Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кыйналгандардын бардыгын сооротолу»

«Кыйналгандардын бардыгын сооротолу»

«Кыйналгандардын бардыгын сооротолу»

«Теңир Мени... кыйналгандардын бардыгын сооротууга [жиберди]» (ЫШ 61:1, 2).

1. Иса кыйналгандарга кандай мамиле кылган жана эмне үчүн?

ИСА МАШАЯК: «Менин тамагым — мени жибергендин эркин аткаруу жана ал тапшырган ишти аягына чыгаруу»,— деп айткан (Жкн. 4:34). Жахабадан алган тапшырмасын аткарууда Иса анын кереметтүү сапаттарын, анын ичинде адамдарга болгон зор сүйүүсүн чагылдырган (1 Жкн. 4:7—10). Жахаба бизди сооротуу менен сүйүү көрсөтөт. Муну элчи Пабылдын Жахабанын «ар кандай сооронучтун Кудайы» экенин айтканынан билүүгө болот (2 Кор. 1:3). Иса Машаяк да ошондой сүйүү көрсөтүп, Ышаянын пайгамбарлыгын аткарган (Оку: Ышайа 61:1, 2). Ошондуктан Назареттеги синагогада Ышая пайгамбардын түрмөгүн окуп, андагы сөздөрдүн өзүнө тиешелүү экенин айткан (Лк. 4:16—21). Жерде кызмат кылып жүргөндө Иса кыйналгандарды сүйүү менен сооротуп, бекемдеп-жубаткан.

2, 3. Башкаларды сооротууда эмне үчүн Исаны туурашыбыз керек?

2 Кудайдын бардык кызматчылары кайгыга баткандарды сооротуу менен Иса Машаякты туурашат (1 Кор. 11:1). Элчи Пабыл: «Мындан ары да бири-бириңерди сооротуп, бекемдей бергиле»,— деген (1 Тес. 5:11). Азыр адамдар «өзгөчө оор мезгилде» жашап жаткандыктан да сооронучка муктаж (2 Тим. 3:1). Дүйнөдөгү төбө чачты тик тургузган окуялардан, адамдардын бузулганынан улам алардын зээни кейип, жүрөктөрү жараланууда.

3 Ыйык Китепте азыркы акыркы күндөрдө көптөр «өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, кекирейген, бой көтөргөн, акарат келтирүүчү, ата-энесинин тилин албаган, жакшылыкты билбеген, ишенимсиз, жакындарын сүйбөгөн, эпке-сөзгө келбеген, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген, саткын, өз дегенин бербеген, текебер, Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн» адамдар болору алдын ала айтылган. Мындай терс көрүнүш азыр болуп көрбөгөндөй кулач жаюуда, себеби «карөзгөй, алдамчы адамдар башкаларды адаштырып», барган сайын бузулуп жатышат (2 Тим. 3:2—4, 13).

4. Дүйнөдөгү абал эмне себептен начарлоодо?

4 Дүйнөнүн ушунчалык бузулганы бизди таң калтырбайт, анткени Кудайдын Сөзүндө: «Бүт дүйнө Карөзгөйдүн бийлиги астында жатат»,— деп ачык эле айтылат (1 Жкн. 5:19). «Бүт дүйнө» — саясий, диний, коммерциялык түзүлүштөр, ошондой эле массалык маалымат каражаттары — Шайтан Ибилистин колунда. Ошондуктан анын «бул дүйнөнүн башкаруучусу» жана «кудайы» деп аталганы бекеринен эмес (Жкн. 14:30; 2 Кор. 4:4). Дүйнөдөгү абалдын начарлагандан начарлап баратканына Шайтан себепкер. Себеби ал Жахабанын аны жок кыла турган убактысы жакындап калганын билгендиктен каарын төгүүдө (Аян 12:12). Кудайдын жакында Шайтанды жана анын дүйнөсүн жок кылып, башкарууга Өзү гана укуктуу экенин биротоло далилдей турганын билүү бизди кандай гана сооротот! (Башт. 3-бөл., Аюб 2-бөл.).

Жакшы кабар дүйнө жүзүнө таратылууда

5. Кабар айтуу ишине байланыштуу пайгамбарлык кандайча аткарылууда?

5 Азыркы оор күндөрдө болуп жаткан окуялар менен катар Иса дагы бир пайгамбарлыктын аткарыларын айтып: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деген (Мт. 24:14). Чынында эле, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтуу иши бүт дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 107 000ден ашуун жыйналыштагы 7 500 000ден ашык Жахабанын Күбөсү, учурунда Иса кабар айтып, окуткандай, дүйнөнүн булуң-бурчунда Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жарыялап жатышат (Мт. 4:17). Натыйжада кыйналгандар зор жубатуу алышууда. Акыркы эки жылдын ичинде жалпы жонунан 570 601 киши өзүн Кудайга арнап, Жахабанын Күбөсү катары чөмүлтүлгөн.

6. Жахабанын элинин өсүп жатканы тууралуу эмне десе болот?

6 Учурда Жахабанын Күбөлөрү ыйык китептик адабияттарды 500дөн ашык тилге которуп, таратып жатышат. Бул — кабар айтуу ишинин кеңири таралып жатканынын далили. Мындай жетишкендик адамзат тарыхында болуп көргөн эмес! Шайтан башкарып жаткан дүйнөдө Жахабанын элинин жок болуп кетпегенин, эч нерсеге карабай күбөлөндүрүү ишин улантып, сан жагынан өсүп жатканын керемет деп айтууга болот. Бирок Жахабанын ыйык рухунун жардамысыз жана жетекчилигисиз бул мүмкүн эмес болмок. Кабар айтуу иши бүт дүйнө жүзү боюнча таратылып жатканынын аркасында Жахабанын кызматчылары эле эмес, кыйынчылык тартып мүңкүрөгөн адамдар да чындыкты кабыл алып сооронуч алууда.

Ишенимдештерибизге жөлөк-таяк болуу

7. а) Жахаба азыр бардык кыйынчылыктардан арылтат деп эмне үчүн күтпөшүбүз керек? б) Кыйынчылыктарга, куугунтуктарга туруштук берүү мүмкүн экенин кайдан билебиз?

7 Жамандыкка, азап-кайгыга толгон азыркы дүйнөдө бизди кайгыга салган ар кандай жагдайларга туш болушубуз толук ыктымал. Бирок бул дүйнө түзүлүшү жок болмоюнча, Жахаба Кудай бизди кыйынчылыктардын баарынан арылтат деп күтпөйбүз. Мисалы, куугунтукталганыбызда Жахабага болгон ишенимдүүлүгүбүз жана анын эгедерлигин жактоого болгон чечкиндүүлүгүбүз сыналышы мүмкүн (2 Тим. 3:12). Ошентсе да асмандагы Атабыздын жардамы жана колдоосу менен, Исанын байыркы убактагы Тесалоникадагы майланган жолдоочуларын туурап, бардык кыйынчылыктарга, куугунтуктарга карабай туруктуу болуп, ишенимибизди сактай алабыз (Оку: 2 Тесалоникалыктар 1:3—5).

8. Жахабанын өз кызматчыларын соороторун кайсы ыйык китептик окуялардан биле алабыз?

8 Жахаба кызматчыларын өз учурунда соороторуна шектенбесек болот. Маселен, каардуу Изебел каныша Илияс пайгамбарды өлтүрүүнү көздөгөндө, пайгамбар коркуп качып жөнөгөн, атүгүл Жахабага өлгүсү келип жатканын айткан. Бирок Жахаба Илияс пайгамбарды жемелебестен, сооротуп, пайгамбарлык ишин уланта алышы үчүн күч-кайрат берген (1 Пад. 19:1—21). Жахабанын өз элин колдоорун Исанын биринчи кылымдагы жолдоочулары менен болгон окуядан да көрүүгө болот. Ыйык Китепте ал жөнүндө мындай делет: «Ошол убакта бүт Жүйүт жеринде, Галилеяда жана Самарияда жыйналыш бекемделип, тынч күндөрдү өткөрө баштады». Андан ары ал аяттан: «Жахабадан коркуу менен жашап, ыйык рух аркылуу сооронуч алгандыктан жыйналыш өсүп жатты»,— дегенди окуйбуз (Элч. 9:31). Жахабанын «ыйык рух аркылуу сооронуч» берерин билүү кандай гана бекемдейт!

9. Исаны тууроо бизди кандайча сооротот?

9 Иса Машаяктын жолдоочулары катары биз анын үлгүсүн изилдөө менен жана аны тууроо менен сооронуч алып, сергийбиз. Иса: «Мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле. Мен силерди сергитем. Менин моюнтуругумду алып, менден үйрөнгүлө, анткени мен жумшакмын жана жүрөгүм момун. Ошондо жаныңар сергийт. Себеби менин моюнтуругум ыңгайлуу, жүгүм жеңил»,— деп айткан (Мт. 11:28—30). Исаны туурап, башкаларга жумшактык, боорукердик менен мамиле кылсак, өзүбүз да кубаныч алып, жашоодогу кыйынчылыктарды оңой көтөрөбүз.

10, 11. Сооронуч алыш үчүн кимдерге кайрылсак болот?

10 Жыйналыштагы ишенимдештерибиз аркылуу да сооронуч алсак болот. Аксакалдардын кыйналып жүргөн бир туугандарга кандай жардам бере аларын карап көрөлү. Шакирт Жакыптын катында мындай деп жазылган: «Араңардан кимдир бирөө [рухий жактан] ооруп жатабы? Анда жыйналыштын аксакалдарын чакырсын. Алар... ал үчүн тиленишсин». Мунун натыйжасы кандай болот? Андан ары мындай делет: «Ишеним менен айтылган тиленүү оорулууну айыктырат жана Жахаба аны тургузат. Эгерде күнөө кылган болсо, күнөөсү кечирилет» (Жкп. 5:14, 15). Бирок аксакалдар эле эмес, жыйналыштагы башка бир туугандар да кыйынчылыкка кабылгандарды сооротуп, бекемдей алышат.

11 Маселен, эже-карындаштарга айрым кыйынчылыктары тууралуу бири-бири менен сүйлөшүү оңой. Жаш кыз-келиндер улуураак, тажрыйбалуураак эжелерге кайрыла алышат. Анткени жетилген эжелер жашоодо көптү көргөндүктөн мыкты кеңештерди бере алышат. Алардын боорукердик, сезимталдык, жумшактык менен мамиле кылганы аябай сооротот (Оку: Тит 2:3—5). Албетте, аксакалдар да, башка бир туугандар да «көңүлү чөккөндөрдү сооротууга» умтулушу керек (1 Тес. 5:14, 15). Анткен менен «ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болгондорду» соорото алышыбыз үчүн, Жахаба «бизди бардык кыйынчылыктарыбызда соороторун» эсибизден чыгарбаганыбыз дурус (2 Кор. 1:4).

12. Жыйналыштарды калтырбаганыбыз эмне үчүн маанилүү?

12 Сооронуп, бекемделүү үчүн жыйналыш жолугушууларына катышуу абдан маанилүү. Анткени ал жерден Ыйык Китепке негизделген бекемдээрлик ойлорду угабыз. Жазмадан Жүйүт менен Сыластын «көптөгөн насаат сөздөрү менен биртуугандарды бекемдеп, кубаттаганын» окуйбуз (Элч. 15:32). Ошондой эле жыйналышка чейин жана андан кийин бир туугандар менен пикирлешүүнүн аркасында бекемделип, сооронобуз. Ошон үчүн кыйналган учурларыбызда башкалардан «обочолонбошубуз» керек. Антүү менен кыйынчылыктарыбызды чече албайбыз (Накыл 18:1, «ЖД»). Андан көрө, элчи Пабылдын рухтун жетеги менен жазган төмөнкү сөздөрүнө карманганыбыз дурус: «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү. Кээ бирөөлөр адатка айлантып алгандай, жолугушууларыбызды калтырбайлы, тескерисинче, ал күндүн жакындап келатканын көрүп тургандыктан бири-бирибизди ого бетер бекемдейли» (Эвр. 10:24, 25).

Кудайдын Сөзүнөн сооронуч алуу

13, 14. Жазмадан кандайча сооронуч алсак болот?

13 Исанын чөмүлтүлгөн жолдоочусубузбу же Ыйык Китепти жаңыдан изилдей баштадыкпы, Кудай Сөзүнөн сооронуч ала алабыз. Элчи Пабыл: «Буга чейин жазылгандын баары, туруктуулугубуз жана Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу үмүткө ээ болушубуз үчүн, бизге насаат катары жазылган»,— деген (Рим. 15:4). Чынында эле, Ыйык Жазмадан сооронуч ала алабыз жана «ар тараптуу билимге ээ болуп, ар бир жакшы ишке толугу менен даяр болобуз» (2 Тим. 3:16, 17). Ошондой эле Кудайдын ой-ниети жөнүндө чындыкты билгендиктен, жаркын келечекке үмүттөнгөндүктөн жүрөгүбүз тынч. Ошондуктан, келгиле, жан-дүйнө бейкуттугуна ээ кылган, пайдалуу кеңештерди камтыган Кудай Сөзүн жана ага негизделген адабияттарды терең изилдей берели.

14 Ыйык Жазманы башкаларды насааттоо, бекемдөө үчүн колдонуу жагынан Иса мыкты үлгү калтырган. Мисалы, тирилтилгенден кийин ал Жазманы эки шакиртине түшүндүрүп бергенде, алардын жүрөгү «күйүп-жанган» (Лк. 24:32). Исадан үлгү алып, элчи Пабыл да дайыма «Ыйык Жазманын негизинде... талкуу жүргүзгөн». Анын кабарын уккан бероялыктар «Ыйык Жазманы күн сайын кылдат изилдеп, сөздү өзгөчө ынтызарлык менен кабыл алышкан» (Элч. 17:2, 10, 11). Биз да күнүгө Ыйык Китепти жана азыркы оор убакта сооротуп-жубатыш үчүн, үмүтүбүздү бекемдеш үчүн караштырылган ыйык китептик адабияттарды окуп-изилдегенибиз кандай гана маанилүү!

Башкаларды дагы кантип соорото алабыз?

15, 16. Ишенимдештерибизди кандай жолдор менен бекемдей алабыз?

15 Биз ишенимдештерибизге ар кандай жолдор менен жардам берип, аларды бекемдей алабыз. Алсак, улгайган же ооруп жаткан ишенимдешибизге дүкөнгө барып, зарыл нерселерин алып берсек болот. Айрым бир туугандарга үйүндөгү жумуштарын жасап берүү менен көңүл бурсак болот (Флп. 2:4). Же кайсы бир бир тууганды жакшы сапаттары: кыйынчылыктарды чече билгени, сүйүү, кайраттуулук, ишеним көрсөтүп жатканы үчүн мактасак болот.

16 Кары бир туугандарды сооротуп-жубатыш үчүн үйүнө барып турганыбыз жана башынан өткөргөн окуяларын же Жахабадан алган баталары жөнүндө айтып берип жатканда, кунт коюп укканыбыз маанилүү. Мунун аркасында өзүбүз да бекемделип, кубаныч алабыз. Улгайган ишенимдешибиздикине барганда, балким, аны менен чогуу Ыйык Китепти же ага негизделген адабияттарды окуйттурбуз. Же балким, ошол жумада талкуулана турган «Күзөт мунарасындагы» изилдөө макаласын же жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүндө өтүлө турган адабиятты чогуу изилдейттирбиз. Же алар менен чогуу биздин уюм чыгарган фильмдерди көрөттүрбүз. Андан сырткары, адабияттарыбыздагы кызыктуу окуяларды окуп же айтып берсек болот.

17, 18. Жахаба ага берилгендик менен кызмат кылгандарга сөзсүз колдоо көрсөтөрүнө эмне үчүн ишене алабыз?

17 Эгер кайсы бир ишенимдешибиздин сооронучка муктаж болуп жатканын билсек, ал үчүн тиленип турсак болот (Рим. 15:30; Кол. 4:12). Өзүбүз оор жагдайга туш болгондо жана башкаларды сооротууга умтулганда Дөөтүнүкүндөй ишеним көрсөтүшүбүз зарыл. Ал: «Өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт. Ал адилеттүү адамдын олку-солку болуусуна эч качан жол бербейт»,— деп айткан (Заб. 54:23). Ооба, Жахаба ага берилгендик көрсөткөн кызматчыларына ар убак колдоо көрсөтүп, аларга жөлөк-таяк болот.

18 Кудай байыркы убактагы кызматчыларына: «Мен Өзүм силердин Сооротуучуңар болом»,— деп ынандырган (Ыш. 51:12). Жахаба бүгүн биздин да «Сооротуучубуз» болот жана жан дүйнөсү кыйналып, көңүлү чөккөндөрдү сооротуш үчүн кылган аракеттерибизге сөзсүз батасын берет. Асмандагы жашоого үмүттөнөбүзбү же жер бетиндеги жашоогобу, ар бирибиз Пабылдын майланган ишенимдештерине жазган сөздөрүнөн сооронуч алсак болот. Ал: «Мырзабыз Иса Машаяк жана бизди сүйүп, ырайымы менен бизге түбөлүк сооронуч, кереметтүү үмүт берген Кудай Атабыз силерди сооротсун, ошондой эле ар бир жакшы иште жана сөздө бекем кылсын»,— деп жазган (2 Тес. 2:16, 17).

Эсиңердеби?

• Кыйналгандарга сооронуч берген кабар айтуу иши канчалык кулач жаюуда?

• Башкаларды кандай жолдор менен сооротсок болот?

• Ыйык Китептеги кайсы билдирүүлөр Жахабанын өз элин соороторун далилдеп турат?

[Изилдөө суроолору]

[28-беттеги сүрөт]

Кыйналгандарды сооротууга умтуласыңбы?

[30-беттеги сүрөт]

Жаштар да, карылар да бири-бирин бекемдей алышат