Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алар Машаякты табышкан!

Алар Машаякты табышкан!

Алар Машаякты табышкан!

«Биз Машаякты таптык» (ЖКН. 1:41).

1. Андрес эмне үчүн: «Биз Машаякты таптык»,— деген?

ЧӨМҮЛДҮРҮҮЧҮ ЖАКАН өзүнүн эки шакирти менен турган. Исанын келатканын көрүп, ал: «Мына, Кудайдын Козусу»,— дейт. Ошондо Андрес менен берки шакирт дароо Исаны ээрчип жөнөшөт жана ошол күнү аны менен болушат. Андан соң Андрес бир тууганы Симон Петирди таап: «Биз Машаякты таптык»,— деп сүйүнчүлөйт да, аны Исага ээрчитип барат (Жкн. 1:35—41).

2. Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктарды изилдөөдөн кандай пайда алабыз?

2 Убакыттын өтүшү менен Андрес, Петир жана башкалар Жазманы терең изилдеп, назареттик Исанын убадаланган Машаяк экенин чечкиндүүлүк менен жарыялашкан. Бул макалада биз Машаякка байланышкан пайгамбарлыктарды изилдөөнү улантабыз. Мунун аркасында Кудайдын Сөзүнө жана анын Майланганына болгон ишенимибиз бекемделери шексиз.

«Мына,.. Падышаң келатат»

3. Иса Иерусалимге салтанаттуу түрдө киргенде, кайсы пайгамбарлыктар аткарылган?

3 Машаяк Иерусалимге салтанаттуу түрдө кирмек. Захариянын пайгамбарлыгында мындай делген: «Кубанып, шаттыкка бөлөн, Сион кызы, салтанат кур, Иерусалим кызы, сага өзүңдүн адилеттүү, куткара турган, момун Падышаң келет. Ал ургаачы эшекке, кодикке, минип келет» (Зах. 9:9). Забурчу: «Теңирдин атынан келе жаткан бактылуу!» — деп жазган (Заб. 117:26). Иса Иерусалимге кирип баратканда, калың эл шаттанып, салтанат курган. Ал элге ошентиши керектигин алдын ала айткан эмес. Бирок эл, пайгамбарлыкта кандай айтылса, так ошондой кылган. Бул билдирүүнү окуганда ошол жерде болуп жаткандарды элестетип, төбөсү көккө жете сүйүнгөн элдин үнүн укканга аракет кылгыла (Оку: Матай 21:4—9).

4. Забур 117:22, 23төгү сөздөрдүн кандайча аткарылганын түшүндүргүлө.

4 Көптөр Исаны Машаяк катары кабыл албаса да, ал Кудайдын көз алдында баалуу болмок. Күн мурун айтылгандай, ачык-айкын далилдерге ишенгиси келбеген адамдар Исаны «жек көрүп», «урматташкан» эмес (Ыш. 53:3; Мр. 9:12). Ошентсе да Кудай ыйык руху аркылуу забурчуга: «Куруучулар жаратпай койгон таш бурчтун негизи болуп калды. Бул Теңирден»,— деп жазууга түрткү берген (Заб. 117:22, 23). Иса бир жолу диний каршылаштарынын көңүлүн ушул аятка бурган. Кийинчерээк Петир ал сөздөрдүн Машаяктын үстүнөн аткарылганын айткан (Мр. 12:10, 11; Элч. 4:8—11). Ооба, Иса жыйналыштын пайдубалынын «бурчуна коюлуучу таш» болгон. Ыймансыз адамдар аны четке какса да, ал Кудайдын көз алдында «тандалган, кымбат баалуу» болгон (1 Пет. 2:4—6).

Ага чыккынчылык кылынат, таштап кетишет

5, 6. Машаякты сатып кеткен киши жөнүндө кандай пайгамбарлыктар айтылган жана алар кантип аткарылган?

5 Машаякка досу деп эсептелген кишинин чыккынчылык кылары алдын ала айтылган. Дөөтү: «Мени менен тынчтыкта болгон, мен ишенип жүргөн, менин нанымды жеген адам мага согончогун көтөрдү»,— деп пайгамбарлык айткан (Заб. 40:10). Байыркы учурда нанды чогуу жеген адамдар дос деп эсептелчү (Башт. 31:54). Ошондуктан Жүйүт Искариоттун ишенимсиздиги барып турган чыккынчылык болгон. Иса өзүнө чыккынчылык кыла турган киши жөнүндө сөз кылып, элчилерине: «Баарыңар жөнүндө айтып жаткан жокмун. Мен өзүм тандап алгандарды билем. Бирок Ыйык Жазмадагы: „Нанымды жеген киши мага каршы чыкты [«согончогун көтөрдү», шилтеме]“,— деген сөздөр ушундайча аткарылышы керек»,— деген. Ал муну менен Дөөтүнүн пайгамбарлыгы аткарыларын көрсөткөн (Жкн. 13:18).

6 Машаякты сатып кеткен киши кулдун баасын — 30 күмүш тыйын — алмак. Матай Захария 11:12, 13төн үзүндү келтирип, Исанын арзыбаган баага сатылганын айткан. Бирок эмне үчүн Матай бул пайгамбарлык «Жеремия пайгамбар аркылуу айтылган» деген? Матайдын күндөрүндө Жеремия китеби Ыйык Жазманын Захария китебин камтыган бөлүгүнүн башында турса керек (Салыштыр: Лука 24:44). Жүйүт арам жол менен тапкан акчасынын пайдасын көргөн эмес, себеби аны ибадатканага ыргытып жиберген да, барып, асынып алган (Мт. 26:14—16; 27:3—10).

7. Захария 13:7деги сөздөр кандайча аткарылган?

7 Машаяктын шакирттери чачырап кетмек. «Койчуну өлтүр, ошондо койлор туш-тушка чачырайт!» — деп жазган Захария (Зах. 13:7). Б.з. 33-жылы 14-нисанда Иса шакирттерине: «Ушул түнү баарыңар менден четтеп кетесиңер, анткени Ыйык Жазмада: „Койчусун жок кылам, ошондо отордогу койлор туш-тушка чачырап кетет“,— деп жазылган»,— деген. Бул пайгамбарлык так аткарылган, анткени Матай Исанын «бардык шакирттери аны таштап, качып кетишкенин» айткан (Мт. 26:31, 56).

Айыпталат, сабалат

8. Ышайа 53:8 кантип аткарылган?

8 Машаяк суракка алынып, айыпталмак (Оку: Ышайа 53:8 *). 14-нисанда, таң атары менен, бүт Синедрион кеңешме өткөрөт, анан Исаны байлап, Рим башкаруучусу Понтий Пилатка өткөрүп берет. Пилат Исаны суракка алып, эч кандай айып таппайт. Ошо себептен элге, эгер каалашса, Исаны бошотуп берерин айтат. Бирок эл: «Устунга када!» — деп кыйкырып, анын ордуна Бараба деген кылмышкерди бошотушун талап кылат. Пилат аларга жагыш үчүн Барабаны бошотот, Исаны болсо сабатып, устунга кадоого буйрук берет (Мр. 15:1—15).

9. Забур 34:11де алдын ала айтылгандай, Исанын күндөрүндө эмне болгон?

9 Жалган күбөлөр Машаякка жалаа жабышмак. «Жалган күбөлөр мага каршы чыгышты: мен билбегендерди сурап, суракка алышты»,— деп жазган забурчу Дөөтү (Заб. 34:11). Так пайгамбарлыкта айтылгандай, «жогорку динкызматчылар менен Синедриондун бардык мүчөлөрү, Исаны өлүм жазасына тартуу үчүн, ага каршы жалган айып издешкен» (Мт. 26:59). Бирок «аны көптөгөн жалган күбөлөр айыптаса да, алардын айткандары бири-бириникине дал келген» эмес (Мр. 14:56). Исанын өлүшүн каалаган каардуу душмандары ал күбөлөрдүн жалган айтып жатканына кымындай да тынчсыздынып коюшкан эмес.

10. Ышайа 53:7нин кантип аткарылганын түшүндүргүлө.

10 Машаяк айыптоочуларынын алдында унчукмак эмес. Ышая: «Аны катуу кыйнашты, бирок Ал кыйналганда, үн чыгарган жок. Ал союлуш үчүн жетеленип келген козу сыяктуу, кыркмачынын алдында үнсүз жаткан кой сыяктуу үн чыгарган жок»,— деп пайгамбарлык кылган (Ыш. 53:7). «Жогорку динкызматчылар менен эл аксакалдары айыптаганда», Иса «такыр жооп берген» эмес. Пилат андан: «Угуп жатасыңбы, булар сага канчалаган айыптоолорду коюшууда?» — деп сураган, бирок Иса «эчтеке деп жооп берген» эмес. «Башкаруучу буга абдан таң калган» (Мт. 27:12—14). Ырас, Иса айыптоочуларын жаман сөздөрдү айтып кордогон эмес (Рим. 12:17—21; 1 Пет. 2:23).

11. Ышайа 50:6 жана Михей 5:1 кантип аткарылган?

11 Ышая Машаяктын урулуп-сабаларын алдын ала айткан. «Мени уруп жаткандарга Мен кыр аркамды тосуп бердим, уруп жаткандарга бетимди тосуп бердим,— деп жазган ал пайгамбар.— Маскаралап, жаба түкүрүшкөндө, жүзүмдү жапкан жокмун» (Ыш. 50:6). Ал эми Михей: «Ысрайылдын башкаруучусун таяк менен бетке урушат»,— деп пайгамбарлык кылган (Мих. 5:1). Ушул пайгамбарлыктардын аткарылганын бышыктап, Инжилдин жазуучусу Марк мындай деп жазган: «Айрымдары ага түкүрө башташты жана бетин жаап, муштагылап: „Пайгамбар болсоң, айтчы, сени ким урду?“ — деп жатышты. Өкүмдү ишке ашыруучулар да аны жаакка чаап, алып кетишти». Марк жоокерлердин Исаны «камыш таяк менен башка чапкылап, ага түкүрүшкөнүн», «[маскаралаш үчүн] алдына тизе бүгүп, таазим кылышканын» да айткан (Мр. 14:65; 15:19). Албетте, Иса ак жерден эле ошондой кордук көргөн.

Өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү болот

12. Забур 21:17 жана Ышайа 53:12деги сөздөр кандайча аткарылган?

12 Машаяктын устунга кадалышына байланыштуу пайгамбарлыктар айтылган. Забурчу Дөөтү: «Мени дөбөттөр курчап алышты, эки жүздүүлөрдүн тобу мени тегеректеп алышты, колу-бутумду тешишти»,— деген (Заб. 21:17). Ыйык Китептин окурмандары жакшы билген окуя тууралуу айтып, Инжилдин жазуучусу Марк: «Аны үчүнчү саатта [эртең мененки саат тогуздарда] устунга кадашты»,— деген (Мр. 15:25). Машаяктын күнөөкөр деп эсептелери да күн мурун айтылган. Ышая: «Ал Өз жанын өлүмгө кыйды, кылмышкер катары эсептелди, көптөрдүн күнөөсүн Өз мойнуна алды»,— деп жазган (Ыш. 53:12). Бул сөздөр «Иса менен кошо эки каракчы», «бири анын оң жагына, экинчиси сол жагына», устунга кадалганда аткарылган (Мт. 27:38).

13. Забур 21:8, 9 кандайча Исанын үстүнөн аткарылган?

13 Дөөтү Машаякты шылдыңдашарын пайгамбарлык кылган (Оку: Забур 21:8, 9). Иса жаза устунунда кадалып, жаны кыйналып турганда, башкалар аны шылдыңдашкан. Матай мындай деген: «Ары-бери өткөндөр аны кордоп, баштарын чайкай: „Эй, ибадаткананы талкалап, кайра үч күндө тургузуп жиберчү киши, өзүңдү куткарбайсыңбы?! Кудайдын уулу болсоң, жаза устунунан түшүп көрчү!“ — деп жатышты. Ошондой эле жогорку динкызматчылар, китепчилер жана эл аксакалдары да аны мындай деп шылдыңдашты: „Башкаларды куткарып, өзүн куткара албай калдыбы?! Ысрайылдын Падышасы экен, азыр жаза устунунан түшүп көрсүнчү, ошондо биз ага ишенебиз. Кудайга таянчу эмес беле. Эгерде Кудай үчүн кымбат болсо, Ал азыр куткарып алсын, анткени бул: “Кудайдын Уулумун”,— дечү эмес беле“» (Мт. 27:39—43). Иса ушунун баарын сабырдуулук менен көтөргөн. Ал бизге кандай сонун үлгү калтырган!

14, 15. Машаяктын кийимине жана ага ачуу ичимдик берилерине байланыштуу пайгамбарлыктардын кантип аткарылганын айтып бергиле.

14 Машаяктын кийими үчүн өкчөмө таш ыргытышмак. Забурчу: «Чапанымды өз ара бөлүп алып жатышат, кийимим үчүн өкчөмө таш ыргытып жатышат»,— деп жазган (Заб. 21:19). Ушул сөздөр Рим жоокерлери Исаны «устунга кадашкан соң, өкчөмө таш ыргытып, сырт кийимин бөлүп алышканда» аткарылган (Мт. 27:35; оку: Жакан 19:23, 24).

15 Машаякка ачуу ичимдик жана кычкыл шарап беришмек. «Тамакка өт кошуп беришти, суусаганымда, ачуу ичимдик ичиришти»,— деп айткан забурчу (Заб. 68:22). Матай: «Алар Исага ачуу зат кошулган шарап беришти. Бирок ал даамын татып көргөндөн кийин ичпей койду»,— деп жазган. Ошондой эле анын жанында тургандардын биринин «чуркап барып, соргуч алып келгенин», «анан аны кычкыл шарапка малып, таяктын учуна бекитип», «ичириш үчүн Исага узатканын» да айткан (Мт. 27:34, 48).

16. Забур 21:2нин кандайча аткарылганын түшүндүргүлө.

16 Кудай Машаякты таштап койгондой сезилмек (Оку: Забур 21:2). Ушул пайгамбарлыкка ылайык, «тогузунчу саатта [түштөн кийинки саат үчтөрдө] Иса: „Эли, Эли, лама сабактани?“ — деп катуу кыйкырган». «Бул сөздөр: „Кудайым, Кудайым, мени эмне үчүн таштап койдуң?“ — дегенди билдирет» (Мр. 15:34). Иса асмандагы Атасына болгон ишенимин жоготуп койгон эмес. Ал, Кудайга болгон берилгендиги толугу менен сыналышы үчүн, Кудай аны ошол учурда душмандарынан коргобой турганын билген. Ошондой эле Кудайга зар какшап кайрылуу менен Забур 21:2ни аткарган.

17. Захария 12:10 жана Забур 33:21 кандайча аткарылган?

17 Машаякты найза менен сайышмак, бирок сөөктөрү сынмак эмес. Иерусалимдин тургундары «өздөрү найза менен сайган Адамды көрүшмөк» (Зах. 12:10). Забур 33:21де: «[Кудай] анын бардык сөөктөрүн сактайт, бир да сөөгү сынбайт»,— делет. Ушул сөздөрдүн аткарылганын баса белгилеп, Жакан мындай деп жазган: «Жоокерлердин бири Исаны найза менен капталга сайды. Ошол замат денесинен кан менен суу чыкты. Булардын баарын өз көзү менен көргөн адам [Жакан] күбөлөндүрүп жатат. Анын күбөлөндүрүүсү чындык... Булар Ыйык Жазмадагы: „Анын бир да сөөгү сынбайт“,— деген сөздөр аткарылышы үчүн болду. Ыйык Жазманын дагы бир жеринде: „Алар өздөрү найза менен сайган кишини карашат“,— деп айтылат» (Жкн. 19:33—37).

18. Иса кандайча байлар менен бирге коюлган?

18 Машаяк байлар менен бирге коюлмак (Оку: Ышайа 53:5, 8, 9). 14-нисанда кечке жуук «Жусуп деген ариматаялык бай киши» Пилатка барып, Исанын сөөгүн сураганда, ал анын өтүнүчүн орундаткан. Андан ары Матайдын билдирүүсүндө: «Жусуп сөөктү алып, зыгырдан жасалган жогорку сапаттагы таза кездеме менен кепиндеди да, асканын бооруна оюлган жаңы мүрзөсүнө койду. Анан чоң ташты тоголотуп келип, мүрзөнүн оозун жапты да, ал жерден кетти»,— деп айтылат (Мт. 27:57—60).

Падышабыз Машаякты даңктагыла!

19. Забур 15:10догу пайгамбарлык сөздөр кантип аткарылган?

19 Машаяк тирилтилмек. Дөөтү Жахабага кайрылып: «Сен менин жанымды өлгөндөр жаткан жайда калтырбайсың»,— деген (Заб. 15:10). Исанын сөөгү коюлган мүрзөгө келген аялдардын ал жактан адам кейпин кийген периштени көргөндө канчалык таң калганын элестетсеңер! Периште аларга: «Таң калбагыла. Силердин устунга кадалган назареттик Исаны издеп жүргөнүңөрдү билем. Ал тирилди, бул жерде жок. Мына анын жаткан жери»,— деген (Мр. 16:6). Элчи Петир б.з. 33-жылы Иерусалимде Элүүнчү күн майрамына катышкан калың элге: «[Дөөтү] Машаяктын тирилерин алдын ала көрө билип, анын көрдө калтырылбасын жана денесинин чирибей турганын айткан»,— деп жарыялаган (Элч. 2:29—31). Ырас, Кудай сүйүктүү Уулунун денесинин чиришине жол берген эмес. Ал аны кереметтүү түрдө рухий жашоого тирилткен! (1 Пет. 3:18).

20. Машаяктын башкаруусу тууралуу алдын ала эмне делген?

20 Алдын ала айтылгандай, Кудай Исаны сүйүктүү Уулум деп жарыялаган (Оку: Забур 2:7; Матай 3:17). Ошондой эле Иса Иерусалимге киргенде, эл аны жана анын Падышалыгын даңктаган. Бүгүнкү күндө биз да ал жана анын Кудай батасын төгүп жаткан Падышалыгы тууралуу кубаныч менен жарыялайбыз (Мр. 11:7—10). Машаяк жакында чындык, момундук, адилдик үчүн аттанып чыгып, душмандарын кыйратат (Заб. 2:8, 9; 44:2—7). Анын башкаруусунун тушунда бүт адамзат гүлдөп-өсүп, тынчтыкка бөлөнөт (Заб. 71:1, 3, 12, 16; Ыш. 9:6, 7). Азыркы тапта Жахабанын сүйүктүү Уулу асманда Падыша катары бийлик кылып жатат. Арийне, биз үчүн Жахабанын Күбөлөрү катары ушул чындыктарды жарыялоо — чоң сыймык!

[Шилтеме]

^ 8-абз. Ышайа 53:8 («ЖД»): «Ага калыстык кылбай алып кетишти. Анын ата-тегин ким териштирет? Анткени ал тирүүлөрдүн арасынан алынды. Элимдин кылмышы үчүн өмүрү кыйылды».

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Исаны кандайча сатып, таштап кетишкен?

• Иса Машаяктын устунга кадалышына байланыштуу эмнелер алдын ала айтылган?

• Исанын убадаланган Машаяк экенине эмне үчүн толук ишенесиң?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Иса Иерусалимге салтанаттуу түрдө киргенде, кайсы пайгамбарлыктар аткарылган?

[15-беттеги сүрөт]

Иса биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлгөн, бирок азыр ал — Падыша