Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Иса Машаяктын саат канчада устунга кадалганын так аныктаса болобу?

Мындай суроо туулганынын себеби, Инжилди жазууга катышкан Марк менен элчи Жакандын Исанын өлүмү жөнүндө ыйык рухтун жетеги менен жазган билдирүүлөрүндө карама-каршылык бардай көрүнөт. Марк: «[Жоокерлер] аны үчүнчү саатта устунга кадашкан»,— деп жазган (Мр. 15:25). Ал эми Жакандын жазганына ылайык, Пилат Исаны устунга кадатыш үчүн жүйүттөрдүн колуна салып бергенде, «алтынчы саат чамасы» болгон (Жкн. 19:14—16). Көптөр бири-бирине төп келбегендей көрүнгөн бул билдирүүлөрдү ар башкача чечмелеп келишет. Бирок Ыйык Жазмада бул айырмачылыкты түшүндүрүүгө жетиштүү маалымат камтылбайт. Ошентсе да байыркы убакта адамдардын убакыт-саатты кантип эсептегенин карап чыгуу бул жагынан жардам болору шексиз.

Б.з. 1-кылымында жүйүттөр күндүзгү убакытты 12 саатка бөлүшчү жана ал күндүн чыгышы менен башталчу (Жкн. 11:9). Андыктан «үчүнчү саат» эртең мененки 8—9дарга, ал эми «алтынчы саат» күндүзгү 11—12лерге туура келген. Албетте, жылдын ар кайсы мезгилинде күн ар башка убакытта чыгып, ар башка убакытта батчу. Ошондуктан күндүн узактыгы жыл мезгилине жараша ар кандай болгон. Мындан тышкары, ошол учурда жүйүттөр саатты күнгө карап аныкташкандыктан аны болжолдоп айтышчу. Грек Жазмаларында кайсы бир окуянын үчүнчү, алтынчы же тогузунчу саатта болгону айтылса, көбүнчө бул анын болжол менен ошол убакытта болгонун билдирет (Мт. 20:3, 5; Элч. 10:3, 9, 30). Кайсы бир окуянын качан болгонун тагыраак көрсөтүү маанилүү болгондо гана «жетинчи саат» деген сыяктуу тагыраак убакыт айтылган (Жкн. 4:52).

Исанын жердеги жашоосунун акыркы күнүндө болгон окуялардын убактысы жөнүндө төрт Инжилде жазылган билдирүүлөр бири-бирине дал келет. Алсак, төртөөндө тең дин кызматчылар менен эл аксакалдарынын таң атканда чогулушканы, анан Исаны Рим башкаруучусу Понтий Пилатка алып барышканы айтылат (Мт. 27:1; Мр. 15:1; Лк. 22:66; Жкн. 18:28). Ошондой эле Матай, Марк, Лука — үчөө тең алтынчы саатта Исанын устунга кадалып турганын жана ал жерди алтынчы сааттан «тогузунчу саатка чейин» караңгылык каптап турганын жазышкан (Мт. 27:45, 46; Мр. 15:33, 34; Лк. 23:44).

Исанын качан устунга кадалганын эсептөөгө дагы бир маанилүү нерсе таасир этиши мүмкүн экенин эске алуу керек. Мурун уруп-сабоо устунга кадоонун бир бөлүгү катары каралган. Кээде аябай катуу сабалгандыктан жазаланып жаткан киши ошол жерден эле жан берчү. Исанын жаза устунун орто жолдон башка бирөөгө көтөртүүгө туура келгенине караганда, аны да катуу сабашса керек (Лк. 23:26; Жкн. 19:17). Эгер уруп-сабоо устунга кадоонун башталышы катары эсептелген болсо, анда Иса жаза устунуна кадалганга чейин бир нече убакыт өтмөк. Демек, устунга кадоонун кайсы баскычын баса белгилегиси келгенине жараша ар ким устунга кадоону ар башка убакта башталды деп эсептеши мүмкүн.

Элчи Жакан өзүнүн Инжилин башка Инжилдер жазылгандан ондогон жылдар өткөндөн кийин жазган. Ошондуктан ал аларды окуй алган. Ырас, Исанын саат канчада устунга кадалганына байланыштуу элчи Жакан менен Марктын жазгандары бири-бириникинен айырмаланат. Бирок бул Жакандын Марктын жазгандарын жөн эле көчүрүп койбогонун далилдеп турат. Жакан да, Марк да өзүнүн Инжилин Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазган. Ыйык Жазмада жогоруда айтылган айырмачылыкты түшүндүрүүгө жетиштүү маалымат камтылбаса да, биз Инжилдеги билдирүүлөргө толук ишенсек болот.