Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Эврей Жазмаларында Машаякка байланыштуу канча пайгамбарлык камтылганын так айтуу мүмкүнбү?

Эврей Жазмаларын кылдат изилдөөнүн аркасында андагы көптөгөн пайгамбарлыктардын Иса Машаяктын үстүнөн аткарылганын биле алабыз. Ал пайгамбарлыктарда Машаяктын тек-жайы, качан келери, эмнелерди кылары, башкалардын ага кандай мамиле жасаары жана анын Жахаба Кудайдын ой-ниетинде кандай роль ойноору майда-чүйдөсүнө чейин айтылган. Ошол пайгамбарлыктардын баары биригип, Исанын Машаяк экенин аныктоого жардам берет. Анткен менен Эврей Жазмаларында Машаякка байланыштуу канча пайгамбарлык камтылганын так аныктагыбыз келсе, айрым кыйынчылыктар тууларын эске алышыбыз керек.

Мисалы, Ыйык Китептеги кайсы бир билдирүүнүн Машаякка байланыштуу айтылган пайгамбарлык болгон-болбогонуна карата бир пикир жок. Ыйык китептик тарыхчы Альфред Эдерсхайм «Иса Машаяктын жашоосу жана күндөрү» деген китебинде байыркы раббин жазууларында Эврей Жазмаларындагы 456 үзүндү, алардын көпчүлүгүндө Машаяк тууралуу ачык айтылбаса да, Машаякка байланышкан пайгамбарлык катары эсептелгенин белгилеп өткөн. Бирок ошол 456 үзүндүнү тереңирээк изилдей келгенде, айрымдарынын Иса Машаякка карата айтылган пайгамбарлык экенине шек туулат. Алсак, Эдерсхайм жүйүттөрдүн Башталыш 8:11ди Машаякка тиешелүү деп эсептешкенин айткан. Жүйүттөр «көгүчкөн зайтун дарагынын жалбырагын Машаяктын тоосунан алып келген» деп ырасташкан. Эдерсхайм Чыгуу 12:42ни да айтып өткөн. Ал жүйүттөрдүн: «Муса чөлдөн келгендей эле, Машаяк Римден келмек» — деп, ал аятты туура эмес түшүнүшкөнүн белгилеген. Көптөгөн окумуштуулар жана башкалар үчүн жогоруда айтылган эки аятты, ошондой эле алардын туура эмес түшүндүрмөсүн Машаякка байланыштыруу кыйын экени шексиз.

Андан тышкары, атүгүл Иса Машаякка байланыштуу аткарылганына эч кандай шек туулбаган пайгамбарлыктардын да так санын эсептөө кыйынга турат. Мисалга Машаяк жөнүндөгү бир нече пайгамбарлык камтылган Ышайа 53-бөлүмдү алып көрөлү. Ошол бөлүмдүн 2—7-аяттарында алдын ала мындай деп айтылган: «Анда келишимдүү келбет да... жок эле... Ал жек көрүндү болду, адамдардын алдында кемсинтилди... Ал биздин кеселдерибизди Өзүнө алды... Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болду... Ал союлуш үчүн жетеленип келген козу сыяктуу [болду]». Ышайа 53-бөлүмдөгү ушул үзүндүнүн баарын Машаякка карата айтылган бир пайгамбарлык катары караш керекпи же анын ар бир бөлүгүн өзүнчө пайгамбарлык катары караган туурабы?

Ышайа 11:1ди да карап көрөлү. Анда: «Жышайдын тамырынан бутак чыгат, анын тамырынан жаш бутак өсүп чыгат»,— деп жазылган. Ушул сыяктуу пайгамбарлык 10-аятта да кезигет. Бул эки аятты эки башка пайгамбарлык катары кабыл алышыбыз керекпи же кайталанган бир эле пайгамбарлык катарыбы? Ышайа 53 жана 11-бөлүмдөр боюнча кандай жыйынтык чыгарылары Машаякка байланышкан пайгамбарлыктардын жалпы санына таасир этери шексиз.

Андыктан Эврей Жазмаларындагы Машаякка байланышкан пайгамбарлыктардын так санын аныктоого аракет кылбаганыбыз акылдуулукка жатат. Жахабанын уюму тарабынан чыгарылган адабияттарда Исага карата айтылган жана аткарылган көптөгөн пайгамбарлыктардын тизмелери берилген *. Ал тизмелердеги маалыматты өздүк, үй-бүлөлүк изилдөөбүздө жана кабар айтуу кызматыбызда колдонсок болот. Ал маалымат Жахабанын айткандары дайыма аткарыларына болгон ишенимибизди бекемдейт. Андан сырткары, Машаякка байланышкан пайгамбарлыктар, алардын саны канча болбосун, Исанын Машаяк экенин төгүндөлгүс түрдө далилдеп турат.

[Шилтеме]

^ 7-абз. «Жазманы түшүнүү», 1-т., 1223-б., 2-т., 387-б., англ.; «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана пайдалуу», 374, 375-б., ор.; «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?», 200-б.