Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тарыхый жолугушуу

Тарыхый жолугушуу

Тарыхый жолугушуу

«ЖОЛУГУШУУ бүткөндөн кийин силер: „Бул жолугушуу, чынында эле, тарыхый жолугушуу болду!“ — деп айтарыңар шексиз». Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү Стивен Летт ушул сөздөр менен залда отургандардын рухий программага болгон табитин арттырды. Алар Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун (Пенсильвания) Жерси-Ситидеги (Нью-Жерси, АКШ) Жыйындар залында 2010-жылдын 2-октябрында өткөрүлгөн 126-жылдык жолугушуусуна чогулушкан эле. Келгиле, ошол тарыхый жолугушууда айтылган орчундуу ойлордун айрымдарына токтололу.

Летт бир тууган алгы баяндамада Жахабанын Жезекиел китебинде сүрөттөлгөн асман арабасы жөнүндөгү көрүнүштү талкуулап, шыктандырарлык сөз сүйлөдү. Көрүнүштөгү укмуштуудай зор араба Жахабанын уюму толугу менен Анын көзөмөлү алдында экенин сүрөттөп турат. Летт бир тууган Жахабанын уюмунун рухий жаратуулардан турган асмандагы бөлүгү алдыны көздөй чагылгандай тез ылдамдык менен — Жахабанын ой жүгүртүүсүнүн ылдамдыгы менен — жыларын баса белгиледи. Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү да бир орунда турбай, дайыма алдыга жылып турат. Ошондой эле Летт бир тууган уюмдун жердеги бөлүгүндө акыркы жылдары жүрөк толкутарлык кандай жетишкендиктер болгонун айтып өттү.

Мисалы, ал бир нече филиалдын бириккенин айтты. Бул ошол өлкөлөрдөгү Бейтелдерде кызмат кылган бир туугандардын көбүнө кабар айтуу кызматына көбүрөөк көңүл топтогонго өбөлгө түздү. Летт бир тууган залда отургандарды кул тобунун өкүлү болгон Жетектөөчү Кеңештин ишенимдүү эле болбостон, акылдуу жана эстүү болушу үчүн да тилене берүүгө чакырды (Мт. 24:45—47).

Бекемдээрлик отчёттор жана жүрөк козгоорлук дил маектер

Гаитидеги филиалдын комитетинин мүчөсү Таб Хонсбергер 2010-жылдын 12-январында болгон, эсептөөлөргө ылайык, 300 000дей адамдын өмүрүн алып кеткен катуу жер титирөө жөнүндө айтып, жүрөк козгоорлук отчёт берди. Ал чиркөө кызматчыларынын жер титирөөдө каза болгон адамдарды Кудай ишеними аз болгону үчүн жазалап, жакшы адамдарды сактап калды деп элге айткан сөздөрүн айтып берди. Бирок жер титирөөдө түрмөнүн дубалдары урап калганда, түрмөдө отурган миңдеген кылмышкерлер качып кетишкен. Жүрөгү таза көптөгөн гаитиликтер азыркы жашап жаткан убак эмне үчүн ушунчалык оор болуп жатканы тууралуу чындыкты билүүдөн жубатуу алышкан. Хонсбергер бир тууган жер титирөө болгондо жубайы каза болуп калган ишенимдүү бир туугандын: «Мен бүгүнкү күнгө чейин көз жашымды көлдөй төгүп сыздап келем. Эми качанкыга чейин күйүт тартарымды билбейм, бирок Жахабанын элинин көрсөткөн сүйүүсү жүрөгүмдү козгоп, күч берип келет. Мен келечекке карата бекем үмүткө ээмин. Ошол үмүтүм жөнүндө башкаларга айтууга чечкиндүүмүн»,— деген сөздөрүн айтып берди.

Азыр Бруклиндеги Бейтелде кызмат кылган Марк Сандерсон Филиппин жөнүндө отчёт берди. Ал мурун Филиппиндеги филиалдын комитетинин мүчөсү болгондуктан өлкөдөгү Падышалыктын жарчыларынын санынын өскөнүн көрсөткөн жана изилдөөлөрдүн саны жарчылардыкынан ашып түшкөнүн айгинелеген 32 мыкты көрсөткүч жөнүндө айтып жатканда кубанычы койнуна батпай турду. Ал небереси киши колдуу болуп өлгөн Мигель деген бир тууган жөнүндө айтып берди. Мигель небересин өлтүргөн кылмышкердин кармалып, тийиштүү жаза алышы үчүн көп күч жумшаган. Кийинчерээк ал түрмөдө кабар айтып жүрүп, небересин өлтүргөн так ошол кылмышкерге жолугуп калган. Ичи кайнап, жаман болуп турса да, ал кылмышкерге сылык-сыпаа, жумшактык менен кайрылган. Убакыттын өтүшү менен Мигель небересин өлтүргөн ошол киши менен изилдөө баштаган. Натыйжада кылмышкер чындыкты кабыл алып, Жахабага карата сүйүү өрчүтө алган. Учурда ал — Жахабанын Күбөсү. Мигель экөө азыр жакын достордон. Мигель анын түрмөдөн эртерээк бошотулушуна бүт күч-аракетин жумшап жатат *.

Андан соң программаны Теократиялык мектептер бөлүмүнүн нускоочусу Марк Нумар улады. Ал үч жубайдан: Алекс менен Сара Райнмюллер, Дейвид менен Криста Шейфер жана Роберт менен Кетра Сиранколордон дил маек алды. Басма комитетине жардам берип кызмат кылган Алекс Райнмюллер 15 жашынан баштап эле Канадада үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылып жүргөн маалда чындыктын жүрөгүнөн кантип терең орун алганын айтып берди. Пионер болуп кызмат кылып жүргөндө анын шериги жок болгондуктан көп учурда өзү жалгыз кабар айтчу экен. «Бейтелде кызмат кылып жүргөндө кимдер зор таасир этти?» — деген суроого жооп кылып, Райнмюллер үч ишенимдүү бир тууганды айтып өтүп, алардын ага рухий жактан өсүүгө кандайча жардам бергенин баса белгиледи. Анын жубайы Сара ондогон жылдар бою Кытайда түрмөдө отурган бир тууган менен болгон достугу жөнүндө, ошондой эле тиленүүнүн аркасында Жахабага таянганга кантип үйрөнгөнү жөнүндө сөз кылды.

Окутуу комитетине жардам берип кызмат кылган Дейвид Шейфер ишеними бекем болгон апасынын анын рухий өсүшүнө чоң салым кошконун жана бак кыйып иштеген бир туугандардын ага көмөкчү пионер болуп кызмат кылганга кантип жардам бергенин айтып берди. Жубайы Криста болсо Исанын: «Кичинекей нерседе ишенимдүү болгула»,— деген кеңешине бекем карманган, Бейтелде көп убакыттан бери кызмат кылган улгайган бир туугандардын ага кандай жардам бергенин жылуу сезим менен эскерди (Лк. 16:10).

Жазуу комитетине жардам берген Роберт Сиранко чоң ата, чоң апасы жана таята, таенеси жөнүндө айтып берди. Алар Венгриядан көчүп келген майланган бир туугандар экен. Ал бала кезинде 1950-жылдары облустук чоң жыйынга катышып, Жахабанын уюму өзү барып жүргөн жыйналыштан алда канча чоң экенин көргөн. Жубайы Кетра чындыктан четтөөчүлүк жана башка көйгөйлөр болгон жыйналышта кызмат кылып жүрүп, берилгендик көрсөтүүгө үйрөнгөнүн айтып берди. Ал туруктуулук көрсөтүп кызматын уланта бергендиктен, убакыттын өтүшү менен башка жыйналышка атайын пионер болуп дайындалган. Ошол жыйналыштын биримдиги анын жүрөгүн козгогону жөнүндө да сөз кылды.

Андан соң Манфред Тонак Эфиопия жөнүндө отчёт берди. Бул өлкө тууралуу Ыйык Китепте да айтылат. Ал жерде 9 000ден ашуун жарчы кызмат кылат. Алардын көбү өлкөнүн борбору Аддис-Абебада жана андан анча алыс эмес жерлерде жашашат. Бирок өлкөнүн алыскы аймактарында жарчыларга болгон муктаждык абдан чоң. Ошондой аймактарга кабар жеткирүү үчүн башка өлкөлөрдө жашаган эфиопиялык Күбөлөр чакырылган. Натыйжада көптөр чакырыкка кулак кагып, Эфиопияга келишкен. Алар жергиликтүү бир туугандарга колдоо көрсөтүп, чындыкка кызыккан көптөгөн адамдарга кабар айтышкан.

Программанын кийинки бөлүгүндө Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн сот ишине байланыштуу кыйынчылыктары айтылды. Орусиядагы филиалдын комитетинин мүчөсү Аулис Беридал Орусиядагы, айрыкча, Москвадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн куугунтукталганы жөнүндө айтып берди. Ал эми Кошмо Штаттардагы филиалдын юридикалык бөлүмүндө кызмат кылган Филип Брумли акыркы айларда Жахабанын Күбөлөрүнө каршы козголгон тогуз иштин Адам укуктары боюнча Европа сотунда каралганын айтып берди. Сот каралган тогуз иштин баары негизсиз экенин билдирип, козголгон иштердин айрымдарына байланыштуу айыптардын туура эмес экенин майда-чүйдөсүнө чейин баса белгилеген. Брумли бир тууган ошол тогуз иштин жыйынтыгы башка өлкөлөрдөгү сот иштерине да кандайдыр бир деңгээлде таасир этерине үмүттөнөрүн айтты.

Ушундай жагымдуу билдирүүдөн кийин Летт бир тууган Франция өлкөсү менен Жахабанын Күбөлөрүнүн ортосундагы салык төлөөгө байланыштуу узак убакытка созулган маселенин Адам укуктары боюнча Европа соту тарабынан каралганын кулактандырды. Анткени ал сот бардык эле иштерди карай бербей турганы белгилүү. Ушул күнгө чейин Адам укуктары боюнча Европа соту Жахабанын Күбөлөрүнө байланыштуу 39 ишти карап, алардын ичинен 37син биздин пайдабызга чечип берген. Сөзүнүн акырында Летт бир тууган Кудайдын элин учурда жүргүзүлүп жаткан сот иштери жөнүндө Жахаба Кудайга тиленип турууга үндөдү.

Акыркы отчёт менен Жыйналыштын аксакалдары үчүн мектептин нускоочусу Ричард Морлан чыкты. Ал Мектептин өткөрүлүшү жана Мектептен билим алган аксакалдардын ыраазычылык билдиргени жөнүндө шыктануу менен айтып берди.

Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү айткан баяндамалар

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Гай Пирс 2011-жылдын «Жахабанын ысмын баш маана кыл» деген жылдык аятына негизделген жүрөк козгоорлук баяндама сүйлөдү (Сеп. 3:12, «ЖД»). Ал азыркы учур Жахабанын эли үчүн кубанычтуу маал экендигин, ошону менен бирге эле эскертүүлөргө олуттуу көңүл бөлүп, сергек тура турган убак экендигин баса белгиледи. Жахабанын улуу күнү жакын калды, бирок адамдар жалган диндерден, саясий уюмдардан, байлыктан, эскапизмден (чыныгы дүйнөдөн четтеп, иллюзия, фантазия жана кыял дүйнөсүнө умтулууга үндөгөн философиядан) жана башка ушу сыяктуу нерселерден баш маана издеп жатышат. Чыныгы баш маана табыш үчүн Жахабанын ысымын чакырышыбыз керек. Бул өз ичине ушул ысымды алып жүргөн Кудайды таанып-билүүнү, аны терең урматтоону, ага ишеним артууну, ошондой эле аны бүт жүрөгүң, бүт акылың, бүт күчүң менен сүйүүнү камтыйт.

Жетектөөчү Кеңештин дагы бир мүчөсү Дэйвид Сплэйн «Кудайдын бейпилдигине кирдиңерби?» деген темада ары ойлондурарлык, ары кызыктуу баяндама сүйлөдү. Баяндамада «Кудайдын бейпилдиги» деген сөз айкашы анын эч кандай иш-аракет кылбай жатканын билдирбей турганын баса белгиленди. Анткени өз ниетин ийгиликтүү ишке ашырыш үчүн Жахаба Кудай да, Иса да каймана маанидеги эс алуу күнүндө дагы деле «эмгектенип» жатышат (Жкн. 5:17). Биз Кудайдын бейпилдигине канткенде кире алабыз? Күнөө кылуудан алыс болуу менен, ошондой эле Иса Машаякка жана ал төлөгөн кунга ишеним көрсөтүү менен кире алабыз, бирок ушуну менен эле чектелбешибиз керек. Кудайдын эркин аткаруу үчүн колубуздан келгендин баарын кылып, ага бекем ишенип, анын эркин көңүлүбүздүн борборунда сактап жашашыбыз керек. Кээ бир учурларда мындай кылуу оңойго турбашы мүмкүн, бирок Жахабанын уюмунан келген кеңештерге кулак кагып, анын жетекчилигине баш ийишибиз керек. Баяндамасынын соңунда Сплейн бир тууган угуучуларды Кудайдын бейпилдигине кириш үчүн бүт күч-аракетин жумшаганга үндөдү.

«Биз эмнени күтүп жатабыз?» деп аталган акыркы баяндама менен Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Энтони Моррис чыкты. Ал жумшактык менен угуучулардын көңүлүн Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынын баары чыдамсыздык менен күтүп жаткан, жакында аткарыла турган пайгамбарлыктарга бурду. Ал пайгамбарлыктарга «тынчтык жана коопсуздуктун» жарыяланышы жана жалган диндин жок кылынышы кирет (1 Тес. 5:2, 3; Аян 17:15—17). Моррис бир тууган угуучуларды жогоруда айтылган пайгамбарлыктардын аткарылышын билдирбеген жаңылыктарды көргөндө же укканда: «Армагедон башталды»,— деп ойлогондон алыс болгонго чакырды. Ал бардыгын Михей 7:7де айтылгандай маанайда болуп, Жахабанын күнүн кубанычын жоготпой, чыдамдуулук менен күтүүгө үндөдү. Ошондой эле Кудайдын элин, согуш кызуу жүрүп жаткан майдан талаасында бири-бирине абдан жакын туруп, согушка кирип бараткан жоокерлердей болуп, Жетектөөчү Кеңеш менен тыгыз кызматташууга чакырды. Моррис бир тууган: «Теңирден үмүттөнгөндөрдүн баары,.. жүрөгүңөр бекем болсун!» — деген сөздөрдү айтты (Заб. 30:25).

Жолугушуунун соңунда жүрөк толкуткан, тарыхый мааниге ээ кулактандыруулар айтылды. Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон англис тилин жакшы билбегендер үчүн «Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган санынын жөнөкөйлөтүлгөн санын чыгаруу пландаштырылып жатканын кулактандырды. Андан соң Стивен Летт Кошмо Штаттарда кызмат кылган облустук көзөмөлчүлөр менен алардын жубайларына кайтаруучулук жолугууну уюштуруу ойлонуштурулуп жатканын билдирди. Ошондой эле Кызматка окутуу мектеби мындан ары Бойдок ага-инилер үчүн ыйык китептик мектеп деп аталарын жана жакынкы арада Жубайлар үчүн ыйык китептик мектеп өткөрүлө баштаарын жарыялады. Жубайлардын ал Мектептен алган билими Жахабанын уюмуна көбүрөөк пайда алып келгенге өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, Летт Кыдыруучу көзөмөлчүлөр жана алардын жубайлары үчүн мектеп менен Филиалдын комитетинин мүчөлөрү жана алардын жубайлары үчүн мектеп Паттерсондо жылына эки жолу өткөрүлөрүн, ошондой эле мурун ушул Мектептен билим алгандар кайрадан чакырыларын айтты.

Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрүнүн эң улуусу 97 жаштагы Жон Барр программанын соңунда Жахабага кайрылып, момундук менен чын жүрөктөн тиленди *. Жолугушуунун акырында катышкандардын баары ошол күн, чынында эле, эстен кеткис, тарыхый күн болду деген ойдо болушту.

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Жахабанын Күбөлөрүнүн 2011-жылдын «Жылдык китебинин» (ор.) 62, 63-беттерин кара.

^ 20-абз. Жон Барр бир тууган 2010-жылдын 4-декабрында жердеги кызматын аяктады.

[19-беттеги кыстырма]

Дил маектер, чын эле, жүрөк козгоорлук болду

[20-беттеги кыстырма]

Жахаба Эфиопиядагы кабар айтуу ишине батасын берип жатат