Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эркектерге кабар айтып, рухий жактан өсүүгө жардам берели

Эркектерге кабар айтып, рухий жактан өсүүгө жардам берели

Эркектерге кабар айтып, рухий жактан өсүүгө жардам берели

«Мындан ары сен адам уулоочу болосуң» (ЛК. 5:10).

1, 2. а) Исанын кабарына эркектер кандай жооп кайтарган? б) Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

ИСА менен анын шакирттери бүт Галилеяны аралап, кабар айтып жүрүп, бир аз эс алып алыш үчүн ээн жерге сүзүп жөнөшөт. Бирок эл аларды ээрчип алат. Ал жакка барган «эркектердин саны... 5000 эле» (Мр. 6:44). Дагы бир жолу Исага ооруларынан айыгыш үчүн жана анын сөздөрүн угуш үчүн калың эл: аялдар, кичинекей балдар жана 4000дей эркек барат (Мт. 15:38). Мындан көрүнүп тургандай, анын сөздөрүн чын көңүлдөн уккан адамдардын арасында көп эркектер болгон. Иса болочокто дагы далай кишилердин чындыкты кабыл аларын билген. Ошондуктан кереметтүү түрдө шакирттерине торлору толо балык кармап бергенден кийин Шымонго: «Мындан ары сен адам уулоочу болосуң»,— деген (Лк. 5:10). Ооба, анын шакирттери адамзат деңизине тор салып, көптөрдү, анын ичинде көп эркектерди кармашмак.

2 Бүгүнкү күндө да эркектер биз жарыялаган кабарга кулак төшөп, аны кабыл алып жатышат (Мт. 5:3). Анткен менен көптөрү олку-солку болуп, рухий жактан өспөй калышат. Аларга кантип жардам берсек болот? Иса эркектерге өзгөчө жол менен кабар айтпаса да, аларды түйшөлткөн айрым кыйынчылыктарга көңүл бурган. Бул макалада биз анын эркектерге кантип жардам бергенин жана андан кандай үлгү алсак болорун талкуулайбыз. Тактап айтканда, алар 1) акча маселесин ойлоп тынчсызданса, 2) эл эмне дейт деп корксо жана 3) өзүн жөндөмсүз сезсе, кантип жардам берсек болорун карап чыгабыз.

Акча маселесин ойлоп тынчсызданса...

3, 4. а) Көп эркектерди эмне түйшөлтөт? б) Эмне үчүн айрым эркектер акча табууну рухий нерселерден жогору коюшат?

3 Бир жолу китепчилердин бири Исага: «Устат, сен каякка барсаң, мен да ошол жакка барам»,— деген. Бирок Иса: «Адам Уулунун баш калкалаар жайы жок»,— деп айтканда, анын ою өзгөрө түшкөн. Ыйык Китептин эч жеринде анын Машаяктын жолдоочусу болгону айтылбаганына караганда, каяктан тамак жеп, каякка баш калкалаары айкын болбогондугу ага жага берген эмес көрүнөт (Мт. 8:19, 20).

4 Эркектер көбүнчө акчаны, жумушту рухий нерселерден жогору коюшат. Алардын көбү үчүн жогорку билим, маянасы жакшы, туруктуу жумуш — эң маанилүү нерселердин бири. Алар акча табууну Ыйык Жазманы изилдеп, Кудай менен ынак мамиле түзүүгө караганда алда канча зарыл жана пайдалуу деп эсептешет. Ошондуктан Ыйык Китепте айтылгандар жакса да, «бул дүйнөнүн түйшүгү, алдама байлык» алардын кызыгуусун басып салышы ыктымал (Мр. 4:18, 19). Келгиле, азыр Исанын өзүнүн шакирттерине эмне маанилүүрөөк экенин түшүнүүгө кантип жардам бергенин карап көрөлү.

5, 6. Андреске, Петирге, Жакыпка жана Жаканга кайсы иш баарынан маанилүү экенин түшүнүүгө эмне жардам берген?

5 Андрес менен анын бир тууганы Шымон Петир балыкчы болгон. Жакып менен Жакан да атасы Зебедей менен бирге балык уулап иштешкен. Жалдаган жумушчулары болгонуна караганда, алардын иши жакшы жүргөн (Мр. 1:16—20). Жакан менен Андрес Чөмүлдүрүүчү Жакандан Иса жөнүндө биринчи жолу укканда Машаякты тапканын түшүнүшкөн. Ошондо Андрес бул тууралуу бир тууганы Шымон Петирге айтып барган. Жакан да бир тууганы Жакыпка кабарласа керек (Жкн. 1:29, 35—41). Андан кийин Иса бир нече ай бою Галилеяны, Жүйүт аймагын, Самарияны кыдырып, жакшы кабарды жарыялаганда, төртөө тең аны коштоп жүргөн. Бирок андан соң алар кайрадан балык уулоо ишине киришишкен. Себеби алар рухий чындыктарга кызыкса да, кабар айтуу кызматы алардын жашоосунда биринчи орунду ээлеген эмес.

6 Бир канча убакыттан кийин Иса Петир менен Андрести анын артынан ээрчип, «адам уулоочу болууга» чакырган. Алар буга кандай жооп кайтарышкан? «Ошол замат торлорун таштап, анын артынан жөнөшкөн». Жакып менен Жакан да «ошол замат... кайыкты, атасын калтырып, анын артынан жөнөшкөн» (Мт. 4:18—22). Төртөөнө толук убакыт кызмат кыла баштоого эмне түрткү берген? Алар сезимге алдырып, ойлонбой эле чечим чыгарып коюшканбы? Жок. Анткени алар ага чейин бир нече ай бою Исаны угушкан, анын кереметтерди кылганына, адилдикти ынталуулук менен жактаганына жана кабар айтуу ишинин сонун натыйжа берип жатканына күбө болушкан. Мунун аркасында алардын Жахабага болгон ишеними бекемделип, ага көбүрөөк таяна башташкан.

7. Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга Жахабанын өз элине кам көрөрүнө бекем ишенүүгө кантип жардам бере алабыз?

7 Канткенде биз да, Исаны туурап, Ыйык Китепти изилдеп жаткандарды Жахабага таянууга үйрөтө алабыз? (Накыл 3:5, 6). Бул жерде кандай окутканыбыз маанилүү роль ойнойт. Окутуп жатканда Кудайдын Падышалыкты биринчи орунга койгондорго батасын мол берерин убадалаганын баса белгилесек болот. (Оку: Малаки 3:10; Матай 6:33.) Андан тышкары, Жахабанын өз элине кантип кам көрүп келгенин көрсөтүү үчүн Ыйык Китептеги аяттарды колдонгонубуз жакшы. Бирок өзүбүздүн үлгүбүз да маанилүү экенин унутпайлы. Башыбыздан өткөндөрдү айтып бергенибиз Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишиге Жахабага таянууга чоң жардам бериши мүмкүн. Ошондой эле адабияттарыбызда жазылган бекемдээрлик окуялар менен бөлүшүүнүн да пайдасы зор *.

8. а) Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишинин Жахабанын канчалык жакшы экенин татып көргөнү эмне үчүн маанилүү? б) Изилдеп жаткан кишиге Жахабанын жакшылыгын аябаган Кудай экенин көрүүгө кантип жардам бере алабыз?

8 Күчтүү ишеним өрчүтүү үчүн башкалардын Жахабадан кандай бата алганы жөнүндө окуп же угуп коюу жетишсиз. Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши Жахабанын жакшылыгын аябаган Кудай экенин өзү да татып көрүшү керек. Забурчу: «Татып көргүлө, ошондо Жахабанын канчалык жакшы экенин билесиңер, аны баш маана кылган адам бактылуу»,— деп ырдаган (Заб. 34:8). Изилдеп жаткан кишиге Жахабанын ошондой Кудай экенин көрүүгө кантип жардам бере алабыз? Мисалы, ал акча маселесин ойлоп тынчсыздангандан тышкары, тамеки чегүү, кумар ойноо же ичимдикти көп ичүү сыяктуу жаман адаты менен күрөшүп жүрөт дейли (Накыл 23:20, 21; 2 Кор. 7:1; 1 Тим. 6:10). Аны жаман адаты менен күрөшүүдө Жахабадан жардам сурап тиленүүгө үйрөтсөк, ал анын колдоосун сезип, жакшылыкка бай Кудай экенин көрө алат. Ошондой эле аны изилдөөгө жума сайын убакыт бөлүп, жыйналыш жолугушууларына даярданып жана катышып, рухий иштерди жашоосунда биринчи орунга коюуга үндөө да жакшы натыйжа берет. Ырас, кылган аракеттерине Жахабанын батасын берип жатканын көргөн сайын, анын ишеними бекемделе берет.

Эл эмне дейт деп корксо...

9, 10. а) Никедим менен ариматаялык Жусуп өздөрүнүн Исанын шакирти экенин эмне үчүн жашырышкан? б) Бүгүн айрым эркектер эмне себептен Машаяктын жолун жолдошпойт?

9 Айрым эркектер чөйрөсүндөгүлөрдүн кысымынан корккондуктан Машаяктын жолун жолдобошу мүмкүн. Мисалы, Никедим менен ариматаялык Жусуп өздөрүнүн Исанын шакирти экенин жашырышкан, анткени башка жүйүттөр билип калса, эмне дейт же эмне кылат деп коркушкан (Жкн. 3:1, 2; 19:38). Алардын корккону жөн жерден болгон эмес. Диний жетекчилер Исаны ушунчалык жек көргөндүктөн, ага ишенгендердин баарын синагогадан чыгарып салышчу (Жкн. 9:22).

10 Бүгүн да айрым жерлерде кимдир бирөө Кудай жөнүндө көбүрөөк билгиси келсе, Ыйык Китепке же динге кызыкса, аны чогуу иштегендери, достору же тууган-туушкандары кысымга алышы мүмкүн. Ал эми башка жерлерде адам бөлөк динге өткүсү келип жатканын айтса эле балээге калышы ыктымал. Эгер эркек киши саясий ишмер же аскер кызматкери болсо, же жооптуу кызмат ордун ээлесе, айланасындагылар ага катуу кысым көрсөтүшү мүмкүн. Германияда жашаган бир киши биздин бир тууганга: «Силердин Ыйык Китептин негизинде айткандарыңар чындык. Бирок эгер мен бүгүн Жахабанын Күбөсү болсом, бул эртең эле элдин баарына жайылат. Анан жумушумдагылар, кошуна-колоңдорум, дегеле мени, үй-бүлөмдү тааныгандар эмне деп ойлоп калат? Мындайга бетим чыдабайт»,— деген.

11. Иса шакирттерине адамдан коркуу сезими менен күрөшүүгө кантип жардам берген?

11 Исанын элчилеринин эч кимиси суу жүрөк болгон эмес, анткен менен алар деле адамдан коркуу сезими менен күрөшүшкөн (Мр. 14:50, 66—72). Иса аларга башкалардын катуу кысымына карабай ийгилик жасоого кантип жардам берген? Ал аларды алдыдагы каршылыктарга күн мурун даярдаган. «Башкалар силерди адам Уулу үчүн жек көрүшсө, куушса, кордошсо, жаманатты кылышса, бактылуусуңар»,— деген ал (Лк. 6:22). Иса жолдоочуларына башкалардан кордук көрүшөрүн эскерткен. Ооба, алар «адам Уулу үчүн» кордук көрүшмөк. Бирок Иса эгер алар Кудайдан күч-кубат, жардам сурап, ага таянышса, анын аларды дайыма сүйөп-таярына ынандырган (Лк. 12:4—12). Андан тышкары, ал өзүнүн жолун жолдой баштагандарды шакирттери менен мамилелешип, алар менен дос болууга чакырган (Мр. 10:29, 30).

12. Жаңыдан чындык жолуна түшкөндөргө адамдардан коркуу сезимин жеңүүгө кантип жардам бере алабыз?

12 Биз да Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишиге адамдан коркуу сезимин жеңүүгө жардам беришибиз керек. Эгер аны кыйынчылыктарга алдын ала даярдасак, аларды оңоюраак көтөрүп кетет (Жкн. 15:19). Маселен, чогуу иштегендери же башкалар каршы болсо же суроо берсе, Ыйык Китептин негизинде эстүүлүк менен, жөнөкөй жооп берүүгө үйрөткөнүбүз дурус. Ошондой эле аны менен өзүбүз эле дос болбостон, аны жыйналыштагылар менен, өзгөчө, аны менен кандайдыр бир жалпылыгы бар бир туугандар менен тааныштырганыбыз жакшы. Баарынан маанилүүсү, аны үзгүлтүксүз, бүт жүрөгү менен тиленүүгө үйрөтүшүбүз керек. Бул ага Кудайга жакындап, аны өзүнүн баш калкалаар жайы, аска-зоосу катары көрүүгө жардам берет. (Оку: Забур 94:21—23; Жакып 4:8.)

Өзүн жөндөмсүз сезсе...

13. Айрымдарга өзүн жөндөмсүз сезгени рухий иш-чараларга катышууга кандайча тоскоолдук кылышы мүмкүн?

13 Айрым эркектер жакшы окуй албагандыктан, сөзгө чоркок же тартынчаак болгондуктан рухий иш-чараларга катышкысы келбеши мүмкүн. Башкалары элдин алдында ой-сезимдери менен бөлүшүүдөн уялышы ыктымал. Аларга изилдөө, жыйналыш жолугушууларында жооп берүү же кабар айтуу чокусу бийик тоону ашканга, агыны катуу сууну кечкенге тете болушу мүмкүн. Бир ишенимдешибиз мындай деп эскерет: «Бала кезимде үймө-үй кабар айтып жүргөндө эшиктин жанына бара калып, коңгуроосун басымыш болчумун да, эч ким көрбөсө, укпаса экен деп, жылт койчумун... Үймө-үй кабар айтууну ойлогондо эле өң-алеттен кете баштачумун».

14. Исанын шакирттери эмне үчүн жин бийлеп алган баланы айыктыра албай коюшкан?

14 Бир жолу Исанын шакирттери жин бийлеп алган баланы айыктыра албай коюшкан. Ошондо алардын өздөрүн канчалык жөндөмсүз сезгенин элестетип көрсөңөр. Баланын атасы Исага: «[Уулумдун] талмасы бар, абалы абдан оор. Боюн бирде отко, бирде сууга таштап жиберет. Шакирттериңе алып келсем, айыктыра албай коюшту»,— дейт. Ошондо Иса жинди кууп чыгып, баланы айыктырат. Шакирттер бир аз убакыттан кийин андан: «Эмне үчүн биз жанагы жинди кууп чыгара албай койдук?» — деп сурашканда, ал: «Ишенимиңердин аздыгынан улам. Силерге айтып коёюн, эгер сары кычы данындай эле ишенимге ээ болуп, бул тоого: „Бул жерден тиги жерге жыл“,— десеңер, ал жылат. Ошентип, силер кыла албаган эч нерсе болбойт»,— деп жооп берет (Мт. 17:14—20). Чынында эле, тоодой тоскоолдуктарды жеңүү үчүн Жахабага болгон ишеним керек. Эгер адам ушуну эсинен чыгарып, өз күчүнө таяна баштаса, эмне болот? Ийгиликке жетпейт, мунун натыйжасында өзүн жөндөмсүз сезе баштайт.

15, 16. Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши өзүн жөндөмсүз сезип жатса, кантип жардам берсек болот?

15 Өзүн жөндөмсүз сезген кишиге жардам берүүнүн жакшы жолу — ага өзүнө эмес, Жахабага таянууга түрткү берүү. Петир: «Кудайдын кубаттуу колунун астында момун болгула, ошондо ал силерди өз убагында жогору көтөрөт. Ошондой эле бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт»,— деп жазган (1 Пет. 5:6, 7). Биз Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишиге Жахабаны сүйүүгө, анын жетегине чын көңүлдөн баш ийүүгө жардам беришибиз зарыл. Андай адам рухий нерселерди жогору баалайт, Кудайдын Сөзүн жакшы көрөт жана жашоосунда «рухтун жемишин» чагылдырат (Гал. 5:22, 23). Ошондой эле тиленүүнү абдан маанилүү деп эсептейт (Флп. 4:6, 7). Булардан тышкары, кандай жагдайга туш болбосун, кандай тапшырма албасын, дайыма Кудайдан кайрат, күч-кубат сурайт. (Оку: 2 Тиметей 1:7, 8.)

16 Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын айрымдары окуу, пикир алышуу жана сүйлөө жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу үчүн жардамга муктаж болушу мүмкүн. Башкалары Жахабаны таанып-билгенге чейин кылган жаман иштеринен улам өздөрүн ага кызмат кылууга татыксыз сезиши ыктымал. Кандай болбосун, чыдамдуулук, мээримдүүлүк менен көмөк көрсөткөнүбүз аларга чоң жардам берет. «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж»,— деген Иса (Мт. 9:12).

Көбүрөөк эркектерге кабар жеткиргиле

17, 18. а) Канткенде көбүрөөк эркектерге жакшы кабар жеткире алабыз? б) Эмки макалада эмнени изилдейбиз?

17 Ыйык Китепте гана адамды чындап бактылуу кыла турган кабар камтылган жана биз ошол кабарды мүмкүн болушунча көбүрөөк эркектердин угушун каалайбыз (2 Тим. 3:16, 17). Анда канткенде бул максатыбызга жете алабыз? Ан үчүн алардын көбү үйдө болгон убакта, мисалы, кечинде, эс алуу күндөрү түштөн кийин же майрам күндөрү кабар айтсак болот. Мүмкүн болсо, үймө-үй кабар айтып жүргөндө эркектер менен сүйлөшүүнү каалаарыбызды айтсак болот. Ошондой эле, орундуу болсо, биз менен чогуу иштеген эркектерге расмий эмес күбөлөндүргөнүбүз, ишенимдештерибиздин Жахабанын Күбөсү эмес жолдошторунун чындыкка болгон кызыгуусун туудурууга аракет кылганыбыз абзел.

18 Жолуктурган ар бир кишиге кабар айтсак, чындыкты көксөгөн адамдар кабарыбызга кулак кагарына эч шектенбесек болот. Андыктан чын жүрөктөн чындыкка кызыккандардын баарына чыдамдуулук менен жардам бере берели. Ал эми жыйналыштагы чөмүлтүлгөн ага-инилерибизге Кудайдын уюмундагы сыймыктуу жоопкерчиликтерге умтулууга жана аларды аркалоого жарактуу болууга кантип жардам бере алабыз? Кийинки макалада ушул суроого жооп алабыз.

[Шилтеме]

^ 7-абз. «Жахабанын Күбөлөрүнүн Жылдык китептерин», «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдарындагы өмүр баяндарды карагыла.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Эркектерге рухий нерселерди биринчи орунга коюуга кантип жардам берсек болот?

• Жаңыдан чындык жолуна түшкөндөргө башкалардын кысымына туруштук берүүгө кантип жардам бере алабыз?

• Өзүн жөндөмсүз сезгендерге кантип жардам берсек болот?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Эркектерге кабар айтууга мүмкүнчүлүк издейсиңби?

[26-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишини сыноолорду жеңүүгө кантип даярдай аласың?