Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Анын жакшы жагын туурап, жаман жагынан сабак ал

Анын жакшы жагын туурап, жаман жагынан сабак ал

Анын жакшы жагын туурап, жаман жагынан сабак ал

«[Жакыптын Кудайы] бизге өзүнүн жолдорун үйрөтөт, биз анын жолдору менен жүрөбүз» (ЫШ. 2:3).

1, 2. Ыйык Китепте жазылгандардан кандай пайда ала алабыз?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ жазылгандардан пайда ала аларыңа ишенесиңби? Аны окуп жатканда өткөргөн жашоосу, эң сонун сапаттарды чагылдыруу менен үлгү калтырган ишенимдүү эркек-аялдар тууралуу көп айтыларын байкаган чыгарсың (Евр. 11:32—34). Ошондой эле айрымдардын бизге сабак боло турган жактары, мисалы, терс көз караштары, жаман иштери жөнүндө да окугандырсың.

2 Чынында эле, Ыйык Китепте кээ бир адамдардын биз үлгү алышыбыз керек болгон жакшы жактары да, туурабашыбыз керек болгон жаман жактары да жазылган. Мисалга башында жөнөкөй эле койчу болгон, кийин падыша болуп, зоболосу көтөрүлгөн Дөөтүнү алалы. Ал чындыкты сүйгөн жана Жахабага таянган адам катары жакшы үлгү калтырган. Анткен менен анын олуттуу күнөө кетирген учурлары да болгон: ал Бат-Шеба менен ойноштук кылган, Урийди өлтүрткөн жана элди каттоодон өткөрүп, акылсыз иш кылган. Бирок бул макалада анын уулуна, атагы алыска жеткен жана Ыйык Жазманын айрым китептерин жазган даанышман падыша Сулайманга токтолобуз. Адегенде анын кайсы эки жактан жакшы үлгү калтырганын карап көрөлү.

Сулаймандын даанышмандыгы

3. Эмне себептен Сулайман бизге жакшы үлгү калтырган деп айта алабыз?

3 Улуу Сулайман, Иса Машаяк, Сулайман падышанын даанышмандыгын баса белгилөө менен анын бизге жакшы үлгү калтырганын көрсөткөн. Шектенген жүйүттөргө ал мындай деген: «Сот күнүндө түштүк канышасы бул муун менен бирге тирилип, аны айыптайт. Анткени ал Сулаймандын даанышман сөздөрүн угуш үчүн жердин түбүнөн келген. Ал эми бул жерде Сулаймандан да улук бирөө бар» (Мт. 12:42). Ырас, Сулайман даанышмандыгы менен атагы чыккан жана башкаларды да даанышмандыкка ээ болууга үндөгөн.

4, 5. Сулайман акылмандыкка кандайча ээ болгон, ал эми биз канткенде ээ боло алабыз?

4 Сулайман башкара баштаганда, Жахаба Кудай ага түшүндө көрүнүп: «Айт, сага эмне берейин?» — деп сураган. Өзүнүн тажрыйбасыз экенин түшүнгөндүктөн Сулайман Жахабадан акылмандык сураган. (Оку: 1 Падышалар 3:5—9.) Жахаба Сулаймандын байлык, атак-даңк эмес, акылмандык сураганы үчүн, ага «акылдуу, түшүнүктүү жүрөк» да, байлык да, атак-даңк да берген (1 Пад. 3:10—14). Сулайман даанышмандыгы менен атагы алыска кеткендиктен, Иса айткандай, Шебанын канышасы аны угуп, өз көзү менен көрүш үчүн узак сапарга чыгып, Иерусалимге барган (1 Пад. 10:1, 4—9).

5 Бүгүн биз, Сулаймандай болуп, керемет жолу менен акылмандыкка ээ болбойбуз. Сулайман «акылмандыкты Жахаба берерин» айткан. Ошентсе да ага ээ болуш үчүн күч-аракет жумшашыбыз зарыл экенин баса белгилеп, «кулагыңды акылмандыкка төшө», «жүрөгүңдү кыраакылыкка бур» деген сөздөрдү айткан. Ошондой эле акылмандыкты «тилөөгө», «суроого», «издөөгө» үндөгөн (Накыл 2:1—6). Ооба, ошентүү менен биз акылмандыкка ээ боло алабыз.

6. Канткенде, Сулаймандай болуп, акылмандыкты баалап жатканыбызды көрсөтөбүз?

6 Биз өзүбүзгө мындай суроо берип көргөнүбүз дурус: «Мен да, Сулаймандай болуп, Жахаба берген акылмандыкты баалаймбы?» Экономикалык туруксуздуктан улам көптөр бүт күчүн, убактысын жумушка, акча табууга жумшашат же жакшы жумуш табыш үчүн көбүрөөк билим алууга умтулушат. Ал эми сен жана сенин үй-бүлөң тууралуу эмне айтууга болот? Чыгарган чечимдериң Жахаба берген акылмандыкты баалаарыңды жана аны «издеп» жатканыңды көрсөтүп турабы? Көбүрөөк акылмандыкка ээ болуш үчүн акчага, жогорку билим алууга болгон көз карашыңды өзгөртүшүң керек эмеспи? Акылмандыкка ээ болсоң, андан түбөлүккө пайда аласың. Ошондо, Сулайман жазгандай, «адилдикти, акыйкаттыкты, чынчылдыкты — жакшылыктын бүт жолун түшүнөсүң» (Накыл 2:9).

Чыныгы сыйынууну биринчи орунга коюу тынчтыкка алып келген

7. Ибадаткана кандайча курулган?

7 Башкаруусунун башында эле Сулайман Мусанын күндөрүнөн бери колдонулуп келаткан ыйык чатырдын ордуна заңгыраган ибадаткана курууну ойлонуштура баштаган (1 Пад. 6:1). Ал Сулаймандын ибадатканасы деп белгилүү болсо да, аны курууну эң алгач Сулайман ойлоп тапкан эмес, ошондой эле залкар куруучу же байлыгын аябаган кең пейил киши катары атын чыгарууну да ниет кылган эмес. Ибадаткананы курууга эң башында Дөөтү ниеттенген. Жахаба ага ибадаткана кандай болоруна жана анын ичинде эмнелер турушу керектигине байланыштуу майда-чүйдөсүнө чейин көрсөтмөлөрдү берген. Дөөтү ибадаткананын курулушуна көп тартуу алып келип, куруу ишинде керектеле турган нерселерди камдаган (2 Шем. 7:2, 12, 13; 1 Жылн. 22:14—16). Бирок ал имаратты куруу жоопкерчилиги Сулайманга артылган жана ал аны жети жарым жылда куруп бүткөн (1 Пад. 6:37, 38; 7:51).

8, 9. а) Сулайман жакшы иштерди кылууда туруктуулук көрсөтүү жагынан кандай үлгү калтырган? б) Сулаймандын чыныгы сыйынууну биринчи орунга койгонунун натыйжасы кандай болгон?

8 Сулайман бизге жакшы иштерди кылууда туруктуулук көрсөтүү жагынан жана маанилүү нерселерди биринчи орунга коюу жагынан үлгү калтырган. Ибадаткана курулуп бүтүп, келишим сандыгы анын ичине киргизилген соң, Сулайман Кудайга кайрылып жалпы элдин атынан тиленген. Тиленүүсүндө ал: «„Менин ысмым ошол жерде болот“,— деп өзүң айткан ушул жерден, ушул үйдөн күнү-түнү көзүңдү алба, ушул жакты карап тиленип жаткан кулуңдун тиленүүсүн уга көр»,— деген (1 Пад. 8:6, 29). Ырас, ысрайылдыктар жана бөтөн жерликтер Кудайдын ысмы менен аталган ошол ибадаткана жакты карап тилене алышмак (1 Пад. 8:30, 41—43, 60).

9 Сулаймандын чыныгы сыйынууну биринчи орунга койгонунун натыйжасы кандай болгон? Ибадаткананын салтанаттуу ачылышын майрамдагандан кийин эл «Жахабанын өзүнүн кызматчысы Дөөтүгө, ысрайыл элине кылган бардык жакшылыктарын ойлоп, чын жүрөктөн кубанып-шаттанышкан» (1 Пад. 8:65, 66). Ооба, Сулаймандын 40 жылдык башкаруусунда тынчтык, бейкуттук өкүм сүрүп, эл жыргап-куунап жашаган. (Оку: 1 Падышалар 4:20, 21, 25.) 72-забурда ушу жөнүндө айтылат жана Улуу Сулаймандын, Иса Машаяктын, башкаруусунун алдында адамзат кандай баталарга ээ болорун жакшыраак түшүнүүгө жардам берет (Заб. 72:6—8, 16).

Сулаймандын жаман үлгүсү

10. Сулаймандын жашоосу жөнүндө ойлонгондо дароо эле кайсы туура эмес жагы эске түшөт?

10 Бирок Сулаймандын биз сабак ала турган терс жактары да болгон. Терс жактары дегенде, балким, дароо эле анын бөтөн жерлик аялдары жана токолдору эсибизге түшөттүр. Ыйык Китепте бул тууралуу мындай делет: «Сулайман карыганда, аялдары анын жүрөгүн башка кудайларга буруп кетишти. Ошентип, ал Жахаба Кудайына... бүт жүрөгү менен берилген жок» (1 Пад. 11:1—6). Албетте, сен эч качан анын бул акылсыздыгын туурагың келбейт. Өкүнүчтүүсү, Сулайман башка учурларда да Кудайга тил албай койгон. Келгиле анда, анын, бир караганда, анча байкалбаган туура эмес иштерин карап көрөлү жана мындан кандай сабак алсак болорун билели.

11. Сулаймандын биринчи үй-бүлөсү тууралуу кандай жыйынтык чыгарууга болот?

11 Сулайман 40 жыл падышалык кылган (2 Жылн. 9:30). Бирок 1 Падышалар 14:21ди окуп, кандай жыйынтыкка келүүгө болот? (Аятты оку.) Бул аятка ылайык, Сулайман көз жумгандан кийин анын уулу Рехабам 41 жашында такка отурган, анын «энесинин аты Наама болчу» жана «ал Амондун тукумдарынан эле». Демек, Сулайман падыша болгонго чейин эле жалган кудайларга сыйынган, Кудайдын элинин душманы болгон бөтөн элден аял алган (Бий. 10:6; 2 Шем. 10:6). Биз анын бөтөн жерлик ал аялынын өз кудайларына табына бергенби же жалган кудайларын таштап, Рахап менен Руттай болуп, Жахабага сыйынган-сыйынбаганын билбейбиз (Рут 1:16; 4:13—17; Мт. 1:5, 6). Кандай болбосун, Сулайманга Жахабага кызмат кылбаган амон элинен болгон кайын журту менен катышууга туура келген.

12, 13. Сулайман башкара баштаганда кандай акылсыз чечим чыгарган жана ал өзүн эмне деп актаган көрүнөт?

12 Сулайман падыша болгондон кийин дагы бир акылсыз иш кылган. Ыйык Китепте мындай делет: «Сулайман Мисирдин падышасы фараонго күйөө бала болду. Ал анын кызын алып, Дөөтүнүн шаарына алып келди» (1 Пад. 3:1). Анын мисирлик аялы, Рутту туурап, чыныгы Кудайга сыйына баштаганбы? Кыязы, андай болгон эмес. Сулайман кийинчерээк ага жана анын кызматчы кыздарына Дөөтүнүн шаарынын сыртына үй куруп берген. Эмне үчүн? Анткени Сулайман жалган кудайларга сыйынгандар келишим сандыгы турган жерде жашабашы керектигин билген (2 Жылн. 8:11).

13 Балким, Сулайман фараондун кызына үйлөнүү менен кандайдыр бир саясий пайданы көздөгөндүр. Бирок муну ушинтип актоого болот беле? Кылымдар мурун Жахаба Кудай элине канаандыктар жана башка бутпарас элдер менен кыз алышып-беришүүгө тыюу салган (Чыг. 34:11—16). Сулайман мисирликтер ал элдердин катарына кирбейт деп ой жүгүрткөнбү? Ал өзүн ошентип актаган күндө да, анын кылганы Жахабанын буйругуна каршы болгон. Сулайман Жахабанын башка элдер менен куда-сөөк болуу канчалык кооптуу экенин көрсөткөн эскертүүсүн кулагынын сыртынан кетирген. Ошонун айынан Жахабага сыйынбагандар ысрайылдыктарды жалган кудайларга сыйынууга азгырган. (Оку: Мыйзам 7:1—4.)

14. Сулаймандын туура эмес иштеринен кандай сабак алсак болот?

14 Сулайманга окшоп, өзүбүздү актаганга жакын эмеспизби? Мисалы, турмушка чыга элек ишенимдешибиз «Мырзабыздын жолдоочусу» болбогон кимдир бирөөгө махабат сезимдерин өрчүткөнү үчүн өзүн актап, Жахабанын буйругун баркка албай калышы мүмкүн (1 Кор. 7:39). Же мектепте окуган ишенимдешибиз талап кылынбаса деле классташтары менен спорт оюндарынын кайсы бир түрүнө катышышы мүмкүн. Айрымдар болсо кирешесин жашырып, салыктарды толук төлөбөгөнүн актап коюшу этимал. Же кимдир бирөө туура эмес иш кылганын айтуудан уялып, калп айтканы үчүн актанышы мүмкүн. Кыязы, Сулайман да кандайдыр бир жүйөлөрдү келтирип, Кудайдын буйруктарына баш ийбей койгону үчүн өзүн актаган. Сак болбосок, биз да ошондой тузакка түшүп калышыбыз толук ыктымал.

15. Жахаба Сулайманга кандай ырайым кылган, бирок биз эмнени унутпашыбыз керек?

15 Кызыктуусу, Сулайман фараондун кызына үйлөнсө да, Кудай анын өтүнүчү боюнча ага акылмандык берген, атүгүл байлык кошуп берген (1 Пад. 3:10—13). Сулайман Жахабага тил албай койсо да, Жахаба аны ошол замат падышалык бийликтен ажыратып, четке кагып салган эмес, жазалаган да эмес. Мындан Жахабанын биздин жеткилеңсиз пенде экенибизди, «топурак экенибизди» эске алып, ырайымдуулук менен мамиле кылары көрүнүп турат (Заб. 103:10, 13, 14). Бирок туура эмес иш кылсак, кесепетин азыр болбосо да, кийин сөзсүз тартарыбызды унутпашыбыз керек.

Сансыз аялдары

16. Сулайман Жахабанын кайсы эскертүүсүнө кулак каккан эмес?

16 Сулаймандын ыры китебинде Сулайман падышанын бир кыздын 60 канышадан, 80 токолдон да ашкан сулуу экенин айтып суктанганы жазылган (Ыр 6:1, 8—10). Сыягы, ошол убакта Сулаймандын ушунча аялы болгон. Алардын көбү же баары чыныгы Кудайга сыйынгандардан болсо да, Жахаба Муса аркылуу Ысрайылдын падышасы «жүрөгү бузулбашы үчүн, көп аял албашы» керектигин эскерткен (Мыйз. 17:17). Бирок ошондо да Жахаба Сулайманды таштаган эмес. Ал ага дагы деле батасын берип, аны Ыйык Китептеги Сулаймандын ыры деп аталган китепти жаздырткан.

17. Эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек?

17 «Сулайман Кудайдын буйруктарын бузганы үчүн жазаланган эмес, ошондуктан Кудайдын буйругун бузсак деле жазаланбайбыз»,— деп ойлоо туурабы? Жок. Бул Жахабанын кайсы бир убакытка чейин чыдамдуулук көрсөтөрүн айгинелеп турат. Бирок Кудайдын кызматчысы анын кеңешине кулак какпаганынын кесепетин дароо тартпаса эле, бул эч кандай жаман жыйынтык болбойт дегенди билдирбейт. Сулаймандын төмөнкү сөздөрүн эстесең: «Жаман иш үчүн дароо жазаланбагандыктан, адам баласынын жүрөгү жамандык кылууга көнүп калат». Бирок ал андан ары мындай деп кошумчалаган: «Чыныгы Кудайдан корккондордун жакшылык көрөрүн билем, анткени алар Андан коркуп жашашат» (Нас. 8:11, 12).

18. Сулайман менен болгон окуядан Галатиялыктар 6:7деги сөздөрдүн калетсиз экени кандайча көрүнүп турат?

18 Сулайман Кудайдын жогорудагы сөздөрүнө кулак какса кана! Ооба, ал көп жакшы иштерди жасаган жана көп убакыт бою Кудайдын батасына ээ болуп келген. Бирок убакыттын өтүшү менен улам бир туура эмес иштерди кыла берип, Жахабанын буйруктарына баш ийбегенге көнүп калган. Элчи Пабылдын: «Алданбагыла: Кудайды шылдыңдай албайсыңар. Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деген сөздөрү кандай гана калетсиз (Гал. 6:7). Кийинчерээк Сулайман Кудайдын кеңешин баркка албай койгону үчүн «эмнени сепсе, ошону оруп» алган. Жазмадан: «Сулайман фараондун кызынан башка дагы көптөгөн бөтөн жерлик аялдарды: мааптык, эдомдук, сидондук аялдарды, Амондун жана Хеттин тукумдарынан болгон аялдарды сүйүп калды»,— дегенди окуйбуз (1 Пад. 11:1). Алардын көбү өздөрүнүн жалган кудайларына сыйына беришкен көрүнөт. Бара-бара Сулайман да туура жолдон адашып, ырайымдуу Кудайыбыздын жактыруусунан айрылган. (Оку: 1 Падышалар 11:4—8.)

Жакшы жактарын үйрөн, жаман жактарынан сабак ал

19. Ыйык Китепте кимдердин үлгүсү жазылган?

19 Жахаба ыйык рухтун жетеги менен Пабылга мындай сөздөрдү жаздырган: «Туруктуулугубуз аркылуу, Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу үмүткө ээ болушубуз үчүн, мурун жазылгандын баары бизге насаат катары жазылган» (Рим. 15:4). Ыйык Жазмада күчтүү ишенимге ээ болгон жана бизге жакшы үлгү калтырган эркек-аялдар тууралуу айтылат. Пабыл: «Дагы эмне дейин? Гидон, Барак, Шымшон, Иптах, Дөөтү, ошондой эле Шемуел жана башка пайгамбарлар жөнүндө айтууга убактым да жетпейт. Ишеним менен алар падышалыктарды жеңишкен, адил иштерди кылышкан, убадаларды алышкан... алсыз болгондо күчкө толушкан»,— деп жазган (Евр. 11:32—34). Биз Ыйык Жазмада жазылган Кудайдын ал кызматчыларынан көп нерсеге үйрөнө алабыз жана үйрөнүшүбүз керек.

20, 21. Кудайдын Сөзүндө айтылган мисалдардан сабак алууга эмне үчүн чечкиндүү болушубуз керек?

20 Бирок Ыйык Китепте биз туурабашыбыз керек болгон адамдар жөнүндө да жазылган. Алардын айрымдары башында Жахабага кызмат кылгандыктан, Жахаба аларды колдонуп келген. Ыйык Китепти окуп жатып, Кудайдын кээ бир кызматчылары эмнеден улам Жахабадан алыстап, бизге жаман үлгү болуп калганын биле алабыз. Ошондой эле алардын акырындап отуруп туура эмес көз караш өрчүтүп, жүрөгү бузулганын жана ошонун кесепетинде Жахабанын ырайымынан айрылганын байкайбыз. Ыйык Китепте жазылган мындай билдирүүлөрдөн кандай сабак ала алабыз? Ан үчүн өзүбүзгө төмөнкү суроолорду берип көрсөк болот: «Туура эмес ой жүгүртүү эмнеден башталган? Мен да ушинтип ой жүгүртө башташым мүмкүнбү? Ал түшкөн тузакка түшпөш үчүн эмне кылсам болот?»

21 Биз сөзсүз түрдө ал мисалдарды кылдат карап чыгышыбыз керек. Себеби Пабыл мындай деп жазган: «Алардын башынан өткөндүн баары башкаларга сабак болушу үчүн болгон, ал эми дүйнө түзүлүштөрүнүн аягы келген убакта жашап жаткан бизге эскертүү иретинде жазылган» (1 Кор. 10:11).

Эмнелерди билдиңер?

• Эмне үчүн Ыйык Китепте үлгү алышыбыз жана туурабашыбыз керек болгон адамдар тууралуу жазылган?

• Эмнеден улам Сулайман туура эмес иштерди кылууга көнүп калган?

• Сулаймандын жашоосунан кандай сабак алсак болот?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Сулайман Кудай берген акылмандыкты колдонгон

[12-беттеги сүрөт]

Сулаймандын жаман үлгүсүнөн сабак аласыңбы?