Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын «бейпилдиги» деген эмне?

Кудайдын «бейпилдиги» деген эмне?

Кудайдын «бейпилдиги» деген эмне?

«Кудайдын эли үчүн ишембидегидей бейпилдик дагы эле уланууда» (ЭВР. 4:9).

1, 2. Башталыш 2:3төн эмнени билүүгө болот жана ага байланыштуу кандай суроолор туулат?

БАШТАЛЫШ китебинин 1-бөлүмүнөн Кудайдын жерди, адамдар жашашы үчүн, алты күн даярдаганын билебиз. Бирок ал күндөрдүн ар бири түзмө-түз 24 саатка эмес, белгилүү бир убакыт аралыгына созулган. Ыйык Китепте ар бир күндүн аягы жөнүндө: «Кеч кирип, таң атты»,— деген сөздөр жазылган (Башт. 1:5, 8, 13, 19, 23, 31). Ал эми жетинчи күнгө байланыштуу: «Кудай жетинчи күнгө батасын берип, аны ыйыктады, анткени ошол күнү ал ниет кылган иштеринин баарын бүтүрүп, эс ала баштады»,— деп айтылган (Башт. 2:3, «ЖД»).

2 Бул аяттагы «эс ала баштады» деген сөздөргө көңүл бурсаңар. Мындан жетинчи күн — Кудайдын эс алуу күнү — б.з.ч. 1513-жылы Муса Башталыш китебин жазган убакта дагы эле уланып жатканын билүүгө болот. Кудайдын «эс алуу» күнү, башкача айтканда, «бейпилдиги» дагы эле улануудабы? Эгер ошондой болсо, бүгүнкү күндө биз ага кире алабызбы? Бул суроолорго жооп алганыбыз абдан маанилүү.

Жахаба дагы эле «эс алуудабы»?

3. Исанын Жакан 5:16, 17деги сөздөрү жетинчи күндүн 1-кылымда да уланып жатканын кандайча көрсөтүп турат?

3 Жетинчи күндүн б.з. 1-кылымында да уланып жатканын бышыктаган эки билдирүү бар. Биринчиси — Исанын каршылаштарына айткан сөздөрү. Алар Исанын ишембиде оорулууну сакайтканы жумуш кылганга тете болду деп эсептеп, аны айыпташканда, ал: «Атам ушу кезге чейин эмгектенип келатат, мен да эмгектенип жатам»,— деген (Жкн. 5:16, 17). Иса муну менен эмнени айткысы келген? Ал аны айыптагандарга: «Атам... эмгектенип келатат»,— деп жооп берүү менен, мындайча айтканда: «Атам экөөбүз бир ишти аткарып жатабыз. Эгер Атам миңдеген жылдардан бери созулуп келаткан ишемби күнү тынбай иштеп жатса, анда менин да дайыма, атүгүл ишембиде да иш кылганым туура»,— деген. Ошентип, Иса жетинчи күндүн — Кудайдын жердеги нерселерди жаратып бүтүп, эс алып жаткан улуу ишемби күнүнүн — анын убагында да уланып жатканын көрсөткөн. Бирок Кудай ошол убакта адамзатка жана жерге байланыштуу ой-ниетин аткара берген *.

4. Пабылдын сөздөрү жетинчи күндүн анын убагында да уланып жатканын кандайча далилдеп турат?

4 Жетинчи күндүн б.з. 1-кылымында да уланып жатканын бышыктаган экинчи далил — элчи Пабылдын айткандары. Башталыш 2:2деги Кудайдын эс ала баштаганы жөнүндөгү сөздөрдү цитата кылып, Пабыл ыйык рухтун жетеги менен: «Биз, ишенгендер, бейпилдикке киребиз»,— деп жазган (Эвр. 4:3, 4, 6, 9). Демек, жетинчи күн Пабылдын убагында да улана берген. Ал эс алуу күнү дагы канчага созулат?

5. Жахаба жетинчи күндү кандай максатта тандап алган жана ал максат качан толугу менен ишке ашат?

5 Бул суроого жооп алуу үчүн Жахабанын жетинчи күндү кандай максатта тандап алганын билип алышыбыз керек. Башталыш 2:3тө бул тууралуу: «Кудай жетинчи күнгө батасын берип, аны ыйыктады»,— деп айтылат. Жахаба ал күндү өзүнүн ой-ниетин толугу менен ишке ашырыш үчүн «ыйыктаган», башкача айтканда, бөлүп койгон. Кудайдын ошол ой-ниети боюнча, жер бетинде ага жана андагынын баарына кам көргөн тил алчаак адамдар жашашы керек болчу (Башт. 1:28). Аны ишке ашыруу үчүн Жахаба Кудай да, «ишембинин Мырзасы» Иса Машаяк да «ушу кезге чейин эмгектенип келатат» (Мт. 12:8). Кудайдын эс алуу күнү анын жерге байланышкан ой-ниети Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун аягында толугу менен аткарылып бүткөндө гана соңуна чыгат.

«Тил албастыктын жолуна түшпөйлү»

6. Кимдердин иш-аракети бизге эскертүү катары жазылган жана алардан кандай сабак алсак болот?

6 Кудай өзүнүн ой-ниетин Адам ата менен Обо энеге ачык билдирген, бирок алар ага ылайык иш кылышкан эмес. Ал экөөнөн кийин да миллиондогон адамдар тил албастыктын жолуна түшүп кетишкен. Атүгүл Кудай тандап алган ысрайыл эли да ошол жолго түшкөн. Ошондуктан Пабылдын 1-кылымдагы Исанын жолдоочуларына айрымдары байыркы ысрайылдыктардай болуп калышы мүмкүн экенин эскерткени жөндүү болгон. Ал: «Эч кимибиз ошондой тил албастыктын жолуна түшпөшүбүз үчүн, ошол бейпилдикке кирүүгө колубуздан келишинче аракет кылалы»,— деп жазган (Эвр. 4:11). Пабылдын тил албастыкты Кудайдын «бейпилдигине» кирбей калуу менен байланыштырганына көңүл бурсаңар. Мунун бизге кандай тиешеси бар? Эгер кандайдыр бир жол менен Кудайдын ой-ниетине каршы иш кылсак, анын «бейпилдигине» кирбей калышыбыз мүмкүнбү? Бул суроолорго жооп алганыбыз абдан маанилүү, ошондуктан буга кийинчерээк кайрылабыз. Ал эми азыр ысрайылдыктардын кантип тил албастык көрсөткөнүн талкуулап, андан Кудайдын «бейпилдигине» кирүүгө байланыштуу дагы эмнелерди биле аларыбызды карап чыгабыз.

«Алар менин бейпилдигиме киришпейт»

7. Жахаба ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан эмне үчүн куткарган жана алардан эмне талап кылынган?

7 Биздин заманга чейин 1513-жылы Жахаба кызматчысы Мусага ысрайыл элине байланышкан ой-ниетин ачып берген. Ал ага: «Мен аны мисирликтердин колунан куткаруу үчүн, бул жерден [Мисирден] алып чыгып, сүт менен бал аккан жакшы, кенен жерге... алып баруу үчүн келдим»,— деп айткан (Чыг. 3:8). Алардын ата-бабаларынын бирине, Ыбрайымга, убада кылгандай, Жахаба ысрайылдыктарды өзүнүн эли кылыш үчүн «мисирликтердин колунан куткарган» (Башт. 22:17). Ошондой эле Кудай аларга өзү менен ынак мамиледе болууга өбөлгө түзө турган мыйзамдарды берген (Ыш. 48:17, 18). Ал ысрайыл элине: «Мени угуп, Менин [Мыйзам жыйнагында көрсөтүлгөн] келишимимди сактасаңар, анда бүт элдердин ичинен силер Менин энчим болосуңар, анткени бүт жер Меники»,— деп айткан (Чыг. 19:5, 6). Демек, ысрайылдыктардын Кудай менен ынак мамиледе болор-болбосу аны угар-укпасынан көз каранды болгон.

8. Эгер ысрайыл эли Кудайдын тилин алса, жашоосу кандай болмок?

8 Эгер ысрайыл эли Кудайдын тилин алса, жашоосу кандай сонун болмоктугун элестетсеңер. Жахаба алардын жерине, жүзүмзарына, майда жана бодо малына батасын бермек, өздөрүн болсо душмандарынан коргомок (Оку: 1 Падышалар 10:23—27). Ошондой эле Машаяк келген убакта, алар Римдин эзүүсүнөн азап чеккен эл болмок эмес. Жахаба алардын башка элдерге үлгү болушун, чыныгы Кудайдын тилин алуу рухий жактан да, материалдык жактан да батага ээ кыларын далилдешин каалаган.

9, 10. а) Ысрайылдын Мисирге кайтып барууну каалаганы эмне үчүн туура эмес болгон? б) Алардын Мисирге кайтып барганы сыйынуусуна кандай таасир этмек?

9 Ысрайыл эли кандай зор сыймыкка ээ болгон! Алар Жахабанын ой-ниетинин аткарылышына катышып, өздөрүнүн эле эмес, жер жүзүндөгү бардык элдердин бата алышына шарт түзүшмөк! (Башт. 22:18). Тилекке каршы, ошол козголоңчул муундун басымдуу бөлүгү Кудай башкарган эл катары башка элдерге үлгү болууну маанилүү деп эсептеген эмес. Атүгүл алар Мисирге кайтып барууну талап кылышкан! (Оку: Сандар 14:2—4). Ысрайылдыктар Мисирге кайтып барышса, Кудай ниет кылгандай, башка элдерге үлгү боло турган эл болушат беле? Кайдан. Эгер алар кайрадан бутпарас эзүүчүлөрүнүн моюнтуругун кийишсе, эч качан Мусанын мыйзамын аткара да, Жахабанын күнөөлөрдү кечирүүгө байланыштуу чарасынан пайда ала да алышмак эмес. Алар рухий нерселерди баалабай, кандай гана акылсыздык кылышкан! Андыктан Жахабанын ал козголоңчулар тууралуу төмөнкү сөздөрдү айтканы таң калыштуу эмес: «Бул муундан жийиркенип: „Дайыма жүрөктөрүндө адашып жүрүшөт, менин жолдорумду билишпейт“,— дедим. Ошондуктан каарым менен: „Алар менин бейпилдигиме киришпейт“,— деп ант бердим» (Эвр. 3:10, 11; Заб. 94:10, 11).

10 Ал кежир элдин Мисирге кайтып барууну самаганы Кудайдан алган рухий баталарын баалабаганын, аларга караганда Мисирдеги пияз, көк пияз, сарымсак сыяктуу жашылчаларды артык көргөнүн көрсөтүп турган (Сан. 11:5). Алар, Эйсапка окшоп, даамдуу тамак-аш үчүн баалуу рухий мурасынан баш тартууга даяр болушкан (Башт. 25:30—32; Эвр. 12:16).

11. Мусанын күндөрүндөгү ысрайылдыктардын ишенимсиздиги Кудайдын ой-ниетине таасир эткенби?

11 Ысрайылдыктардын Мисир кулчулугунан чыккан муунунун ишенимсиздигине карабай, Жахаба алардын кийинки муунуна назарын салып, өз ой-ниетин аткаруу үчүн чыдамкайлык менен «эмгектене» берген. Ал жаңы муун ата-бабаларына караганда көбүрөөк тил алчаак болгон. Алар, Жахабанын көрсөтмөсү боюнча, Убадаланган жердин босогосун аттап, аны багындырууга киришишкен. Жашыя 24:31ден: «Ысрайыл уулдары Жашыянын көзү тирүүсүндө, ошондой эле Теңирдин Ысрайыл үчүн кылган бардык иштерин көргөн, Жашыядан узагыраак жашаган аксакалдардын көзү тирүүсүндө, Теңирге кызмат кылышты»,— дегенди окуйбуз.

12. Бүгүнкү күндө Кудайдын бейпилдигине кирүү мүмкүн экенин кайдан билебиз?

12 Бирок бара-бара ал тил алчаак муундагылардын баары көз жумуп, анын ордуна «Кудайды тааныбаган, Анын Ысрайылга кылган иштерин билбеген башка муун келген». Натыйжада «ысрайыл эли Теңирдин алдында мыйзамсыз иштерди жасап, Баалга кызмат кыла баштаган» (Башк. 2:10, 11). Убадаланган жер алар үчүн чыныгы «бейпил жай» болгон эмес. Баш ийбестигинен улам алар Кудай менен жакшы мамиледе болушкан эмес. Пабыл ошол убак жөнүндө сөз кылып жатып: «Эгерде Жашыя аларды бейпил жайга алып барган болсо, анда Кудай кийин башка күн жөнүндө сөз кылмак эмес. Ошондуктан Кудайдын эли үчүн ишембидегидей бейпилдик дагы эле уланууда»,— деген (Эвр. 4:8, 9). Бул жерде Пабыл «Кудайдын эли» деп Исанын жолдоочулары жөнүндө айткан. Бул алардын Кудайдын «бейпилдигине» кире аларын билдиреби? Буга кымындай да шек жок, себеби Кудайдын «бейпилдигине» Исанын жүйүт жолдоочулары да, жүйүт эместери да кире алган!

Айрымдар Кудайдын «бейпилдигине» кирбей калышкан

13, 14. а) Мусанын күндөрүндө Мыйзамды аткаруу менен Кудайдын бейпилдигине кирүүнүн кандай байланышы болгон? б) 1-кылымдачы?

13 Пабыл Исанын эврей жолдоочуларына жазган катында алар үчүн тынчсызданып жатканын билдирген, себеби айрымдары Кудайдын ой-ниетине каршы иш кылып жатышкан (Оку: Эврейлер 4:1). Кандайча? Алар Мусанын мыйзамына кармана беришкен. Ооба, 1500 жылдай убакыт бою Кудайдын ой-ниетине ылайык жашоону каалаган ысрайылдыктардан Мыйзамды сактоо талап кылынганы чын. Бирок Исанын өлүшү менен Мыйзам күчүн жоготкон. Ошентсе да Исанын айрым жолдоочулары муну кабыл албай, Мыйзамдагы кээ бир осуяттарды аткара беришкен *.

14 Мусанын мыйзамына дагы эле карманып келаткан ишенимдештерине Пабыл Исанын жеткилеңсиз башкы дин кызматчылардын баарынан алда канча мыкты башкы дин кызматчы экенин, жаңы келишимдин Ысрайыл менен түзүлгөн келишимден жогору экенин, ошондой эле Жахабанын рухий ибадатканасынын «адам баласынын колу менен курулган» ибадатканадан алда канча улуу экенин түшүндүргөн (Эвр. 7:26—28; 8:7—10; 9:11, 12). Пабыл, сыягы, Мыйзамдагы жума сайын ишембини сактоого байланышкан талапты мисал кылып, Жахабанын «бейпилдигине» кирүү сыймыгы жөнүндө мындай деп жазган: «Кудайдын эли үчүн ишембидегидей бейпилдик дагы эле уланууда. Кудай өз иштерин бүтүрүп, эс алып жаткандай эле, Кудайдын бейпилдигине кирген адам да өз иштеринен эс алат» (Эвр. 4:8—10). Исанын эврей жолдоочулары Жахабанын ырайымына Мусанын мыйзамын аткаруу менен ээ болобуз деген оюн өзгөртүшү керек болчу. Анткени б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан баштап Жахабанын ырайымына Иса Машаякка ишенгендер ээ боло баштаган.

15. Кудайдын «бейпилдигине» кирүүнү кааласак, эмне үчүн тил алчаак болушубуз керек?

15 Мусанын күндөрүндө ысрайылдыктар эмненин айынан Убадаланган жерге кирбей калышкан? Тил албастыктын. Ал эми Пабылдын күндөрүндө Исанын кээ бир жолдоочулары эмненин айынан Кудайдын «бейпилдигине» кирбей калышкан? Дагы деле болсо тил албастыктын айынан. Алар Мыйзамдын өз максатын аткарып бүткөнүн жана Жахабанын эми өз элин башка жол менен жетектеп жатканын кабыл алгысы келген эмес.

Бүгүн канткенде Кудайдын «бейпилдигине» кире алабыз?

16, 17. а) Бүгүн канткенде Кудайдын бейпилдигине кире алабыз? б) Кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?

16 Бүгүн Исанын жолдоочулары куткарылыш үчүн Мусанын мыйзамына кармануу керек деп эсептебейт. Пабылдын эфестиктерге ыйык рухтун жетеги менен жазган төмөнкү сөздөрүнүн мааниси айдан-ачык: «Силер ошол ырайымдын негизинде ишенимиңер аркылуу куткарылдыңар. Буга өзүңөр жеткен жоксуңар, муну силерге Кудай белек кылды. Ооба, куткарылууга иштериңер аркылуу жеткен жоксуңар, андыктан эч кимиңер мактана албайсыңар» (Эф. 2:8, 9). Анда Исанын жолдоочулары канткенде Кудайдын бейпилдигине кире алышат? Жахаба жетинчи күндү — эс алуу күнүн — жерге байланыштуу ой-ниетин толугу менен аткаруу үчүн бөлүп койгон. Демек, тил алчаак болуп, Жахабанын өзүнүн уюму аркылуу ачып берип жаткан ой-ниетине ылайык иш кылсак, анын бейпилдигине кире алабыз, башкача айтканда, аны менен чогуу эс алабыз.

17 Эгер ишенимдүү жана акылдуу кул берип жаткан ыйык китептик кеңештерди баркка албай, көз карандысыздыкка умтулсак, Кудайдын ой-ниетине каршы иш кылган болмокпуз. Бул Жахаба менен болгон ынак мамилебизге доо кетирмек. Кийинки макалада Кудайдын кызматчылары кабылышы мүмкүн болгон айрым жагдайларды карайбыз, ошондой эле Кудайдын бейпилдигине кирер-кирбесибиз чыгарган чечимибизден, атап айтканда, ага баш иер-ийбесибизден кандайча көз каранды экенин талкуулайбыз.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Дин кызматчылар менен лебилер ишембиде ибадатканадагы иштерди аткара беришчү, бирок бул үчүн айыптуу болушчу эмес. Анын сыңарындай, Кудайдын улуу рухий ибадатканасынын башкы дин кызматчысы катары Иса рухий иштерди ишембиге байланышкан мыйзамды бузуп алам деп коркпой эле аткара алган (Мт. 12:5, 6).

^ 13-абз. Исанын жүйүт жолдоочулары б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан кийин да Күнөөдөн арылуу күнүн белгилей беришкенби же жокпу, белгисиз. Эгер белгилешсе, Исанын курмандыгын баалабаганын көрсөтүшмөк. Кандай болбосун, Исанын жолун жолдогон айрым жүйүттөр Мыйзамдын башка жол-жоболоруна кармана беришкени күмөнсүз (Гал. 4:9—11).

Ой жүгүртүү үчүн суроолор

• Кудай жетинчи күндү кандай максатта бөлүп койгон?

• Жетинчи күндүн али соңуна чыга электигин кайдан билебиз?

• Мусанын күндөрүндөгү ысрайылдыктар жана Исанын 1-кылымдагы айрым жолдоочулары эмненин айынан Кудайдын бейпилдигине кирбей калышкан?

• Бүгүн канткенде Кудайдын бейпилдигине кире алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[27-беттеги кыстырма]

Тил алчаак болуп, Жахабанын өзүнүн уюму аркылуу ачып берип жаткан ой-ниетине ылайык иш кылсак, анын бейпилдигине кире алабыз

[26, 27-беттердеги сүрөт]

Кудайдын бейпилдигине кирүү үчүн анын элинен дагы деле эмне талап кылынат?