Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Сергек болуу» эмне үчүн абдан маанилүү?

«Сергек болуу» эмне үчүн абдан маанилүү?

«Сергек болуу» эмне үчүн абдан маанилүү?

«СЕНИН катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» (Мт. 24:3). Иса шакирттеринин бул суроосуна жооп берип, айкын-так, байкоого оңой болгон жана башка бир да убакка мүнөздүү болбогон белги жөнүндө айткан. Ал белги Матайдын Инжилинин 24-бөлүмүндө, Марктын Инжилинин 13-бөлүмүндө жана Луканын Инжилинин 21-бөлүмүндө жазылган. Белги жөнүндө айткан соң Иса: «Сергек болгула»,— деп кошумчалаган (Мт. 24:42).

Эгер ал белги ушунчалык айкын болсо, Иса эмне үчүн сергек болууга үндөгөн? Мунун эки себеби болушу мүмкүн. Биринчиден, ар кандай алаксуулардан улам кээ бирөөлөр белгиге көңүл бурбай, рухий жактан алсырап, сергек болбой калышы мүмкүн болчу. Экинчиден, Исанын жолдоочусу ал белгинин жалпы жонунан аткарылып жатканын билгени менен, аны өзү сезип көрбөшү ыктымал эле. Ал «улуу алаамат» жакында болбойт, ошо себептен азырынча «сергек болуунун» зарылдыгы жок деп ойлошу мүмкүн болчу (Мт. 24:21).

«Алар ойлонушкан эмес»

Иса жолдоочуларына Нухтун замандаштары жөнүндө айткан. Нухтун кабар айтканын, чоң кеме курганын жана зордук-зомбулуктун кеңири кулач жайганын байкабай коюу мүмкүн эмес эле. Ошого карабастан ал убакта жашаган адамдардын көбү «ойлонушкан эмес» (Мт. 24:37—39). Бүгүнкү күндө да көптөр ушундай маанай чагылдырууда. Мындай мисалга токтололу. Алсак, ылдамдыкты чектеген белгилер айкын көрүнүп турса да, айдоочулардын көбү аларга көңүл бурбайт. Ошондуктан алар жайыраак айдашы үчүн бийликтегилерге шаардын көчөлөрүнө жасалма өңгүл-дөңгүлдөрдү орнотууга туура келет. Ошо сыяктуу эле, Исанын жолдоочусу акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды көрсөткөн белгини көрүп-билиши, бирок ошого ылайык жашабашы мүмкүн. Батыш Африкада жашаган Ариэль деген өспүрүм кыз менен так ушундай болгон.

Ариэль телевизордон кыздардын гандбол ойногонун көргөндү жакшы көрчү. Анын мектебинде гандбол ойной турган команда уюштурулганда, ал ага аябай кызыгып, оюндун рухийлигине залакасын тийгизиши мүмкүн экенин, сергек болуунун маанилүүлүгүн ойлобой калган. Ариэль командага жазылып, дарбазачы болууга макул болгон. Анан эмне болгон? Ал мындай дейт: «Биздин командадагы кээ бир кыздардын жигиттери баңги зат колдонуп, тамеки тартышчу. Алар мени алардай болбогонум үчүн шылдыңдашчу, мен буга көңүл деле бурчу эмесмин. Бирок оюндун өзү рухийлигимди талкалай баштады. Эси-дартымдын баары эле гандбол болуп калды. Жыйналышта отурсам да, оюм спорт залга саякаттап кетчү. Ал тургай, Исанын жолдоочусуна мүнөздүү сапаттарым жоголо баштады. Мурда гандболду жакшы көргөн үчүн ойносом, эми атаандашып, жеңишке жетиш үчүн эле ойноп калдым. Ошон үчүн күн-түн дебей машыкчумун. Мунун айынан стресс көбөйдү. Гандбол үчүн атүгүл досторум менен болгон мамилемди үздүм.

Бирок бир жолу мени эсиме келтирген бир окуя болду. Бир оюнда биздин командага пенальти белгиленип, бизге каршы ойногон команда штрафтык топ ыргыта турган болду. Мен топту тосуп калышым керек эле. Ошондо өзүм байкабай, Жахабага жардам сурап тиленип жибериптирмин. Ошондон кийин өзүмдүн рухий жактан канчалык алсырап калганымды түшүндүм. Рухийлигимди кайра эмне бекемдеди?

Мен мурда „Жаштардын суроолору. Өмүрүмдү эмнеге арнасам?“ * деген фильмди көргөм. Бирок аны кайрадан жакшылап көңүл коюп көрүүнү чечтим. Анткени мага да, фильмдеги Андредей болуп, чечим чыгаруу кыйын болуп жаткан. Мен фильмдеги аксакалдын Андрени Филипиликтер 3:8ди окуп, ой жүгүртүүгө үндөгөнүнө өзгөчө көңүл бурдум. Бул мага терең таасир этти. Ошондуктан мен гандболду таштадым.

Мунун аркасында кандай өзгөрүү болду? Атаандашуу рухунан жана аны менен коштолгон стресстен арылдым. Өзүмдү кайрадан бактылуу сезип, жыйналыштагы досторум менен ынак болуп калдым. Рухий иштер менен көбүрөөк алек боло баштадым. Жыйналыштарда кунт коюп угуп, алардан кайрадан кубаныч ала баштадым. Кызматым да жакшырды. Азыр мен үзгүлтүксүз көмөкчү пионер болуп кызмат кылам».

Эгер ар кандай алаксуулардан улам рухий жактан сергек болбой баратканыңды байкасаң, Ариэлдей болуп, чечкиндүү кадамдарды жаса. Балким, төмөнкү кеңештерди колдонуп көрөттүрсүң. Фильмде айтылгандай, катылган кенчти табууга жардам берген картага — «Күзөт мунарасы коомунун адабияттар индексине» — кайрыл. Ал жерден акылдуу кеңештерди жана башкалардын азгырыктарды кантип жеңгенин көрсөткөн окуяларды таба аласың. Жакшылап даярдануу жана маанилүү ойлорду белгилөө менен жыйналыштардан толук пайда ал. Айрымдар сахнага жакыныраак отуруу көңүл топтоого жакшы жардам берерин байкашкан. Угуучулардын катышуусу талап кылынганда, талкуунун башында жооп берүүгө аракет кыл. Андан тышкары, Иса айткан белгинин аткарылып жатканын жана «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызды көрсөткөн жаңылыктарга байкоо салуу менен рухий жактан сергек болууга умтул (2 Тим. 3:1—5; 2 Пет. 3:3, 4; Аян 6:1—8).

«Даяр болгула»

Акыркы күндөрдө жашап жатканыбыз бүткүл «дүйнө жүзү боюнча» байкалууда (Мт. 24:7, 14). Миллиондогондор жугуштуу оорулар, ачарчылык же жер титирөөлөр болуп жаткан жана башка пайгамбарлыктар аткарылып жаткан жерде жашашат. Ал эми башкалар салыштырмалуу тынч жерде жашашат. Акыркы күндөрдө боло турган окуяларга кабылып көрбөгөн үчүн эле улуу алаамат жакында келбейт деп жыйынтык чыгаруу туура болот беле? Жок, бул акылдуулукка жатпай калмак.

Мисалы, Исанын «жугуштуу оорулар, ачарчылык» жөнүндө айткандарына көңүл бурсаң (Лк. 21:11). Биринчиден, ал мунун бардык жерде бир учурда, бирдей деңгээлде аткарылат деп айткан эмес. Тескерисинче, алардын «жер-жерлерде» болорун айткан. Андыктан ал пайгамбарлыктар бир учурда бардык жерде аткарылат деп күтпөшүбүз керек. Экинчиден, ачарчылык жөнүндө сөз кылгандан кийин Иса айрым жолдоочуларынын ашыра тоюп алышы мүмкүн экенин айтып: «Өзүңөргө сак болгула: жүрөгүңөрдү ашыра тоюу... ээлеп албасын»,— деп эскерткен (Лк. 21:34). Демек, биз Иса айткан белгинин ар бир бөлүгүн башыман өткөрөм деп ойлобошубуз керек. Анын ордуна, Исанын: «Булардын болуп жатканын көргөнүңөрдө Кудайдын падышалыгынын жакындап калганын билгиле»,— деген сөздөрүнө кулак какканыбыз маанилүү (Лк. 21:31). Биз жашаган жерде акыркы күндөрдүн белгилери айкын аткарылып жатабы же жокпу, азыркы күндөгү маалымат каражаттарынан алардын аткарылып жатканын көрүп-биле алабыз.

Ошондой эле Жахабанын улуу алаамат баштала турган «күндү жана саатты» белгилеп койгонун унутпашыбыз керек (Мт. 24:36). Жер жүзүндө болуп жаткан окуялар ал күндүн белгиленген убактысына таасир этпейт.

Иса бардык жолдоочуларын: «Даяр болгула»,— деп үндөгөн (Мт. 24:44). Биз дайыма даяр болушубуз керек. Бирок бул рухий иштер менен күнүгө эртеден кечке чейин алек болуш керек дегенди билдирбейт. Улуу алаамат башталганда, кимибиз каякта, эмне кылып жаткан болорубузду эч кимибиз билбейбиз. Балким, айрымдарыбыз «талаада» иштеп же үй иштери менен алек болуп жаткан болоттурбуз (Мт. 24:40, 41). Анда даяр экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

Эммануэль менен Викторина жана алардын алты кызы Африкага кирген өлкөлөрдүн биринде жашашат. Ал жер башка жерлерге салыштырмалуу тынч болгондуктан, алар акыркы күндөрдө жашап жатканын аңдабай калышы мүмкүн экенин түшүнүшкөн. Андыктан Жахабанын күнүнө дайыма «даяр болуу» үчүн күн сайын рухий темада талкуу жүргүзүп турууну чечишкен. Эммануэль мындай деп ой бөлүшөт: «Баарыбызга ыңгайлуу убакытты табуу оңойго турган жок. Акыры, эртең мененки алтыдан алты жарымга чейинки убакытты баарыбызга ылайыктуу деп таптык. Күндөлүк аятты карап чыккандан кийин биз жыйналышта ошол жумада талкуулана турган адабияттан бир нече абзац талкуулайбыз». Мындай талкуулар аларга рухий жактан сергек болууга жардам бердиби? Албетте! Эммануэль — жыйналышындагы аксакалдар кеңешинин координатору. Викторина мүмкүнчүлүгү болгон сайын көмөкчү пионер болуп кызмат кылат жана көптөргө чындыкка келүүгө жардам берип келет. Кыздары да рухий жактан жакшы ийгиликтерди кылып жатышат.

Иса бизди: «Байкагыла, сергек болгула»,— деп чакырган (Мр. 13:33). Ар кандай алаксууларга рухий жактан сергек болушуңа тоскоолдук кылышына жол бербе. Ариэлдей болуп, Ыйык Китепке негизделген адабияттардагы жана жыйналыштардагы пайдалуу кеңештерге кулак как. Эммануэлдин үй-бүлөсүнөн үлгү алып, «даяр» жана «сергек болуу» үчүн күнүгө иш-аракет кыл.

[Шилтеме]

^ 8-абз. Жахабанын көз алдында туура иш кылууга умтулган Исанын жаш жолдоочусу жөнүндөгү фильм.

[4-беттеги сүрөт]

Күнүгө рухий темада талкуу жүргүзүү Эммануэлге жана анын үй-бүлөсүнө сергек болууга жардам берет