Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Кызмат жылынын отчётуна жазылгандарды кандай түшүнүшүбүз керек?

Биз «Жылдык китепке» жана «Падышалык кызматыбызга» жыл сайын чыккан кызмат отчётун көрүүгө куштарбыз. Ал отчёттон Жахабанын элинин бүткүл дүйнө жүзү боюнча жакшы кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинде эмнелерге жетишкенин көргөндө кубанбай койбойбуз. Бирок ал отчёттон пайда алышыбыз үчүн ар бир тилке жана алардагы сандар эмнени билдирерин так түшүнгөнүбүз маанилүү. Келгиле, алардын айрымдарына токтололу.

Кызмат жылы. Кызмат жылы жылдын сентябрь айынан баштап кийинки жылдын августуна чейинки убакытты камтыйт. «Жылдык китепке» жана «Падышалык кызматыбызга» өтүп кеткен кызмат жылынын отчёту жазылат. Ошондуктан 2011-жылдын «Жылдык китебине» 2009-жылдын 1-сентябрынан баштап, 2010-жылдын 31-августуна чейинки 2010-кызмат жылынын отчёту чыкты.

Жарчылардын жогорку саны жана жарчылардын орточо саны. «Жарчыларга» кабар айтуу ишине катышып жүргөн чөмүлтүлгөн жарчылар да, чөмүлтүлө элек жарчылар да кирет. «Жарчылардын жогорку саны» кызмат отчётун ай сайын бергендердин жогорку санын камтыйт, ошондой эле буга отчётун мурунку айда бербей калып, кийинки ай менен кошо тапшыргандар да кирет. Ошондуктан айрым жарчылар эки жолу саналып калышы мүмкүн. Бирок «жарчылардын жогорку санына» кызматка катышканы менен, отчёт берүүнү унутуп калгандар кирбейт. Мындан ар бир жарчынын кызмат отчётун ай сайын өз убагында берип турушу зарыл экени көрүнүп турат. Ал эми «жарчылардын орточо саны» бир жыл бою ай сайын берилген отчёттор 12ге бөлүнүп чыгарылат.

Бардык саат. 2010-жылдын отчётуна ылайык, Жахабанын Күбөлөрү кызматка 1,6 миллиарддан ашуун саат жумшашкан. Бирок «бардык саатка» рухий иштерге кеткен, мисалы, кайтаруучулук жолугууга, жыйналышка барууга, өздүк изилдөө өткөрүүгө жана ой жүгүртүүгө кеткен убакыт кирбейт.

Сарпталган акча. 2010-кызмат жылында атайын пионерлерди, миссионерлерди жана кыдыруучу көзөмөлчүлөрдү кабар айтуу кызматында камсыз кылуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү 155 миллиондон ашуун доллар сарптады. Бул акчага Ыйык Китепке негизделген адабияттарды басып чыгаруу үчүн жана бүткүл дүйнө жүзүндөгү 20 000ден ашуун бейтелдикти камсыз кылуу үчүн сарпталган акча кирбейт.

Символдордон ооз тийгендер. Буларга дүйнө жүзү боюнча өткөрүлгөн Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийген чөмүлтүлгөн Жахабанын Күбөлөрү кирет. Бул майлангандардын калдыгы ушунча экенин билдиреби? Сөзсүз деле андай эмес. Айрымдар ар кандай себептерден, айталы, мурда туткан дининен, психикалык оорусунан улам же эмоциялык жактан кыйналып жүргөндүктөн өздөрүн асманга чакырылгандай сезип, символдордон ооз тийиши мүмкүн. Андыктан жерде канча майланган бар экенин так билбейбиз; аны билүүнүн деле зарылдыгы жок. Жетектөөчү Кеңеш Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийгендердин тизмесин түзбөйт *.

Биз улуу алааматтын кыйратуучу шамалдары коё берилгенде, Кудайыбыздын майланган кулдарынын айрымдары жерде болушарын билебиз (Аян 7:1—3). Ал убак келгиче майлангандар адамзат тарыхындагы эң улуу ишти — кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин — жетектешет. Ал иштин кандайча жүргүзүлүп жатканы жыл сайын чыккан кызмат отчётунан көрүнүп турат.

[Шилтеме]

^ 8-абз. 2009-жылдын «Күзөт мунарасынын» 15-июнундагы санынын 24-бетиндеги «Ишенимдүү башкаруучу жана анын Жетектөөчү Кеңеши» деген макаланы кара.