Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын кунт коюп окудуңарбы? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңарбы?

• Алдамчылыкка түрткөн азгырыкты четке кагууга кайсы үч нерсе жардам берет?

1) Кудайдан коркуу (1 Пет. 3:12); 2) Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийир; 3) колдо бар нерсеге ыраазы болуу (15.4. 6, 7-б.).

• Кудайга кызмат кылууга олуттуу кароо дайыма өзүн олуттуу алып жүрүүнү же башкаларга кошулуп көңүл ачып, эс албаш керек дегенди билдиреби?

Исанын мисалына токтололу. Иса башкалар менен эс алганга, алар менен чогуу тамактанганга убакыт бөлгөн. Ал өтө эле олуттуу же кабак-кашы ачылбаган киши болгон эмес. Анын жанында баары, атүгүл кичинекей балдар да өздөрүн жакшы сезишчү (15.4. 10-б.).

• Жубайлар балалуу болгондон кийин мамилеси сууй баштаса, эмне кылса болот?

Алар бири-бирин сүйөрүнө ынандырып турушу керек. Зайыбы өзүн коопсуз сезе алышы үчүн күйөөсү колунан келгендин баарын кылышы зарыл. Экөө тең эмоциялык жана жыныстык муктаждыктары жөнүндө бири-бири менен ачык сүйлөшүшү абзел (7—9 24, 25-б.).

Римдиктер 11-бөлүмдө айтылган зайтун дарагы жөнүндөгү мисал эмнени билдирет?

Зайтун дарагы Ыбрайымдын тукумунун экинчи даражадагы бөлүгүн түзө турган рухий Ысрайылды билдирет. Каймана маанидеги зайтун дарагынын тамыры Жахабаны, ал эми сөңгөгү Исаны билдирет. Жүйүттөрдүн көбү Исаны четке какканда, башка улуттагы адамдар кыйылып ташталган бутактардын ордуна кыйыштырылган. Ошентип, алар Ыбрайымдын тукумунун экинчи даражадагы бөлүгү болуп калышкан (15.5. 22—25-б.).

• Жакыр жашаган адамдарга кандай жакшы кабар айта алабыз?

Жахаба Кудайдын Исаны Падыша кылып дайындаганы тууралуу жакшы кабарды айта алабыз. Исанын жакырчылыкты түп-орду менен жок кылууга кудурети жетет. Эмне үчүн? Анткени ал бардык адамдардын үстүнөн бийлик жүргүзөт жана жакырчылыкты жок кыла ала турган күчкө ээ. Ал — жакыр адамдарга боору ооруй билген Падыша. Ошондой эле жакырчылыкка себеп болгон нерсени — адамдардын өзүмчүлдүккө болгон жакындыгын — жок кыла алат (1.6. 7-б., ор.).

• Иса Машаяктын Каяпага: «Муну сен өзүң айттың»,— деген сөздөрү эмнени билдирет? (Мт. 26:63, 64).

«Муну сен өзүң айттың» деген сөз айкашы, калыбы, жүйүт элинде кеңири таралган, сөздүн калетсиз экенин ырастаган идиома болгон. Башкы дин кызматчы Каяпа Исадан: «Кудайдын Уулу Машаяк сенсиңби?» — деп сураганда, Иса: «Муну сен өзүң айттың»,— деп жооп берүү менен чынында эле Машаяк экенин ырастаган (7—9 18-б.).

• Жеткилең Исанын болочок урпактары кундун бөлүгүн түзө алат беле?

Жок. Иса миллиарддаган жеткилең адамдардын атасы боло алмак. Бирок анын болочок урпактары кундун бөлүгүн түзмөк эмес. Исанын гана жеткилең өмүрү Адам атаныкына ылайык келген (1 Тим. 2:6) (15.6. 13-б.).

• Жалган окутуучуларга байланыштуу Элчилер 20:29, 30да айтылган эскертүүгө кулак кагып жатканыбызды кантип көрсөтө алабыз?

Биз жалган окутуучуларды үйүбүзгө чакырбайбыз, алар менен учурашпайбыз (Рим. 16:17; 2 Жкн. 9—11). Ошондой эле чындыктан четтегендердин адабияттарын окубайбыз, алар жөнүндөгү телеберүүлөрдү көрбөйбүз жана алардын окуулары жазылган веб-сайттарына кирбейбиз (15.7. 15, 16-б.).

• Балдарга Кудай жөнүндөгү билимди ким бериши керек?

Ыйык Китептеги кеңешке ылайык, балдарына Кудай жөнүндөгү билимди берүүгө атасы да, энеси да катышышы керек (Накыл 1:8; Эф. 6:4). Бир изилдөөдөн көрүнүп тургандай, балдарга атасынын да, энесинин да билим бергени жакшы таасир этет (1.8. 6, 7-б., ор.).