Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Өз түшүнүгүңө ишеним артпа»

«Өз түшүнүгүңө ишеним артпа»

«Өз түшүнүгүңө ишеним артпа»

«Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа» (НАКЫЛ 3:5).

1, 2. а) Кандай жагдайларга кабылышыбыз мүмкүн? б) Кыйынчылыктарга туш болгондо, чечим чыгарда же азгырыктарга кабылганда кимге таянышыбыз керек жана эмне үчүн?

РОЗА * иштеген жердеги айрым жумушчулар кыскартылгандыктан, ал кийинкиси мен болот болушум керек деп кооптоно баштайт. Жумушунан айрылса, эмне кылат? Күнүмдүк чыгымдарын кантип төлөйт? София деген ишенимдешибиз Падышалыктын жарчыларына муктаждык көбүрөөк жерге көчүп баргысы келет, бирок кандай кылса туура болорун билбей жатат. Самуил деген жигитти башка нерсе түйшөлтөт. Ал бала чагында порнография көрүп жүргөн. Эми жыйырмадан ашып калганда порнография көрүүгө болгон каалоосу кайрадан күч алып жатат. Ал мындай күчтүү азгырыкка кантип туруштук берет?

2 Кыйынчылыктарга туш болгондо, маанилүү чечим чыгарарда же азгырыктарга кабылганда кимге таянасың? Өзүңө таянасыңбы же «жүгүңдү Жахабага артасыңбы»? (Заб. 55:22). Ыйык Китепте: «Жахабанын көзү адил адамдарды көрүп, кулагы алардын зар-муңун угат»,— деп жазылган (Заб. 34:15). Андыктан өз түшүнүгүбүзгө ишеним артпай, бүт жүрөгүбүз менен Жахаба таянганыбыз кандай гана маанилүү! (Накыл 3:5).

3. а) Жахабага толугу менен таянуу эмнени билдирет? б) Эмнеден улам айрымдар өз түшүнүгүнө таянууга жакын келет?

3 Жахабага толугу менен таянуу баарын ал каалагандай, анын эркине ылайык кылууну билдирет. Ага таянуунун эң маанилүү жолу — анын жетекчилигин сурап үзгүлтүксүз жана жалындуу тиленүү. Бирок көптөр үчүн Жахабага толугу менен таянуу оңой эмес. Мисалы, Лина деген ишенимдешибиз: «Жахабага бүт жүрөгүм менен таянуу мен үчүн дайыма кыйынга турат»,— дейт. Эмне үчүн? «Атамдын мени менен иши да жок. Апам деле мага кам көрүп, эне мээримин төгө бербейт. Ошондуктан кенедейимен эле өз жанымды өзүм багууга үйрөнгөм»,— дейт ал. Ата-энесинин мамилесинен улам Линага кимдир бирөөгө толугу менен таянуу кыйын. Шык-жөндөмдүүлүктөрүнөн, ийгиликтеринен улам да адам өзүнө таянууга жакын келиши мүмкүн. Алсак, аксакал өз тажрыйбасына таянып, жыйналышка байланышкан маселелерди Жахабага тиленбей туруп эле чече башташы ыктымал.

4. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

4 Жахаба тиленүүлөрүбүзгө жана анын жетекчилигине ылайык иш кылууга бүт күч-аракетибизди жумшашыбызды каалайт. Анда канткенде кыйынчылыктарыбызды Жахабага артууга, бирок ошол эле учурда аларды чечиш үчүн өзүбүз да күч-аракет жумшоого үйрөнө алабыз? Чечим чыгарууга келгенде эмнеден сак болушубуз керек? Азгырыктарды четке кагыш үчүн эмне себептен тиленишибиз зарыл? Ушул суроолорго жооп алуу үчүн Ыйык Китептеги айрым окуяларды карап чыгалы.

Кыйын-кысталыш учурда

5, 6. Ашурдун падышасы коркутканда, Хиския эмне кылган?

5 Жүйүт падышасы Хиския жөнүндө Ыйык Китепте: «Ал Жахабага берилгендигин сактап, андан четтебей, Жахабанын Муса аркылуу берген осуяттарын аткарды»,— делет. Ооба, «Хиския Ысрайылдын Кудайы Жахабага таянган» (2 Пад. 18:5, 6). Ашур падышасы Сенхейрип өкүлдөрүн, алардын ичинде рапшакты көп аскеринин коштоосунда Иерусалимге жибергенде, Хиския эмне кылган? Ашурлуктардын кубаттуу аскери ага чейин Жүйүт жериндеги чептүү шаарлардын бир канчасын басып алган эле. Эми Сенхейриптин Иерусалимге көзү түшүп жаткан. Хиския Жахабанын үйүнө барып: «Жахаба Кудайыбыз, бизди анын колунан куткара көр. Оо, Жахаба, жер жүзүндөгү бүт падышалыктар сенин жалгыз Кудай экениңди билишсин»,— деп тиленген (2 Пад. 19:14—19).

6 Хиския Жахабадан жардам сурап тиленгенден тышкары, өзү да иш-аракет кылган. Алсак, тиленүү үчүн ибадатканага барардан мурун ал элге рапшактын шылдыңына эч нерсе деп жооп кайтарбоону буйруган. Мындан сырткары, ал Ышая пайгамбардан кеңеш сураганы кишилерин жиберген (2 Пад. 18:36; 19:1, 2). Ооба, Хиския Жахабага жаккандай иш-аракет кылган. Ал Мисирди же коңшулаш элдерди медер тутуп, оор жагдайды Жахабанын эркине шайкеш келбеген жол менен чечүүгө далалат кылган эмес. Ал өз түшүнүгүнө эмес, Жахабага ишеним арткан. Жахабанын периштеси Сенхейриптин 185 миң жоокерин күм-жам кылганда, Сенхейрип «чегинип, Нинебиге кайтып барган» (2 Пад. 19:35, 36).

7. Аннанын жана Жунустун тиленүүлөрү эмне үчүн бизди жубатат?

7 Леби Элкананын жубайы Анна бала көрбөгөнү үчүн кайгыга батса да, Жахабага бекем таянган (1 Шем. 1:9—11, 18). Ал эми Жунус пайгамбарды чоң балык жутуп алганда, ал: «Кыйналганымда Жахабага кайрылдым — ал мага жооп берди. Көрдүн ичинен жардам сурадым. Сен үнүмдү уктуң»,— деп тиленген. Ошондо Жахаба балыкка аны кургактыкка бүркүп чыгарууга буйрук берген (Жун. 2:1, 2, 10). Арийне, жагдайыбыз канчалык оор болбосун, Жахабага «ырайым кылышын» өтүнүп кайрыла аларыбызды билүү бизди кандай гана жубатат! (Оку: Забур 55:1, 16.)

8, 9. Хискиянын, Аннанын жана Жунустун тиленүүсүнөн көрүнүп тургандай, алар эмнени ойлоп тынчсызданышкан жана алардан эмнеге үйрөнөбүз?

8 Хискиянын, Аннанын жана Жунустун тиленүүсүнөн оор учурда эмнелер жөнүндө тиленгенди унутпашыбыз керектигин биле алабыз. Албетте, үчөө тең кыйын-кысталыш учурда жүрөгү сыздап, бушайман болгон. Ошентсе да алардын тиленүүсүнөн көрүнүп тургандай, алар кыйынчылыктарынан арылууну эле ойлоп, керт башынын кызыкчылыгын көздөшкөн эмес. Кудайдын ысмы, ага сыйынуу жана анын эркин аткаруу алар үчүн баарынан маанилүү болгон. Хиския Жахабанын ысмына көө жабылып жатканына катуу кайгырган. Ал эми Анна бала көрүүгө зар болуп жүргөнүнө карабай, эгер уулдуу болсо, аны Шилодогу жыйын чатырына кызмат кылууга берем деп Кудайга сөз берген. Жунус болсо: «Берген убадамды аткарам»,— деген (Жун. 2:9).

9 Жахабадан татаал жагдайдан чыгууга жардам беришин сурап тиленгенибизде ниеттерибизди текшергенибиз абзел. Биз кыйынчылыктан батыраак арылууну эле самайбызбы же Жахабаны, анын ой-ниетин көңүлүбүздүн борборунда сактайбызбы? Азапка салган жагдайга туш болгондо өзүбүздү эле ойлоп санаа тарта берсек, рухий нерселер көз жаздымында калып калышы мүмкүн. Кудайга жардам сурап кайрылганыбызда биринчи кезекте анын ысмынын ыйыкталышын, ааламдын эгедери катары бийлик кылууга толук укуктуу экенинин далилденишин ойлошубуз зарыл. Ошентсек, баары биз каалагандай болбой жатса да, оң маанай сактай алабыз. Балким, Кудайдын кыйынчылыкты көтөрүп кетүүгө күч бергени тилегибизге берилген жооп болушу мүмкүн. (Оку: Ышая 40:29; Филипиликтер 4:13.)

Чечим чыгарарда

10, 11. Жошапат жарга такаган жагдайга туш болгондо эмне кылган?

10 Сен маанилүү чечимдерди кантип чыгарасың? Адегенде чечим чыгарып алып, андан кийин гана Жахабадан чечимиңе батасын беришин сурайсыңбы? Мааптыктар менен Амон уулдарынын биргелешкен аскери жүйүт эли менен согушканы келгенде, Жүйүт падышасы Жошапаттын эмне кылганын карап көрөлү. Жүйүттөрдүн алардын мизин кайтарууга кудурети жетпейт болчу. Жошапат ошондо эмне кылган?

11 Ыйык Китепте: «Жошапат абдан коркуп, Жахабаны издеди»,— делет. Ал Жүйүт жериндегилерге орозо тутууну буйруп, аларды «Жахабага кайрылыш үчүн чогулткан». Анан Жүйүт менен Иерусалимдин тургундарынын алдында туруп: «Оо, Кудайыбыз, аларды жазалабай коёсуңбу? Бизди каптап келаткан бул кара колго каршылык көрсөткүдөй күчүбүз жок. Биз эмне кыларыбызды билбей турабыз, баарыбыз сени карап турабыз»,— деп тиленген. Чыныгы Кудай Жошапаттын үнүн угуп, аларды керемет жолу менен куткарган (2 Жылн. 20:3—12, 17). Андыктан биз да чечим чыгарарда, айрыкча, Жахаба менен болгон мамилебизге таасир эте тургандай чечим чыгарарда өз түшүнүгүбүзгө эмес, Жахабага таянышыбыз керек эмеспи?

12, 13. Чечим чыгаруу жагынан Дөөтү кандай үлгү калтырган?

12 Ал эми оңой эле чечилчүдөй сезилген көйгөйгө туш болсокчу? Балким, мурун да ошондой жагдайга кабылгандыктан, аны бат эле чече коём деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок Дөөтү падышанын башынан өткөн окуя андайда эмне кылганыбыз туура болорун түшүнүүгө жардам берет. Бир жолу Амалыктын тукумдары Сыклак шаарына кол салып, Дөөтүнүн жана анын кишилеринин аялдары менен бала-бакырасын туткундап кетишет. Ошондо Дөөтү Жахабадан: «Бул каракчылардын артынан барайынбы?» — деп сурайт. Жахаба ага: «Жөнө, сен аларды кууп жетип, элиңди куткарып аласың»,— деп жооп берет. Дөөтү ал айткандай кылып, «Амалыктын тукумдары туткундап кеткендердин баарын... бошотуп алат» (1 Шем. 30:7—9, 18—20).

13 Амалыктын тукумдары кол салгандан көп өтпөй, пелиштиликтер Ысрайылга каршы чыгат. Мында да Дөөтү Жахабага кайрылып, андан айкын-так жооп алат. Кудай ага: «Бар, пелиштиликтерди колуңа салып берем»,— дейт (2 Шем. 5:18, 19). Ошондон көп узабай пелиштиликтер Дөөтү менен салгылашканы дагы келишет. Бул сапар ал эмне кылган? «Мен мындайга бир эмес, эки жолу кабылгам. Мурункудай эле Кудайдын душмандарына каршы аттанайын»,— деп ойлогонбу же Жахабадан жетектешин сураганбы? Дөөтү тажрыйбасына таянбай, кайрадан Жахабага тиленген. Ошенткенине ал аябай сүйүнсө керек, анткени ошондо таптакыр башкача көрсөтмө алган (2 Шем. 5:22, 23). Мындан көрүнүп тургандай, мурункуга окшогон жагдайга же кыйынчылыкка туш болгондо өз тажрыйбабызга таянуудан сак болгонубуз маанилүү. (Оку: Жеремия 10:23.)

14. Жашыя менен гибондуктар жөнүндөгү билдирүүдөн кандай сабак алабыз?

14 Жеткилеңсиз болгондуктан, баарыбыз, атүгүл тажрыйбалуу аксакалдар да Жахабадан жол көрсөтүшүн сурабай туруп чечим чыгаруудан этият болушу керек. Мисалы, амалдуу гибондуктар чыныгы жүзүн жашырып, өздөрүн алыскы жерден жол тартып келген кишилердей кылып көрсөтүшкөндө, ысрайыл элинин Мусадан кийинки жол башчысы Жашыя менен аксакалдардын эмне кылганын карап көрөлү. Алар Жахабадан жетекчилик сурабай эле гибондуктар менен тынчтык келишимин түзүшкөн. Жахаба кийин ал келишимди колдосо да, бизге сабак болуш үчүн, ысрайылдыктардын ошондо анын жетекчилигин сурабай жаңылыштык кетиргенин Ыйык Жазмага жаздырып койгон (Жаш. 9:3—6, 14, 15).

Азгырыкка кабылганда

15. Азгырыкка жеңилбеш үчүн тиленгенибиз эмне себептен маанилүү экенин түшүндүр.

15 Денебизде «күнөөнүн мыйзамы» болгондуктан, биз жаман каалоолор менен күрөшүүгө бүт күч-аракетибизди жумшашыбыз керек (Рим. 7:21—25). Ал күрөштө жеңүүчү болуп чыга алабыз. Канткенде? Иса жолдоочуларына азгырыктарды четке кагуу үчүн тиленүү абдан маанилүү экенин айткан. (Оку: Лука 22:40.) Эгер Кудайга тиленгенден кийин да жаман каалоолор же ойлор кетпей жатса, азгырыкты жеңүү үчүн андан акылмандык сурай беришибиз керек. Анткени Ыйык Китепте айтылгандай, ал акылмандыкты «баарына берешендик менен, жемелебей берет» (Жкп. 1:5). Ошондой эле Жакып: «Араңардан кимдир бирөө [рухий жактан] ооруп жатабы? Анда жыйналыштын аксакалдарын чакырсын. Алар аны Жахабанын атынан май менен майлап, ал үчүн тиленишсин. Ишеним менен айтылган тиленүү оорулууну айыктырат»,— деп жазган (Жкп. 5:14, 15).

16, 17. Азгырыкты четке кагуу үчүн качан тиленгенибиз оң?

16 Ырас, азгырыкты жеңүү үчүн тиленүү абдан маанилүү. Бирок өз убагында тиленгенибиз андан да маанилүү экенин унутпашыбыз керек. Накыл сөздөр 7:6—23-аяттарда айтылган жигиттин окуясына токтололу. Күүгүм тартып калганда, ал билип туруп бузулган аял жашаган көчөгө түшөт. Аял аны бал тилге салып азгырып, үйүнө чакырат. Ошондо жигит, союуга жетеленип бараткан өгүздөй, анын артынан жөнөйт. Ал эмне үчүн ошо көчөгө түшкөн? «Акылсыз» же тажрыйбасыз жигит катары сыпатталганына караганда, ал жаман каалоолору менен күрөшүп жүрсө керек (Накыл 7:7). Анын кайсы убакта тиленгени жакшы болмок? Албетте, аял менен сүйлөшүп жатканда деле тиленсе жаман болмок эмес. Бирок ошол көчөгө түшөйүн деген ой кылт этер замат тиленгени эң туура болмок.

17 Бүгүнкү күндө кимдир бирөө порнография көрүүгө болгон каалоосу менен күрөшүп жүрүшү мүмкүн. Ал кумарды козгогон сүрөттөр же видео тасмалар камтылган Интернет сайттарына кирсе эмне болот? Анда анын жагдайы Накыл сөздөр 7-бөлүмдө айтылган жигиттикине окшошуп калбайбы? Ооба, ал жайнаган капкан коюлган жолго түшкөн болмок! Андыктан ал порнография көрүүгө азгырылбаш үчүн Интернеттеги андай сайттарга кире электе Жахабадан жардам сурап тилениши кажет.

18, 19. а) Азгырыктарды жеңүү эмне үчүн оңойго турбайт, бирок канткенде жеңе аласың? б) Эмне кылууга чечкиндүүсүң?

18 Азгырыктарды же жаман адаттарды жеңүү оңойго турбайт. Анткени, элчи Пабыл жазгандай, «күнөөкөр дене өзүнүн каалоолору менен рухка, ал эми рух денеге каршы турат». Ошондон улам биз кээде кылгыбыз келген туура нерселерди кылбайбыз (Гал. 5:17). Бул күрөштө жеңишке жетүү үчүн, жаман ойлор же азгырыктар пайда болор замат, Кудайга жалындуу тиленип, тиленүүбүзгө жараша иш-аракет кылышыбыз зарыл. Биз «адамдар кабылып эле жүргөн азгырыктарга кабылып жатканыбызды» жана Жахабанын жардамы менен ага ишенимдүү бойдон кала аларыбызды эсибизден чыгарбашыбыз абзел (1 Кор. 10:13).

19 Жахаба бизге кыйынчылыктар менен күрөшүүгө, маанилүү чечим чыгарууга, азгырыктарды четке кагууга жардам бере турган баа жеткис белек — тиленүү белегин — берген. Ал белек аркылуу Жахабага таянарыбызды көрсөтө берели. Ошондой эле андан ыйык руху менен жетектешин, бекемдешин сурана берели (Лк. 11:9—13). Эмесе келгиле, өз түшүнүгүбүзгө эмес, дайыма Жахабага таяналы.

[Шилтеме]

^ 1-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

Эсиңдеби?

• Хискиядан, Аннадан жана Жунустан Жахабага таянууга байланыштуу эмнеге үйрөндүң?

• Дөөтү жана Жашыя менен болгон окуя чечим чыгарганда сак болушубуз керектигин кандайча көрсөтүп турат?

• Азгырыкты четке кагуу үчүн качан тиленгенибиз оң?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Азгырыкка каршы туруш үчүн качан тиленишибиз керек?