Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эл Машаякты күткөн

Эл Машаякты күткөн

Эл Машаякты күткөн

«Эл Машаякты күтүп жүргөндүктөн, баары Жакан жөнүндө: „Бул Машаяк эмеспи?“ — деп ойлонуп жатышты» (ЛК. 3:15).

1. Периште койчуларга эмне деген?

ТҮН. Койчулар талаада оторун күзөтүп жатышат. Бир убакта Жахабанын периштеси пайда болуп, алардын айланасы Жахабанын даңкынан жаркырай түшөт. Ошондо баарын коркунуч басат. Бирок периште аларга жүрөк толкуткан мындай сөздөрдү айтат: «Коркпогула. Мен силерге элдин баарына чоң кубаныч тартуулай турган жакшы кабар жарыялаганы келдим. Бүгүн Дөөтүнүн шаарында силерге Куткаруучу — Мырзаңар Машаяк — төрөлдү». Ооба, периште айткан ымыркай Машаяк болмок. Койчулар аны жакын жердеги шаардан акырда жаткан жеринен табышмак. Анан капысынан «көп сандаган асман аскерлери пайда болуп», Жахабаны: «Эң жогорудагы Кудай даңкталсын жана жер үстүндө, анын жактыруусуна ээ болгондордун арасында тынчтык болсун»,— деп даңктай башташат (Лк. 2:8—14).

2. «Машаяк» деген сөз эмнени билдирет жана адамдар Машаякты кантип аныктай алышмак?

2 Албетте, жүйүт койчулар «Машаяк» деген сөздүн Кудайдын «Майланганына», башкача айтканда, Кудай тарабынан өзгөчө максат үчүн тандалган адамга карата колдонуларын билишкен (Чыг. 29:5—7). Бирок аларга ал жөнүндө көбүрөөк билүүгө жана башкаларды периште айткан ымыркайдын Жахаба дайындаган Машаяк экенине ынандырууга эмне жардам бермек? Эврей Жазмаларында камтылган пайгамбарлыктарды изилдеп, аларды ошол баланын иш-аракеттери, жашоосу менен салыштыруу.

Эл эмне үчүн Машаякты күткөн?

3, 4. Даниел 9:24, 25теги пайгамбарлыкты кандай түшүнөбүз?

3 Кийинчерээк Чөмүлдүрүүчү Жакан кызматын баштаганда, анын сөздөрү менен иштеринен улам айрымдар Машаяк келгенби деп ойлонушкан (Оку: Лука 3:15). Кээ бирлери Машаякка байланыштуу айтылган «жетимиш жума» жөнүндөгү пайгамбарлыкты туура түшүнүшсө керек. Эгер ошондой болсо, алар Машаяк келе турган убакты так аныктай алышмак. Анткени ал пайгамбарлыкта: «Иерусалимди кайра калыбына келтирүү жөнүндө буйрук чыккан убакыттан Эгедер Машайак келгенге чейин жети жума жана алтымыш эки жума өтөт»,— деп айтылган (Дан. 9:24, 25). Көптөгөн окумуштуулар бул жерде жети жылдан турган жумалар жөнүндө айтылганына кошулушат. Мисалы, «жетимиш жума белгиленди» деген сөздөр Ыйык Китептин бир котормосунда «жетимиш жылдык жума белгиленди» деп берилген («Revised Standard Version»).

4 Бүгүнкү күндө Жахабанын кызматчылары Даниел 9:25те айтылган 69 жуманын — 483 жылдын — Персия падышасы Артакшашта б.з.ч. 455-жылы Некемияга Иерусалимди кайра калыбына келтирүүгө уруксат бергенде башталганын билишет (Нек. 2:1—8). 69 жума 483 жыл өткөндөн кийин, б.з. 29-жылы назареттик Иса чөмүлтүлүп, ыйык рух менен майланып, Машаяк болгондо, аяктаган (Мт. 3:13—17) *.

5. Азыр кайсы пайгамбарлыктарды карап чыгабыз?

5 Ыйык Китепте Машаяк жөнүндө дагы башка көптөгөн пайгамбарлыктар айтылган. Келгиле, азыр алардын айрымдары Иса төрөлгөндө, анын жашоосунун алгачкы күндөрүндө жана кызмат кылып жүргөндө кандайча аткарылганын карап көрөлү. Бул биздин Кудайдын пайгамбарлык сөзүнө болгон ишенимибизди бекемдейт, ошондой эле Исанын көптөн күткөн Машаяк болгонуна айкын-так далилдерди көрүүгө жардам берет.

Жашоосунун алгачкы күндөрү алдын ала айтылган

6. Башталыш 49:10догу пайгамбарлыктын кантип аткарылганын түшүндүрүп бергиле.

6 Машаяк Ысрайылдын Жүйүт уруусунан чыкмак. Уруу аксакалы Жакып көз жумар алдында балдарына батасын берип жатып: «Бардык адамдар баш ие турган Шило келмейинче, Жүйүттүн колунан падыша таягы түшпөйт, башкаруучунун таягы буттарынын ортосунда болот»,— деген пайгамбарлык айткан (Башт. 49:10, «ЖД»). Көптөгөн жүйүт окумуштуулары Жакыптын сөздөрүн Машаякка байланыштырышкан. Ал сөздөр эмнени билдирет? Жакып бул жерде падыша жөнүндө сөз кылган, себеби «падыша таягы» менен «башкаруучунун таягы» падышанын бийлик кылууга жана буйрук берүүгө укуктуу экенин көрсөткөн таяктарын билдирет. Демек, бул пайгамбарлыктан көрүнүп тургандай, бийлик кылууга укугу бар падыша Жүйүт уруусунан чыкмак. Жүйүт падышаларынын биринчиси Дөөтү, ал эми акыркысы Ситкия болгон. Бирок Жакыптын пайгамбарлыгында Ситкиядан кийин келе турган башка падыша жөнүндө айтылган. «Шило» деп аталган ал падыша түбөлүккө бийлик кылмак. «Шило» деген сөз «ал кимдики болсо, ошол», «ал кимге таандык болсо, ошол» деген маанини туюнтат. Кудай Ситкияга бийлик кылуу укугу ошол падышага таандык экенин айткан (Жез. 21:26, 27). Ситкиядан кийин Дөөтүнүн урпактарынын ичинен Исага гана падышалык бийлик убада кылынган. Иса төрөлөрдөн мурун, Жебирейил периште Мариямга: «Жахаба Кудай ага атасы Дөөтүнүн тактысын берет. Ал Жакыптын үйүнө түбөлүккө падышалык кылат, анын падышалыгынын чеги болбойт»,— деп айткан (Лк. 1:32, 33). Ошентип, Шило Жүйүттүн жана Дөөтүнүн урпагы болгон Иса Машаяк болуп чыккан (Мт. 1:1—3, 6; Лк. 3:23, 31—34).

7. Машаяк каякта төрөлгөн жана бул эмне үчүн көңүл бурарлык?

7 Машаяк Бетлехемде (Бейт-Лехемде) төрөлмөк. Михей пайгамбар: «Сен, Бейт-Лехем Эфрата, Жүйүттүн миңдеген урууларынын ичинен кичине болсоң да, сенден Мен үчүн Ысрайылга Эгедер боло турган Адам чыгат, Ал эң башында эле, байыркы күндөрдө эле төрөлгөн»,— деп жазган (Мих. 5:2). Машаяк Жүйүт жериндеги Бетлехем шаарында жарык дүйнөгө келиши керек эле. Ал шаар, кыязы, мурда Эфрата деп аталган. Исанын апасы Мариям менен асырап алган атасы Жусуп Назаретте турушса да, Рим бийлигинин токтомуна ылайык эл каттоодон өтүш үчүн Бетлехемге барышкан. Ал жактан б.з.ч. 2-жылы Иса төрөлгөн (Мт. 2:1, 5, 6). Пайгамбарлык кандай сонун аткарылган!

8, 9. Машаяктын төрөлүшү жана андан кийин болгон окуялар тууралуу алдын ала эмне делген?

8 Машаяк кыздан төрөлмөк. (Оку: Ышайа 7:14). Бул аятта кыздын уул төрөмөктүгү тууралуу сөз жүрөт. Эврей тилинде «кыз» деген маанини туюнткан бетула жана альма деген эки сөз бар. Бул жерде колдонулган альма деген сөз Ребеканын турмушка чыга элек кезине карата колдонулган (Башт. 24:16, 43). Кудай ыйык руху аркылуу Матайга Иса төрөлгөндө Ышайа 7:14төгү сөздөрдүн аткарылганын жаздырган. Матай «кыз» деген маанини туюнткан партенос деген грек сөзүн колдонгон. Ырас, Инжилдин жазуучулары Матай да, Лука да Мариямдын кыз болгонун жана Кудайдын ыйык руху аркылуу боюна бүткөнүн айткан (Мт. 1:18—25; Лк. 1:26—35).

9 Машаяк төрөлгөндөн кийин, кичинекей балдар өлтүрүлмөк. Кылымдар мурун да ошо сыяктуу окуя болгон: Мисирдин фараону эврейлердин эркек ымыркайларын Нил дарыясына ыргытууну буйруган (Чыг. 1:22). Бирок Жеремия 31:15, 16да Рахелдин «душман жерине» алынып кеткен уулдарын жоктоп боздогону жөнүндө айтылганы өзгөчө көңүл бурарлык. Анын боздогону Иерусалимдин түндүгүндөгү Бенжемин уруусунун аймагында жайгашкан алыскы Рамага чейин угулган. Матай Жеремиянын сөздөрү Ирод падыша Бетлехем менен анын тегерек-четиндеги кичинекей эркек балдарды өлтүрүүгө буйрук бергенде аткарылганын көрсөткөн (Оку: Матай 2:16—18). Ошол аймактагы элдин канчалык күйүт тартып, өзөгү өрттөнгөнүн элестетсеңер!

10. Ошуя 11:1дин Исага карата кандайча аткарылганын түшүндүргүлө.

10 Ысрайылдыктар сыяктуу, Машаяк Мисирден чакырылып алынмак (Ош. 11:1). Ирод кичинекей балдарды өлтүрүүгө буйрук берердин алдында, бир периште Жусупка Мариям менен Исаны алып, Мисирге кетиши керектигин айткан. Алар «ал жакта Ироддун көзү өткөнчө жашашкан». «Бул Жахабанын өз пайгамбары [Ошуя] аркылуу: „Уулумду Мисирден чакырып алдым“,— деген сөздөрү аткарылышы үчүн болгон» (Мт. 2:13—15). Албетте, Иса өзүнүн төрөлүшү жана жашоосунун алгачкы күндөрү жөнүндө айтылган пайгамбарлыктардын биринин да аткарылышын көзөмөлдөй алмак эмес.

Машаяктын кызмат кыла башташы

11. Жахабанын Майланганына кантип жол даярдалган?

11 Кудайдын Майланганына жол даярдалмак. Малахия пайгамбар «Илияс пайгамбардын» адамдардын жүрөгүн Машаяктын келишине даярдоо менен ошол ишти аткарарын күн мурун айткан (Оку: Малахия 4:5, 6). Иса ошол «Илиястын» Чөмүлдүрүүчү Жакан болгонун көрсөткөн (Мт. 11:12—14). Ал эми Марк Чөмүлдүрүүчү Жакандын өзүнүн кызматы менен Ышаянын пайгамбарлык сөздөрүн аткарганын белгилеген (Ыш. 40:3; Мр. 1:1—4). Иса өзү Жакандын Илиястыкындай кызмат аткарышына, башкача айтканда, ага жол даярдашына чара көргөн эмес. Алдын ала айтылган «Илиястын» кызматы Кудайдын эрки менен аткарылып, элге Машаякты аныктоого жардам берген.

12. Кайсы тапшырма Машаякты аныктоого жардам берет?

12 Кудайдын тапшырмасы Машаякты аныктоого жардам берет. Иса өзү чоңоюп-өскөн Назарет шаарчасындагы синагогадан Ышаянын түрмөгүнөн: «Жахаба мага өзүнүн рухун берди, анткени ал мени жакырларга жакшы кабар айтууга майлады жана туткундарга боштондук жарыялоого, сокурларга көздөрү ачыларын кабарлоого, эзилгендерди эркиндикке чыгарууга, Жахабанын ырайым кылууга ылайыктуу убагын жарыялоого жиберди»,— деген сөздөрдү окуп, алардын өзүнө карата айтылганын белгилеген. Чыныгы Машаяк болгондуктан Иса: «Силер эми эле уккан сөздөр бүгүн аткарылды»,— деп ишенимдүү түрдө айта алган (Лк. 4:16—21).

13. Машаяктын Галилеяда кабар айтарына байланыштуу кандай пайгамбарлык айтылган?

13 Машаяктын Галилеяда кабар айтары күн мурун айтылган. «Бутпарас эл жашаган Галилея» аймагындагы «Забулун жери менен Напталы жерлери» жөнүндө Ышая пайгамбар: «Караңгыда жүргөн эл улуу жарыкты көрөт. Өлүм көлөкөсү өкүм сүргөн өлкөдө жашагандардын үстүнө жарык жаркырайт»,— деп жазган (Ыш. 9:1, 2). Иса кабар айтуу кызматын Галилеядагы Капернаум шаарында баштаганда, Забулун менен Напталы аймактарында жашагандарга рухий жарык чачылган (Мт. 4:12—16). Ал Галилеяда терең ойлонууга түрткү берген Тоодогу насаатын айткан, элчилерин тандаган, алгачкы кереметин жасаган жана тирилгенден кийин, калыбы, 500дөй шакиртине көрүнгөн (Мт. 5:1—7:27; 28:16—20; Мр. 3:13, 14; Жкн. 2:8—11; 1 Кор. 15:6). Ошентип, Иса «Забулун жери менен Напталы жеринде» кабар айтуу менен Ышаянын пайгамбарлыгын аткарган. Албетте, ал Падышалык жөнүндөгү кабарды Ысрайылдын башка жерлеринде да жарыялаган.

Машаяктын башка иштери да күн мурун айтылган

14. Иса Забур 77:2деги сөздөрдү кандайча аткарган?

14 Машаяк накыл сөздөр жана мисалдар менен сүйлөмөк. Забурчу Асап: «Менин оозумдан накыл сөздөр чыгат»,— деп ырдаган (Заб. 77:2). Бул сөздөрдүн Исага карата айтылган пайгамбарлык экенин кайдан билебиз? Матайдын сөздөрүнөн. Исанын мисал келтирип, Падышалыкты сары кычы данына жана ачыткыга салыштырганын айткандан кийин ал мындай деген: «[Иса] мисалсыз сүйлөчү эмес. Бул бир пайгамбар аркылуу айтылган: „Мен мисалдар менен сүйлөйм. Дүйнө негизделгенден бери жашыруун болуп келген нерселерди жарыялайм“,— деген сөздөр аткарылышы үчүн болду» (Мт. 13:31—35). Накыл сөздөрдү, мисалдарды колдонуу Исанын натыйжалуу окутуу ыкмаларынын бири болгон.

15. Ышайа 53:4 кандайча аткарылганын түшүндүргүлө.

15 Машаяк биздин алсыздыктарыбызды өзүнө алмак. Ышая: «Ал биздин кеселдерибизди Өзүнө алды, ооруларыбызды алып кетти»,— деп пайгамбарлык кылган (Ыш. 53:4). Матай Исанын Петирдин кайненесин айыктыргандан кийин башкаларды да айыктырганын жана мунун «Ышая пайгамбар аркылуу: „Ал биздин илдеттерибизди алды, ооруларыбызды алып кетти“,— деп айтылган сөздөр» аткарылышы үчүн болгонун жазган (Мт. 8:14—17). Ыйык Китепте Исанын оорулууларды айыктырганы жөнүндө дагы башка көптөгөн билдирүүлөр бар.

16. Элчи Жакан Ышайа 53:1дин аткарылганын кантип көрсөткөн?

16 Машаяк көп жакшы иштерди кылса да, көптөр ага ишенмек эмес (Оку: Ышайа 53:1). Бул пайгамбарлыктын аткарылганын көрсөтүп, элчи Жакан мындай деген: «Иса алардын көз алдында көптөгөн кереметтерди көрсөтсө да, алар ага ишенишкен жок. Ошентип, Ышая пайгамбардын: „Жахаба, биз уккан нерсеге ким ишенди? Жахабанын күчү кимге көрсөтүлдү?“ — деген сөздөрү аткарылды» (Жкн. 12:37, 38). Элчи Пабылдын күндөрүндө да Иса Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарга көптөр ишенген эмес (Рим. 10:16, 17).

17. Забур 68:5тин аткарылганын Жакан кантип көрсөткөн?

17 Машаяк себепсиз эле жек көрүндү болмок (Заб. 68:5). Элчи Жакан Исанын мындай деп айтканын жазган: «Эгерде эч ким кылбаган иштерди алардын арасында көрсөтпөсөм, күнөөкөр болушмак эмес. Бирок иштеримди көрүшкөнүнө карабай алар мени да, Атамды да жек көрүшөт. Бул алардын Мыйзамындагы: „Мени себепсиз эле жек көрүштү“,— деген сөздүн аткарылышы үчүн болду» (Жкн. 15:24, 25). «Мыйзам» деген сөз көбүнчө бүтүндөй Ыйык Жазманы билдирет (Жкн. 10:34; 12:34). Инжилде Исаны көптөрдүн, өзгөчө, жүйүт диний жетекчилеринин жек көргөнү айтылат. Андан сырткары, Машаяк: «Дүйнөнүн силерди жек көрүшүнө эч кандай себеп жок, ал эми мени ал жек көрөт, анткени анын иштеринин жаман экенин күбөлөндүрүп жатам»,— деп айткан (Жкн. 7:7).

18. Кийинки макалада эмнелер талкууланат?

18 Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары анын Машаяк экенине эч шектенишкен эмес, анткени ал Эврей Жазмаларындагы Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктардын баарын аткарган (Мт. 16:16). Биз карап кеткендей, алардын айрымдары назареттик Исанын жашоосунун алгачкы күндөрүндө жана ал кызмат кылып жүргөн убакта аткарылган. Машаякка байланышкан дагы башка пайгамбарлыктар кийинки макалада талкууланат. Алардын үстүнөн тиленүү менен ой жүгүртсөк, Исанын асмандагы Атабыз Жахаба дайындаган Машаяк экенине болгон ишенимибиз бекемделет.

[Шилтеме]

^ 4-абз. «Жетимиш жума» жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин «Тиркемесин» (197—199-б.) карагыла.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Исанын төрөлүшүнө байланышкан кайсы пайгамбарлыктар аткарылган?

• Машаякка кантип жол даярдалган?

Ышайа 53-бөлүмдөгү кайсы пайгамбарлыктар Исанын үстүнөн аткарылган?

[Изилдөө суроолору]