Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жеху таза сыйынууну жактаган эр көкүрөк баатыр

Жеху таза сыйынууну жактаган эр көкүрөк баатыр

Жеху таза сыйынууну жактаган эр көкүрөк баатыр

ЖЕХУ таза сыйынууну жактаган эр көкүрөк баатыр болгон. Ал күчү ашып-ташып турган, ыкчам, бет алганынан кайра тартпаган, ынталуу, тайманбас киши эле. Анын биз туурашыбыз керек болгон жакшы сапаттары болгон.

Жеху Жахабадан тапшырма алганда, ысрайыл эли тар жол, тайгак кечүүдө турган эле. Ошол учурда өлкөнү майданда ажал тапкан Ахап падышанын уулу Жорам бийлеп турган. Анын энеси Изабел элди Жахабага эмес, жалган кудай Баалга сыйынууга мажбурлап, Жахабанын пайгамбарларын өлтүрүп, өзүнүн «бузуктугу», «көз байлоочулугу» менен элди ак жолдон тайдырууга бардык күчүн жумшаган (2 Пад. 9:22; 1 Пад. 18:4, 13). Жахаба Ахаптын бүт үйүн, анын ичинде Жорам менен Изабелди кырып жок кылууга өкүм чыгарып, аны ишке ашырууга Жехуну дайындаган.

Ыйык Жазмада Жеху жөнүндө баяндалган эң биринчи билдирүүдө анын Рамот-Гилатта аскер башчылары менен отурганы айтылат. Алар сириялыктар менен салгылашып жаткан. Жеху жогорку даражалуу аскер, атүгүл Ысрайыл аскеринин башчысы болгон көрүнөт. Кудайдын пайгамбары Элиша пайгамбар уулдарынын бирин аны падыша кылып майлап, ага чындыктан четтеген Ахаптын үйүндөгү эркек аттуунун баарын кырып жок кылууга көрсөтмө берүүгө жиберет (2 Пад. 8:28; 9:1—10).

Берки аскер башчылары Жехудан пайгамбар уулунун кандай максат менен келгенин сурашканда, ал айтпай коёт. Бирок алар такып сураганда, Жеху болгонун болгондой айтып берет. Ошондо Жеху менен жанындагы кишилер «Жорамга каршы киши топтой башташат» (2 Пад. 9:11—14). Балким, аскерлердин айрымдары ага чейин эле ичинен падышанын бийлигине жана Изабелдин ыпылас иштерине катуу нааразы болуп, тишин кайрап жүрүшкөндүр. Кандай болбосун, Жеху тапшырмасын кантип ийгиликтүү аткарса болорун кылдат ойлонуштурууга киришет.

Жорам падыша согуш талаасында жарадар болуп, жараатын айыктыруу үчүн Изреилге кайтып барган болчу. Жеху, ойлогон ою ийгиликтүү ишке ашышы үчүн, эмне кылганы жатканы жөнүндө Изреилге бир да сөз жетпеши керектигин билген. Андыктан: «Бул шаардан эч кимди чыгарбагыла, бул тууралуу Изреилге айтып барышпасын»,— дейт (2 Пад. 9:14, 15). Калыбы, ал Жорам падышаны колдогон аскерлердин айрымдары ага каршылык көрсөтөрүн көрө билсе керек. Ошондуктан буга бөгөт коюуга чара көрөт.

«ЧЫМЫН-КУЮН БОЛУП КЕЛАТАТ»

Жеху капысынан барып кол салыш үчүн Рамот-Гилаттан 72 километр алыс жайгашкан Изреилге арабасы менен зымырап жөнөйт. Көздөгөн жерине жакындап калганда, мунаранын үстүндө турган күзөтчү анын «көп кишилер менен келатканын көрөт» (2 Пад. 9:17). Сыягы, Жеху тапшырмасын ойдогудай орундатыш үчүн жанына көп аскер алып алган окшойт.

Арабалардын бирин эр жүрөк Жеху айдап келатканын жүрүшүнөн баамдаган күзөтчү Жорамга: «Ал чымын-куюн болуп келатат»,— деп кыйкырат (2 Пад. 9:20). Эгер Жеху арабаны адатта бат айдаган болсо, анда анын ошондо чаңга илээшпей, канчалык тез келатканын элестетип көрсөң!

Ага биринин артынан бири эки кабарчы жиберилет. Бирок Жеху алардын суроосун жоопсуз калтырып, жүрүшүн уланта берет. Ошондо Жорам падыша менен анын шериктеши Жүйүт падышасы Ахазия майдан арабаларына отуруп, аны тоскону чыгышат. Жорам Жехуну көрөрү менен: «Тынччылыкпы, Жеху?» — деп сурайт. Бирок ал: «Энең Изабел бузуктук кылып жатса, көз байлоочулук кылып жатса, кайдагы тынчтык?!» — дейт. Анын жообунан жамандыкты туйган Жорам качууга далалат кылат. Бирок Жеху көз ирмемде жаасын тартып жиберет. Жебе Жорамдын жүрөгүн тешип өтөт да, ал арабасына жыгылып, мүрт кетет. Ал эми Ахазия качып кетүүгө үлгүрөт. Бирок кийинчерээк Жеху артынан кууп жетип, аны да күм-жам кылат (2 Пад. 9:22—24, 27).

Ахаптын үйүндөгүлөрүнүн ичинен кийинки кезек кайрымы жок кара өзгөй каныша Изабелге келет. Жеху аны бекеринен «каргышка калган» деп атаган эмес. Изреилге жетип, дарбазадан кирип баратканда Жеху анын ак сарайдын терезесинен карап турганын көрөт да, ошол замат ак сарай кызматчыларына: «Алдагыны ыргытып жибергиле!» — деп буйрук берет. Алар бүт Ысрайылды бузган Изабелди терезеден ыргытканда, Жеху аны аттары менен тебелетип кетет. Ошондон кийин ал мыйзамсыз падыша Ахаптын үйүнүн калган мүчөлөрүнүн көзүн тазалоого белсенет (2 Пад. 9:30—34; 10:1—14).

Зордук-зомбулук жөнүндөгү ойдун өзү эле жагымсыз болсо да, байыркы убактарда Жахаба кызматчыларын өзүнүн сот өкүмдөрүн ишке ашыруу үчүн колдонгонун унутпашыбыз керек. Ыйык Китепте: «Ахазиянын Жорамга барып, ошол жактан өлгөнү Кудайдын эрки боюнча болду. Жорамга баргандан кийин, экөө Нимшинин небереси Жехуга жолукканы чыгышты. Жахаба Жехуну Ахаптын үйүн жок кылыш үчүн майлаган эле»,— деп жазылат (2 Жылн. 22:7). Жеху Жорамдын өлүгүн арабадан Наботтун талаасына ыргытууга буйрук берип жатып ушул аркылуу Жахабанын Ахаптан Наботту өлтүргөнү үчүн өч алары жөнүндөгү убадасы орундалганын айткан. Андан тышкары, ал Кудайдын «Изабел өлтүргөн кызматчыларынын» каны үчүн да өч алууга дайындалган болчу (2 Пад. 9:7, 25, 26; 1 Пад. 21:17—19).

Азыркы тапта Жахабанын бир да кызматчысы таза сыйынууга каршы болгондор менен түзмө-түз согушпайт. Себеби Кудай: «Өч меники»,— деп айткан (Евр. 10:30). Анткен менен жыйналышты бузуку адамдардын таасиринен коргош үчүн аксакалдар Жехудай эр жүрөктүк менен иш кылышы керек (1 Кор. 5:9—13). Ошондой эле жыйналыштын бардык мүчөлөрү жыйналыштан чыгарылгандардан оолак болууга чечкиндүү болушу кажет (2 Жкн. 9—11).

ЖАХАБА МЕНЕН АТААНДАШУУГА ЭЧ КИМГЕ ЖОЛ БЕРГЕН ЭМЕС

Жехунун Кудайдын ишенимдүү кызматчысы Жонадапка: «Жүр мени менен, менин Жахаба менен атаандашууга эч кимге жол бербей турганымды көрөсүң»,— деген сөздөрүнөн анын өзүнүн тапшырмасына кандай караганын көрүүгө болот. Жонадап макул болуп, анын арабасына түшүп, аны менен Самарияга жөнөп кетет. Ал жактан Жеху «Баалга табынгандарды жок кылыш үчүн» амал колдонот (2 Пад. 10:15—17, 19).

Ал Баалга арнап «чоң курмандык» чаларын жарыялайт (2 Пад. 10:18, 19). Бир окумуштуу: «Жехунун сөздөрүндө бир нече маани камтылган»,— деген. Ал белгилегендей, Жеху колдонгон сөз «негизинен „курмандык“ дегенди билдирсе да, ал сөз чындыктан четтегендерди „өлтүрүүнү“ да туюнткан». Баалга табынгандардын бирин калтырбай тындым кылууну каалагандыктан Жеху алардын баарын Баалдын ибадатканасына чогултуп, аларга башкалардан айырмалап турган кийим берет. Анан курмандык чалынып жатканда, куралчан 80 кишисине аларды өлтүрүүнү буйрук кылат. Баалдын ибадатканасын болсо кыйратып, дааратканага айландырып, сыйынууга жараксыз кылып салат (2 Пад. 10:20—27).

Жехунун көп кан төккөнү чын. Анткен менен Ыйык Жазмада ал ысрайыл элин уу тырмак Изабел менен анын үй-бүлөсүнүн эзүүсүнөн бошоткон эр көкүрөк киши катары сүрөттөлөт. Ысрайылдын кайсы башчысы болбосун, ушундай эрдикке барыш үчүн кайраттуу, чечкиндүү, жигердүү болууга тийиш эле. Бир ыйык китептик сөздүктө: «Бул абдан оор тапшырма болгон жана ал аны өжөрлүк, кылдаттык менен аткарган. Жумшагыраак бирөө болсо, Ысрайыл жеринен Баалга сыйынууну түп-тамыры менен жок кыла алмак эместир»,— делет.

Бүгүнкү күндө да Исанын жолдоочуларынан айрым жагдайларда Жехунукундай сапаттарды чагылдыруу талап кылынат. Мисалы, Жахабага жакпаган иштерди кылууга азгырык пайда болгондо, эмне кылышыбыз керек? Эр жүрөк болуп, аны дароо чечкиндүү түрдө четке какканыбыз маанилүү. Ошондой эле Жахабага болгон берилгендигибиз сыналганда, «Жахаба менен атаандашууга эч кимге жол бербегенибиз» зарыл.

ЖАХАБАНЫН МЫЙЗАМЫНА БҮТ ЖҮРӨГҮҢ МЕНЕН КАРМАН

Жеху жөнүндөгү билдирүүнүн аягында биз үчүн сабак камтылган. Тилекке каршы, «ал бири Бейтелге, экинчиси Данга коюлган алтын музоолорго табынууну жойгон» эмес (2 Пад. 10:29). Таза сыйынууну ынталуулук менен жактаган киши бурканга табынуучулукка кантип жол берип койгон?

Балким, Ысрайыл падышалыгы Жүйүт падышалыгына көз каранды болбогондуктан, Жеху ал эки падышалыктын дини да ар башка болушу керек деп ойлогон чыгар. Ошондуктан Ысрайылдын мурунку падышаларындай эле, музоого сыйынууну бекем орнотуу менен падышалыктардын биригишине жолтоо кылууга умтулгандыр. Бирок бул Жехунун аны падыша кылып дайындаган Жахабага толук таянбаганын көрсөткөн.

Жахаба Жехуну анын көз алдында «туура иштерди кылганы» үчүн мактаган. Анткен менен ал «Ысрайылдын Кудайы Жахабанын мыйзамына бүт жүрөгү менен карманган» эмес (2 Пад. 10:30, 31). Анын мурунку иштери жөнүндө окуп келатып, ушуга жеткенде таң калышың, атүгүл ичиң тызылдашы мүмкүн. Ошентсе да биз бул окуядан сабак алсак болот. Биз Жахаба менен болгон мамилебизди боло жүргөн нерседей көрбөшүбүз керек. Тескерисинче, күн сайын Ыйык Китепти окуп, окугандарыбыз тууралуу ой жүгүртүп жана Кудайга жалындуу тиленип, ага болгон берилгендигибизди өстүрө беришибиз зарыл. Андыктан Жахабанын мыйзамына бүт жүрөгүбүз менен кармануу үчүн колубуздан келгендин баарын кыла берели (1 Кор. 10:12).

[4-беттеги кутуча]

Жеху дүйнөлүк тарыхта

Негизи, сынчылар көп учурда Ыйык Китептеги каармандардын чынында эле болгонун талашка салып келишет. Андыктан: «Жеху жөнүндө маалымат Ыйык Китептен башка булактарда да кездешеби?» — деген суроо туулат.

Байыркы Ашур документтеринин, бери дегенде, үчөөндө Ысрайылдын ушул падышасынын ысмы кездешет. Алардын биринде Жехунун, же балким, анын бир өкүлүнүн Ашур падышасы Шалманесер ІІІгө таазим кылып, салык төлөп жатканы тартылган. Анда мындай деп да жазылган: «Омринин (Хумри) уулу Жеху төлөгөн (Иауа) салык; мен андан күмүш, алтын, алтын саплу-табак, мойну узун алтын ваза, алтын стакандарды, алтын чакаларды, калай, падыша таягын (жана) жыгачтан жасалган буюмдарды алдым». Жеху чынында «Омринин уулу» болгон эмес. Бирок, кыязы, Ысрайыл падышасы Омринин атагы алыска кеткендиктен жана ал Ысрайылдын борбор калаасы Самарияны кургандыктан, бул сөз айкашы андан кийин бийлик кылган Ысрайылдын падышаларына карата айтылып калган.

Бүгүнкү күндө Ашур падышасынын Жехунун салык төлөгөнү жөнүндө айткандарын тастыктоо мүмкүн эмес. Ошентсе да анын Жехунун ысмын үч жолу колдонгону анык. Муну бир эстелик, Шалманесердин айкели жана Ашур падышаларынын тарыхый жазуулары далилдеп турат. Бул билдирүүлөр Ыйык Китепте айтылган Жехунун тарыхта чындап эле болгонуна толук ишенүүгө негиз берет.