Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мурда өлүмдөн аябай коркчумун

Мурда өлүмдөн аябай коркчумун

Мурда өлүмдөн аябай коркчумун

Айтып берген: Пьеро Гатти

КУЛАК тундурган үн күчөгөндөн күчөй берди. Анын алдында эле баш калкалай турган коопсуз жайга качуу керектигин эскерткен сиренанын үнү чыккан. Аңгыча болбой бомбалар жарыла баштады. Ошондогу кулак-мээни жарган катуу үн азыркыга чейин эсимде. Баары көз ирмемде талкаланып калды.

Бул окуя 1943—1944-жылдары Миланда (Италия) болгон. Ошондо согуш майданына жаңы эле келгем. Менин милдетим баш калкалоочу жайларга бомба түшкөндө набыт болгон кишилердин таанылгыс болуп, бөлүк-бөлүккө чачырап кеткен өлүк денелерин чогултуу болчу. Мен мындай нерселерге эле күбө болгон жокмун, өмүрүм кылдын учунда болуп, аз жерден өлүмдөн калган учурларым да көп болду. Ошондой учурларда Кудайга жалынып, ушул кыргындан аман калсам, сенин эркиңди аткарам деп убада берип тиленгеним эсимде.

Коркунучтун изи да калган жок

Мен Швейцариянын чек арасына жакын жердеги Комо (Италия) шаарынан 10 чакырымдай алыс жайгашкан айылда чоңоюп-өскөм. Кичинекей кезимен эле өлүм канчалык коркунучтуу экенин жана күйүт тартуу деген эмне экенин түшүнө баштадым. Эки эжем «испанка» тумоосунан каза болуптур. Кийинчерээк 1930-жылы апамдын көзү өтүп кетти. Ошондо мен 6да эле болчумун. Католиктердин үй-бүлөсүндө чоңойгондуктан, диний каадаларды аткарып, чиркөөгө дайыма барып турчумун. Бир жолку окуядан кийин өлүмдөн коркпой калдым, атүгүл коркунучтун изи да калган жок. Ал окуя чиркөөдө эмес, чачтарачта болгон эле.

1944-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш күчөп, адамдардын каны суудай агып турган кез. Мен италиялык миңдеген аскерлердин арасынан Швейцарияга качып барган он аскердин бири болчумун. Швейцарияда салыштырмалуу тынчыраак эле. Ал жакка барганда бир нече качкындар лагерине бөлүнүп кеттик. Мени өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Штайнач деген айылга жакын жайгашкан лагерге жиберишти. Ал жактан кичине болсо да эркиндикке ээ болдук. Штайначтагы бир чачтарачтын ээсине убактылуу жардамчы керек болгондуктан, ал жерде бир нече ай иштеп, ошол кишинин үйүндө туруп калдым. Бирок жашоомду түп-тамыры менен өзгөрткөнгө ошол бир нече эле ай жетиштүү болду.

Чачтарачка италиялык Адолфо Теллини деген бир киши дайыма келип турар эле. Ал Жахабанын Күбөсү экен. Ошого чейин Жахабанын Күбөлөрү тууралуу такыр укпаптырмын, бирок азыр буга таң калбайм деле, анткени ошол маалда Италияда, болгону, 150дөй эле Жахабанын Күбөсү бар экен. Адолфо мага Ыйык Китепте адамдар бейкуттукта түбөлүк өмүр сүрө турган заман жөнүндө жазылганын айтып берди (Жкн. 10:10; Аян 21:3, 4). Келечекте согуш, атүгүл өлүм болбой турганын билгенде жүрөгүмдүн толкуганын сөз менен айтып жеткире албайм. Качкындар лагерине келерим менен уккан-билгендеримдин баарын Жузеппе Тюбини деген италиялык жигитке төкпөй-чачпай айтып бердим. Анын да сүйүнгөнүн айтпа! Ошондон кийин Адолфо башка Күбөлөр менен экөөбүзгө келип турду.

Бир жолу Адолфо бир тууган менен Штайначтан 10 чакырымдай алыс жайгашкан Арбон деген жерге бардым. Ал жерде Жахабанын Күбөлөрүнүн чакан тобу италян тилинде жыйналыш өткөрүшчү экен. Ошол жерден уккандарым жан дүйнөмө ушунчалык таасир эткендиктен, ал жакка кийинки жумада да бардым. Кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрүнүн Цюрихте өткөрүлгөн жыйынына катыштым. Жыйында көрсөтүлгөн слайддан өлүм концлагериндеги адамдардын үйүлүп жаткан өлүк денелерин көргөндө төбө чачым тик турду. Германиядагы көптөгөн бир туугандардын Жахабага берилгендигин сактаганы үчүн азаптуу өлүмгө дуушар болгонун билдим. Ошол жыйындан Мария Пизато деген бир тууган менен таанышып калдым. Ал ынталуу кызмат кылганы үчүн фашисттик Италиядагы өкмөт тарабынан 11 жылга эркинен ажыратылган экен.

Согуш аяктагандан кийин Италияга кайтып келип, Комодогу жыйналышка бара баштадым. Ыйык Китепти үзгүлтүккө учуратпай кылдат изилдей албасам да, андагы негизги чындыктарды жакшы билчүмүн. Жыйында таанышкан Мария Пизато да ошол жыйналыштын мүчөсү экен. Ал мага чөмүлтүлүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып, Сондрио провинциясындагы Кастионе Андевоннодо жашаган Марселло Мартинеллиге барууга үндөдү. Марселло диктатордук режим маалында 11 жыл түрмөдө отуруп чыккан, ишенимин сактап жашап келе жаткан майланган бир тууган экен. Аныкына барыш үчүн велосипед менен 80 чакырым жол жүрүүгө туура келди.

Марселло Ыйык Китепти колдонуп, чөмүлтүлө тургандар кандай талаптарга жооп бериши керектигин түшүндүргөндөн кийин, экөөбүз тиленип алып Адда дарыясына бардык. Марселло мени ошол жерден чөмүлдүрдү. Ошондо 1946-жылдын сентябрь айы эле. Ошол күн мен үчүн эсимден кеткис, маанилүү күн болду. Жахабага кызмат кылуу үчүн чыгарган чечимим жүрөгүмдү ушунчалык толкуткандыктан ошол күнү канча жол жүргөнүмдү байкабай калыптырмын. Кечинде үйгө келгенде велосипед менен 160 чакырым жолду басып өткөнүмө аябай таң калдым.

Италияда согуштан кийинки биринчи жыйын 1947-жылдын май айында Милан шаарында өткөрүлдү. Жыйынга 700дөй киши келди. Алардын көбү фашисттик бийлик тарабынан көрсөтүлгөн куугунтукту башынан өткөргөндөр экен. Ошол жыйында мен үчүн таң калыштуу болгон бир окуя болду. Качкындар лагеринде жүргөндө мен кабар айткан Жузеппе Тюбини чөмүлтүлө тургандар үчүн баяндама айтып, алар менен чогуу өзү да чөмүлтүлдү.

Ошол жыйында Бруклиндеги Бейтелден келген Нейтан Норр бир тууган менен тааныштым. Ал Жузеппе экөөбүздү Кудайга кызмат кылууну жашообузда биринчи орунга коюуга үндөдү. Кийинки айда толук убакыт кызматты баштайын деп чечтим. Үйгө келерим менен ушул чечимимди үйдөгүлөргө айтсам, алар оюмду өзгөрткөнгө аракет кылышты. Бирок мен чечимиме бек турдум. Ошентип, бир айдан кийин Миландагы Бейтелде кызмат кыла баштадым. Ал жакта төрт миссионер: Жузеппе (Жозеф) Романо жана жубайы Анжелина, Карло Бенанти менен жубайы Констанса кызмат кылышчу экен. Бейтел үй-бүлөсүнүн бешинчи мүчөсү жакында эле келген Жузеппе Тюбини болсо, мен алтынчысы болуп калдым.

Бейтелде бир ай кызмат кылгандан кийин райондук көзөмөлчү болуп дайындалдым. Мен италиялык райондук көзөмөлчүлөрдүн биринчиси болдум. Ошол убакта Кошмо Штаттардан Италияга 1946-жылы келген биринчи миссионер Жорж Фредианелли бир тууган да кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылчу. Ал мени бир нече жума үйрөтүп, көптөгөн кеңештерди берди. Ошондон кийин кызыктуу окуяларга бай кызматка өз алдымча кадам шилтедим. Биринчи жолу Фаэнцадагы жыйналышка райондук көзөмөлчү катары барып, баяндама окуганым такыр эсимден кетпейт. Ойлонуп көрсөңөр, буга чейин жыйналыштан бир да жолу баяндама сүйлөп көргөн эмесмин. Ошентсе да жыйналыштагыларды, анын ичинде көптөгөн жаштарды толук убакыт кызмат кылуу жөнүндө ойлонууга түрткү бере алдым. Кийинчерээк ошол жаштардын айрымдары сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болушту.

Ошентип, кыдыруучу көзөмөлчү болгондон тартып ары кызыктуу, ары кубанычтуу күндөр өтө баштады. Жашоомдо күтүлбөгөн жагдайлар, чукул өзгөрүүлөр, кыйынчылыктар жана кубанычтуу күндөр көп болду. Андан тышкары, бир туугандардын көрсөткөн сүйүүсү мага дем-шык берип турду.

Согуштан кийинки Италиядагы диний абал

Эми Италиядагы диний абал жөнүндө кыскача айтсам, ошол убакта Католик чиркөөсүнүн таасири абдан күчтүү болчу. Жаңы конституция 1948-жылы күчүнө кирсе да, 1956-жылга чейин фашисттик бийликтин көрсөткөн каршылыгынан улам Жахабанын Күбөлөрү ээн-эркин кабар айта алышчу эмес. Чиркөө төбөлдөрүнүн кысымынын айынан райондук жыйындар өткөрүлүп жаткан маалда тоскоолдуктар болуп, жыйындар үзгүлтүккө учурап калчу. Бирок алардын ойлогону ордунан чыкпай калган учурлар да болгон. Буга 1948-жылы Борбордук Италияда жайгашкан Сюлмона деген кичинекей шаарда болгон окуя далил боло алат.

Жыйын театрда өткөрүлүп жаткан. Мен жекшемби күнү эртең мененки программанын төрагасы болчумун, Жузеппе Тюбини болсо жалпыга арналган баяндама айтып жаткан. Эл аябай көп келген болчу. Өлкөдө жарчылардын саны 500гө да жетчү эмес, бирок ошол күнү театрдын ичи жык-жыйма болуп, 2 000 киши отурган. Баяндаманын соңунда эки дин кызматчынын тукуругу менен бир жигит сахнага секирип чыгып, тоскоолдук кылыш үчүн болгон үнү менен кыйкырып-өкүрө баштады. Мен токтоосуз түрдө ага: «Эгер айта турган сөзүң бар болсо, театрдын ижара акысын төлөп коюп, каалашыңча сүйлөй бер»,— деп айттым. Отургандар анын кылганын жактырышпай, нааразычылыгын билдирип киришти. Ошондо ал сахнадан секирип түшүп, кетип калды.

Ошол убактарда кыдыруучулук кызмат оңой-олтоң иштерден эмес болчу. Бир жыйналыштан экинчисине кээде велосипед менен, кээде эскилиги жеткен, эл жык-жыйма толгон автобустар менен же поезд менен барчумун. Айрым учурларда атканаларда, темир-тезектер турчу сарайларга түнөчүмүн. Согуш жаңы эле аяктагандыктан, италиялыктардын көбү эптеп эле күн көрүп жашашчу. Эркек бир туугандар абдан аз болчу, алар да аябай жакыр турушчу. Бирок ошого карабай Жахабага кызмат кылуудан зор кубаныч алчубуз.

Гилат мектебинен билим алышым

1950-жылы Жузеппе Тюбини экөөбүз Гилат мектебинин 16-классына чакырылдык. Чакырылган күндөн тартып эле англис тилин үйрөнүү оңой эмес экенин түшүндүм. Колуман келгендин баарын кылып, болушунча аракет кылдым, бирок аябай кыйын болду. Гилат мектебинен Ыйык Китепти толугу менен англис тилинде окуп чыгышыбыз керек болчу. Андыктан үнүмдү чыгарып окуп-көнүгүш үчүн кээде түшкү тамакка барчу эмесмин. Ошентип, акыры, баяндама сүйлөп чыга турган күн да келди. Баяндамадан кийин нускоочунун айткан сөздөрү күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ал мага: «Жаңсоолорду эң сонун колдонуп, шыктануу менен сүйлөйт экенсиң, бирок эмне жөнүндө айтканыңды такыр түшүнгөн жокпуз»,— деп айткан. Англис тилин жакшы билбесем да Мектепти ийгиликтүү аяктадым. Окуу аяктаган соң Жузеппе экөөбүз Италияга дайындалып, мекенибизге кайтып келдик. Экөөбүз тең Гилаттан сонун билим алгандыктан, бир туугандарга жан-дилден кызмат кылганга даяр элек.

1955-жылы Лидияга үйлөндүм. Ал жети жыл мурун чөмүлтүлгөндө, чөмүлтүлө тургандарга арналган баяндаманы мен айткан болчумун. Анын атасы Доменико аябай сонун бир тууган эле. Ал фашисттик режимдин тушунда болгон куугунтукка жана үч жылга сүргүнгө айдалганына карабай жети баласын тең чындыкта чоңойткон. Лидия да чындык үчүн күрөшкөн мыкты жоокерлердин бири болчу деп айта алам. Жахабанын Күбөлөрүнө үймө-үй эркин кабар айтууга мыйзамдуу түрдө уруксат берилгенге чейин Лидия үч сот ишине катышкан. Үйлөнгөнүбүзгө алты жыл болгондо тун уулубуз Бениямино төрөлдү. Ал эми 1972-жылы экинчи балабыз Марко жарык дүйнөгө келди. Эки уулумдун тең бала-чакасы менен Жахабага ынталуу кызмат кылганын көрүп, аябай кубанам.

Кызматымды жигердүүлүк менен аткарып келем

Башкаларга кызмат кылып, бактылуу күндөрдү өткөргөн жылдары көптөгөн кызыктуу окуяларга күбө болдум. Мисалы, 1980-жылдардын башында кайнатам Италиянын ошол учурдагы президенти Сандро Пертиниге кат жазыптыр. Италияда фашисттик диктатордук режим өкүм сүрүп турган маалда экөө тең режимге каршы чыккандар айдалган Вентотэнэ аралына сүргүнгө айдалышыптыр. Кайнатам ага кабар айтуу максатында аны менен жолугушууга уруксат сурап кайрылган экен. Анын суранычы орундалып, президент менен жолугушууга кайнатам менен мен да бардым. Бизди аябай жылуу тосуп алышты. Ушундай болот деп күткөн эмеспиз. Президент Сандро Пертини кайнатамды кыса кучактап, жакшы тосуп алды. Ага кабар айтып, анча-мынча адабият таштап кеттик.

Италиядагы жыйналыштарды 44 жыл бою кыдырып кызмат кылгандан кийин 1991-жылы райондук көзөмөлчү катары аткарган кызматымды токтоттум. Ошондон кийин төрт жыл бою Жыйындар залынын көзөмөлчүсү болуп кызмат кылдым. Анан катуу ооруп калгандыктан, ал кызматымды да токтотууга туура келди. Бирок Жахабанын чексиз ырайымынын аркасында азыркыга чейин толук убакыт кызматты аркалап келем. Жакшы кабарды таратып, башкаларды окутуу үчүн колумдан келгендин баарын кылып жатам. Бир нече изилдөөм бар. Азыр деле жыйналыштан баяндама айтып чыгып калганда, бир туугандар оттой жанган шыктануу менен сүйлөөрүмдү айтып калышат. Көптөгөн жылдар өтсө да мурункудай эле жалындап сүйлөгөнгө күч берип жатканы үчүн Жахабага аябай ыраазымын.

Жаш кезимде өлүмдөн аябай коркчумун, бирок Ыйык Китептен алган так билимдин аркасында жаркын үмүткө, Иса айткандай, «чексиз өмүргө» жетүү үмүтүнө ээ болдум (Жкн. 10:10). Азыр болсо Жахаба Кудай батасын мол төгө турган, тынчтык, бейкуттук жана бакыт өкүм сүрө турган жашоону күтүп жашап келем. Ооба, бардык даңк мындан ары да биз ысымын алып жүргөн Жараткан Кудайыбызга таандык боло берсин (Заб. 82:19).

[22-беттеги карта]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

ШВЕЙЦАРИЯ

БЕРН

Цюрих

Арбон

Штайнач

ИТАЛИЯ

РИМ

Комо

Милан

Адда дарыясы

Кастионе Андевонно

Фаэнца

Сюлмона

Вентотэнэ

[22-беттеги сүрөт]

Гилатка баратканда

Жузеппе менен Гилатта

[23-беттеги сүрөт]

Үйлөнгөн күнүбүз

Сүйүктүү жубайым мени 55 жылдан ашуун убакыттан бери коштоп келет