Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жарыштын соңуна туруктуулук менен чыгалы

Жарыштын соңуна туруктуулук менен чыгалы

Жарыштын соңуна туруктуулук менен чыгалы

«Алдыбыздагы жарыштын соңуна туруктуулук менен чыгалы» (ЭВР. 12:1).

1, 2. Элчи Пабыл Исанын жолдоочуларынын жашоосун эмнеге салыштырган?

ЖЫЛ сайын көптөгөн жерлерде марафондук жарыштар болуп турат. Жарышка түшкөндөрдүн айрымдары — чыгаан жөө күлүктөр. Алардын максаты — жеңишке жетүү. Ал эми жарышка катышкандардын көпчүлүгү марага жеткенине эле ыраазы болушат.

2 Ыйык Китепте Исанын жолдоочуларынын жашоосу жарышка салыштырылат. Элчи Пабыл байыркы Корунттагы ишенимдештерине жазган биринчи катында алардын көңүлүн ушуга буруп: «Жарышка катышкандардын баары чуркаганы менен, бирөө эле байге аларын билбейсиңерби? Ошондуктан байге алгыдай чуркагыла»,— деп жазган (1 Кор. 9:24).

3. Пабыл эмне үчүн «бирөө эле байге алат» деп айткан?

3 Пабыл Исанын жолдоочуларынан бирөө эле байгеге — түбөлүк өмүргө — ээ болуп, калгандарынын баары куру бекер чуркаган болот деп айткысы келди беле? Албетте, жок! Мелдешке катышкан жөө күлүктөр жеңишке жетиш үчүн аябай машыгышат жана болгон күчү менен чуркашат. Пабыл ишенимдештеринин түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн ошондой күч-аракет жумшашын каалаган. Ошондо алар байге алууга үмүттөнө алышмак. Ооба, Исанын жолдоочулары түшкөн жарышта марага жеткендердин баары байге алат.

4. Өмүр жарышына байланыштуу эмнелерди билип алышыбыз керек?

4 Өмүр жарышына түшкөндөр үчүн Пабылдын жогорудагы сөздөрү бекемдээрлик, ошол эле учурда сестентээрлик. Эмне үчүн? Анткени жеңишке жеткендер теңдешсиз байге алышат: алар асманда же бейишке айланган жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшөт. Албетте, жарыш узакка созулуп, алдан-күчтөн тайдырат; жолдо көптөгөн тоскоолдуктар, алаксыткан нерселер, коркунучтар болот (Мт. 7:13, 14). Өкүнүчтүүсү, айрымдар ушулардан улам ылдамдыгын басаңдатып же такыр эле чуркабай койсо, башкалары атүгүл жыгылып калышкан. Өмүр үчүн жарышта кандай тузактар, коркунучтар кездешет? Алардан кантип кача аласың? Жарыштын аягына чыгып, байге алуу үчүн эмне кылышың керек?

Жеңишке жетүү үчүн туруктуулук керек

5. Эврейлер 12:1де жазылгандай, Пабыл жарыш жөнүндө эмне деген?

5 Иерусалим менен Жүйүт жериндеги эврей ишенимдештерине жазган катында Пабыл кайрадан жөө күлүктөрдүн жарышы жөнүндө кеп кылган (Оку: Эврейлер 12:1). Ал жарышка эмне себептен катышуу керектигин эле эмес, жеңишке жетүү үчүн эмне талап кылынарын да белгилеп өткөн. Пабылдын эврей ишенимдештерине рухтун жетеги менен жазган катынан кандай сабак алсак болорун изилдээрден мурун ага ал катты жазууга эмне түрткү бергенин жана анын окурмандарын эмнеге үндөгүсү келгенин карап көрөлү.

6. Исанын жолдоочуларына диний жетекчилер кандай кысым көрсөтүшкөн?

6 Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары, айрыкча, Иерусалим менен Жүйүт жеринде жашагандары көптөгөн сыноо-кыйынчылыктарга туш болушкан. Аларга дагы эле элге күчтүү таасир этип жаткан жүйүт диний жетекчилери чоң кысым көрсөтүшкөн. Андан мурунураак ал диний жетекчилер Исаны падышага каршы чыгып жатат деп айыптап, кылмышкер катары өлтүрүшкөн. Элчилер китебинен көрүнүп тургандай, алар б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында болгон кереметтүү окуялардан кийин эле Исанын жолдоочуларына үстөкө-босток чабуул жасап, кыйынчылык туудура башташкан. Ушундан улам Исанын ишенимдүү жолдоочуларына бир топ эле оор болгону шексиз (Элч. 4:1—3; 5:17, 18; 6:8—12; 7:59; 8:1, 3).

7. Пабыл катын жолдогон Исанын жолдоочулары кандай оор мезгилде жашашкан?

7 Анын үстүнө, Исанын ал жолдоочулары Жүйүт түзүлүшүнүн акырына аз эле калган маалда жашап жатышкан. Иса аларга ишенимсиз жүйүт элинин кыйратыларын айткан. Ошондой эле ага чейин кандай окуялар болорун көрсөтүп, аман калуу үчүн эмне кылуу керектигине байланыштуу айкын-так көрсөтмөлөрдү берген (Оку: Лука 21:20—22). Алар эмне кылышы керек эле? Иса: «Өзүңөргө сак болгула: жүрөгүңөрдү ашыра тоюу, мас болуу жана турмуш түйшүктөрү ээлеп албасын. Ал күн капысынан келип, силерди тор сыяктуу басып калбасын»,— деп эскерткен (Лк. 21:34).

8. Сыягы, эмне себептен Исанын айрым жолдоочулары ылдамдыгын басаңдатып коюшкан же такыр чуркабай калышкан?

8 Пабыл эврей ишенимдештерине кат жазганда, Исанын жогорудагы эскертүүнү бергенине 30 жылдай болуп калган. Ошончо убакыттын ичинде Исанын жолдоочуларынын рухий абалы кандай болуп калган? Айрымдар күнүмдүк түйшүктөрдүн сазына батып, рухий жактан өспөй, алсырап калышкан (Эвр. 5:11—14). Ал эми башкалары айланасындагы жүйүттөрдүн көбү кылганды кыла берсе, жашоо оңоюраак болот деп ойлошкон көрүнөт. Анткени алар жүйүттөр Кудайды толугу менен четке кагышкан жок жана анын Мыйзамына кандайдыр бир деңгээлде карманып жатышат деп эсептешсе керек. Дагы башкалары болсо Мусанын мыйзамына жана жүйүттөрдүн каада-салттарына кармануу керек деп талап кылган жыйналыштын айрым мүчөлөрүнүнө ишенгендиктен же алардан корккондуктан Мыйзамды аткара беришкен. Пабыл ишенимдештерине рухий жактан сергек болуп, туруктуулук менен чуркоого жардам берүү үчүн эмне деген?

9, 10. а) Эврейлер 10-бөлүмдүн аяк жагынан Пабылдын кандай бекемдээрлик сөздөрүн окуйбуз? б) Пабыл эмне үчүн байыркы убактагы күбөлөрдүн ишениминин аркасында кылган иштери жөнүндө айткан?

9 Пабылдын эврей ишенимдештерин Кудайдын жетеги менен кандайча бекемдегенин карап чыгуу кызыктуу болот. Катынын 10-бөлүмүндө Пабыл Мыйзамдын «келечектеги жакшы нерселердин өзү эмес, көлөкөсү гана болгонун» жана Машаяктын куткаруу курмандыгынын баалуулугун көрсөткөн. Ошол бөлүмдүн аяк жагында ал окурмандарына: «Кудайдын эркин аткарып, убадаланганды алышыңар үчүн, силерге туруктуулук керек. Себеби дагы „бир аз эле убакыт“ калды, „келаткан келет, кармалбайт“»,— деп насаат айткан (Эвр. 10:1, 36, 37).

10 Эврейлер китебинин 11-бөлүмүндө Пабыл Кудайга болгон чыныгы ишенимдин эмне экенин чебер түшүндүрүп, аны байыркы убакта жашаган ишеними күчтүү эркек-аялдардын мисалдары менен бышыктап кеткен. Анын туруктуулук жөнүндө айтып келатып, ишеним жөнүндө сөз кылганы темадан алыстап кеткенин билдиреби? Жок. Элчи бир туугандарынын ишенимди бекем сакташ үчүн кайраттуулук жана туруктуулук көрсөтүү зарыл экенин түшүнүшү керектигин билген. Жахабанын байыркы учурдагы ошол ишенимдүү кызматчыларынын жүрөк козгоорлук үлгүлөрү Исанын эврей жолдоочуларына сыноолорду, кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө күч бермек. Ошондуктан Пабыл ал кызматчылардын ишениминин аркасында кандай иштерди кылышканын санап өткөндөн кийин: «Эмесе, ушундай көп күбөлөрдүн курчоосунда болгондуктан биз да оордук келтирген нерселердин баарынан жана бизди оңой эле чырмап ала турган күнөөдөн арылып, өзүбүзгө белгиленген жарыштын соңуна туруктуулук менен чыгалы»,— деп айткан (Эвр. 12:1).

«Көп күбөлөрдүн курчоосу»

11. «Көп күбөлөрдүн» үлгүсү жөнүндө ой жүгүртүүдөн кандай пайда алабыз?

11 Пабыл айткан «көп күбөлөр» тек гана жарышты же жакшы көргөн жөө күлүгүнүн же командасынын жеңишке ээ болорун көрүш үчүн барган көрүүчүлөр же байкоочулар болгон эмес. Жахабанын ал кызматчылары да каймана мааниде жарышка катышышкан. Алар ийгиликтүү чуркап, марага жетишкен. Ал мыкты жөө күлүктөр мурда эле көз жумушса да, алардын үлгүсү тууралуу ой жүгүртүү жаңы жарышка түшкөндөргө ийгиликтүү чуркоого жардам бере алмак. Жаңы жөө күлүктүн өзүнүн айланасында чыгаан жөө күлүктөрдүн аны карап, дем-күч берип турганын билсе, кандай сезимде болмоктугун элестетсең. Ал бүт күч-аракетин жумшап, атүгүл өзү кыла алгандан да көптү кылууга түрткү албайт беле? Байыркы убактагы ишенимдүү «күбөлөр» каймана маанидеги жарышта, канчалык кыйын болбосун, жеңишке жетүү мүмкүн экенин айгинелешкен. Ошондуктан «көп күбөлөрдүн» үлгүсүн эсинде бек сактоо менен Исанын 1-кылымдагы жүйүт жолдоочулары кайраттанып, жарыштын соңуна туруктуулук менен чыга алышмак. Бүгүн биз да ошенте алабыз.

12. Пабыл айтып өткөн кишилердин жагдай-шарты биздикине эмнеси менен окшош?

12 Пабыл айтып өткөн ишенимдүү «күбөлөрдүн» көбүнүн жагдай-шарты биздикине окшош болгон. Мисалы, Нух Топон сууга чейинки дүйнөнүн аягында жашаган. Биз болсо азыркы дүйнө түзүлүшүнүн соңунда жашап жатабыз. Ыбрайым менен Саара, Жахабанын көрсөтмөсү боюнча, чыныгы сыйынуу үчүн үйүн таштап, бөтөн жерге кетиши жана анын убадаларынын аткарылышын күтүшү керек эле. Муса үрөйдү учурган чөл аркылуу Убадаланган жерди көздөй сапар тарткан. Ал эми биз азыркы өлүп бараткан дүйнө аркылуу жаңы дүйнөнү көздөй жол жүрүп баратабыз. Алардын баштан өткөргөндөрү, ийгиликтери менен кемчиликтери, күчтүү жана алсыз жактары, чынында эле, көңүл бурушубузга татыктуу (Рим. 15:4; 1 Кор. 10:11).

Алар кантип ийгиликке жетишкен?

13. Нух кандай кыйынчылыктарга дуушар болгон жана ага аларды жеңүүгө эмне жардам берген?

13 Жахабанын ал кызматчыларына туруктуулук менен чуркап, ийгиликке жетүүгө эмне жардам берген? Пабылдын Нух жөнүндө эмне деп жазганына көңүл бурсаң (Оку: Эврейлер 11:7). «Асман астындагы өмүр деми бар тирүү жандын баарын жер бетинен жок кыла» турган суунун капташы Нух үчүн «көрүнө элек нерсе» болгон (Башт. 6:17). Ага чейин Топон суу эзели болбосо да, Нух аны болушу мүмкүн эмес нерседей көргөн эмес. Эмне үчүн? Анткени ал Жахабанын эмне айтпасын, аны жүзөгө ашырарына ишенген. Ошондой эле ал өзүнө тапшырылган ишти өтө эле оор деп ойлогон эмес. Кудай кандай айтса, ал баарын «так ошондой кылган» (Башт. 6:22). Нух кеме курушу, жан-жаныбарларды чогултушу, өздөрү жана жаныбарлар үчүн азык-зат камдашы, адамдарга Кудайдын эскертүүсүн жарыялашы, ошондой эле үй-бүлөсүнүн рухий жактан бекем болушуна кам көрүшү керек болчу. Мунун баарын «так ошондой» кылуу оңой болгон эмес. Ошентсе да Нух ишеними менен иш кылып, туруктуулук көрсөткөндүктөн, өзү да, үй-бүлөсү да аман калып, мол бата алган.

14. Ыбрайым менен Саара кандай сыноолорду баштан өткөрүшкөн жана бизге кандай үлгү калтырышкан?

14 Пабыл санап өткөн «көп күбөлөрдүн» катарында Ыбрайым менен Саара да бар. Аларга Урдагы өздөрү көнүп калган жашоосунан баш тартууга туура келген. Алар үчүн эртеңки күнү бүдөмүк болгон. Ал экөө кыйын кезеңде да солгундагыс ишеним жана тил алчаактык көрсөтүү менен бизге сонун үлгү калтырган. Ыбрайым чыныгы сыйынуу үчүн даярдуулук менен көптөгөн курмандыктарга баргандыктан, орундуу түрдө «бардык ишенгендердин атасы» деп аталып калган (Рим. 4:11). Исанын эврей жолдоочулары Ыбрайым менен анын үй-бүлөсүнүн жашоосун жакшы билгендиктен, Пабыл урунттуу жерлерин гана айтып өткөн. Бирок ошол айтылгандар эле алардын ишениминин канчалык күчтүү болгонун айкын көрсөтүп турат. Пабыл алар жөнүндө мындай деп жазган: «Булардын баары [алардын ичинде Ыбрайым менен анын үй-бүлөсү] ишенимин сактап өлүшкөн. Убадалардын аткарылышын көрүшпөсө да, алар убадаланган нерселерди алыстан гана көрүп кубанышкан, ошондой эле өздөрүнүн ал жерде бөтөн жана убактылуу тургундар экенин ачык айтышкан» (Эвр. 11:13). Арийне, Кудайга болгон ишеними, аны менен болгон ынак мамилеси аларга туруктуулук менен чуркоого көмөк кылган.

15. Мусага Кудайдын эркине ылайык жашоого эмне түрткү берген?

15 Жахабага кызмат кылган «көп күбөлөрдүн» дагы бири — Муса. Ал атак-даңктан, байлыктан кечип, «Кудайдын эли менен бирге кордук көрүүнү чечкен». Ага эмне түрткү берген? Пабыл айткандай, Муса «сыйлыктан көзүн албай», «Көрүнбөгөндү көрүп тургандай бекем болгон» (Оку: Эврейлер 11:24—27). Ал «күнөөдөн убактылуу ырахат алууну» көздөгөн эмес. Кудай менен анын убадалары Муса үчүн ушунчалык реалдуу болгондуктан, ал укмуштуудай зор кайраттуулук жана туруктуулук көрсөткөн. Ооба, ал ысрайыл элин Мисир жеринен Убадаланган жерге алып баруу үчүн талыкпастан күч жумшаган.

16. Мусанын Убадаланган жерге кирбей калганына көңүлү чөкпөгөнүн кайдан билебиз?

16 Ыбрайымдай эле, Муса да Кудайдын убадаларынын жүзөгө ашканын көргөн эмес. Ысрайылдыктар Убадаланган жердин босогосунда турганда, Кудай Мусага: «Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерди сен алыстан көрөсүң, бирок ал жерге кирбейсиң»,— деп айткан. Себеби Муса менен Арун мурун козголоңчул ысрайыл элине ачууланып, «Мериба суусунун боюнда, Ысрайыл уулдарынын алдында» Кудайдын тилин алышкан эмес (Мыйз. 32:51, 52). Муса Убадаланган жерге кирбей калганы үчүн Кудайга нааразы болду беле же көңүлү чөктү беле? Жок. Ал элге батасын берип, сөзүн: «Бактылуусуң сен, Ысрайыл! Теңир сактаган сендей эл барбы? Ал сенин коргоочу калканың, даңктуу кылычың!» — деп жыйынтыктаган (Мыйз. 33:29).

Эмнеге үйрөнөбүз?

17, 18. а) Өмүр жарышына катышуу жагынан «көп күбөлөрдөн» эмнеге үйрөнө алабыз? б) Эмки макалада эмнени талкуулайбыз?

17 «Көп күбөлөрдүн» айрымдарынын жашоосун карап чыгуу менен жарыштын аягына чыгышыбыз үчүн Кудайга жана анын убадаларына бекем ишенишибиз керектигин билдик (Эвр. 11:6). Ишеним, мындайча айтканда, жашообуздун четинде эмес, борборунда болушу керек. Кудайга ишенбегендерден айырмаланып, Жахабанын кызматчылары келечекти «көрө алышат». «Көрүнбөгөндү көрө» алгандыктан биз жарышта туруктуулук менен чуркай алабыз (2 Кор. 5:7).

18 Исанын жолдоочусу катары өмүр жарышына катышуу жеңил-желпи иш эмес. Ошентсе да биз ийгиликтүү чуркап, жарыштын аягына чыга алабыз. Эмки макалада бизге бул жагынан дагы эмне жардам берерин талкуулайбыз.

Түшүндүрө аласыңбы?

• Пабыл эмне үчүн байыркы убактагы ишенимдүү күбөлөр жөнүндө жазган?

• «Көп күбөлөрдүн курчоосунда» экенибизди элестетүү туруктуулук менен чуркоого кандайча жардам берет?

• Нух, Ыбрайым, Саара, Муса сыяктуу ишенимдүү күбөлөрдүн үлгүсүн карап чыгуудан эмнелерге үйрөндүң?

[Изилдөө суроолору]

[19-беттеги сүрөт]

Ыбрайым менен Саара Урдагы телегейи тегиз жашоосунан баш тартууга даяр болушкан