Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын ишине тартуу кылуудан кубаныч аласыңбы?

Кудайдын ишине тартуу кылуудан кубаныч аласыңбы?

Кудайдын ишине тартуу кылуудан кубаныч аласыңбы?

ИСАНЫН Филипидеги алгачкы жолдоочулары таза сыйынууну марттык менен колдошкон. Элчи Пабыл аларга ыйык рухтун жетеги менен жазган катында мындай деген: «Силерди эстеген сайын Кудайыма ыраазычылык билдирем, баарыңар үчүн дайыма жалынам. Мен кубаныч менен жалындуу тиленем, анткени силер жакшы кабарды кабыл алган күндөн тартып ушул убакка чейин анын таратылышына салым кошуп келатасыңар» (Флп. 1:3—5). Ошол шаарда Лидия деген аял жакшы кабарды кабыл алып, үйүндөгүлөрү менен бирге чөмүлтүлгөн жана Пабыл менен анын шериктеринен: «Меникинде жашап тургула»,— деп көптөн-көп өтүнүп, меймандостук көрсөткөн. Пабылдын муну дайыма жылуу сезимдер менен эскергени шексиз (Элч. 16:14, 15).

Филипидеги жыйналыш негизделгенден көп өтпөй, Пабыл ал жерден 160 км ыраак жайгашкан Тесалоника шаарына барып, ал жактагы ишенимдештери менен бир нече жума болгон. Ошол убакыт аралыгында Филипидеги жаңы уюшулган жыйналыштын мүчөлөрү ага эки ирет жардам жөнөтүшкөн (Флп. 4:15, 16). Ал эми андан бир нече жыл өткөндөн кийин, филипиликтер менен Македониядагы башка бир туугандар Иерусалимдеги ишенимдештеринин куугунтукталып, жардамга муктаж болуп жатканын угушкан. Ошондо өздөрү оор сыноого дуушар болуп, «аябай жакыр жашап жатышканына карабай», аларга көмөк көрсөтүүнү чечишкен. Пабыл ал бир туугандардын «колунан келгендин баарын,.. атүгүл ашыгы менен кылышканына күбө» экенин айткан. Андан тышкары: «Алар... өздөрүнүн тартуулары менен... кызмат кылууга мүмкүнчүлүк беришибизди бизден көптөн-көп өтүнүштү»,— деп жазган (2 Кор. 8:1—4; Рим. 15:26).

Уюшулганынан он жылдай өткөндөн кийин деле ал жыйналыштын мүчөлөрү берешендигинен жазган эмес. Алсак, Пабылдын Римде камакта отурганын угушканда, ал жакка жетиш үчүн кургактык жана деңиз аркылуу 1287 км жол жүрүш керек болсо да, ага жардам жеткирүү үчүн Эпафродитти жөнөтүшкөн. Анткени алар, Пабыл түрмөдө отурганына карабай кабар айтып, бир туугандарга дем-күч бере бериши үчүн, анын кем-карчын толуктоону каалашкан (Флп. 1:12—14; 2:25—30; 4:18).

Бүгүнкү күндө да Кудайдын кызматчылары Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине колдоо көрсөтүүнү сыймык деп эсептешет (Мт. 28:19, 20). Алар Падышалыктын ишин алдыга жылдыруу үчүн өздөрүнүн убактысын, күчүн, каражатын сарпташат. Төмөнкү кутучада Кудай тапшырган ошол ишке кандай жолдор менен колдоо көрсөтсө болору көрсөтүлдү.

[22, 23-беттердеги кутуча]

ТАРТУУ КЫЛУУНУН АЙРЫМ ЖОЛДОРУ

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ИШКЕ ЫКТЫЯРДУУ ТАРТУУ КЫЛУУ

Көптөр атайын белгилүү бир суммада акча бөлүп, «Бүткүл дүйнөлүк иш үчүн» деген кутучага салышат.

Жыйналыштар ал кутучага түшкөн ыктыярдуу тартууларды ай сайын Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү филиалына жөнөтүп турушат. Акчалай тартууну түздөн-түз Жахабанын Күбөлөрүнүн Кыргызстандагы филиалына (720080, Бишкек, Бородин көчөсү, 1) же силер жашаган өлкөдөгү филиалга жиберсеңер болот. (Төмөндө көрсөтүлгөн ыктыярдуу тартууларды да Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү филиалына жиберсе болот.) Ошондой эле зер буюмдарын же башка баалуу буюмдарды тартуу кылууга болот. Андайда тартуу менен бирге анын ыктыярдуу тартуу экенин тастыктаган кыскача кат жиберүү зарыл.

ШАРТТУУ ТАРТУУ

Акчалай тартууну, бүткүл дүйнөлүк ишке колдонулушу үчүн, Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмуна ишеним кат аркылуу тапшырууга болот. Бирок тартуу кылган киши суранса, акчасы кайра кайрылып берилет. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алууну кааласаңар, филиалга жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча кат жазгыла же (0312) 34-63-12 номуруна чалгыла.

ТАРТУУ КЫЛУУНУН БАШКА ЖОЛДОРУ

Бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишин колдоонун акчалай тартуу кылуудан башка да жолдору бар. Төмөндө алардын айрымдары көрсөтүлдү.

Керээз кат. Уюмга мүлктү же акча-каражатты мыйзамдуу түрдө бекитилген керээз кат аркылуу мурас катары калтырса болот.

Банк эсептери. Адам, жергиликтүү банктын талаптарына ылайык, банк эсептерин, депозиттик сертификаттарын же жеке пенсия эсептерин Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмуна өткөрүп берсе болот же аларды көзү өтүп кеткенден кийин колдонууга укук бере алат.

Акциялар жана баалуу кагаздар. Акциялардын жана баалуу кагаздардын ээси аларды Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмуна тартуу катары же көзү өткөндөн кийин уюмга өтө тургандай кылып бере алат.

Кыймылсыз мүлк. Сатууга жарактуу кыймылсыз мүлктү тартуу катары берсе болот же көзү тирүү кезинде мүлкүн колдонууга болгон укугу сакталып, көзү өткөндөн кийин уюмга өтө тургандай кылып тартуу кылса болот. Менчик мүлкүңөрдү тартуу катары берүү үчүн документтерди каттатардан мурун филиал менен байланышышыңарды өтүнөбүз.

Ай сайын тартуу кылуу. Ыйык Китепте: «Жахабага баалуу нерселериң менен, бардык жемиштериңдин биринчи түшүмү менен урмат көрсөт»,— деп айтылган (Накыл 3:9). Жумушта иштегендер же жеке ишкерлер ай сайын белгилүү бир суммада акча бөлүп, «Бүткүл дүйнөлүк иш үчүн» деген кутучага салса болот.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Кыргызстандагы же силер жашаган өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына телефон чалсаңар же кат жазсаңар болот.