Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Майып болсом да, түбөлүккө майып бойдон калбайм!»

«Майып болсом да, түбөлүккө майып бойдон калбайм!»

«Майып болсом да, түбөлүккө майып бойдон калбайм!»

Айтып берген: Сара ван дер Монд

Башкалар менден: «Сара, сен дайыма жүзүңөн нур жана жылмайып, жадырап-жайнап жүрөсүң. Мунун сыры эмнеде?» — деп көп сурашат. Мен аларга эң сонун үмүтүм бар экенин, кыскача айтканда: «Азыр майып болсом да, түбөлүккө майып бойдон калбайм!» — деген үмүт менен жашаарымды айтам.

МЕН 1974-жылы Парижде (Франция) төрөлгөм. Апам мени азап-тозок менен төрөгөн. Көп өтпөй догдурлар церебралдык шал оорусу менен ооруй турганымды аныкташкан. Ошол оорумдан улам колу-бутум жакшы иштебейт, ошондой эле башкаларга менин сүйлөгөнүмдү түшүнүү кыйынга турат. Кийинчерээк талма деген дагы бир дарт жабышты, анысы аз келгенсип, бат эле оору жугузуп ала турган болуп калдым.

2 жашымда Австралиядагы Мельбурн шаарына көчүп бардык. Эки жылдан кийин атам апам экөөбүздү таштап кетти. Жаңылбасам, ошол кыйынчылыкка туш болгондо, биринчи жолу Кудайга өзүмдү жакын сезгем. Апам Жахабанын Күбөсү болгондуктан мени дайыма жыйналыш жолугушууларына алып барчу. Ал жактан Кудайдын мени жакшы көрөрүн, мага кам көрөрүн билдим. Муну билгеним жана апамдын мага мээримин төгүп, соороткону, жагдай-шартыбыз өзгөргөнүнө карабай, өзүмдү коопсуз сезүүгө жардам берди.

Апам мага Жахаба Кудайга тиленгенди да үйрөттү. Чынын айтсам, мен үчүн тиленүү сүйлөгөнгө караганда бир топ жеңил экенин байкадым. Анткени тиленгенде айта тургандарымды үн чыгара айтып кыйналбай эле, ичимен айкын-так айта алчумун. Башкаларга сөзүмдү түшүнүү кыйын болсо да, Жахабанын мени, оюмду тилим күрмөлүп жатып араң айтамбы же ичимен айтамбы, толук түшүнөрүн билчүмүн. Бул мени абдан жубатчу (Заб. 65:2).

Кыйынчылыктар менен күрөшүшүм

5 жашымда абалым аябай начарлап кеткендиктен, буттарыма кийгизилген оор ортопедиялык аппараттын жардамысыз баса албай калдым. Аны менен деле ары-бери теңселип араң басчумун. Ал эми 11 жашымда таптакыр баспай калып, мотору бар майыптар коляскасына отурдум. Аны колум менен башкарчумун. Кийинчерээк жадагалса керебетиме чыгып-түшө албай калдым. Ошондуктан коляскага отуруш үчүн көтөрүп-түшүрүүчү электр шайманын колдонуп калдым.

Албетте, майыптыгымдан кээде көңүлүм чөгөт. Бирок ошондой учурларда үй-бүлөбүз жакшы көргөн: «Колуңан келбеген нерселерди ойлоп тынчсызданбай, колуңан келгендерине көңүл топто»,— деген сөздөрдү эстейм. Бул мага ат мингенди, жел кеме менен, кайык менен сүзгөндү, чатырда жашап эс алганды, атүгүл машине айдаганды үйрөнүүгө жардам берди. Искусствого абдан кызыккандыктан сүрөт тартканды, тиккенди, кураганды, сайма сайганды, чоподон аны-мунуларды жасаганды жакшы көрөм.

Мүмкүнчүлүгүм өтө эле чектелүү болгондуктан, Кудайга сыйынууну өз алдымча чече аларыма шектенгендер да болду. Мисалы, 18 жашымда мектептеги бир мугалимим апамдын дининен «кутулуу» үчүн үйдөн кетип калууга үндөп, үй табууга жардам берерин айтты. Бирок мен ага эч качан ишенимимден баш тартпай турганымды жана өз алдынча жашоого даяр болгондо гана үйдөн кетеримди айттым.

Ошол окуядан көп өтпөй чөмүлтүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум. Эки жылдан кийин бир чакан батирге көчүп бардым. Ал үйдө жашаган мага аябай жагат, анткени ал жерде башкаларга көз каранды болбой ээн-эркин жашайм, ошол эле учурда зарыл болгондо башкалар мага жардам берип турат.

Күтүлбөгөн сунуш

Андан кийинки жылдары Жахабага болгон ишенимим дагы башка жолдор менен сыналды. Мисалы, күндөрдүн бир күнүндө чогуу окуган бир жигит (ал да майып болчу) баш кошуп албайлыбы деп сунуш кылганда, дал болуп калдым. Анткен менен анын сунушу адегенде көңүлүмө жага түштү. Себеби, башка кыздардай эле, менин да өмүрлүк жар күткүм келчү. Бирок экөөбүздүн тең майып болгонубуз эле бактылуу жашап кетерибизге кепилдик бермек эмес. Анын үстүнө, ал Жахабага кызмат кылбагандыктан, экөөбүздүн ишенген нерселерибиз, иштерибиз, максаттарыбыз эки башка болчу. Анан кантип бактылуу өмүр сүрө алмак элек? Андан тышкары, мен чындык жолундагы кишиге гана турмушка чыгууга байланыштуу Кудайдын буйругуна баш ийүүгө чечкиндүү болчумун (1 Кор. 7:39). Ошондуктан ал жигитке сунушун кабыл албай турганымды жылуу-жумшак түшүндүрүп бердим.

Ошондой чечим чыгарганым туура болгонуна азыр да күмөн санабайм. Ошондой эле Кудай убада кылган жаңы дүйнөдө бактылуу болорума эч шектенбейм (Заб. 145:16; 2 Пет. 3:13). Ал убакыт келгенге чейин, Жахаба Кудайга болгон берилгендигимди сактоого жана азыркы жагдай-шартыма каниет кылып жашоого чекиндүүмүн.

Мен майыптар коляскасынан секирип түшүп, шамал менен жарышып чуркай турган күндү чыдамсыздык менен күтүп келем. Ошол күн келгенде: «Майып болчумун, бирок эми түбөлүккө айыктым!» — деп жер жаңырта кыйкырам.