Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бойдоктукка жана никеге байланыштуу баалуу кеңеш

Бойдоктукка жана никеге байланыштуу баалуу кеңеш

Бойдоктукка жана никеге байланыштуу баалуу кеңеш

«Муну... силерге өзүңөрдү жакшы алып жүрүүгө, эч нерсеге алаксыбай, Мырзабызга дайыма кызмат кылууга түрткү берүү үчүн айтып жатам» (1 КОР. 7:35).

1, 2. Ыйык Китепте бойдоктукка жана үй-бүлө курууга байланыштуу кандай кеңеш берилгенин изилдеп көргөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

БИЗДИ көбүнчө эмне кубанычка бөлөйт? Эмне бизди кайгыртат, сарсанаага салат? Карама-каршы жыныстагы адам менен болгон мамилебиз десек жаңылышпайбыз. Жогоруда айтылгандай сезимдер чулгаганда акыл-эстүүлүк менен иш кылуу үчүн биз Кудайдын жетекчилигине муктажбыз. Бирок биз анын жардамына дагы башка себептерден улам да муктаж болобуз. Мисалы, бойдоктугун баалаган бир тууганга үйүндөгүлөрү же достору үй-бүлө курууга кысым көрсөтүшү мүмкүн. Ал эми башка ишенимдешибиз турмуш кургусу келиши, бирок ылайыктуу жар таппай жүрүшү ыктымал. Дагы бирөө күйөөнүн же аялдын милдеттерин жакшы аткарууга кантип даярдык көрсө болорун билгиси келиши мүмкүн. Андан сырткары, бойдок бир туугандар да, үй-бүлөлүүлөр да жыныстык адеп-ахлактуулукка байланыштуу сыноолорго дуушар болушат.

2 Жогоруда кеп кылынгандар бактыбызга эле эмес, Жахаба Кудай менен болгон мамилебизге да таасир этет. Пабыл Корунттагы ишенимдештерине өздөрүн «жакшы алып жүрүүгө, эч нерсеге алаксыбай, Мырзабызга дайыма кызмат кылууга түрткү берүүнү» каалагандыктан аларга жазган биринчи катынын 7-бөлүмүндө бойдоктукка жана үй-бүлө курууга байланыштуу кеңеш берген (1 Кор. 7:35). Бойдоксуңбу же үй-бүлөлүүсүңбү, анын ушул маанилүү маселелерге карата берген кеңешин карап жатканда канткенде Жахабага көбүрөөк кызмат кыла аларың жөнүндө ойлонуп көр.

Ар ким өзү чече турган олуттуу маселе

3, 4. а) Айрымдар досунун же тууганынын бойдок жүргөнүнө өтө эле тынчсыздангандыктан, кээде кандай кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн? б) Пабылдын кеңеши үй-бүлө курууга тең салмактуу кароого кандайча жардам берет?

3 1-кылымдагы жүйүт элиндей эле, бүгүн да көптөр никени бак-таалайлуу болуунун бирден бир жолу деп эсептешет. Эгер жигит же кыз кайсы бир убакытка чейин бойдок жүрүп калса, айрым достору же туугандары тынчсызданып, ага кеңеш берүүнү туура көрүшөт. Сүйлөшүп отуруп калганда алар «жакшылап издесеңчи», «кичине кыймылдасаңчы» дегендей сөздөрдү айтышы же «баланча мындай экен», «түкүнчө тигиндей экен» деп, кимдир бирөөнүн ылайыктуу жар болорун кыйытып айтышы ыктымал. Атүгүл экөөнү жолуктуруш үчүн атайын бир нерселерди уюштура койгон учурлар да болот. Бирок андайда адам оңтойсуз абалда калышы, көңүлү оорушу же жакын адамы менен болгон мамилеси бузулушу мүмкүн.

4 Пабыл башкаларды бойдок калууга же үй-бүлө курууга эч качан мажбурлаган эмес (1 Кор. 7:7). Ал өзү, аялы жок болсо да, Жахабага кубанычтуу кызмат кылган, бирок ошол эле учурда башкалардын үй-бүлө курууга болгон укугун сыйлаган. Бүгүнкү күндө да Исанын ар бир жолдоочусу бойдок калууну же турмуш курууну өзү чечүүгө укуктуу. Ошондуктан эч ким бирөөнү тигиндей же мындай кыл деп кыйнабашы керек.

Бойдоктугуңдан толук пайда ал

5, 6. Эмне үчүн Пабыл бойдок калууну кеңеш кылган?

5 Белгилей кетчү нерсе, Пабыл корунттуктарга жолдогон катында бойдоктук жөнүндө оң маанайда жазган (Оку: 1 Корунттуктар 7:8). Ал өзү бойдок болсо да, христиан дүйнөсүндөгү так өтүүгө ант берген диний жетекчилерден айырмаланып, үй-бүлө кургандарды басынткан эмес. Ал бойдоктордун көбү жакшы кабар айтуу ишинде артыкчылыктарга ээ экенин баса белгилеген. Алар кандай артыкчылыктарга ээ?

6 Үй-бүлөлүүлөргө караганда бойдок бир туугандардын кызматтын кайсы бир түрүн аткарууга көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, Пабыл өзгөчө кызматка дайындалган, тактап айтканда, «башка элдерге жиберилген элчи» болгон (Рим. 11:13). Элчилер китебинин 13—20-бөлүмдөрүн окуп, анын башка миссионерлер менен бирге улам бир жаңы жерге барып кабар айтып, улам бир жаңы жыйналышты негиздеп жүргөнүн элестетип көр. Ал кызмат кылып жүргөндө көбүбүз кабылбай турган кыйынчылыктарга туш болгон (2 Кор. 11:23—27, 32, 33). Бирок анын көптөргө Исанын шакирти болууга жардам берүүдөн алган кубанычы тарткан кыйынчылыктарынын бардыгын жаап кеткен (1 Тес. 1:2—7, 9; 2:19). Эгер ал үйлөнгөн же бала-бакыралуу болсо, ушунун баарын кыла алат беле? Кыязы, кыла алмак эмес.

7. Бойдоктугун туура пайдаланып, Падышалыктын иштерин алдыга жылдырып жаткан бир туугандар жөнүндө айтып бер.

7 Исанын үй-бүлө кура элек көптөгөн жолдоочулары бойдоктугун туура пайдаланып, Падышалыктын иштерин алдыга жылдырууга көп салым кошуп жатышат. Алсак, Сара менен Лимбания, Боливияда жашаган бойдок пионерлер, Жахабанын Күбөлөрү көп жылдан бери кабар айта элек бир айылга көчүп барып, кызмат кылышкан. Айылда электр энергиясынын жоктугу кыйынчылык туудурганбы? Алар: «Ал жакта радио да, телевизор да жок болгондуктан, адамдар бош убактысында көбүнчө китеп-журнал окушат»,— деп жазышкан. Айылдын кээ бир тургундары ал экөөнө Жахабанын Күбөлөрүнүн мурун чыккан айрым адабияттарын көрсөтүп, аларды дагы эле окуп жүрүшкөнүн айтышкан. Бир туугандарыбыз дээрлик ар бир үйдөн чындыкка кызыккан адамдарды жолуктургандыктан, аймакты толук иштетүүгө көп убакыт кеткен. Жашы өр тартып калган бир аял экөөнө: «Жахабанын Күбөлөрүнүн бизге чейин жеткенине караганда, дүйнөнүн акыры жакындап калган окшойт»,— деген. Айылда жашагандардын айрымдары көп өтпөй жыйналыш жолугушууларына катыша башташкан.

8, 9. а) Эмне үчүн Пабыл бойдок болуу жакшы экенин айткан? б) Исанын бойдок жолдоочулары кандай артыкчылыктарга ээ?

8 Албетте, үй-бүлөлүү бир туугандар да кызмат кылуу оңойго турбаган жерлерде кабар айтууда жакшы натыйжаларга жете алышат. Анткен менен бойдок пионерлер аркалаган кызматтын айрым түрлөрү үй-бүлөлүү же бала-чакалуу бир туугандар үчүн кыйын болушу мүмкүн. Пабыл Корунттагы жыйналыштар жакшы кабар таратууда дагы көп иш аткарышы керектигин билген жана башкалардын да, өзүнө окшоп, кабар айтуудан кубаныч алышын каалаган. Ошондуктан бойдоктордун Жахабага кызмат кылууда жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар экенине көңүл бурган.

9 Кошмо Штаттарда жашаган турмушка чыга элек бир пионер мындай деген: «Айрымдар үй-бүлө курбай бактылуу боло албайсың деп ойлошот. Бирок мен Жахаба менен ынак мамиледе болгон адам чындап бактылуу боло аларын өз көзүм менен көрүп келем. Бойдоктук курмандык болсо да, туура пайдалансаң, ал — теңдешсиз белек». Ошондой эле: «Бойдоктук — бактылуу болууга тоскоолдук кыла турган тосмо эмес, ага жол ачкан көпүрө. Жахабанын бардык адамдарды: бойдокторду да, үй-бүлөлүүлөрдү да бирдей жакшы көрөрүн билем»,— деп кошумчалаган. Азыр ал жарчыларга муктаждык бар жерде кубанычтуу кызмат кылып жатат. Эгер сен бойдок болсоң, эркиндигиңен пайдаланып, башкаларга Кудай жөнүндөгү чындыкты жарыялоого көбүрөөк катыша аласыңбы? Эгер катыша алсаң, бойдоктуктун Жахаба берген баа жеткис белек экенине өз тажрыйбаңдан ынанасың.

Үй-бүлө кургусу келгендер

10, 11. Жахаба үй-бүлө кургусу келген, бирок ылайыктуу жар таба албай жүргөндөрдү кантип колдойт?

10 Жахабага ишенимдүү кызмат кылган айрым бойдок бир туугандар убакыттын өтүшү менен үй-бүлө курууну чечиши мүмкүн. Алар ылайыктуу жар табуу үчүн Жахабанын жетекчилигине муктаж экенин сезгендиктен ага жардам сурап кайрылышат (Оку: 1 Корунттуктар 7:36).

11 Эгер өзүңө окшоп Жахабага жан-жүрөгүн берип кызмат кылган түгөй тапкың келсе, ал тууралуу дайыма Жахабага айт (Флп. 4:6, 7). Канча убакыт күтүүгө туура келбесин, көңүлүңдү чөгөрбө. Мээримдүү Кудайыбыз сенин эмнеге муктаж экениңди жакшы билет. Ошондуктан ага таянсаң, ал сага дем-күч берет (Эвр. 13:6).

12. Кимдир бирөө менен баш кошууга макул болордон мурун эмне үчүн олуттуу ойлонуп көрүү маанилүү?

12 Кээде үй-бүлө кургусу келип жүргөн бир тууганга Жахаба менен болгон мамилесин анча баалабаган же атүгүл ага кызмат кылбаган бирөө сөз айтышы мүмкүн. Балким, сен да ушундай жагдайга туш болгондурсуң. Эгер ошондой болсо, жар тандоодо жаңылып калсаң, кийин жүрөгүң сыздап, түгөй таппай жүргөндөгүдөн да катуу кыйналышың мүмкүн экенин унутпа. Баш кошкон адамың жакшы болобу, жаманбы, аны менен өмүр бою жашашың керек болот (1 Кор. 7:27). Андыктан кийин бармагыңды тиштеп калбаш үчүн эптеп эле бирөө менен баш кошуп алба (Оку: 1 Корунттуктар 7:39).

Үй-бүлөлүк жашоонун ысык-суугуна даяр бол

13—15. Сүйлөшүп жүргөндөр үй-бүлөлүк жашоодо кыйынчылык туудурушу мүмкүн болгон кайсы маселелерди талкуулап алышы керек?

13 Пабыл ишенимдештерин бойдок калууга үндөсө да, үй-бүлө курууну чечкендерди сындаган эмес. Тескерисинче, ал Кудайдын жетеги менен жубайларга жашоонун ысык-суугуна даяр болууга, өмүр бою бирге калууга көмөк кылган кеңеш берген.

14 Сүйлөшүп жүргөндө айрымдарга никеге карата болгон көз карашын өзгөртүш керек болот. Мисалы, алар: «Биздин сүйүүбүз бөтөнчө, мындай сүйүү эч кимде жок, биз сөзсүз бактылуу болобуз»,— деп ойлошу ыктымал. Анан алар ошондой таттуу кыялга мас болуп, эч нерсе бактыбызга балта чаба албайт деген ойдо баш кошуп алышат. Бирок минтип ойлоо турмуш чындыгына шайкеш келбейт. Жубайлардын бири-бирине болгон махабат сезиминин оргуштап турганы жагымдуу дечи, бирок жашоонун ар бир үй-бүлө кабыла турган албуут толкундарына туруштук берүү үчүн бул жетиштүү эмес (Оку: 1 Корунттуктар 7:28) *.

15 Баш кошкондон кийин көптөр маанилүү маселелерге карата жарынын ою өзүнүкүнө төп келбей турганын билгенде аң-таң болот, атүгүл көңүлү чөгөт. Алсак, акчага, эс алууга, каерде жашарына, кайын-журт менен канчалык бат-баттан катташып турарына байланыштуу экөөнүн көз карашы эки башка болуп чыгышы ыктымал. Ошондой эле ар биринин жарынын кыжырына тие турган кыял-жоруктары болот. Сүйлөшүп жүргөндө буларга көп деле маани берилбеши мүмкүн, бирок кийин ушу сыяктуу нерселердин айынан үй-бүлөлүк жашоодо чоң көйгөйлөр туулушу мүмкүн. Андыктан алар жөнүндө баш кошконго чейин сүйлөшүп алуу акылдуулукка жатат.

16. Эмне үчүн жубайлар үй-бүлөлүк жашоодогу кыйынчылыктарды кантип чечерин сүйлөшүп алышы керек?

16 Коломто отун өчүрбөй, бактылуу өмүр сүрүш үчүн жубайлар кыйынчылыктарын бирге чече билиши зарыл. Алар балдарын кантип тарбиялаарына, улгайган ата-энесине кантип кам көрөрүнө байланыштуу бир пикирге келип алганы оң. Үй-бүлөлүк жашоодо кандай кыйынчылыктар болбосун, алар ортосуна жарака кетишине жол бербеши керек. Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуу менен жубайлар көп көйгөйлөрүн чечип, чечилбегендерин көтөрүп, бактылуу жашай алышат (1 Кор. 7:10, 11).

17. Жубайлар эмне үчүн «дүйнөгө байланышкан нерселерди ойлоп» тынчсызданышат?

17 1 Корунттуктар 7:32—34-аяттарда Пабыл жубайлар кезиге турган дагы бир кыйынчылык жөнүндө айткан (Аяттарды оку). Үй-бүлөлүүлөр тамак-аш, кийим-кечек, баш калкалаар жай жана башка ушу сыяктуу «дүйнөгө байланышкан нерселерди ойлоп» тынчсызданышат. Эмне үчүн? Мисалы, үйлөнө элек кезинде эркек бир тууган кызматка өзүн бүт бойдон бере алат. Ал эми үйлөнгөндөн кийин аялынын көңүлүн табыш үчүн убактысын, күчүн ага кам көрүүгө да арнашы керек болот. Турмушка чыккан аял жөнүндө да ушуну айтууга болот. Акылман Кудай Жахаба муну жакшы билет. Ал жубайлардын мурун ага кызмат кылууга арнап жүргөн күчү менен убактысынын кайсы бир бөлүгүн эми нике түйүнүн бекемдөөгө жумшашы керектигин түшүнөт.

18. Баш кошкондон кийин жубайларга эс алууга байланыштуу кандай өзгөрүүлөрдү жасоого туура келиши мүмкүн?

18 Жубайлардын бойдок кезинде эс алууга жана башка иштерге жумшап жүргөн убактысы жөнүндө эмне айтууга болот? Эгер алар мурун Жахаба Кудайга кызмат кылууга арнап жүргөн күчү менен убактысынын кайсы бир бөлүгүн эми бири-бирине кам көрүүгө жумшап жатса, анда башкалар менен эс алууга бойдок кезиндегидей көп убакыт кетирбей, бири-бирине көбүрөөк көңүл бөлгөнү маанилүү эмеспи? Эгер күйөө мурдагыдай эле достору менен чогуу спорт оюндарын ойноп жүрө берсе, аялы кандай сезимде болот? Же аялы курбулары менен көп убакыт өткөрө берсе, жолдошу кандай сезимде болот? Өмүрлүк жары тийиштүү көңүл бурбаган киши жалгызсырашы, өзүн бактысыз, жары сүйбөй калгандай сезиши мүмкүн. Буга жол бербеш үчүн экөө тең бири-бири менен болгон мамилесин чыңдоого бүт күч-аракетин жумшашы керек (Эф. 5:31).

Жахаба адеп-ахлактык жактан таза болууну талап кылат

19, 20. а) Эмне үчүн үй-бүлө куруунун өзү эле адеп-ахлаксыздыктан сактабайт? б) Жубайлар бири-бирин көпкө көрбөй калса, кандай коркунуч туулушу мүмкүн?

19 Жахабанын кызматчылары адеп-ахлактык жактан дайыма таза болууга чечкиндүү. Ошондуктан айрымдар адеп-ахлак нормаларын бузуп албаш үчүн үй-бүлө курууну чечишет. Бирок үй-бүлө куруунун өзү эле бузуктук кылуудан сактайт деп ойлоо жаңылыштык болуп калмак. Мисалы, байыркы убактарда чептүү шаарда жашагандар сыртка чыкпаганда гана коопсуз болушкан. Эгер кимдир бирөө, шаардын тегерегинде каракчылар менен талоончулар жүргөндө, дарбазадан сыртка чыкса, аны өлтүрүп же тоноп кетиши мүмкүн эле. Анын сыңарындай, жубайлар адеп-ахлаксыздыктын тузагына түшпөш үчүн үй-бүлөнүн Негиздөөчүсү Жахабанын жыныстык мамилеге карата койгон чегинен чыкпашы керек.

20 Пабыл 1 Корунттуктар 7:2—5-аяттарда ошол чек жөнүндө айтып өткөн. Күйөөсү менен жыныстык мамиледе болууга аялы гана, ал эми аялы менен жыныстык мамиледе болууга күйөөсү гана укуктуу. Алардын ар бири «жубайлык милдетин» аткарууга, башкача айтканда, жарынын жыныстык мамилеге болгон муктаждыгын канааттандырууга тийиш. Тилекке каршы, айрым жубайлар өргүүгө эки бөлөк чыккандыктан же жумушунан улам бири-бирин көпкө көрбөй калгандыктан «жубайлык милдетин» тийиштүү түрдө аткара албай калышат. Эгер алардын бири өзүн кармай албай, Шайтанга азгырылып, ойноштук кылса, кандай гана өкүнүчтүү болмок! Жахаба үй-бүлөсүнө жакшы кам көргөн, ошол эле учурда никесин тобокелге салбаган күйөөлөргө батасын берет (Заб. 36:25).

Ыйык Китептеги кеңешке кулак кагуунун пайдалары

21. а) Бойдок калууга же үй-бүлө курууга байланыштуу чечим чыгаруу эмне үчүн кыйын? б) 1 Корунттуктар 7-бөлүмдөгү кеңеш эмне үчүн пайдалуу?

21 Бойдок калууга же үй-бүлө курууга байланыштуу чечим чыгаруу — жашоодогу эң кыйын иштердин бири. Адамдардын баары жеткилеңсиз болгондуктан, алардын ортосунда сөзсүз көйгөйлөр пайда болот. Ошондуктан Жахабанын ырайымына, батасына ээ болгондор да, бойдок болобу же үй-бүлөлүүбү, көңүл кайттыктан толугу менен кача албайт. Анткен менен 1 Корунттуктар 7-бөлүмдөгү даанышман кеңешти колдонсоң, көп көйгөйлөрдөн кача аласың жана бойдоксуңбу же үй-бүлөлүүсүңбү, Жахабанын көз алдында «туура кылган» болосуң (Оку: 1 Корунттуктар 7:37, 38). Биздин жашоодогу эң чоң максатыбыз — Жахабага жагуу. Анын батасына ээ болсок, ал убада кылган жаңы дүйнөнү көздөй илгерилеп, анын босогосун аттай алабыз. Ал убакта эркек менен аялдын ортосунда эч кандай кыйынчылык болбойт.

[Шилтеме]

Жооп бере аласыңбы?

• Эмне үчүн эч ким башкаларды үй-бүлө курууга мажбурлабашы керек?

• Бойдок болсоң, убактыңды канткенде туура пайдалана аласың?

• Сүйлөшүп жүргөндөр үй-бүлөлүк жашоонун ысык-суугуна кантип даярдана алышат?

• Эмне үчүн үй-бүлө куруунун өзү эле жыныстык адеп-ахлаксыздыктан сактабайт?

[Изилдөө суроолору]

[14-беттеги сүрөт]

Бойдоктор көп убактысын кызматка арноодон кубаныч алышат

[16-беттеги сүрөт]

Үй-бүлө кургандан кийин кандай өзгөрүүлөрдү жасоого туура келиши мүмкүн?