Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ага-инилерге сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болууга жардам берели

Ага-инилерге сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болууга жардам берели

Ага-инилерге сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болууга жардам берели

«Мыкты үйрөтүлгөн ар бир шакирт устатындай болот» (ЛК. 6:40).

1. Жерде кызмат кылып жүргөн убакта Иса кантип жыйналыштын негизин түзгөн?

ЭЛЧИ ЖАКАН Инжилинин соңунда: «Иса булардан башка дагы көптөгөн иштерди жасаган. Эгер алардын баарын майда-чүйдөсүнө чейин жазып отурса, жазылган түрмөктөр бул дүйнөгө батпай кетмек деп ойлойм»,— деп жазган (Жкн. 21:25). Ооба, Иса жерде аз эле убакыт кызмат кылса да, күжүрмөн эмгектенип, көп нерсени кылган, анын ичинде асманга кеткенден кийин жетекчиликти колго ала турган эркектерди таап, окутуп-үйрөтүп, уюштурган. Ошентип, б.з. 33-жылы асманга кайтып барганга чейин ал өзүнүн жолдоочуларынан турган жыйналыштын негизин түзгөн. Ал бат эле миңдеген жарчылардан турган жыйналышка айланган (Элч. 2:41, 42; 4:4; 6:7).

2, 3. а) Эмне үчүн бүгүнкү күндө жоопкерчиликтерди аркалай турган бир туугандарга болгон муктаждык чоң? б) Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

2 Учурда дүйнө жүзү боюнча 100 000ден ашык жыйналышта Падышалыктын жети миллиондон ашуун жигердүү жарчысы кызмат кылып жатат. Ал жыйналыштарда жетекчиликти колго ала турган эркек бир туугандар, мисалы, аксакалдар аба менен суудай керек. Кызматтын мындай сыймыктуу түрүнө умтулуп жаткандар мактоого татыктуу, себеби алар «жакшы ишти каалап жатышат» (1 Тим. 3:1).

3 Бирок жыйналышта сыймыктуу жоопкерчиликтерди аткарууга адам өзүнөн өзү эле жарактуу болуп калбайт. Билими же жашоодогу тажрыйбасы болсо эле аны бул ишке даяр деп айтууга болбойт. Ан үчүн ал Ыйык Китепте айтылган талаптарга жооп бериши керек. Биринчи кезекте, анын жөндөмдүүлүктөрү же жетишкендиктери эмес, рухий сапаттарга ээ болгону маанилүү. Анда жыйналыштагы ага-инилерге жоопкерчиликтерди аткарууга даяр болууга кантип жардам бере алабыз? «Мыкты үйрөтүлгөн ар бир шакирт устатындай болот»,— деген Иса (Лк. 6:40). Бул макалада Улуу Окутуучу Иса Машаяктын өзүнүн шакирттерин чоң жоопкерчиликтерди аркалоого кантип даярдаганын жана андан эмнеге үйрөнсөк болорун карап чыгабыз.

«Мен силерди досторум деп атадым»

4. Иса шакирттеринин чыныгы досу экенин кантип көрсөткөн?

4 Иса шакирттерин теңине албай койгон эмес, тескерисинче, аларга досторундай мамиле кылган: алар менен чогуу убакыт өткөргөн, аларга ишеним арткан жана Атасынан уккандарынын баарын ачып берген. (Оку: Жакан 15:15.) Ал шакирттеринин: «Сенин катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деген суроосуна жооп бергенде, алардын кандай сүйүнгөнүн элестетсеңер (Мт. 24:3, 4). Ошондой эле Иса жүрөгүнүн түпкүрүндө уялаган ой-сезимдерин жашырган эмес. Мисалы, камакка алынар түнү ал Петирди, Жакыпты, Жаканды алып Гетсемани багына барат. Ал жактан жүрөгү туз куйгандай ачышып, жалындуу тиленет. Исанын эмне деп тиленип жатканын укпаса да, элчилер анын аябай кыйналып жатканын сезишсе керек (Мр. 14:33—38). Андан мурунураак ал үчөөнүн Мырзасынын кубулганына күбө болгондо канчалык бекемделгенин да ойлоп көрсөңөр (Мр. 9:2—8; 2 Пет. 1:16—18). Ооба, Иса менен болгон бекем достугу аларга кийин оор тапшырмаларды аркалап кетүүгө жардам берген.

5. Аксакалдар башкаларга кантип жардам бере алышат?

5 Исага окшоп, бүгүнкү күндөгү жыйналыш аксакалдары да башкалар менен дос болуп, аларга жардам беришет. Алар ишенимдештерине чын дилден көңүл бөлүп, алар менен ысык, тыгыз мамиле өрчүтүүгө аракет кылышат. Аксакалдар купуя маалыматты айтпашы керектигин түшүнүшөт, бирок ошол эле учурда ачык-айрым болууга умтулушат. Алар рухий бир туугандарына ишенишет жана Ыйык Жазмадан билгендери менен бөлүшүшөт. Аксакалдар өздөрүнөн жашыраак кызмат жардамчысын теңине албай койбойт. Тескерисинче, аны Жахабаны сүйгөн жана жыйналыш үчүн көптү кыла турган, бычакка сап болгудай бир тууган катары көрөт.

«Силерге үлгү калтырдым»

6, 7. Иса шакирттерине кандай үлгү калтырган жана ал аларга кандай таасир эткен?

6 Исанын шакирттери рухий нерселерди баалашса да, кээде алардын тек-тамыры, маданияты ой жүгүртүүсүнө таасир эткен (Мт. 19:9, 10; Лк. 9:46—48; Жкн. 4:27). Анткен менен Иса шакирттерин кайра-кайра айыптап, кулагынын кужурун алган эмес, коркуткан да эмес. Ал акылга сыйбаган талаптарды коюп же өзү кылбаганды кылышы керектигин айтып, алардын мойнуна оор жүк арткан эмес. Тескерисинче, аларды өзүнүн үлгүсү менен окутуп-үйрөткөн. (Оку: Жакан 13:15.)

7 Иса шакирттерине кандай үлгү калтырган? (1 Пет. 2:21). Элге көбүрөөк кызмат кыла алышы үчүн жөнөкөй жашаган (Лк. 9:58). Момун болгондуктан адамдарды өз ой-түшүнүгүнүн эмес, Ыйык Жазманын негизинде окуткан (Жкн. 5:19; 17:14, 17). Ага башкалар оңой кайрыла алган. Ал боорукер болгон жана бардык нерсени сүйүү менен кылган (Мт. 19:13—15; Жкн. 15:12). Исанын үлгүсү элчилерине жакшы таасир эткен. Алсак, Жакып ажалдын азуусунан тайманбай, өмүрү кыйылгыча, Кудайга ишенимдүү кызмат кылган (Элч. 12:1, 2). Жакан 60 жылдан ашуун убакыт бою Исанын изи менен жүргөн (Аян 1:1, 2, 9).

8. Аксакалдар жаш бир туугандарга кандай үлгү калтырышат?

8 Жан аябас, момун жана мээримдүү аксакалдар — жаш бир туугандар үчүн сонун үлгү (1 Пет. 5:2, 3). Андан тышкары, ишеними, окутканы, жашоосу жана кызматы менен үлгү көрсөткөн аксакалдар башкалардын алардан үлгү алып жатканын билүүдөн өздөрү да кубаныч алышат (Евр. 13:7).

«Он эки шакиртин жиберип жатып» көрсөтмөлөрдү берген

9. Исанын өзүнүн шакирттерин кабар айтуу ишин аткарууга үйрөткөнүн кайдан билебиз?

9 Эки жылдай ынталуу кызмат кылгандан кийин Иса кабар айтуу ишин кеңейтип, 12 элчисин кабар айтууга жиберген. Бирок алгач аларга көрсөтмөлөрдү берген (Мт. 10:5—14). Миңдеген кишилерди керемет жолу менен тойгузардан мурун ал шакирттерине элди кандайча жайгаштыруу керектигин жана тамакты кантип бөлүштүрүү керектигин айткан (Лк. 9:12—17). Ырас, Иса ачык-айкын, так көрсөтмөлөрдү берүү менен шакирттерин окуткан. Анын ушинтип окутуп-үйрөткөнү жана ыйык рухтун зор таасири элчилерге б.з. 33-жылы башталып, кийин кеңири кулач жайган кабар айтуу ишин уюштурууга бир топ жардам берген.

10, 11. Жаңыдан чындык жолуна түшкөндөргө кандай таалим-тарбия берилет?

10 Эркек киши Ыйык Китепти изилдеп баштаганда эле рухий таалим-тарбия ала баштайт. Балким, алгач ага жакшы окуганды үйрөнүүгө жардам беришибиз зарылдыр. Аны менен изилдеп жүргөн убакта ага башка жолдор менен да көмөк көрсөтө беребиз. Мисалы, ал жыйналыш жолугушууларына дайыма келе баштаганда, Теократиялык кызмат мектебине жазылуу үчүн жана чөмүлтүлбөгөн жарчы болуу үчүн эмне кылышы керектигин айтабыз. Ал эми чөмүлтүлгөндөн кийин, Падышалык залын жакшы абалда күтө билүү жана башка ушу сыяктуу нерселерге байланыштуу көрсөтмөлөрдү беребиз. Убакыттын өтүшү менен бир туугандар ага кызмат жардамчысына коюлган талаптарга жооп берүү үчүн эмне кылуу керектигин түшүндүрүп беришет.

11 Аксакалдар чөмүлтүлгөн эркек бир тууганга тапшырма бергенде аны кантип аткаруу керектигин түшүндүрүп, зарыл көрсөтмөлөрдү беришет жана муну даярдуулук менен кылышат. Ал өзүнөн эмне күтүлөрүн түшүнгүдөй болушу керек. Эгер алган тапшырмасын аткара албай кыйналып жатса, мээримдүү аксакал анын колунан эчтеке келбейт турбайбы деп шашылыш жыйынтык чыгарбайт. Ал ага эмнеге өзгөчө көңүл бурушу керектигин көрсөтүп, эмнени жана кантип кылышы керектигин кайрадан түшүндүрүп берет. Тапшырма алган бир туугандардын кеңештерге кулак кагып, башкаларга кызмат кылуудан кубаныч алып жатканын көрүп аксакалдар сүйүнбөй коюшпайт (Элч. 20:35).

«Кеңешке кулак салган адам акылдуу»

12. Эмне үчүн Исанын кеңештери натыйжалуу болгон?

12 Иса шакирттеринин муктаждыктарына жараша кеңеш берүү менен аларды үйрөткөн. Маселен, Жакып менен Жакан аны кабыл албай койгон самариялыктарды асмандан от түшүрүп, кырып салгысы келгенде, аларды айыптаган (Лк. 9:52—55). Бир жолу алардын энеси Исадан уулдарына Падышалыгында көрүнүктүү орундарды беришин сураганда, ал Жакып менен Жаканга: «Оң жагым менен сол жагыма кимдердин отурарын мен чечпейм. Ал орундарды Атам кимдерге даярдаса, ошолор отурат»,— деген (Мт. 20:20—23). Ооба, Иса дайыма ачык-айкын, пайдалуу жана Кудайдын принциптерине негизделген кеңештерди берип, шакирттерин ошол принциптердин негизинде ой жүгүртүүгө үйрөткөн (Мт. 17:24—27). Ошондой эле жолдоочуларынын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин түшүнгөн жана алардан жеткилеңдикти талап кылган эмес. Ал аларды чындап жакшы көргөндүктөн оңдоп-түзөгөн (Жкн. 13:1).

13, 14. а) Ким кеңешке муктаж? б) Аксакал рухий жактан өспөй жаткан бир тууганга кандай кеңеш бериши мүмкүн? Мисал келтиргиле.

13 Жыйналышта сыймыктуу жоопкерчиликтерге умтулуп жаткан бир туугандардын баары маал-маалы менен Ыйык Жазмага негизделген кеңештерге муктаж болот. «Кеңешке кулак салган адам акылдуу»,— делет Накыл сөздөр 12:15те. Бир жаш бир тууган өзүнүн кемчилик-каталарынан улам Кудайга жакшы кызмат кыла албайм деп ойлоп жүргөнүн, бирок бир аксакалдын кызмат кылыш үчүн жеткилең болуу талап кылынбай турганын түшүндүрүп бергени ага оюн өзгөртүүгө жардам бергенин айткан.

14 Эгер аксакал ага-ининин шектүү жүрүм-туруму ага рухий жактан өсүүгө тоскоолдук кылып жатканын байкаса, демилгени колго алып, аны жумшактык менен оңдогонго аракет кылат (Гал. 6:1). Кээде адамга айрым сапаттарынан улам кеңеш берүү зарыл болушу мүмкүн. Айталы, кайсы бир бир тууган өзүн аяп жаткандай сезилсе, аксакал Исанын Падышалыктын ынталуу жарчысы болгонун жана жолдоочуларына шакирт даярдоо тапшырмасын бергенин айтууну туура көрөттүр (Мт. 28:19, 20; Лк. 8:1). Ал эми кимдир бирөө атак-даңкты жакшы көргөндөй көрүнсө, аксакал ага Исанын шакирттерине көрүнүктүү абалга умтулуу канчалык кооптуу экенин түшүнүүгө жардам бергенин көрсөтүп берсе болот (Лк. 22:24—27). Эгер ага-инибизге башкаларды кечирүү кыйынга турсачы? Мырзасы чоң карызын чийип салса да, бирөөнүн кенедей карызын кечкиси келбей койгон кул жөнүндөгү мисал ага күчтүү таасир этиши ыктымал (Мт. 18:21—35). Кеңеш бериш керек болгондо аксакалдардын аны мүмкүн болушунча эрте бергени дурус. (Оку: Накыл сөздөр 27:9.)

«Машыга бер»

15. Ага-инилерге башкаларга кызмат кылууга үй-бүлөсү кантип жардам бере алат?

15 Ооба, аксакалдар ага-инилерге сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болууга жардам берүүдө демилгени колго алышат, бирок башкалар да аларга бул жагынан көмөк көрсөтө алышат. Мисалы, ага-иниге жоопкерчиликтерге умтулууга үй-бүлөсү жардам бере алат жана жардам бериши керек. Эгер ал аксакал болсо, мээримдүү жубайынын жардамы жана өз кызыкчылыгын ойлобогон балдарынын колдоосу анын жүгүн бир топ жеңилдетет. Жоопкерчиликтерин аркалап кетиши үчүн алардын аны жыйналыштан аябаганы абдан маанилүү. Үй-бүлө башчысы алардын жан аябастыгын көрүп кубанат, башкалар да буга ыраазы болбой койбойт (Накыл 15:20; 31:10, 23).

16. а) Ага-ининин рухий жактан өсүшү негизинен кимден көз каранды? б) Эркек бир тууган канткенде жыйналыштагы сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ боло алат?

16 Башкалар ага-инилерге жоопкерчиликтерге умтулууга жардам бере алышса да, көп нерсе өздөрүнөн көз каранды. (Оку: Галатиялыктар 6:5.) Албетте, жыйналышка жардам берүү үчүн жана толук убакыт кызмат кылуу үчүн сөзсүз эле кызмат жардамчысы же аксакал болуш керек эмес. Анткен менен жыйналышта ошондой сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болгусу келгендер Ыйык Жазмадагы талаптарга жооп бериши кажет (1 Тим. 3:1—13; Тит 1:5—9; 1 Пет. 5:1—3). Демек, эгер бир тууган кызмат жардамчысы же аксакал болуп кызмат кылгысы келсе, бирок дайындала элек болсо, рухий ийгилигин айкын кылышы үчүн кайсы жактардан жакшырышы керектиги жөнүндө ойлонуп көрүшү зарыл. Рухий жактан ийгилик кылуу үчүн ал Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окушу, кылдат өздүк изилдөө өткөрүшү, терең ой жүгүртүшү, чын жүрөктөн тилениши жана кабар айтуу кызматына жигердүү катышышы керек. Ошондо ал Пабылдын Тиметейге берген: «Кудайга берилгендик көрсөтүүгө машыга бер»,— деген кеңешине ылайык иш кылган болот (1 Тим. 4:7).

17, 18. Чөмүлтүлгөн эркек бир тууган тынчсызданып, өзүн жөндөмсүз сезип жатса же жоопкерчиликтерге умтулгусу келбей жатса, эмне кылса болот?

17 Бирок эгер бир тууган тынчсыздангандыктан же өзүн жөндөмсүз сезгендиктен сыймыктуу жоопкерчиликтерге умтулбай жатсачы? Ал Жахаба Кудайдын жана Иса Машаяктын бизге кандай жакшылыктарды кылып жатканы жөнүндө ой жүгүрткөнү абзел. Арийне, Жахаба «жүгүбүздү күн сайын көтөрүп жүрөт» (Заб. 68:19). Ошондуктан асмандагы Атабыз эркек бир тууганга жыйналыштагы жоопкерчиликтерди алууга жардам бере алат. Мындан тышкары, кызмат жардамчысы же аксакал болуп кызмат кылбаган бир тууган Кудайдын элине кам көрө турган ага-инилерге болгон муктаждык абдан чоң экенин эстегени дурус. Ушулар тууралуу ой жүгүртүү ага терс ой-сезимдерин жеңүүгө түрткү бериши мүмкүн. Ошондой эле ал ыйык рух сурап тиленсе болот, анткени анын жемишине тынчтык менен өзүн өзү кармай билүү деген сапаттар кирет. Ал эми ал сапаттар ага тынчсызданбоого, өзүн ишенимдүү сезүүгө жардам берет (Лк. 11:13; Гал. 5:22, 23). Жыйналыштагы жоопкерчиликтерге туура ниет менен умтулгандардын баары Жахабанын алардын аракетине батасын мол берерине бекем ишенсе болот.

18 Чөмүлтүлгөн эркек бир тууган жоопкерчиликтерге умтулгусу келбей жатсачы? Ага эмне жардам берет? Элчи Пабыл: «Кудай, өзүнүн эркине ылайык иш кылышыңар үчүн, силерге каалоо да, күч да берип, иш-аракет кылууга түрткү берет»,— деп жазган (Флп. 2:13). Ооба, башкаларга кызмат кылууга болгон каалоону Жахаба берет жана анын ыйык руху анын эркин аткарууга зарыл күч-кубатка ээ кылат (Флп. 4:13). Мындан тышкары, андай бир туугандын Кудайдан туура иш кылууга жардам беришин да сурап тиленгени абзел (Заб. 25:4, 5).

19. «Жети койчунун», «төрө катары башкарууга сегиз адамдын» тургузулары эмнени билдирет?

19 Жахаба аксакалдардын башкаларды окутуп-үйрөтүүгө жумшаган аракетине батасын берет. Ал жыйналыштагы сыймыктуу жоопкерчиликтерге умтулуп жаткандарды да батасыз калтырбайт. Ыйык Жазмада Кудайдын элинин арасында «жети койчунун», «төрө катары башкарууга сегиз адамдын» тургузулары айтылган. Бул Жахабанын уюмунда жетекчилик кыла турган жөндөмдүү кишилердин жетиштүү санда болорун көрсөтүп турат (Мик. 5:5). Бүгүнкү күндө Жахабаны даңкташ үчүн башкаларга кызмат кылууну каалаган жана жыйналышка кам көрүүгө момундук менен үйрөнүп жаткан эркек бир туугандарыбыздын саны арбын. Бул Жахабанын батасы эмеспи?!

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Иса шакирттерин чоң жоопкерчиликтерди алууга кантип даярдаган?

• Аксакалдар ага-инилерге жоопкерчиликтерди алууга жардам берүү жагынан Исаны кантип туурай алышат?

• Эркек бир тууганга жыйналышка кам көрүүгө үй-бүлөсү кантип жардам бере алат?

• Сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болуу үчүн эркек бир тууган эмне кылса болот?

[Изилдөө суроолору]

[31-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишиге ийгилик кылууга кантип жардам берүүгө болот?

[32-беттеги сүрөт]

Ага-инилер жоопкерчиликтерге умтулуп жатканын кантип көрсөтө алат?