Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Ыйык Китепти окуп жатканда суроо туулса же кыйынчылыкка туш болгондо кеңешке муктаж болсом, эмне кылышым керек?

Накыл сөздөр 2:1—5-аяттарда биз акылмандык менен кыраакылыкты «кенчти издегендей издөөгө» чакырылабыз. Бул Ыйык Китепти окуп жатканда пайда болгон суроолорубузга жооп алуу үчүн жана көйгөйлөрүбүздү чечүүнүн туура жолун табуу үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз керектигин билдирет. Муну кантип кылсак болот?

«Теократиялык кызмат мектебинен пайда алалы» китебинин 33—38-беттеринде «Изилдөөнүн жолдору» деген макала камтылган. Анда «ишенимдүү жана акылдуу кул» камсыз кылган куралдардын жардамы менен кантип изилдөө жүргүзсө болору талкууланат (Мт. 24:45). 36-бетинде «Күзөт мунарасы коомунун адабияттар индексин» (ор.) кантип колдонсо болору жазылган. Индексте темалардын, аяттардын тизмеси берилет. Андыктан кайсы бир темага же аятка байланыштуу суроо туулганда, индекстен ошол теманын негизги сөзү же аяттар жазылган тилкеден керектүү макалаларды таба аласың. Сурооңо жооп издеп жатканда чыдамдуу бол. Катылган «кенчти» издеп жатканыңды жана мунун убакытты, күч-аракетти талап кыларын эсиңен чыгарба.

Албетте, биздин адабияттарда кээ бир темалар же аяттар али талкуулана элек. Же сени кызыктырган аят талкууланган күндө деле, сен ойлогон суроого толук жооп берилбеши мүмкүн. Андан тышкары, Жазмада айрым билдирүүлөр ийне-жибине чейин жазылбагандыктан да суроолор туулушу ыктымал. Андыктан пайда болгон ар бир сурообузга дароо эле жооп таба бербейбиз. Мындай учурларда так жооп алуу мүмкүн эмес болгон суроолор жөнүндө ой толгоп, божомолдоодон качканыбыз оң. Болбосо «Кудайдын ишенимибизди бекемдеш үчүн берген нерселеринин таратылышына өбөлгө түзгөндүн ордуна, изилдөөнү талап кылган суроолор» боюнча талашып-тартыша башташыбыз мүмкүн (1 Тим. 1:4; 2 Тим. 2:23; Тит 3:9). Ошондой эле филиалдар да, башкы башкармалык да адабияттарыбызда талкууланбаган суроолордун ар бирине эле жооп бере бербейт. Ошентсе да Ыйык Китепте бизге жашоодо жетекчилик боло турган жетиштүү маалымат камтылган. Ал эми айрым нерселердин майда-чүйдөсүнө чейин айтылбаганы бизге Ыйык Китептин автору Жахаба Кудайга бекем ишенерибизди көрсөтүүгө шарт түзөт (Кара: «Жахабага жакында» китеби, 185—187-б.).

Эгер жүрөгүңдү өйүгөн маселе боюнча толук изилдөө жүргүзгөндөн кийин деле туура чечим чыгаруу кыйын болуп жатса, эмне кылсаң болот? Рухий жактан жетилген бир тууганга, мисалы, жергиликтүү аксакалдардын бирине кайрылуудан тартынба. Алар Ыйык Китепти жакшы билишет, ошондой эле Кудайдын кызматчысы катары бай тажрыйбага ээ. Сени жана жагдайыңды жакшы билгендиктен алар көйгөйүңдү чечүүгө же туура чечим чыгарууга жардам бере алышат. Бирок баарынан да маанилүүсү, Жахабага тынчсызданган нерселериң жөнүндө төкпөй-чачпай айтып, ыйык руху аркылуу туура ой жүгүртүүгө жардам беришин суранганды унутпа, себеби ал сага акылмандык, кыраакылык берет (Накыл 2:6; Лк. 11:13).