Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Интернет. Дүйнөлүк куралды акылдуулук менен колдон

Интернет. Дүйнөлүк куралды акылдуулук менен колдон

Интернет. Дүйнөлүк куралды акылдуулук менен колдон

КЫЛЫМДАР мурун адамдар китеп басууну ойлоп тапканда, алардын бири-бири менен пикир алмашуусунун жаңы жолу пайда болгон. Биздин күндөрдө Интернет пайда болгондо да, бул тармакта дүйнөнү дүң кылган өзгөрүү болду. Анын бүткүл дүйнөлүк байланыш куралы деп аталганы бекеринен эмес. Анткени ал «маалымат магистралында» саякаттап баратып түркүн-түмөн темага байланыштуу фактыларды, статистикаларды жана ой-пикирлерди таба аласыңар.

Пикир алышуу жөндөмү — Жаратканыбыздын бизге берген кереметтүү белеги. Ал бизге башкалар менен ойлорубуз же кайсы бир маалымат менен бөлүшүүгө өбөлгө түзөт. Жахаба өзү адам баласы менен биринчи болуп пикирлешип, бактылуу жашоого шарт түзө турган айкын-так көрсөтмөлөрдү берген (Башт. 1:28—30). Бирок пикир алышуу белеги туура эмес да колдонулушу мүмкүн. Муну адамзат тарыхынын башында болуп өткөн бир окуя көрсөтүп турат. Шайтан ал белекти кыянат колдонуп, Обо энеге такыр чындыкка коошпогон сөздөрдү айтканда, ал ага ишенип, аны Адам атага айткан. Адам ата анын сөздөрүнө ылайык иш кылып, бүт адамзатты каргаша дуушар кылган (Башт. 3:1—6; Рим. 5:12).

Интернетти колдонуу жөнүндө эмне айтууга болот? Ырас, Интернет баалуу маалымат табууга, убакытты үнөмдөөгө жардам бериши, пайдалуу кызмат аткарышы мүмкүн. Бирок ал бизге туура эмес маалымат бериши, убактыбыздын баарын алышы, атүгүл бизди бузушу да ыктымал. Келгиле, бул дүйнөлүк куралды кантип пайда алып келгидей колдонсок болорун карап көрөлү.

Маалымат ишенүүгө татыктуубу же жалганбы?

Интернетте камтылган маалыматтардын баары эле жакшы, баары эле пайдалуу деп ойлобо. Бүткүл дүйнөлүк түйүндөгү издөө системдерин талыкпастан козу карындын бардык түрүн — жегенге жарактуусун да, уулуусун да — ылгабай бир идишке чогултуп, бизге сунуштаган козу карын чогулткучтардын тобуна салыштырууга болот. Ал козу карындардын ар бирин кылдат текшербей эле жей берет белең? Албетте, жок! Издөө системдери толгон токой компьютерлерди колдонуп, миллиарддаган веб-барактарындагы маалыматтардын жакшы-жаманын ылгабай «оруп-жыят». Биз, мындайча айтканда, буудайды топондон ажырата билүү үчүн кыраакы болушубуз керек, болбосо акылыбызды жалган маалымат менен уулантып алышыбыз мүмкүн.

1993-жылы бир белгилүү журналга компьютердин маңдайында отурган эки ит тартылган сүрөт чыккан. Анда бир иттин экинчисине: «Интернетте сенин ит экениңди эч ким билбейт»,— деп айтып жатканы жазылган. Миңдеген жылдар мурун Шайтан биринчи болуп «чатты» колдонгон, тактап айтканда, бүгүнкү күндөгү Интернетти колдонгон көптөгөн адамдардай болуп, өзүнүн чыныгы жүзүн жашырып, Обо эне менен жылан аркылуу сүйлөшкөн жана ага Кудайдай болорун айткан. Азыр Интернетти колдонгондордун кимиси болбосун, аты-жөнүн атабай эле, өзүн белгилүү бир тармак боюнча мыкты адис кылып көрсөтө алат. Мындан тышкары, Интернетке кимдер өз ой-пикирин, кеп-кеңешин жазып, маалымат, сүрөт сала аларына карата эч кандай деле эреже-көрсөтмөлөр жок.

Интернетти колдонууда Обо энедей ишенчээк болбо. Андагы маалыматка карата сынчыл болуп, аларды кырк электен өткөр. Кайсы бир нерсеге ишенерден мурун төмөнкү суроолордун үстүнөн ойлонуп көр: 1) Бул материалдын автору ким? Ал канчалык билимдүү жана ишеничтүү? 2) Ал муну кандай ниет менен жазып, жалпыга жарыялаган? Анын сөздөрүндө бейкалыс пикир чагылдырылган жокпу? 3) Автор маалыматты кайдан алган? Башкалар анын жазгандарын текшере алышы үчүн, булактарын көрсөткөнбү? 4) Маалымат эскирип калган жокпу? 1-кылымда элчи Пабыл Тиметейге бүгүнкү күндө да колдонорлук кеңеш берген. Ал: «Өзүңө ишенип тапшырылганды сакта жана ыйык нерселерди арамдаган куру сөздөрдөн, жалган билимдин карама-каршылыктарынан алыс бол»,— деп жазган (1 Тим. 6:20).

Убактыбызды үнөмдөйбү же уурдайбы?

Эгер акылдуулук менен колдонулса, Интернет убактыбызды, күчүбүздү, каражатыбызды үнөмдөйт. Алсак, үйдөн чыкпай эле бир нерсе сатып ала алабыз, бааларды салыштыруу менен акчабызды үнөмдөй алабыз. Интернет аркылуу жүргүзүлгөн банк кызматтары көптөрдүн жашоосун жеңилдетүүдө. Ал каржы маселелерин үйдө жылуу-жумшак отуруп алып эле каалаган убакта чечүүгө, бир жакка аттанганы жатканда ыңгайлуу, арзан жол табууга жана зарыл заказдарды кылууга жол ачты. Мындан тышкары, көп күч-аракет жумшабай эле керектүү телефон номурларын, даректерди жана көздөгөн жерибизге жетүүнүн ар кандай жолдорун табууга шарт түздү. Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалдары убакытты, каражатты, жумуш күчүн үнөмдөш үчүн ушундай тейлөө кызматтарынын көбүн колдонушат.

Бирок Интернеттин жаман жактарын да карап кеткенибиз дурус. Мисалы, ал бир топ убакытты жеп коюшу мүмкүн. Айрымдар үчүн ал пайдалуу курал болбой эле, көңүлдү арбап алган «оюнчук» болуп калды. Алар оюндарды ойноого, соода-сатык кылууга, пикирлешүүгө, кат алышууга, маалымат издөөгө жана ар кыл сайттарга «айылчылоого» өтө эле көп убактысын коротушат. Ошонун айынан алда канча маанилүү нерселерге, анын ичинде үй-бүлөсүнө, досторуна, жыйналышка көп көңүл бурбай башташы мүмкүн. Атүгүл Интернетке көз каранды болуп калуу да жат көрүнүш болбой калды. Маселен, 2010-жылы жарыяланган изилдөөдө корей өспүрүмдөрүнүн 18,4 пайызынын Интернетке башы байланып калганы көрсөтүлгөн. Немис изилдөөчүлөрү болсо «жолдошунун Интернетке көз каранды болуп калганына нааразы болгон айымдардын саны барган сайын көбөйүп баратканын» белгилешкен. Бир аял күйөөсүнүн Интернет желесине чырмалып калып, таптакыр өзгөрүп кеткендиктен, никеси бузулганын айтып нааразы болгон.

Жахабанын Күбөлөрүнүн бир филиалына өзүн «Интернет наркоманы» деп атаган бир кишиден кат келип түшкөн. Ал кээде Интернетке бир күндө 10 саатка чейин коротчу экен. «Алгач жаман деле жери жоктой көрүнгөн... — дейт ал.— Бирок убакыттын өтүшү менен жыйналыш жолугушууларын көп калтырып, тиленбей калдым». Ал жыйналышка барса да, даярданбай барып, оюнда үйүнө жете калып, «кайра Интернетке кирүүнү» самап отурчу экен. Бактыга жараша, ал көйгөйүнүн канчалык олуттуу экенин түшүнүп, аны жеңүү үчүн тийиштүү чара көргөн. Бул мисал көрсөтүп тургандай, Интернетти колдонууда ага көз каранды болуп калуудан сак болуу маанилүү.

Маалымат адеп-ахлак нормаларына ылайык келеби же жокпу?

1 Тесалоникалыктар 5:21, 22ден: «Бардыгын текшерип көргүлө жана жакшысына бек кармангыла. Жамандыктын бардык түрүнөн алыс болгула»,— дегенди окуйбуз. Интернеттен тапкан маалыматтын Кудайга жагар-жакпасын, анын бийик нормаларына ылайык келер-келбесин текшеришибиз керек. Ал Исанын жолдоочусу качышы керек болгон, адеп-ахлактык жактан терс таасир эте турган маалымат болбошу зарыл. Азыркы тапта Интернет порнографияга жык толгондуктан, этият болбосок, анын торуна оңой эле түшүп калышыбыз мүмкүн.

Өзүбүздөн: «Бөлмөмө жубайым, ата-энем же ишенимдешим кирип калса, көрүп жаткан нерсемди шак жаба коёт белем?» — деп сурап көргөнүбүз акылдуулукка жатат. Эгер бул суроого «ооба» деп жооп берсек, Интернетти башкалардын көзүнчө гана колдонгонубуз оң. Ооба, Интернет бизге пикир алышуунун, соода-сатык кылуунун оңой жолдорун ачты. Бирок, ошону менен бирге, ал адамдарга жүрөгүндө ойноштук кылуунун жаңы жолун көрсөттү (Мт. 5:27, 28).

Жөнөтүү керекпи же жокпу?

Интернетти колдонуу маалымат алууну жана аны таратууну камтыйт. Андан маалымат алып, башкаларга тарата алсак да, биз анын ишеничтүүлүгүн, адеп-ахлактуулугун текшерүүгө жооптуубуз. Башкаларга жазган же жөнөткөн маалыматыбыздын так экенине кепилдик бере алабызбы? Аны башкаларга берүүгө укугубуз барбы? * Ал пайдалуу жана бекемдээрликпи? Аны кандай ниет менен таратып жатабыз? Башкаларды таасирлентиш үчүн эле эмеспи?

Электрондук почта туура колдонулса, пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок ал бизди маалымат менен көмүп салышы да ыктымал. Башкаларга акыркы жаңылыктарды же толтура болор-болбос маалыматтарды жиберип, алардын баалуу убактысын уурдап жаткан жокпузбу? Кайсы бир маалыматты жөнөтөрдөн мурун ниетибизди текшерип көрүшүбүз керек эмеспи? Чынында эмнени көздөп жатабыз? Мурда адамдар катты үй-бүлөсүнө, досторуна ал-жайын, жашоосунда болуп жаткан окуяларды кабарлап туруш үчүн жазышчу. Электрондук почтаны да негизинен ушул максатта колдонушубуз керек эмеспи? Чындык экенине көзүбүз жетпеген маалыматты таратуунун зарылдыгы барбы?

Анда эмне кылышыбыз керек? Интернетти таптакыр колдонбошубуз керекпи? Айрым учурларда ошентүүгө туура келиши мүмкүн. Мисалы, жогоруда айтылган «Интернет наркоманы» көп жылдык көз карандылыгын жеңиш үчүн ошенткен. Бирок ой жүгүртүү жөндөмүбүздү колдонуп, кыраакы болсок, Интернет пайда алып келет (Накыл 2:10, 11).

[Шилтеме]

^ 17-абз. Сүрөттөргө байланыштуу да ушуну айтууга болот. Өзүбүз үчүн кимдир бирөөнү же бир нерсени сүрөткө тартсак да, аларды таратууга, андан да маанилүүсү, сүрөттөгү адамдардын ысмын, кайсы жерде жашаарын көрсөтүүгө укугубуз жок болушу мүмкүн.

[4-беттеги сүрөт]

Жалган маалыматка алданбоого эмне жардам берет?

[5-беттеги сүрөт]

Маалыматты жөнөтөрдөн мурун эмне жөнүндө ойлонушуң керек?