Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ар кандай сооронучтун Кудайы» Жахабага таян

«Ар кандай сооронучтун Кудайы» Жахабага таян

«Ар кандай сооронучтун Кудайы» Жахабага таян

«Мырзабыз Иса Машаяктын Кудайы жана Атасы даңкталсын. Ал — боорукердиктин Атасы жана ар кандай сооронучтун Кудайы» (2 КОР. 1:3).

1. Карыбызбы-жашпызбы, баарыбыз эмнеге муктаж болобуз?

ТӨРӨЛГӨНҮБҮЗДӨН тартып эле баарыбыз кимдир бирөөнүн бизди сооротуп, көңүлүбүздү тынчытышына муктаж болобуз. Алсак, ымыркайлар да ыйлап же кыңкыстап сооронууга муктаж экенин билдиришет. Бирок кичинекей балдар эле эмес, чоң кишилер да, өзгөчө, оор жагдайга кабылганда кимдир бирөөнүн сооротуп-жубатышына муктаж болушат.

2. Жахабага таянгандар эмнеге бекем ишенсе болот?

2 Кыйналып турганыбызда үй-бүлөбүз же досторубуз бизди кандайдыр бир деңгээлде жубата алышат. Анткен менен кээде бир да адам соорото албай турган кыйынчылыктарга кабылабыз. Андайда бизди Жахаба Кудай гана соорото алат. Анын Сөзү бизди: «Теңир Өзүн чакыргандардын бардыгына жакын... алардын зар-муңун угат»,— деп ынандырат (Заб. 144:18, 19). Ооба, Жахабанын «көздөрү адил адамдарды көрүп турат» жана «кулагы алардын зар-муңун угат» (Заб. 33:16). Бирок Жахаба биздин «сооронучубуз» болсун десек жана анын колдоосуна ээ болгубуз келсе, биз ага толугу менен таянышыбыз керек. Муну забурчунун: «Теңир эзилген адамга баш паана, кайгы учурунда таяныч болот. Сенин ысымыңды билгендер Сага таянышат, анткени Сени издегендерди талаага таштабайсың, Теңир»,— деген сөздөрү ырастап турат (Заб. 9:10, 11).

3. Жахабанын өз кызматчыларына болгон сүйүүсү жөнүндө Иса эмне деген?

3 Жахабанын кызматчылары анын көз алдында абдан баалуу. Муну Иса да баса белгилеп: «Беш таранчы баасы абдан төмөн болгон эки тыйынга сатылат эмеспи. Ошентсе да Кудай алардын бирин да унутпайт. Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу. Коркпогула: силер топ таранчыдан да баалуусуңар»,— деген (Лк. 12:6, 7). Жахаба байыркы ысрайыл элин сүйүүсүнө ынандырып, Жеремия пайгамбар аркылуу: «Мен сени түбөлүктүү сүйүү менен сүйөм, ошондуктан сага ырайымдуу колумду сундум»,— деп айткан (Жер. 31:3).

4. Жахабанын өз убадаларын аткарарына эмне үчүн күмөн санабасак болот?

4 Башыбызга кайгы түшкөндө Жахабага таянуу жана анын өз убадаларын аткарарына ишенүү бизди сооротот. Биз Жахабага таянган Жашыядан үлгү алсак болот. Ал: «Кудай-Теңириңер айткан бардык жакшы сөздөрдүн бири да аткарылбай калбаганын... билгиле, бардыгы силер үчүн жүзөгө ашты, бир да сөз аткарылбай калган жок»,— деген (Жаш. 23:14). Бирок көйгөйлөрүбүз убактылуу чечилбей жатса да, Жахаба Кудайдын ишенимдүү экенине жана ага берилгендик менен кызмат кылгандарды эч убакта таштабай турганына күмөн санабасак болот (Оку: 1 Корунттуктар 10:13).

5. Эмненин аркасында башкаларды соорото алабыз?

5 Элчи Пабыл Жахабанын «ар кандай сооронучтун Кудайы» экенин айткан. Бул Жахаба Кудайдын кайгыга малынгандарды, башына мүшкүл түшкөндөрдү сооротуп, аларга жан дүйнө тынчтыгын берерин билдирет (Оку: 2 Корунттуктар 1:3, 4). Асмандагы Атабыздын күчүн чектей турган эч нерсе жок. Ошондуктан ал аны сүйгөндөрдү сооротуш үчүн, эмне зарыл болсо, ошонун баарын кыла алат. Жахаба Кудай «бизди кандай сооротсо, биз да ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болгон» ишенимдештерибизди ошондой соорото алышыбыз үчүн, «Ал бизди бардык кыйынчылыктарыбызда сооротот». Чынында эле, Жахабадан артык ким соорото алат?!

Кыйынчылыктар менен күрөшүү

6. Кандай себептерден улам сооротууга муктаж болобуз?

6 Жашоодо кездешкен ар кандай жагдайлардан улам сооротууга муктаж болобуз. Айрымдар жакын адамынан, өзгөчө, өмүрлүк жарынан же баласынан айрылгандыктан жубатууга муктаж болушат. Кээ бирөөлөр басынтылып же кордолгондуктан жылуу сөзгө зар болушат. Башкалар ден соолугунун начарлыгынан, карылыктан, жакырчылыктан, үй-бүлөдөгү кыйынчылыктардан же дүйнөдөгү туруксуз абалдан улам бушайман болуп, жан дүйнө бейкуттугуна ээ болууну самашат.

7. а) Башыбызга кыйынчылык түшкөндө кандай жубатууга муктаж болобуз? б) Жахаба «жараланган», «кыйналган» жүрөктү кантип айыктырат?

7 Башыбызга кыйынчылык түшкөндө жүрөгүбүздү, акыл-оюбузду, сезимдерибизди тынчтандыра турган, ден соолугубузга, рухийлигибизге оң таасир эте турган жубатууга муктаж болобуз. Мисалы, жүрөгүбүз жөнүндө ойлонуп көрөлү. Кудай Сөзүндө жүрөгүбүздүн «жараланышы» жана «кыйналышы» мүмкүн экени айтылат (Заб. 50:19, «ЖД»). Бирок Жахабанын бизге жардам бере аларына шек санабасак болот, анткени Ыйык Китепте: «Ал жүрөгү жаралангандарды айыктырат, аларды кайгысынан арылтат»,— делет (Заб. 146:3). Андыктан канчалык оор жагдайга туш болбойлу, Жахабага тиленип, ага толук таянсак жана анын буйруктарын аткарсак, ал жүрөгүбүздү түпөйүл кылган ойлордон арылтат (Оку: 1 Жакан 3:19—22; 5:14, 15).

8. Сарсанаага батпаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

8 Кыйналып-кысталганыбызда биз көбүнчө акыл-оюбузду тынчтандыра турган сооротууга муктаж болобуз. Ошондой учурларда сыноолорду өз күчүбүз менен көтөрүп кетүү кыйын. Андыктан: «Жүрөгүмдө кайгы көбөйгөндө, сооротууларың жанымды жыргатат»,— деп айткан забурчудай болуп, Жахабадан жардам издегенибиз маанилүү (Заб. 93:19). Элчи Пабыл да мындай деп жазган: «Эч нерсеге тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү жана жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт» (Флп. 4:6, 7). Арийне, Ыйык Жазманы окуу жана окугандарыбыз тууралуу ой жүгүртүү сарсанаага батып кетүүдөн сактайт (2 Тим. 3:15—17).

9. Терс сезимдерге алдырбоого бизге эмне жардам берет?

9 Кээде көңүлүбүз чөгүп турганда терс сезимдерге алдырып жиберишибиз мүмкүн. Балким, өзүбүздү жыйналыштагы жоопкерчилигибизди аркалоого же кызматтын кайсы бир түрүн аткарууга жөндөмсүз сезип жаткандырбыз. Мындай жагдайда да Жахаба бизге жардам берип, соорото алат. Мисалы, Жахаба Жашыяга душмандарга каршы согушууга ысрайылдыктарды жетектеп барууну буйруганда, Муса элге: «Бекем, кайраттуу болгула, алардан коркпогула, үрөйүңөрдү учурбагыла, анткени Кудай-Теңириңер Өзү силер менен барат, силерден алыстабайт, силерди таштабайт»,— деп айткан (Мыйз. 31:6). Жахабанын жардамы менен Жашыя бардык душмандарын жеңип, ысрайылдыктарды Убадаланган жерге жетектеп барган. Ага чейин Муса да, ысрайыл элин Кызыл деңизден өткөргөндө, Жахабанын колдоосун сезген (Чыг. 14:13, 14, 29—31).

10. Кыйынчылыктар ден соолугубузга терс таасир этпеши үчүн эмне кылсак болот?

10 Кыйынчылыктар ден соолугубузга терс таасир этиши мүмкүн. Андайда туура тамактануу, жетиштүү эс алуу, көнүгүүлөрдү жасап туруу жана тазалыкты сактоо ден соолукка бир топ пайда алып келет. Ошондой эле келечекке болгон үмүтүбүз жөнүндө ой жүгүртүү чоң жардам берет. Сыноого же оор жагдайга кабылганда Пабылдын ушундай кыйынчылыктарды башынан кечиргенин жана анын: «Биз туш-туштан кысымга алынып жатсак да, жарга такалган жокпуз; эмне кыларыбызды билбей турсак да, үмүт үзгүдөй абалда калган жокпуз. Куугунтукталып жатсак да, оор учурда ташталган жокпуз; кулатылып жатсак да, жок кылынган жокпуз»,— деген сөздөрүн эсибизде бек сактоо бизди жубатат (2 Кор. 4:8, 9).

11. Рухий жактан алсырап жатсак, эмне кылышыбыз керек?

11 Айрым сыноолор рухийлигибизге коркунуч туудурушу мүмкүн. Бирок Жахабанын жардамы менен рухий жактан бекем бойдон кала алабыз. Анын Сөзү бизди: «Теңир жыгылып бараткандарды сүйөйт, кулагандардын баарын тургузат»,— деп ынандырат (Заб. 144:14). Эгер рухий жактан алсырап жатсак, аксакалдардан жардам издешибиз керек (Жкп. 5:14, 15). Ошондой эле ишенимибиз сыналганда түбөлүк өмүргө болгон үмүтүбүз жөнүндө дайыма ой жүгүртүү күч-кубат берет (Жкн. 17:3).

«Сооронучтун Кудайына» кайрылгандар

12. Жахаба Ыбрайымдын көңүлүн кантип тынчыткан?

12 Забурчу рухтун жетеги менен мындай сөздөрдү жазган: «Кулуңа айткан Өз сөзүңдү эсте. Сен ошол сөзүң аркылуу мага үмүт бергенсиң. Ал менин кыйынчылык учурумдагы сооронучум, анткени Сенин сөзүң мени тирилтет» (Заб. 118:49, 50). Бүгүнкү күндө бизде «сооронучтун Кудайына» кайрылгандардын мисалы жазылган Ыйык Китеп бар. Мисалга Ыбрайымды алалы. Ал Жахабанын Содом менен Аморду талкалаарын укканда бушайман болгон. Ыбрайым Кудайга кайрылып: «Кантип эле Сен адил адамды мыйзамсыз менен бирге жок кыласың?» — деген. Жахаба Содом шаарынан 50 адил киши табыла турган болсо, аны талкалабасын айтып, Ыбрайымдын көңүлүн тынчыткан. Бирок Ыбрайым Жахабага кайра кайрылып: «Эгерде элүү адилге бешөө жетпей калса, жетпеген беш адам үчүн Сен бүтүндөй шаарды кыйратасыңбы?» — деп сураган. Ыбрайым Жахабага кишилердин санын 40, 30, 20 кылып азайтып отуруп, акырында: «Мүмкүн, ал жерден ону табылар?» — деп жалбарган. Жахаба ар бир жолкусунда, эгер Содомдон ошончо адам табылса, аны жок кылбасын айтып, Ыбрайымга чыдамдуулук, боорукердик көрсөткөн. Ал шаарда 10 адил киши табылбаса да, Жахаба Лотту кыздары менен аман алып калган (Башт. 18:22—32; 19:15, 16, 26).

13. Анна Жахабага таянарын кантип көрсөткөн?

13 Элкананын аялы Анна балалуу болууну абдан самаган. Бирок ал төрөбөс аял болгондуктан көңүлү чөгүп, кыйналган. Ал жүрөгүн өйүгөн кыйынчылыгы жөнүндө Жахабага айтканда, дин кызматчы Эйли ага: «Ысрайылдын Кудайы сураганыңды берсин»,— деген. Муну укканда Анна сооронуп, «жүзү мурдагыдай капалуу болбой калган» (1 Шем. 1:8, 17, 18). Ал Жахабага бүт жүрөгү менен таянып, баарын анын колуна тапшырган. Суранычы аткарыларын билбесе да Аннанын санаасы тынчып калган. Убакыттын өтүшү менен Жахаба анын тиленүүсүнө жооп берген: ал уул төрөп, атын Шемуел койгон (1 Шем. 1:20).

14. Дөөтү эмне үчүн сооронучка муктаж болгон жана ал кимге кайрылган?

14 «Сооронучтун Кудайына» кайрылгандардын ичинде байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөтү да болгон. Жахаба адамдын жүрөгүндөгүсүн көргөндүктөн, Дөөтүнү Ысрайылдын падышасы кылып дайындаардан мурун анын ак ниет экенин жана чыныгы сыйынууну берилгендик менен колдоорун көргөн (1 Шем. 16:7; 2 Шем. 5:10). Бирок кийинчерээк Дөөтү күнөө кетирген: ал Бат-Шеба менен ойноштук кылып, күнөөсүн жашыруу үчүн анын күйөөсүн өлтүрткөн. Анткен менен олуттуу күнөө кетиргенин түшүнгөндө, Жахабага жалбарып: «Өзүңдүн улуу кайрымдуулугуң боюнча күнөөлөрүмдү өчүрүп сал. Күнөөлөрүмдү тазаргыча жууп, кылмышымдан тазала. Анткени мен күнөөлөрүмдү мойнума алам, кылмышым көз алдымдан кетпейт»,— деп тиленген (Заб. 50:3—5). Дөөтү чын жүрөктөн өкүнгөндүктөн, Жахаба ырайым кылып, аны кечирген. Ошентсе да Дөөтү күнөөсүнүн кесепетин тартпай койгон эмес (2 Шем. 12:9—12). Кайгынын чеңгелине батып жүргөн ошол оор убакта Жахабанын ырайымы аны сооротуп-жубатканы шексиз.

15. Иса өлөр алдында, Жахаба аны кантип жубаткан?

15 Жерде жүргөн кезинде Иса көптөгөн оор сыноолорго кабылган. Кудай анын ишениминин сыналышына жол берген. Мунун аркасында Иса жеткилең киши катары актыгын сактап, дайыма Жахабага таянарын жана анын эгедерлигин жактаарын далилдеген. Чыккынчылыкка, өлүм жазасына дуушар болор алдында ал Жахабага тиленип: «Мен каалагандай эмес, сен каалагандай болсун»,— деген. Ошондо ага бир периште келип, аны бекемдеп-кайраттандырган (Лк. 22:42, 43). Жахаба Кудай ошол учурда Исаны жубатып, ага күч-кубат берген. Иса дал ошондой жардамга муктаж болуп турган.

16. Өлүм менен беттешүүгө туура келсе, эмнеден шектенбесек болот?

16 Кудайга берилгендигибизди сактагыбыз келген үчүн өлүм менен беттешүүгө туура келсе да, Жахаба актыгыбызды сактоого сөзсүз жардам берет. Андан тышкары, тирилүүгө болгон үмүтүбүз да бизди кайраттандырат. «Акыркы душман катары өлүм жок кылынган» күн келгенде, биз кандай гана кубанабыз! (1 Кор. 15:26). Кудайдын көз жумган ишенимдүү кызматчылары жана көзү өтүп кеткен башка адамдар Жахабанын жеткилең эс-тутумунда. Андыктан убагы келгенде алар тирилтилишет (Жкн. 5:28, 29; Элч. 24:15). Жахабанын тирилүүгө болгон убадасына ишеним артуу бизди жубатат жана куугунтукка дуушар болгонубузда үмүт берет.

17. Жакынынан айрылгандарды Жахаба кантип сооротот?

17 Учурда өлүм уйкусу менен уктап жаткан жакын адамдарыбыздын бейкуттук өкүм сүргөн жаңы дүйнөдө тирилтилерин билүү бизди кандай гана сооротуп-жубатат! Ал убакта жүрөктү жаралаган бүгүнкү кайгы-капанын бири да болбойт. Шайтандын дүйнөсү жок кылынганда, аман калган «эбегейсиз көп адамдар» үчүн жер бетине тирилгендерди тосуп алып, аларга Жахабаны таанып-билүүгө жардам берүү кандай гана чоң сыймык болот! (Аян 7:9, 10).

Кудай өз элин «түбөлүктүү колдору» менен коргойт

18, 19. Куугунтукка кабылганда Кудайдын кызматчылары кандай сооронуч алышкан?

18 Муса жүрөк жылыткан ырында ысрайылдыктарды: «Сенин баш паанаң — байыркы Кудай, сени түбөлүктүү колдор коргойт»,— деп ынандырган (Мыйз. 33:27). Кийинчерээк Шемуел пайгамбар Кудайдын элине мындай деген: «Теңирден четтебегиле, Теңирге жан-дилиңер менен кызмат кылгыла... Теңир болсо Өзүнүн улуу ысымы үчүн Өз элин таштабайт» (1 Шем. 12:20—22). Жахабага ишенимдүү кызмат кылсак, ал бизди эч качан таштабайт. Ал бизге кандай жардам керек болуп жатканын билгендиктен, ошол муктаждыгыбызга жараша колдоо көрсөтөт.

19 Ырас, Жахаба Кудай азыркы акыркы оор күндөрдө жашап жаткан кызматчыларын кайраттандырып келет. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн чар тарабындагы көптөгөн ишенимдештерибиз Жахабага кызмат кылганы үчүн куугунтукталып, түрмөгө камалууда. Алардын башынан өткөн окуялардан Жахабанын өз кызматчыларына күч-кубат берип, аларды соороторун билүүгө болот. Мисалы, мурдагы Советтер Союзу учурунда бир ишенимдешибиз Жахабанын Күбөсү болгону үчүн 23 жылга кесилген. Ошентсе да Жахаба аны рухий тамак аркылуу бекемдеп, жубатып турган. Ал: «Ошол жылдардын ичинде мен Жахабага таянууга үйрөндүм жана ал гана күч-кубат берерине ынандым»,— деген (Оку: 1 Петир 5:6, 7).

20. Эмне үчүн Жахаба бизди калтырбай турганына шек санабасак болот?

20 Кандай жагдайга дуушар болбойлу, забурчунун: «Теңир Өзүнүн элинен баш тартпайт»,— деген сөздөрүнөн сооронуч ала алабыз (Заб. 93:14). Өзүбүз кимдир бирөөнүн сооротушуна муктаж болуп турганыбызда да, башкаларды сооротуп-жубата алабыз. Кийинки макалада көңүлү чөгүп, кайгыга баткандарды кантип сооротсок болору каралат.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кандай себептерден улам сооротууга муктаж болобуз?

• Жахаба кызматчыларын кандай жолдор менен сооротот?

• Өлүм менен беттешүүгө туура келсе, эмнеден күмөн санабасак болот?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги кутуча/сүрөт]

Бул нерселерге терс таасир эткен кыйынчылыктар менен күрөшүү

Жүрөк (Заб. 146:3; 1 Жкн. 3:19—22; 5:14, 15).

Акыл-ой (Заб. 93:19; Флп. 4:6, 7).

Сезимдер (Чыг. 14:13, 14; Мыйз. 31:6).

Ден соолук (2 Кор. 4:8, 9).

Рухийлик (Заб. 144:14; Жкп. 5:14, 15).