Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тынчтыкка умтул

Тынчтыкка умтул

Тынчтыкка умтул

«Тынчтыкка жана бири-бирибизди бекемдөөгө өбөлгө түзө турган нерселерге умтулалы» (РИМ. 14:19).

1, 2. Жахабанын Күбөлөрү эмнеден улам ынтымакта жашашат?

БҮГҮНКҮ күндө дүйнөдөгү адамдар бири-бири менен чындап тынчтыкта жашайт деп айтуу кыйын. Атүгүл бир улуттагы, бир тилде сүйлөгөн адамдар да диний, саясий жана социалдык жактан бөлүнүшөт. Ал эми Жахабанын кызматчыларынын ортосунда, алар ар кайсы элден, уруудан, улуттан болсо да жана ар кандай тилдерде сүйлөсө да, биримдик өкүм сүрөт (Аян 7:9).

2 Бирок ортобуздагы тынчтык өзүнөн өзү эле болуп калган эмес. Тынчтыкта жашап жатканыбыздын негизги себеби күнөөлөрүбүздү жууш үчүн өз канын төккөн Иса Машаякка болгон ишенимибиз аркылуу «Кудай менен тынчтыкта болгонубузда» (Рим. 5:1; Эф. 1:7). Андан сырткары, чыныгы Кудай өзүнүн берилген кызматчыларына ыйык рухун берет. Тынчтык болсо ыйык рухтун жемишине кирген сапаттардын бири болуп эсептелет (Гал. 5:22). Бөлүнүп-жарылбай, ынтымакта жашап жатканыбыздын дагы бир себеби биз бул дүйнөгө таандык эмеспиз (Жкн. 15:19). Биз саясий маселелерде кайсы бир тарапты жактабай, дайыма бейтараптуулукту сактайбыз. «Кылычтары[бызды] соко кылып» кайра согуп иштеп чыккандыктан жарандык же эл аралык согуштарга катышпайбыз (Ыш. 2:4).

3. Тынчтыкта жашаганбыз эмнеге шарт түзөт жана бул макалада эмнени карап чыгабыз?

3 Бир туугандарыбыз менен ынтымакта жашаганыбыз аларга жамандык кылбай турганыбызды эле билдирбейт. Жыйналышыбыз улуту, маданияты ар башка адамдардан турса да, биз бири-бирибизди сүйөбүз (Жкн. 15:17). Тынчтыкта жашаганыбыз «баарына, өзгөчө, ишенимдештерибизге жакшылык кылууга» шарт түзөт (Гал. 6:10). Ырас, бейкуттук өкүм сүргөн рухий бейишибиз — көздүн карегиндей сакташыбыз керек болгон баалуу кенч. Андыктан жыйналышта кантип тынчтыкка умтулсак болорун карап чыгалы.

Жаңылганыбызда

4. Кимдир бирөөнү таарынтып алганыбызда кантип тынчтыкка умтула алабыз?

4 Шакирт Жакып: «Баарыбыз тең көп жаңылабыз. Ким оозунан жаңылбаса, ал — бүт денесин башкара алган жеткилең адам»,— деп жазган (Жкп. 3:2). Ошондуктан Кудайдын кызматчыларынын ортосунда пикир келишпестиктер, түшүнбөстүктөр пайда болбой койбойт (Флп. 4:2, 3). Анткен менен андай көйгөйлөрдү жыйналыштын тынчтыгын бузбай эле чечсе болот. Мисалы, кимдир бирөөнү таарынтып алганда эмне кылышыбыз керектигине байланыштуу Исанын кандай кеңеш бергенин окуп көр (Оку: Матай 5:23, 24).

5. Кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутканда, кантип тынчтыкка умтулсак болот?

5 Эгер кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутуп койсочу? Өзү келип, кечирим сурашын күтүшүбүз керекпи? «[Сүйүү] таарынычтарын эсептей бербейт»,— делет 1 Корунттуктар 13:5те. Кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутканда, таарынычтарыбызды «эсептей бербөө» менен, башкача айтканда, кечирип, унутуп коюу менен тынчтыкка умтуларыбызды көрсөтөбүз (Оку: Колосалыктар 3:13). Күнүмдүк жашоодо боло берчү анча-мынча кемчилик-каталарга көп маани бере бербегенибиз оң, анткени бул ишенимдештерибиз менен жакшы мамиледе болууга өбөлгө түзүп, жан дүйнө тынчтыгына ээ кылат. Бир накыл сөздө: «Бирөөнүн кылмышын кечирип коюу — ал үчүн даңк»,— деп айтылат (Накыл 19:11).

6. Бизди таарынткан кишинин кылган ишине көз жумуп коюу кыйын болуп жатса, эмне кылышыбыз керек?

6 Эгер бизди таарынткан кишинин кылган ишине көз жумуп коюу кыйын болуп жатсачы? Ал тууралуу угууга куштар болгондордун баарына эле жая берүү акылдуулукка жатпайт. Анткени бул жыйналыштын тынчтыгын бузгандан башка эч пайда алып келбейт. Анда көйгөйдү тынчтык жолу менен чечиш үчүн эмне кылсак болот? Матай 18:15тен: «Эгер биртууганың күнөө кылса, бар да, жекеме-жеке сүйлөшүп, айыбы эмнеде экенин айт. Эгер сени укса, анда биртууганыңды кайтарып алган болосуң»,— дегенди окуйбуз. Матай 18:15—17-аяттарда олуттуу күнөө жөнүндө айтылса да, 15-аятта камтылган принципке ылайык, биз көңүлүбүздү ооруткан кишиге барып, жылуу-жумшак сүйлөшүп, ортобуздагы мамилени калыбына келтирүүгө умтулушубуз кажет *.

7. Келишпестиктерди эмне үчүн дароо чечкенибиз маанилүү?

7 Элчи Пабыл: «Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле. Ачууңарды күн батканча баскыла жана Ибилиске орун бербегиле»,— деп жазган (Эф. 4:26, 27). «Сага каршы арызданган адам менен сотко баратканыңда эле элдешип ал»,— деген Иса (Мт. 5:25). Тынчтыкка умтулуу келишпестиктерди дароо чечүүнү талап кылат. Эмне үчүн? Жараны дарылабаса, ырбап кеткендей эле, келишпестиктерди дароо чечпесек, жагдай оордоп кетет. Андыктан текебердик, көрө албастык же дүнүйөкорлук сыяктуу терс сапаттардын келишпестиктерди алар пайда болор замат чечүүгө тоскоол болушуна жол бербейли (Жкп. 4:1—6).

Көйгөйгө көптөрдүн катыштыгы бар болсо

8, 9. а) 1-кылымда Римдеги жыйналышта кандай пикир келишпестик болгон? б) Пабыл аларга кандай кеңеш берген?

8 Кээде көйгөйгө жыйналыштагы эки эле кишинин эмес, көптөрдүн катыштыгы болушу мүмкүн. Элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен кат жазган Римдеги жыйналышта да ушундай жагдай болгон. Ал жыйналыштагы жүйүттөр менен башка улуттагы ишенимдештердин ортосунда пикир келишпестик болгон. Кыязы, алардын айрымдары абийири алсыздарды, башкача айтканда, абийири көп нерсеге жол бербегендерди басынткан көрүнөт. Алар атүгүл ар ким өзү чече турган маселелерге келгенде да башкаларды айыптап, жаңылыштык кетиришкен. Пабыл ал жыйналыштагыларга кандай кеңеш берген? (Рим. 14:1—6).

9 Пабыл көйгөйгө катышы бар эки тарапка тең кеңеш берген. Ал өздөрүнөн Мусанын мыйзамына баш ийүү талап кылынбай турганын түшүнгөндөргө бир туугандарын басынтпашы керектигин айткан (Рим. 14:2, 10). Анткени бул Мыйзамда тыюу салынган тамак-ашты дагы эле жийиркеничтүү деп эсептеп жүргөн ишенимдештерине кедерги болмок. Пабыл аларга: «Мындан ары тамактын айынан Кудай жасаган нерсеге доо кетирбе... Биртууганың мүдүрүлө турган болсо, анда эт жебегениң, шарап ичпегениң же башка нерселерди кылбаганың жакшы»,— деп айткан (Рим. 14:14, 15, 20, 21). Ошол эле учурда, ал абийири көп нерсеге жол бербеген бир туугандарга көз карашы алардыкынан айырмаланган ишенимдештерин айыптабашы керектигин эскерткен (Рим. 14:13). Ал аларга: «Өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула»,— деген (Рим. 12:3). Эки тарапка тең кеңеш берип, Пабыл: «Ошондуктан тынчтыкка жана бири-бирибизди бекемдөөгө умтулалы»,— деп жазган (Рим. 14:19).

10. 1-кылымдагы Римдеги жыйналыштагыдай эле, бүгүн да пикир келишпестиктерди чечүү үчүн эмне талап кылынат?

10 Римдеги жыйналыштагылардын Пабылдын кеңешин кабыл алып, тийиштүү өзгөрүүлөрдү жасаганы шексиз. Бүгүнкү күндө да ишенимдештерибиз менен пикир келишпестиктер болгондо, момундук менен Ыйык Жазмадагы кеңештерди колдонуп, аларды сүйүү менен чечишибиз керек эмеспи? Римдеги жыйналыштагыдай эле, бүгүн да көйгөйгө катышы бар эки тараптан тең бири-бири менен тынчтыкта болуш үчүн зарыл өзгөрүүлөрдү жасоо талап кылынышы мүмкүн (Мр. 9:50).

Аксакалдар кантип жардам бере алышат?

11. Эгер Исанын жолдоочусу ишенимдешине болгон таарынычын айткысы келсе, аксакал эмне кылышы керек?

11 Эгер Исанын жолдоочусу жакынына же ишенимдешине болгон таарынычы жөнүндө аксакалга айткысы келсечи? Накыл сөздөр 21:13тө: «Жакырдын ыйын укпай, кулагын жаап алган адам өзү да ыйлайт, бирок аны эч ким укпайт»,— делет. Албетте, ишенимдеши кайрылганда, аксакал «кулагын жаап албайт». Бирок дагы бир накыл сөздө: «Атаандашы келип изилдегиче биринчи келгендин кеби жүйөөлүүдөй туюлат»,— деп айтылат (Накыл 18:17). Аксакал арыз-муңун айтып жаткан адамды көңүл коюп угушу керек, бирок анын тарабын ээлеп алгандан сак болушу кажет. Аны уккандан кийин, балким, андан таарынткан киши менен сүйлөшүп көргөн-көрбөгөнүн сурап көрөттүр. Ошондой эле аны менен чогуу Ыйык Жазмадан тынчтыкка умтулушу үчүн кандай кадамдарды жасашы керектигин карап чыгаттыр.

12. Кимдир бирөөнүн арыз-муңун уккандан кийин шашылыш жыйынтык чыгаруунун кооптуу экенин кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

12 Көйгөйгө катышы бар тараптардын бирин эле угуп, шашылыш жыйынтык чыгаруу кооптуу. Муну Ыйык Китептеги үч окуядан көрүүгө болот. Потипарга аялы Жусуптун аны зордуктоого аракет кылганын айтканда, ал ага ишенип, каары кайнап, Жусупту зынданга салдырып койгон (Башт. 39:19, 20). Сиба мырзасы Мепибешеттин Дөөтүнүн душмандарына өтүп кеткенин айтканда, Дөөтү падыша анын сөздөрүнүн чын-төгүнүн текшербей эле: «Мепибешеттин эмнеси болсо, ошонун баары сеники болсун»,— деген (2 Шем. 16:4; 19:25—27). Артакшашта падыша жүйүттөр Иерусалимдин дубалын кайра тургузуп, Персия империясына каршы чыкканы жатышат деген жалган сөздөргө ишенип, Иерусалимдеги бардык куруу иштерин токтотууга буйрук берген. Натыйжада жүйүттөр Кудайдын ибадатканасын курууну токтотууга мажбур болушкан (Эзра 4:11—13, 23, 24). Андыктан Исанын жолун жолдогон аксакалдардын Пабылдын Тиметейге берген кеңешине ылайык иш кылып, жакшылап ойлонбой туруп жыйынтык чыгаргандан качканы акылдуулукка жатат (Оку: 1 Тиметей 5:21).

13, 14. а) Башкалардын ортосунда келишпестиктер болгондо, эмнени эске алышыбыз керек? б) Аксакалдарга ишенимдештеринин көйгөйүн кароодо калыс болууга эмне жардам берет?

13 Көйгөйгө катышы бар эки тараптын оюн уккандан кийин иштин чоо-жайы айкын болгондой сезилген күндө да, Ыйык Китептеги: «„Бир нерсени таанып-билдим“,— деп ойлогон киши, чынында, аны тийиштүү түрдө таанып-биле элек»,— деген сөздөрдү унутпашыбыз зарыл (1 Кор. 8:2). Келишпестиктин эмнеден улам келип чыкканын майда-чүйдөсүнө чейин билебизби? Көйгөйгө катышы бар адамдар тууралуу баарын биле алабызбы? Аксакалдардын көйгөйдү териштирип жатканда жалган маалыматка, айла-амалдарга, ушак-айыңга алданып калуудан сак болгону кандай гана маанилүү! Кудай дайындаган Сот Иса Машаяк адилеттүү сот жүргүзөт. Ал «көзү менен көргөнү боюнча соттобойт», «кулагы менен укканы боюнча иш чечпейт» (Ыш. 11:3, 4). Иса Жахабанын рухуна жетектелет. Жыйналыштагы аксакалдар да Кудайдын ыйык рухуна жетектелиши кажет.

14 Алар ишти карардан мурун Жахабадан ыйык рух сурап тилениши, ошондой эле Кудайдын Сөзүндөгү, ишенимдүү жана акылдуу кул чыгарган адабияттардагы кеңештерди изилдөө менен ыйык рухтун жетекчилигин издеши керек (Мт. 24:45).

Кудайдын нормалары бузулганда

15. Ишенимдешибиздин олуттуу күнөөсү жөнүндө аксакалдарга качан айтышыбыз керек?

15 Исанын жолдоочулары катары биз тынчтыкка умтулууга чакырылабыз. Бирок Ыйык Китепте: «Жогорудан келген акылмандык баарынан мурда таза, андан кийин тынчтыкты сүйүүчү»,— деп да айтылат (Жкп. 3:17). Мындан көрүнүп тургандай, таза болуу — Кудайдын адеп-ахлактык таза нормаларына кармануу, анын адил талаптарына баш ийүү — тынчтыкка умтулуудан да жогору турат. Эгер Исанын жолдоочусу ишенимдешинин олуттуу күнөө кылганын билсе, аны аксакалдарга күнөөсү жөнүндө айтууга үндөшү керек (1 Кор. 6:9, 10; Жкп. 5:14—16). Күнөө кетирген киши айтпаса, ал өзү барып билдириши зарыл. Анткени аны менен болгон мамилесин бузуп алуудан коркуп айтпай койсо, анын күнөөсүнө ортоктош болуп калат (Леб. 5:1; оку: Накыл сөздөр 29:24).

16. Жейунун Жорам падышага жолуккандагы иш-аракетинен эмнеге үйрөнө алабыз?

16 Кудайдын адилдиги тынчтыкка умтулуудан жогору турарын Жейу жөнүндөгү бир билдирүү айкын көрсөтүп турат. Кудай Жейуну Ахап падышанын үйүнө чыгарган өкүмүн ишке ашырууга жиберет. Ахап менен Изебелдин уулу мыйзамсыз падыша Жорам арабасына отуруп, Жейуну көздөй жөнөйт да, ага жолугуп: «Жейу, тынчтык менен келе жатасыңбы?» — деп сурайт. Жейу эмне деп жооп берет? «Сенин энең Изебел бутка табынып, көп сыйкырчылык кылып жатса, кайдагы тынчтыкты айтасың?» — дейт ал (2 Пад. 9:22). Анан жаасын тартып, Жорамды жүрөккө атат. Жейу чечкиндүү иш-аракет кылгандай эле, аксакалдар өкүнбөстөн күнөө кыла берген киши менен жакшы мамиледе болуш үчүн эле анын иштерине көз жумуп койбошу керек. Алар, жыйналыш андан ары да Кудай менен тынчтыкта болушу үчүн, өкүнбөгөн күнөөкөрдү жыйналыштан чыгарышат (1 Кор. 5:1, 2, 11—13).

17. Исанын бардык жолдоочулары тынчтыкты сактоо үчүн эмне кылышы керек?

17 Бирок көп учурда ишенимдештерибиз менен болгон келишпестиктер укук комитетин түзүүнү талап кылган олуттуу күнөөлөргө байланыштуу болбойт. Андыктан башкалардын кемчилик-каталарын сүйүү менен жаап койгонубуз кандай жакшы! Кудайдын Сөзүндө: «Айыпты жаап койгон адам сүйүү издейт, ал эми аны кайра эскерткен адам досун алыстатат»,— деп айтылат (Накыл 17:9). Бул сөздөргө ылайык иш кылуу баарыбызга жыйналыштын тынчтыгын сактоого жана Жахаба менен ынак мамиледе болууга жардам берет (Мт. 6:14, 15).

Кудай тынчтыкка умтулгандарга батасын берет

18, 19. Тынчтыкка умтулуудан кандай пайда алабыз?

18 Тынчтыкка өбөлгө түзө турган нерселерге умтулуунун аркасында мол бата алабыз. Ооба, Жахабаны туурап, тынчтыкка умтулсак, аны менен ынак мамиледе болобуз, ошондой эле рухий бейишибизде тынчтык менен биримдик өкүм сүрүшүнө салым кошобуз. Андан сырткары, жыйналышта тынчтыкты сактоого умтулсак, «тынчтык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоодо» жолуктурган адамдар менен да тынчтыкта болууга үйрөнөбүз (Эф. 6:15). Мунун аркасында бизге «баарына жумшак мамиле кылуу» жана жамандыкка туш болгондо өзүбүздү кармай билүү алда канча оңой болот (2 Тим. 2:24).

19 Келечекте «адил жана адил эмес адамдардын тирилерин» эстен чыгарбаганыбыз да маанилүү (Элч. 24:15). Ойлоп көрсөң, ошондо жер бетине тээ «дүйнө негизделгенден бери» жашаган жана тек-тамыры, кулк-мүнөзү, сапаттары ар кандай миллиондогон адамдар тирилет! (Лк. 11:50, 51). Аларды тынчтык жолунда жүрүүгө үйрөтүү биз үчүн зор сыймык болору шексиз. Азыр тынчтыкка умтулууга үйрөнүп жатканыбыз ошол учурда бизге кандай гана чоң жардам болот!

[Шилтеме]

^ 6-абз. Жалаа жабуу, алдамчылык сыяктуу олуттуу күнөө жасалганда эмне кылышыбыз керектигине байланыштуу ыйык китептик кеңештерди төмөнкү адабияттардан табууга болот: «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула», 222, 223-б.; «Күзөт мунарасы», 1999-ж., 1-ноябрь, 14—19-б.

Эмнелерди билдиң?

• Бирөөнү таарынтып алсак, кантип тынчтыкка умтулсак болот?

• Кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутканда, кантип тынчтыкка умтулсак болот?

• Көйгөйгө катышы бар эки тараптын бирин жактаганыбыз эмне үчүн туура эмес?

• Эмне үчүн күнөө кылган киши менен тынчтыкты сактаганга караганда адилдик нормаларына кармануу маанилүү?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Жахаба башкаларды айкөлдүк менен кечиргендерди жакшы көрөт