Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба — «тынчтыктын булагы»

Жахаба — «тынчтыктын булагы»

Жахаба — «тынчтыктын булагы»

«Тынчтыктын булагы болгон Кудай баарыңар менен болсун» (РИМ. 15:33).

1, 2. Башталыш 32, 33-бөлүмдөрдө кандай оор жагдай тууралуу айтылат жана ал эмне болуп бүткөн?

ИОРДАН дарыясынын чыгыш тарабындагы Жабок өзөнүнүн жанынан орун алган Пенуелден анча алыс эмес жер. Эйсап өзүнүн эгизи Жакыптын үйүнө кайтып келатканын укканда 400 кишисин алып, аны көздөй жөнөйт. Жакып муну угуп коркуп кетет, себеби Эйсаптын ага туңгучтугун сатып ийгенине 20 жылдын жүзү болуп калса да, ал мага дагы деле кек сактап, көзүмдү тазалагысы келип жүрсө керек деп тынчсызданып жаткан. Ошондуктан Жакып кызыл кыргын болуп кетпесин деп, 550 баш малын топ-топко бөлүп, ага тартуу катары арты-артынан жөнөтөт. Жакыптын ар бир топ малды айдаган кызматчылары Эйсапка жолукканда аларды бир тууганы тартуу кылып жибергенин айтышат.

2 Акыры, эки бир тууган жүз көрүшө турган убак да келет! Жакып эр жүрөктүк менен Эйсапты көздөй басып, ага жетер-жеткиче бир эмес, жети жолу ийилип таазим этет. Ал ага чейин эле бир тууганынын жүрөгүн жибитиш үчүн эң маанилүү кадамды жасаган: Жахабага тиленип, Эйсаптын колунан куткарышын суранган. Жахаба анын үнүн укканбы? Ооба. «Эйсап ага утурлай чуркап, аны мойнунан кучактап өпкүлөдү, анан экөө тең ыйлашты»,— делет Ыйык Китепте (Башт. 32:11—20; 33:1—4).

3. Жакып менен Эйсап жөнүндөгү билдирүүдөн эмнеге үйрөнөбүз?

3 Жакып менен Эйсап жөнүндөгү билдирүүдөн көрүнүп тургандай, жыйналыштын ынтымагына доо кетире турган көйгөйлөр пайда болгондо, аны чечүү үчүн бүт күч-аракетибизди жумшап, тийиштүү кадамдарды жасашыбыз кажет. Жакып Эйсап менен элдешүүгө умтулган. Бирок бул анын ага каршы күнөө кылып, андан кечирим суроого милдеттүү болгонун билдирбейт. Анткени Эйсап өзү туңгучтук укугун баалабай, аны Жакыпка бир табак тамакка сатып жиберген болчу (Башт. 25:31—34; Эвр. 12:16). Жакыптын Эйсап менен элдешүү максатында кылган иш-аракеттери ишенимдештерибиз менен дайыма ынтымакта болуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылууга даяр болушубуз керектигин көрсөтүп турат. Ошондой эле чыныгы Кудайдын тынчтыкты сактоо үчүн тиленип, ошого жараша кылган иш-аракеттерибизге батасын берерин айгинелеп турат. Ыйык Китепте бизге тынчтыкты орнотуучулардан болууга жардам бере турган дагы башка көптөгөн мисалдар камтылат. Алардын айрымдарын карап көрөлү.

Бизге түрткү берген эң мыкты үлгү

4. Адамзатты күнөө менен өлүмдөн куткаруу үчүн Кудай кандай чара көргөн?

4 Жахаба — «тынчтыктын булагы». Ал тынчтыкты орнотуу жагынан эң мыкты үлгү көрсөтөт (Рим. 15:33). Жахабанын, аны менен жакшы мамиледе болушубуз үчүн, эмнелерди кылганы жөнүндө ойлонуп көрсөң. Адам ата менен Обо эненин күнөөкөр урпактары болгондуктан биз «күнөө үчүн жаза» алууга тийишпиз (Рим. 6:23). Бирок улуу сүйүүсүнөн улам Жахаба бизди куткаруу үчүн асмандан өзүнүн сүйүктүү Уулун жиберип, жеткилең адам болуп төрөлүшүнө кам көргөн. Ал эми Уулу Атасына даярдуулук менен баш ийип, анын душмандарынын колунан өлүүгө макул болгон (Жкн. 10:17, 18). Бирок чыныгы Кудай сүйүктүү Уулун кайра тирилтип алган, андан кийин Уулу Атасына төгүлгөн канынын баасын өкүнгөн адамдарды түбөлүк өлүмдөн куткара турган кун катары тапшырган (Оку: Эврейлер 9:14, 24).

5, 6. Кудай менен болгон мамилеси бузулган адамзат анын Уулунун төгүлгөн канынан кандай пайда алат?

5 Күнөөнүн айынан Кудай менен болгон мамилеси бузулган адамзат анын Уулунун куткаруу курмандыгынан кандай пайда алат? «Бизге тынчтык болуш үчүн, Ал жазага тартылды, биз Анын жарааты менен айыктык»,— делет Ышайа 53:5те. Ырас, кундун аркасында тил алчаак адамдар эми Кудайдын душманы деп эсептелбей, аны менен ынак мамиле өрчүтө алышат. «Машаяк аркылуу, анын канынын негизинде төлөнгөн кун аркылуу боштондукка чыгышыбызга, ооба, күнөөлөрүбүздүн кечирилишине жол ачылган» (Эф. 1:7).

6 Ыйык Китепте айтылгандай, «Кудай [Машаякта] бүт толуктуктун жашашын... туура көргөн». Анткени Машаяк Кудайдын ой-ниетинде эң негизги ролду ойнойт. Ал эми Кудайдын ой-ниети кандай? Иса Машаяктын «төккөн каны аркылуу тынчтыкка жол ачып, ал аркылуу... калган нерселердин баарын Өзү менен элдештирүү». Кудай өзү менен элдештире турган «калган нерселердин баары» — «жердеги жана асмандагы... нерселер». Алар кимдерди билдирет? (Оку: Колосалыктар 1:19, 20).

7. «Кудай менен тынчтыкта болгон» «асмандагы жана жердеги... нерселер» кимдерди билдирет?

7 Куткаруу курмандыгы Кудайдын уулдары катары «адил деп жарыяланган» Исанын майланган жолдоочуларына «Кудай менен тынчтыкта болууга» жол ачкан (Оку: Римдиктер 5:1). Ыйык Китепте алар «асмандагы... нерселер» деп аталышат, себеби алар асманда жашоого үмүттөнүшөт жана «жер үстүнөн падышалык кылып», Кудайга дин кызматчылар катары кызмат кылышат (Аян 5:10). Ал эми «жердеги... нерселер» күнөөсү үчүн өкүнүп, келечекте жер бетинде түбөлүк жашай турган адамдарды билдирет (Заб. 36:29).

8. Жахабанын, адамзат аны менен жакшы мамиледе болушу үчүн, эмнелерди кылганы жөнүндө ой жүгүртүү сага кандай таасир этет?

8 Жахабанын чарасына терең ыраазычылыгын билдирип, Пабыл Исанын Эфестеги майланган жолдоочуларына: «Кайрымдуулугу мол Кудай... кылмыштарыбыздан улам өлүк болгон бизди тирилтип, Машаяк менен бириктирди. Ошентип, силер ырайым менен куткарылдыңар»,— деп жазган (Эф. 2:4, 5). Асманда жашоого үмүттөнөбүзбү же жердеби, биз Кудайдын кайрымдуулугуна жана ырайымына чексиз ыраазыбыз. Ырас, Жахабанын, адамзат аны менен жакшы мамиледе болушу үчүн, эмнелерди кылганы жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө жүрөгүбүз ыраазычылыкка толот. Андыктан жыйналыштын ынтымагын ыдырата турган жагдайларга кабылганда Кудайдын үлгүсү жөнүндө ой жүгүртүп, тынчтыкты орнотуучулардан болууга умтулушубуз керек эмеспи?

Ыбрайым менен Ыскактын үлгүсү

9, 10. Ыбрайым менен Лоттун малчылары араздаша баштаганда, Ыбрайым тынчтык орнотуучу экенин кантип көрсөткөн?

9 Уруу башчысы Ыбрайым жөнүндө Ыйык Китепте: «„Ыбрайым Жахабага ишенди. Ошон үчүн адил деп табылды“,— деген сөздөр аткарылып, ал „Жахабанын досу“ деп аталып калган»,— деп жазылат (Жкп. 2:23). Анын ишеними тынчтыкка умтулганынан айкын көрүнгөн. Мисалы, Ыбрайымдын малы көбөйгөндүктөн, анын малчылары менен тууганы Лоттун малчылары араздаша башташкан (Башт. 12:5; 13:7). Көйгөйдүн түйүнүн чечүү үчүн Ыбрайым менен Лот эки жакка бөлүнүүнү туура көрүшкөн. Ыбрайым мындай оор жагдайда эмне кылган? Жашын, Кудайдын алдындагы абалын колдонуп, тууганына тигиндей же мындай кыл дебестен, чыныгы тынчтык орнотуучу экенин көрсөткөн.

10 «Сен экөөбүздүн, малчыларыбыздын ортосунда чыр-чатак болбосун, анткени экөөбүз тууганбыз»,— деген Ыбрайым инисине. Анан: «Мына, бардык жер сенин алдыңда. Менден бөлүн. Эгерде сен сол тарапка кетсең, мен оң тарапка кетейин. Эгерде сен оң тарапка кетсең, мен сол тарапка кетейин»,— деп кошумчалаган. Лот ал жердин эң эле оттуу, түшүмдүү бөлүгүн тандаган, бирок Ыбрайым буга нааразы болуп, ичине кир сактап калган эмес (Башт. 13:8—11). Кийинчерээк Лотту баскынчылар туткундап кеткенде, Ыбрайым эч буйдалбастан аны куткарууга аттанган (Башт. 14:14—16).

11. Ыбрайымдын пелиштилик кошуналары менен ынтымакта жашоого умтулганы эмнеден көрүнүп турат?

11 Ыбрайымдын Канаан жеринде пелиштилик кошуналары менен ынтымакта жашоого умтулганы жөнүндө да ойлонуп көрсөң. Пелиштиликтер Бейер-Шебада Ыбрайымдын кызматчылары казган кудукту «тартып алышкан». Инисин туткундан бошотуу үчүн төрт падышага каршы чыгып, аларды жеңген Ыбрайым ошондо эмне кылган? Ал кудугун кайтарып алуу үчүн алар менен согушпастан, унчукпай эле коюуну чечкен. Кийинчерээк пелиштиликтердин падышасы тынчтык келишимин түзүү үчүн Ыбрайымга барган. Ыбрайым ага урпактарына жакшы мамиле кылууга ант бергенден кийин гана анын кызматчылары тартып алган кудук жөнүндө кеп козгогон. Укканына аң-таң болгон падыша кудукту кайра кайтарып берген. Ыбрайым болсо андан ары да ал жерде келгин катары тынч жашай берген (Башт. 21:22—31, 34).

12, 13. а) Ыскак атасын кантип туураган? б) Ыскак тынчтыкка умтулганы үчүн Жахабадан кандай бата алган?

12 Ыбрайымдын уулу Ыскак да тынчтыкты сүйгөн атасынын жолун жолдогон. Бул анын пелиштиликтерге кылган мамилесинен айкын көрүнүп турат. Өзүнүн жеринде ачарчылык болгондуктан, Ыскак үй-бүлөсү менен Негептин кургак жеринде жайгашкан Бейир-Лакай-Ройиден түндүккө бет алып, пелиштиликтердин Герар деген түшүмдүү жерине көчүп барган. Жахаба батасын бергендиктен, Ыскак ошол жерден мол түшүм алып, малы көбөйгөндөн көбөйө берген. Буга пелиштиликтердин ичи күйө баштаган. Ыскактын, атасындай болуп, гүлдөп-өсүшүн каалабагандыктан пелиштиликтер ал жактагы Ыбрайымдын кызматчылары казган кудуктарга топурак толтуруп салышкан. Акыры, пелиштиликтердин падышасы Ыскактан ал жерден кетишин талап кылган. Тынчтыкты сүйгөн Ыскак ал айткандай кылган (Башт. 24:62; 26:1, 12—17).

13 Ал үйүндөгүлөрү, мал-мүлкү менен алыс көчүп кеткен. Ал жактан койчулары дагы башка кудук казышкан. Бирок пелиштилик койчулар: «Бул биздин суу» — деп, аны талашышкан. Ыскак, атасы Ыбрайымдай болуп, кудук үчүн алар менен жаңжалдашпай, башка кудук каздырган. Пелиштиликтер аны да талашышкан. Тынчтыкты сакташ үчүн Ыскак үй-бүлөсү менен ал жерден да көчүп кеткен. Ал жактан анын кызматчылары дагы бир кудук казышкан, аны Ыскак Рехобот деп атаган. Кийинчерээк ал Бейер-Шеба деген түшүмдүү жерге көчүп барган. Ошол жерден Жахаба ага батасын берип: «Коркпогун, анткени Мен сени мененмин. Кулум Ыбрайым үчүн сага батамды берип, сенин тукумуңду көбөйтөм»,— деген (Башт. 26:17—25).

14. Пелиштилик падыша тынчтык келишимин түзгөнү келгенде, Ыскак тынчтыкты орнотуучу экенин кантип көрсөткөн?

14 Арийне, Ыскактын өзүнүн кызматчылары казган кудуктардын баарын колдонууга болгон укугун коргоого күчү жетмек. Муну Пелишти падышасынын Ыскак менен тынчтык келишимин түзүү үчүн өзүнүн кишилери менен Бейер-Шебага келип, ага: «Теңир сени менен экенин ачык көрдүк»,— деп айтканынан көрүүгө болот. Ошентсе да Ыскак согушкандан көрө, тынчтыкты сакташ үчүн бир канча жолу көчүүнү туура көргөн. Келишим түзгөнү келген падышага жана анын кишилерине кылган мамилеси менен да Ыскак тынчтыкты орнотуучу экенин айгинелеген. Ыйык Китепте: «Ыскак алар үчүн той өткөрдү. Алар ичип-жешти. Эртеси эртең менен эрте туруп, алар бири-бирине ант беришти. Ыскак аларды коё берди, алар аныкынан тынчтык менен жөнөп кетишти»,— делет (Башт. 26:26—31).

Жакыптын эң сүйүктүү уулунун үлгүсү

15. Эмне үчүн Жусуптун агалары ага жөн сүйлөй албай калышкан?

15 Ыскактын уулу Жакып «момун адам» болгон (Башт. 25:27). Макаланын башында талкуулангандай, Жакып бир тууганы Эйсап менен ынтымакта болууга умтулган. Анын өзүнүн тынчтыкты сүйгөн атасы Ыскактан үлгү алганы шексиз. Ал эми Жакыптын уулдары жөнүндө эмне айтууга болот? Жакып 12 уулунун ичинен Жусупту өзгөчө жакшы көргөн. Жусуп тил алчаак, атасын кадырлап-сыйлаган, ал үчүн күйүп-бышкан бала болгон (Башт. 37:2, 14). Бирок анын агалары ушунчалык ичи күйгөндүктөн ага жөн сүйлөй албай калышкан. Алар таш боордук кылып, Жусупту кулчулукка сатып жиберишкен да, атасын аны жапайы жырткыч жара тартып кетти деп алдап коюшкан (Башт. 37:4, 28, 31—33).

16, 17. Жусуптун тынчтыкты сүйгөнү бир туугандарына кылган мамилесинен кандайча көрүнүп турат?

16 Жахаба Жусуп менен болуп, ага батасын берген. Убакыттын өтүшү менен Жусуп Мисирдин башкы төрөсү, бийлиги боюнча фараондон кийинки эле киши, болгон. Канаан жеринде катуу ачарчылык болуп, анын агалары аргасыздан Мисирге барышканда Мисир башкаруучусунун кийимин кийген Жусупту таанышкан эмес (Башт. 42:5—7). Ошондо ал өзүнө жана атасына кылган ырайымсыздыгы үчүн агаларынан опоңой эле өч ала алмак. Бирок Жусуп кек алууга эмес, элдешүүгө умтулган. Алардын өкүнгөнү айкын болгондо, өзүнүн ким экенин айтып: «Кайгырбагыла, мени бул жакка сатып жибергениңерге өкүнбөгүлө, анткени Кудай силердин өмүрүңөрдү сактап калыш үчүн, мени бул жакка силерден мурун жиберди»,— деген. «Анан бардык бир туугандарын өпкүлөп, аларды кучактап ыйлаган» (Башт. 45:1, 5, 15).

17 Атасынын көзү өткөндөн кийин, Жусуптун бир туугандары эми ал бизден кеткен кекти, өткөн өчтү алат деп ойлошкон. Анан кооптонуп жатышканын Жусупка айтышканда, ал ыйлап, аларга: «Коркпогула. Мен силерди бала-бакыраңар менен кошо багам»,— деген. Тынчтыкты сүйгөн Жусуп «алардын көңүлүн тынчтандырып, жүрөк жылыткан сөздөрдү айткан» (Башт. 50:15—21).

«Бизге насаат катары жазылган»

18, 19. а) Бул макалада айтылган тынчтыкты орнотуучулардын үлгүсүн карап чыгуудан кандай пайда алдың? б) Эмки макалада эмнени талкуулайбыз?

18 «Буга чейин жазылгандын баары,— деп жазган Пабыл,— туруктуулугубуз жана Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу үмүткө ээ болушубуз үчүн, бизге насаат катары жазылган» (Рим. 15:4). Жахабанын эң мыкты үлгүсүн, ошондой эле Ыбрайым, Ыскак, Жакып жана Жусуп жөнүндөгү ыйык китептик билдирүүлөрдү карап чыгуудан кандай пайда алдык?

19 Жахабанын күнөөлүү адамзат менен болгон мамилесин калыбына келтирүү үчүн эмнелерди кылганы жөнүндө ыраазычылык менен ой жүгүртүү бизге башкалар менен ынтымакта болууга бүт күчүбүздү жумшоого түрткү бербейби? Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын жана Жусуптун үлгүсү ата-энелердин балдарына жакшы таасир эте аларын көрсөтүп турат. Андан сырткары, бул билдирүүлөр Жахабанын тынчтыкты сактоого умтулгандардын аракеттерине батасын берерин да айгинелейт. Андыктан Пабылдын Жахабаны «тынчтыктын булагы болгон Кудай» деп сыпаттаганы таң калыштуу эмес (Оку: Римдиктер 15:33; 16:20). Эмки макалада Пабылдын тынчтыкка умтулушубуз керектигин эмне себептен баса белгилегенин жана канткенде тынчтыкты орнотуучулардан боло аларыбызды талкуулайбыз.

Эмнелерди билдиң?

• Жакып Эйсап менен элдешүү үчүн ага жолугарда эмне кылган?

• Жахабанын, адамзат аны менен жакшы мамиледе болушу үчүн, эмнелерди кылганы жөнүндө ой жүгүртүү сага кандай таасир этет?

• Тынчтыкты орнотуучулардан болгон Ыбрайымдан, Ыскактан, Жакыптан жана Жусуптан эмнеге үйрөндүң?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Жакып Эйсап менен элдешүү үчүн кайсы эң маанилүү кадамды жасаган?