген кишинин да жүрөгүн оорутушубуз мүмкүн. Бирок көңүлүбүз жайына келгенде, адатта, кеңеш берилгени орундуу болгонун моюнга алабыз.

6. Кудайдын сөзү кандайча «жүрөктөгү ойлорду, ниеттерди айкын кылат»?

6 Ушул макала негизделген аятта Кудайдын сөзүнүн «күчтүү» экени айтылат. Ооба, Кудайдын сөзү адамдын жашоосун өзгөртө турган күчкө ээ. Ал чөмүлтүлгөнгө чейин да, андан кийин да жашообузда зарыл өзгөрүүлөрдү жасоого көмөк кылат. Пабыл эврейлерге жолдогон катында жазгандай, Кудайдын сөзү «ичибизге терең кирип, жан менен рухту, муундар менен сөөктүн чучугун бөлөт да, жүрөктөгү ойлорду, ниеттерди айкын кылат» (Эвр. 4:12). Башкача айтканда, Кудайдын бизге карата болгон ой-ниетин айкын түшүнгөндөн кийинки иш-аракетибизден ички дүйнөбүздүн кандай экени көрүнөт. Кээде сыртыбыздан кандай көрүнгөнүбүз («жаныбыз») ички дүйнөбүздөн («рухубуздан») айырмаланышы мүмкүнбү? (Оку: Матай 23:27, 28). Төмөнкү жагдайларда кандай иш-аракет кылмактыгың жөнүндө ойлонуп көр.

Жахабанын уюмунан артта калба

7, 8. а) Исанын айрым жүйүт жолдоочулары, кыязы, эмнеден улам Мыйзамдагы айрым жол-жоболорго кармана беришкен? б) Алардын иштери Жахабанын ачылып берилип жаткан ой-ниетине кандайча карама-каршы келген?

7 Көбүбүз Накыл сөздөр 4:18деги: «Адил адамдардын жолу — жаркыраган чырак, ал толук жарык киргенге чейин уламдан-улам жаркырай берет»,— деген сөздөрдү жатка билебиз. Бул сөздөрдөн убакыттын өтүшү менен Кудайдын ой-ниетин тереңирээк түшүнүп, жүрүм-турумубуз жакшыра берери көрүнүп турат.

8 Мурунку макалада талкуулаганыбыздай, Иса өлгөндөн кийин да, анын көптөгөн жүйүт жолдоочулары Мусанын мыйзамына кармана беришкен (Элч. 21:20). Пабыл Исанын жолдоочуларынан Мыйзамга кармануу талап кылынбай турганын айкын-так түшүндүрүп берсе да, айрымдар анын Кудайдын жетеги менен айткан сөздөрүн четке кагып коюшкан (Кол. 2:13—15). Балким, алар Мыйзамдагы айрым жол-жоболорго кармануу менен куугунтуктан качабыз деп ойлошкондур. Кандай болбосун, Пабыл Исанын эврей жолдоочуларына кат жазып, эгер Кудайдын ой-ниетине ылайык иш кылышпаса, анын «бейпилдигине» киришпей турганын ачык эле айткан * (Эвр. 4:1, 2, 6; оку: Эврейлер 4:11). Жахабанын ырайымына ээ болуу үчүн алар анын эми өз элин башкача жол менен жетектеп жатканын түшүнүшү керек болчу.

9. Ыйык китептик түшүнүгүбүзгө өзгөртүүлөр киргизилгенде кандай кабыл алышыбыз керек?

9 Биздин күндөрдө ыйык китептик айрым окууларыбызга тактоолор киргизилип келет. Бул бизди тынчсыздандырбастан, ишенимдүү жана акылдуу кулга болгон ишенимибизди бекемдеши керек. «Кул» тобунун өкүлдөрү ыйык китептик кайсы бир окуу жөнүндөгү түшүнүгүбүздү айкыныраак кылуу же өзгөртүү керек болгондо өзгөртүүлөрдү жасоодон коркпойт. Анткени алар өздөрүн сын-пикирлерден коргоого эмес, Кудайдын улам ачылып берилип жаткан ой-ниетине ылайык иш кылууга кызыкдар. Ыйык китептик түшүнүгүбүзгө өзгөртүүлөр киргизилгенде, сен кандай кабыл аласың? (Оку: Лука 5:39).

10, 11. Кабар айтуунун жаңы ыкмалары киргизилгенде айрымдар ага кандай караган жана мындан кандай сабак алсак болот?

10 Дагы бир мисалды карап көрөлү. 19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башында Ыйык Китепти Изилдөөчүлөрдүн арасындагы айрым мыкты баяндамачылар алардын сөзүн баалаган угуучулардын алдында жакшы даярдалган баяндамаларды айтуу менен кабар айтуу тапшырмасын эң сонун аткарууга болот деп эсептешкен. Алар эл алдында сөз сүйлөгөндү жакшы көрүшкөн, кээ бирлери угуучуларынын мактоо сөздөрүн угуудан ырахат алышкан. Бирок кийинчерээк Жахабанын өз элинин кабар айтуунун ар кандай түрүнө, анын ичинде үймө-үй кабар айтууга катышышын каалаары белгилүү болгондо, айрым кыйын баяндамачылар мындай жаңы өзгөртүүгө караманча каршы болушкан. Алар сыртынан Мырзабызга толугу менен берилген рухий адамдардай көрүнүшкөн. Анткен менен Кудайдын кабар айтууга байланыштуу эрки айкын болгондо, алардын жүрөгүндөгү ойлору, чыныгы ниеттери, максаттары ачыкка чыккан. Жахаба аларга кандай караган? Аларга батасын берген эмес. Алар уюмдан кетип калышкан (Мт. 10:1—6; Элч. 5:42; 20:20).

11 Албетте, үймө-үй кабар айтуу уюмга берилгендик сактагандардын баарына эле оңой болгон деп айтууга болбойт. Өзгөчө, башында көптөргө бул ишке катышуу кыйын болгон. Бирок алар тил алчаак болушкан жана убакыттын өтүшү менен коркунуч-тынчсызданууларын жеңип, Жахабадан мол бата алышкан. Ишенимдүү жана акылдуу кул кабар айтуунун сен үчүн көнүмүш болбогон түрүнө катышууга чакырса, сен кандай жооп кайтарасың? Кабар айтуунун ошол түрүнө даярдуулук менен катышасыңбы?

Жакын адамыбыз Жахабаны таштап кеткенде...

12, 13. а) Эмне себептен Жахаба өкүнбөй күнөө кыла бергендерди жыйналыштан чыгаруу керектигин айткан? б) Кээ бир ата-энелер кандай сыноого туш болушат жана ал эмне үчүн оор болот?

12 Кудайга жагыш үчүн денелик, адеп-ахлактык, рухий жактан таза болушубуз керектигине баарыбыздын эле кошуларыбыз шексиз (Оку: Тит 2:14). Бирок айрым учурларда ушул жагынан Кудайдын ой-ниетине ылайык иш кылууга болгон чечкиндүүлүгүбүз сыналышы мүмкүн. Мисалы, бир үлгүлүү жубайлардын жалгыз уулу чындыктан кетип калды дейли. Кудай менен жана чындыктагы ата-энеси менен болгон мамилесине караганда «күнөөдөн убактылуу ырахат алууну» артык көргөндүктөн ал жыйналыштан чыгарылат (Эвр. 11:25).

13 Ошондо ата-энесинин жүрөгү кандай гана сыздайт! Алар Ыйык Китепте жыйналыштан чыгарылгандарга карата: «Ким биртууган деп аталганы менен, бузуктук кылуучу же ачкөз, же бурканга табынуучу, же аракеч, же талап-тоноочу болсо же башкаларга тил тийгизсе, аны менен мындан ары мамилелешпегиле, атүгүл бирге отуруп тамактанбагыла»,— деп айтылганын билишет (1 Кор. 5:11, 13). Ошондой эле бул аяттагы «ким» деген сөз бирге жашабаган үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү экенин түшүнүшөт. Бирок алар уулун аябай жакшы көргөндүктөн, сезимдерге алдырып: «Балабыз менен болгон байланышыбызды өтө эле чектеп койсок, ага Жахабага кайрылып келүүгө кантип жардам бере алабыз? Аны менен дайыма байланышып турсак, көбүрөөк жардам бере албайбызбы?» — деп ойлошу мүмкүн *.

14, 15. Жыйналыштан чыгарылган баласы менен байланышар-байланышпасын чечүүдө ата-эне эмнени эсинен чыгарбашы керек?

14 Ырас, алардын кыйналып жатканын көрүп боорубуз ачыбай койбойт. Анткени алардын уулу жаман жолунан бурула алмак, бирок ал ата-энеси жана ишенимдештери менен ынак мамиледе болгонго караганда Кудайга жакпаган жашоо өткөрүүнү артык көргөн. Мындайда ата-энеси эч нерсе кыла албайт. Ошондуктан алардын айласы куруп, өздөрүн колунан эч нерсе келбегендей сезгени таң калыштуу эмес.

15 Эми алар эмне кылышат? Жахабанын айкын көрсөтмөсүнө баш ийишеби? Же «үй-бүлөнүн зарыл иштерин» чечебиз деп, жыйналыштан чыгарылган баласы менен тез-тез байланышууга шылтоо издешеби? Чечим чыгарарда алар Жахабанын алардын кылып жаткан иштерине кандай карай турганын эсинен чыгарбашы керек. Жахаба өзүнүн уюмун таза сактоону жана мүмкүн болсо, күнөө кылган кишиге акылына келүүгө түрткү берүүнү каалайт. Чындык жолундагы ата-эне канткенде бул жагынан анын эркине ылайык иш кыла алат?

16, 17. Арундун мисалы жөнүндө ой жүгүртүүдөн эмнени биле алабыз?

16 Мусанын агасы Арун эки уулунун айынан оор жагдайга туш болгон. Уулдары Надап менен Абыйут Жахабанын алдына мыйзамга ылайык келбеген от менен келишкенде, Жахаба аларды мерт кылган. Ошондо Арундун кандай сезимде болгонун ойлоп көрсөң. Эми ал уулдары менен сүйлөшө алмак эмес. Андан тышкары, Жахаба Арун менен анын ишенимдүү уулдарына: «Өлүп калбайын десеңер, Теңирдин каары жамаатка төгүлбөсүн десеңер, баш кийимиңерди чечпегиле, [күйүт тартып] кийимиңерди айрыбагыла»,— деп айткан (Леб. 10:1—6). Мындан биздин Жахабага болгон сүйүүбүз ага берилгендигин сактабаган жакындарыбызга болгон сүйүүбүздөн алда канча күчтүү болушу керектиги ачык көрүнүп турат.

17 Бүгүн Жахаба анын мыйзамдарын бузгандарды дароо эле жазалабайт. Ал мээримдүүлүк менен аларга өкүнүп, жаман жолунан бурулууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок ата-эне жыйналыштан чыгарылган уулу же кызы менен зарылдыгы жок эле байланышып, Жахабаны сынай берсе, ал кандай сезимде болот?

18, 19. Жахабанын жыйналыштан чыгарылгандарга байланыштуу берген көрсөтмөлөрүнө баш ийген үй-бүлө мүчөлөрү кандай бата алышат?

18 Бир кезде жыйналыштан чыгарылгандардын көбү достору менен жакындарынын алар менен байланышпай, Жахаба тарапта бек турганы аларга жыйналышка кайтып келүүгө жардам бергенин айтышат. Мисалы, аксакалдар бир ишенимдеш эжени жыйналышка кайра кабыл алууга байланыштуу кепилдеме жазганда ага жашоосун өзгөртүүгө «агасынын жыйналыштан чыгаруу чарасын колдогону да» түрткү бергенин белгилешкен. Ал эже: «Агамдын Жазмадагы жетекчиликке бек карманганы чындык жолуна кайтып келүүгө болгон каалоомду өрчүттү»,— деген.

19 Мындан кандай жыйынтык чыгарууга болот? Биз Жазмадагы кеңештерге каршы чыгууга ийкемдүү келген жеткилеңсиз жүрөгүбүз менен күрөшүшүбүз зарыл. Ошондой эле Жахабанын көрсөтмөлөрү дайыма биздин жыргалчылыгыбыз үчүн гана берилерине эч шектенбешибиз керек.

«Кудайдын сөзү тирүү»

20. Эврейлер 4:12деги сөздөрдү кайсы эки нерсеге карата колдонууга болот? (Шилтемени карагыла.)

20 Пабыл «Кудайдын сөзү тирүү» экенин жазганда, негизи, Ыйык Китеп жөнүндө айткан эмес *. Контексттен көрүнүп тургандай, ал Кудайдын убадалары жөнүндө сөз кылган, башкача айтканда, анын убада берип, кайра унутуп калбай турганын айткан. Жахаба бул тууралуу Ышая пайгамбар аркылуу: «Менин оозумдан чыккан сөз... Өзүмө бекер кайрылып келбейт... Мен аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат»,— деген (Ыш. 55:11). Ошондуктан анын убадалары биз күткөн убакта аткарылбай жатса, чыдамдуулук көрсөтүшүбүз керек. Жахаба өзүнүн ой-ниетин ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн дагы деле «эмгектенип келатат» (Жкн. 5:17).

21. Эврейлер 4:12деги сөздөр «эбегейсиз көп адамдардын» арасындагы улгайган бир туугандарды кандайча бекемдейт?

21 «Эбегейсиз көп адамдардын» арасындагы көптөгөн улгайган бир туугандарыбыз Жахабага ондогон жылдардан бери ишенимдүү кызмат кылып келатышат (Аян 7:9). Көптөрү бул дүйнө түзүлүшүндө ушунча жашка чыгабыз деп ойлогон эмес. Ошентсе да алар ындынын өчүрбөйт (Заб. 91:16). Алар Жахабанын убадалары курулай сөз эмес экенине жана Жахабанын аларды жүзөгө ашырыш үчүн эмгектенип жатканына бекем ишенишет. Жахаба үчүн өзүнүн ой-ниети абдан маанилүү болгондуктан, биз аны көңүлүбүздүн борборунда сактасак, ага кубаныч тартуулайбыз. Жахаба жетинчи күнү эс алууда, себеби ой-ниетинин сөзсүз аткарыларына жана өз элинин топ катары анын аткарылышына салым кошоруна эч шектенбейт. Сен да салым кошуп жатасыңбы? Сен да Кудайдын бейпилдигине кирдиңби?

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Жүйүттөрдүн көптөгөн диний жетекчилери Мусанын мыйзамына майда-чүйдөсүнө чейин карманышкан. Бирок Машаяк келгенде, аны кабыл албай, Кудайдын ой-ниетине каршы иш кылышкан.

^ 13-абз. «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула» китебинин 207—209-беттерин карагыла.

^ 20-абз. Бүгүнкү күндө Кудай бизге жашообузга зор таасир эте турган Сөзү аркылуу сүйлөйт. Ошондуктан Пабылдын Эврейлер 4:12деги сөздөрүн кеңири мааниде Ыйык Китепке карата да колдонууга болот.

Эсиңердеби?

• Кудайдын «бейпилдигине» кириш үчүн эмне кылышыбыз керек?

• Кудайдын ой-ниети менен биздин ыйык китептик кеңештерди даярдуулук менен кабыл алганыбыздын кандай байланышы бар?

• Кандай жагдайларда Жазмадагы жетекчиликке баш ийүү кыйынга турушу мүмкүн, бирок баш ийгенибиз эмне үчүн маанилүү?

Эврейлер 4:12деги сөздөрдү кайсы эки нерсеге карата колдонууга болот?

[Изилдөө суроолору]

[31-беттеги сүрөт]

Ата-эненин жүрөгү кандай гана сыздап жатат!