Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азыркы каардуу дүйнөдө «убактылуу тургундарбыз»

Азыркы каардуу дүйнөдө «убактылуу тургундарбыз»

Азыркы каардуу дүйнөдө «убактылуу тургундарбыз»

«Булардын баары ишенимин сактап... өздөрүнүн ал жерде убактылуу жашаган бөтөн жерликтер экенин ачык айтышкан» (ЕВР. 11:13).

1. Иса шакирттеринин бул дүйнөдө өздөрүн кандай алып жүрүшү керектиги жөнүндө эмне деген?

ИСА шакирттери жөнүндө: «Алар... дүйнөдө болушат»,— деп айткан. Бирок андан ары: «Мен дүйнөгө таандык болбогондой эле, алар да дүйнөгө таандык эмес»,— деп кошумчалаган (Жкн. 17:11, 14). Муну менен ал өзүнүн чыныгы жолдоочуларынын Шайтандын дүйнөсүндө өздөрүн кандай алып жүрүшү керектигин айкын көрсөткөн (2 Кор. 4:4). Анын жолдоочулары азыркы каардуу дүйнөдө жашашса да, ага таандык болушмак эмес. Алар бул дүйнөдө «келгиндер жана убактылуу тургундар катары жашашмак» (1 Пет. 2:11).

Алар убактылуу тургундар катары жашашкан

2, 3. Энох, Нух, Ыбрайым жана Саара бул дүйнөдө «убактылуу жашаган бөтөн жерликтер» болгон деп эмне үчүн айта алабыз?

2 Тээ илгертен эле Жахабанын ишенимдүү кызматчылары ыймансыз дүйнөдөгү адамдардан айырмаланып турушкан. Мисалы, Топон сууга чейин жашаган Энох менен Нух «чыныгы Кудайдын жолунда» жүрүшкөн (Башт. 5:22—24; 6:9). Экөө тең Жахабанын Шайтандын дүйнөсүнө чыгарган өкүмдөрүн эр жүрөктүк менен жарыялашкан. (Оку: 2 Петир 2:5; Жүйүт 14, 15.) Ошондуктан Ыйык Китепте Энохтун «Кудайга жаккандыгы», ал эми Нухтун «замандаштарынан айырмаланып... кынтыксыз болгондугу» жазылат (Евр. 11:5; Башт. 6:9).

3 Ыбрайым менен Саара болсо Кудайдын сөзүн эки кылгысы келбегендиктен халдейлердин Ур шаарындагы жылуу ордун суутуп, бөтөн жерде көчүп-конуп жашоонун кыйынчылыктарын көтөрүүгө даяр болушкан (Башт. 11:27, 28; 12:1). Элчи Пабыл бул тууралуу мындай деген: «Ишенимдин аркасында Ыбрайым, Кудай чакырганда, баш ийип, өзү мурастай турган жерди көздөй жөнөгөн. Каякка баратканын билбесе да, ал өз жерин калтырып, жолго чыккан. Ишенимдин аркасында ал убадаланган жерде, бөтөн жерде жүргөндөй, келгин катары жашап, ошол эле убаданын мурасчылары болгон Ыскак жана Жакып менен чатырларда жашаган» (Евр. 11:8, 9). Андан тышкары, Пабыл Жахабанын андай ишенимдүү кызматчылары жөнүндө: «Булардын баары ишенимин сактап өлүшкөн. Убадалардын аткарылышын көрүшпөсө да, алар убадаланган нерселерди алыстан гана көрүп кубанышкан, ошондой эле өздөрүнүн ал жерде убактылуу жашаган бөтөн жерликтер экенин ачык айтышкан»,— деп жазган (Евр. 11:13).

Ысрайылдыктарга берилген эскертүү

4. Ысрайылдыктар өздөрүнө берилген жерге отурукташардан мурун, аларга кандай эскертүү берилген?

4 Ыбрайымдын урпактары, ысрайылдыктар, барган сайын көбөйө берген. Убакыттын өтүшү менен Кудай алардан өзүнчө эл жаратып, аларга мыйзамдар жыйнагын жана жашай турган жер берген (Башт. 48:4; Мыйз. 6:1). Ысрайылдыктар өздөрү жашап жаткан жердин Кожоюну Жахаба экенин эч качан эсинен чыгарбоого тийиш эле (Леб. 25:23). Алар ижарачылар сыяктуу Кожоюндун каалоосун аткарууга милдеттүү болушкан. Андан тышкары, «адам нан менен гана» жашабай турганын эсине бек түйүшү, мал-мүлктүн айынан Жахабаны унутуп калбашы керек болчу (Мыйз. 8:1—3). Ысрайылдыктар өздөрүнө берилген жерге отурукташардан мурун, аларга мындай эскертүү берилген: «Жахаба Кудайың сени ата-бабаларыңа: Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка сага берем деп убада кылган жерге — сен курбаган чоң жана кооз шаарлары, сен жыйнабаган мүлккө толгон үйлөрү, сен казбаган суу сакталуучу чуңкурлары, сен отургузбаган жүзүмзарлары менен зайтун дарактары бар жерге — алып барып, ал жерде тойгончо ичип-жегениңде, сак бол, сени Мисир жеринен, сен кул болуп жүргөн жерден, алып чыккан Жахабаны унутуп койбо» (Мыйз. 6:10—12).

5. Жахаба ысрайыл элин эмне үчүн четке каккан жана кайсы жаңы элди тандап алган?

5 Тилекке каршы, алар Жахаба Кудайдын эскертүүсүн көңүлүнөн чыгарып коюшкан. Ошондуктан Некемиянын күндөрүндө лебилер ысрайыл элинин Убадаланган жерге киргенден кийин эмне кылганын эскерип, уялышкан. Ысрайылдыктар жакшы үйлөрдү, шарабы, тамак-ашы мол жерди ээлеп, «тойгончо ичип-жеп», семиришкен. Алар Кудайга каршы чыгып, анын эскертүү бериш үчүн жиберген пайгамбарларынын көзүн тазалашкан. Ошол себептен Жахаба аларды душмандарынын колуна салып берген. (Оку: Некемия 9:25—27; Ош. 13:6—9.) Ал эми кийинчерээк, Рим бийлигинин тушунда, ишенимсиз жүйүттөр убадаланган Машаякты өлтүргөнгө чейин барышкан! Ошондуктан Жахаба аларды четке кагып, жаңы элди, рухий Ысрайылды, тандап алган (Мт. 21:43; Элч. 7:51, 52; Гал. 6:16).

«Бул дүйнөгө таандык» болушкан эмес

6, 7. а) Исанын өзүнүн шакирттеринин бул дүйнөгө таандык болбошу керектиги жөнүндө айткандарын кантип түшүндүрүп берет элеңер? б) Петирдин сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Исанын жолдоочулары эмне үчүн Шайтандын дүйнөсүнө таандык болбошу керек эле?

6 Макаланын башында кеп кылынгандай, жыйналыштын Башчысы Иса Машаяк жолдоочуларынын Шайтан башкарган дүйнөгө таандык болбой турганын айткан. Жердеги жашоосунун акырында ал шакирттерине: «Эгер бул дүйнөгө таандык болсоңор, дүйнө өзүнүкүн сүймөк. Бирок силер бул дүйнөгө таандык болбогондуктан жана мен силерди дүйнөдөн тандап алгандыктан, дүйнө силерди жек көрөт»,— деген (Жкн. 15:19).

7 Убакыттын өтүшү менен Исанын жолдоочулары Рим бийлигинин карамагындагы көптөгөн жерлерге тарай башташкан. Ошондо алар дүйнөнүн иштерине аралашып, аны менен камыр-жумур болуп кетишкенби? Жок. Каякта жашашпасын, алар Шайтандын дүйнөсүндөгү адамдардан айырмаланып турушкан. Иса Машаяк өлгөндөн 30 жылдай өткөндөн кийин, элчи Петир Рим империясынын чар тарабында жашаган ишенимдештерине: «Бул дүйнөдө келгиндер жана убактылуу тургундар катары жашап жаткан сүйүктүү бир туугандарым, силерди жаныңарга каршы күрөшкөн дененин каалоолорунан качууга үндөйм. Башка элдердин арасында жүрүм-турумуңар мындан ары да үлгүлүү болсун»,— деп жазган (1 Пет. 1:1; 2:11, 12).

8. Бир тарыхчы Исанын алгачкы жолдоочуларынын дүйнөгө таандык болбогонун кандайча сүрөттөгөн?

8 Кеннет Скотт Латуретт деген тарыхчы Исанын Римге караштуу аймактарда жашаган алгачкы жолдоочуларынын чынында эле «келгиндер жана убактылуу тургундар катары жашашканын» ырастап, мындай деген: «Алгачкы үч кылым ичинде Исанын жолдоочуларынын тынымсыз жана көп учурда катуу куугунтукталганы — тарыхтагы белгилүү көрүнүштөрдүн бири... Аларга ар кандай айып коюлган. Бутпарастардын үрп-адаттарына кармануудан баш тарткандыктан Исанын жолдоочулары атеисттер деген атка конушкан. Ошондой эле алар ал жактагылар үчүн көнүмүш болгон нерселердин көбүнөн — ...бутпарастардын иштерине, көз караштарына, адеп-ахлаксыздыкка сугарылган бутпарастык майрамдар менен оюн-зооктордон — оолак болушкандыктан адамзатты жек көргөндөр деп эсептелип, мазакталышкан».

Дүйнөнү толук пайдаланбайбыз

9. Биз, Исанын жолдоочулары, «адамзатты жек көргөндөрдөн» эмес экенибизди кантип көрсөтөбүз?

9 Бүгүнкү күн жөнүндө эмне айтууга болот? «Азыркы каардуу дүйнө түзүлүшүнө» карата биз да Исанын алгачкы жолдоочуларыныкындай көз караштабыз (Гал. 1:4). Ушундан улам көптөр бизди туура эмес түшүнүшөт, атүгүл айрымдары жек көрөт. Бирок биз «адамзатты жек көргөндөрдөн» эмеспиз. Тескерисинче, адамдарды жакшы көргөндүктөн үймө-үй кыдырып, ар бир тургунга «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарды» айтууга бүт күч-аракетибизди жумшайбыз (Мт. 22:39; 24:14). Анткени Жахабанын Иса башкарган өкмөтү жакында жеткилеңсиз адамдардын башкаруусун жок кылып, анын ордуна адилеттик өкүм сүргөн жаңы дүйнөнү орноторуна толук ишенебиз (Дан. 2:44; 2 Пет. 3:13).

10, 11. а) Кандайча биз дүйнөнү кандайдыр бир деңгээлде колдонобуз? б) Исанын рухий жактан сергек жолдоочулары дүйнөнү толук пайдаланбай турганын кантип көрсөтүшөт?

10 Бул дүйнөнүн күнү бүткөнү калганын билгендиктен биз азыр дүйнөгө түп байлап, тамыр жая турган убак эмес экенин түшүнөбүз. Ошондуктан элчи Пабылдын: «Бир туугандар, силерге айтарым, убакыт аз калды. Мындан ары... сатып алгандар сатып албагандардай, дүйнөнү пайдалангандар аны толук пайдаланбагандардай болушсун, анткени бул дүйнөнүн көшөгөсү алмашууда»,— деген сөздөрүнө кулак кагабыз (1 Кор. 7:29—31). Бирок биз дүйнөнү кандайдыр бир деңгээлде колдонобуз. Кандайча? Мисалы, Ыйык Китепке негизделген билимди дүйнө жүзү боюнча жүздөгөн тилдерде таратуу үчүн заманбап технологияны, байланыш каражаттарын колдонобуз. Ошондой эле жашоого зарыл каражат табуу үчүн жумушта иштейбиз, керектүү нерселерди сатып алабыз жана ар кандай тейлөө кызматтарын пайдаланабыз. Анткен менен бул дүйнөнү толук колдонбойбуз, башкача айтканда, дүнүйө-мүлк, жумуш сыяктуу нерселерди жашообузда башкы орунга койбойбуз. (Оку: 1 Тиметей 6:9, 10.)

11 Исанын рухий жактан сергек жолдоочулары жогорку билимге байланыштуу да дүйнөнү толук пайдаланышпайт. Дүйнөдө көптөр жогорку билимди көрүнүктүү абалга, телегейи тегиз жашоого жеткире турган тепкич катары көрүшөт. Бирок биз бул дүйнөдө убактылуу тургундар катары жашап жатабыз жана биздин көздөгөн максаттарыбыз башка. Биз «чоң нерсени көксөбөйбүз» (Жер. 45:5; Рим. 12:16). Анын ордуна, Исанын: «Байкагыла! Ач көздүктүн бардык түрүнөн сак болгула. Анткени адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, колунда болгон мүлкү ага өмүр бере албайт»,— деген эскертүүсүнө ылайык иш кылабыз (Лк. 12:15). Ошондуктан жаш бир туугандарыбыз Жахабага бүт жүрөгү, бүт жаны, бүт күчү менен кызмат кыла алышы үчүн өздөрүнүн негизги муктаждыктарын канааттандырууга гана өбөлгө түзө турган билим алып, рухий максаттарды көздөөгө чакырылышат (Лк. 10:27). Эгер ошентишсе, алар «Кудайдын алдында байый» алышат. (Лк. 12:21; оку: Матай 6:19—21.)

Көр оокаттын айлампасына сорулуп кетпейли

12, 13. Биз Исанын Матай 6:31—33-аяттардагы сөздөрүнө ылайык иш кылгандыктан дүйнөдөгү адамдардан кандайча айырмаланып турабыз?

12 Жахабанын кызматчыларынын материалдык нерселерге болгон көз карашы дүйнөдөгү адамдардыкынан айырмаланып турат. Буга байланыштуу Иса жолдоочуларына мындай деген: «„Эмне жейбиз?“, „эмне ичебиз?“ же „эмне киебиз?“ деп эч качан тынчсызданбагыла. Мунун баарын ойлоп дүйнөнүн адамдары түйшүк тартышат. Ал эми силердин мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет. Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издегиле, ошондо силерге мунун баары берилет» (Мт. 6:31—33). Чынында эле, ишенимдештерибиз Жахабанын асмандагы Атабыз катары аларды зарыл нерселер менен камсыз кыларына өз тажрыйбасынан улам ынанууда.

13 Ыйык Китепте айтылгандай, «такыбаа болуу жана ыраазы болуу — улуу байлык» (1 Тим. 6:6, «Үмүт нуру»). Дүйнөдөгү адамдардын көз карашы буга таптакыр карама-каршы келет. Алсак, баш кошуп жатканда көп жаштар дароо эле баарына: дүр-дүнүйөгө толгон, бардык шарттары бар үйгө, жакшы машинеге, акыркы үлгүдөгү электрондук буюм-тайымдарга ээ болууну каалашат. Ал эми убактылуу тургундар катары жашаган Исанын жолдоочулары каалоолорун тизгиндеп, акыл-эстүүлүк көрсөтүшөт жана даремети жетпеген нерселерге умтулушпайт. Көптөгөн ынталуу ишенимдештерибиздин көбүрөөк убактысын, күчүн Жахабага кызмат кылууга жумшаш үчүн кээ бир материалдык нерселерден баш тартып жатканы мактоого татыктуу. Айрым бир туугандарыбыз пионердик, бейтелдик, кыдыруучулук же миссионердик кызматты аркалап жатышат. Ооба, баарыбыз ишенимдештерибиздин Жахабага бүт жүрөгү менен кылып жаткан кызматын жогору баалайбыз.

14. Исанын себүүчү жөнүндөгү мисалында биз үчүн кандай сабак камтылган?

14 Иса себүүчү жөнүндөгү мисалында «бул дүйнөнүн түйшүгү» менен «алдама байлыктын» жүрөгүбүзгө себилген Кудайдын Сөзүн басып салып, жемишсиз болуп калышыбыз мүмкүн экенин айткан (Мт. 13:22). Азыркы дүйнөдө убактылуу тургундар катары жашаганыбыз андай тузакка түшпөөгө жардам берет. Ошондой эле көзүбүздү «бир эле нерсеге» — Кудайдын Падышалыгына гана — багыттоого жана анын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюуга өбөлгө түзөт (Мт. 6:22).

«Бул дүйнө... жок болот»

15. Элчи Жакандын кайсы сөздөрү дүйнөгө болгон көз карашыбызга жана иш-аракеттерибизге таасир этет?

15 «Бул дүйнөдө келгиндер жана убактылуу тургундар катары жашап жатканыбыздын» негизги себеби биз бул дүйнөнүн саналуу эле күндөрү калганына бекем ишенебиз (1 Пет. 2:11; 2 Пет. 3:7). Бул чыгарган чечимдерибизге, каалоолорубузга, максаттарыбызга таасир этет. Элчи Жакан ишенимдештерин «дүйнөнү да, дүйнөдөгү нерселерди да сүйбөөгө» чакырган, анткени «дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот, ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт» (1 Жкн. 2:15—17).

16. Жахаба тандап алган элдин мүчөсү экенибизди кантип көрсөтөбүз?

16 Жахаба ысрайылдыктарга, эгер анын тилин алышса, башка элдердин арасынан анын «өзгөчө эли» болорун айткан (Чыг. 19:5). Алар Кудайга берилгендигин сактаганда, сыйынуусу, жашоо мүнөзү башка элдердикинен айырмаланып турган. Азыркы убакта да Жахаба Шайтандын дүйнөсүндөгү адамдардан кескин айырмалангандарды өзүнө эл кылып тандап алууда. Ыйык Китеп бизди «кереметтүү үмүттүн ишке ашышын, улуу Кудайдын» жана «бизди мыйзамсыз иштердин баарынан арылтып, тазалап, жакшы иштерди кылууга ынталуу, өзүнө гана таандык өзгөчө эл кылыш үчүн өз өмүрүн берген» «Куткаруучубуз Машаяк Исанын даңк менен ачык көрүнүшүн күтүүгө» үндөйт. Ошондой эле «ыймансыздыкты, дүйнөнүн каалоолорун четке кагууга жана азыркы дүйнөдө акыл-эстүүлүк, адилдик, Кудайга берилгендик көрсөтүп жашоого» чакырат (Тит 2:11—14). Кудайдын ал «өзгөчө эли» Исанын майланган жолдоочуларынан жана аларга колдоо көрсөтүп жаткан миллиондогон «башка койлордон» турат (Жкн. 10:16).

17. Келечекте Исанын майланган жолдоочулары да, башка койлор да азыркы каардуу дүйнөдө убактылуу тургундар катары гана жашаганына эмне үчүн сүйүнүшөт?

17 Майлангандар асманда Машаяк менен бирге падышалык кылууга үмүттөнүшөт. Бул — алардын «кереметтүү үмүтү» (Аян 5:10). Ал эми «башка койлор» жер бетинде түбөлүк жашоого үмүттөнүшөт. Ошол үмүтү ишке ашканда, алар азыркыдай кир дүйнөдө убактылуу тургундар болбой калышат. Ар биринин кооз үйү, мол тамак-ашы болот (Заб. 37:10, 11; Ыш. 25:6; 65:21, 22). Ысрайылдыктардан айырмаланып, алар ошонун баарын «бүт жер жүзүнүн Кудайы» Жахаба берип жатканын эч качан унутушпайт (Ыш. 54:5). Ошол убакта Исанын майланган жолдоочулары да, башка койлор да азыркы каардуу дүйнөдө убактылуу тургундар катары гана жашаганына сүйүнүшөт.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кудайдын байыркы убактагы кызматчылары кандай мааниде убактылуу тургундар болушкан?

• Исанын алгачкы жолдоочулары Шайтандын дүйнөсүндө өздөрүн кандай алып жүрүшкөн?

• Исанын чыныгы жолдоочулары бул дүйнөнү кандайча толук пайдаланышпайт?

• Азыркы каардуу дүйнөдө убактылуу тургундар катары жашаганыбызга эмне үчүн эч качан өкүнбөйбүз?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

Алгачкы шакирттер зордук-зомбулук, адеп-ахлаксыздык камтылган көңүл ачуудан оолак болушкан