Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Байыркы убакта Кудайдын рухуна жетектелгендер

Байыркы убакта Кудайдын рухуна жетектелгендер

Байыркы убакта Кудайдын рухуна жетектелгендер

«Эгедер Теңир Жахаба мени жана өзүнүн рухун жиберди» (ЫШ. 48:16).

1, 2. Ишенимибиз бекем болушу үчүн, эмнеге муктажбыз жана Кудайдын байыркы убактагы ишенимдүү кызматчылары жөнүндө окуп-изилдөө бизди эмне себептен бекемдейт?

АБЫЛДЫН күндөрүнөн бери көп адамдар Кудайга ишенерин көрсөтүп келсе да, Ыйык Китепте: «Баарында эле ишеним боло бербейт»,— деп айтылат (2 Тес. 3:2). Бул сапатка ээ болуу эмне үчүн маанилүү жана аны өстүрүүгө эмне жардам берет? Ишеним өсүшү үчүн, Кудайдын Сөзүнөн билим алуу керек, анткени Ыйык Китепте: «Ишеним сөздү уккандан кийин пайда болот»,— деп жазылган (Рим. 10:17). Ишеним — Кудайдын ыйык рухунун жемишине кирген сапаттардын бири (Гал. 5:22, 23). Ошондуктан ишенимибиз бекем болушу үчүн, ыйык рухтун жардамына муктажбыз.

2 Айрым адамдардын ишеними төрөлгөнүнөн эле күчтүү болот деп ойлоо жаңылыштык болуп калар эле. Кудайдын Ыйык Китепте айтылган ишенимдүү кызматчылары да «биздикиндей эле сезимдери бар» адамдар болгон (Жкп. 5:17). Алар деле кайсы бир нерселерден кооптонушкан, өздөрүн ишенимсиз сезишкен, алсыздыктары менен күрөшүшкөн. Ошентсе да Кудайдын руху аларды «күчкө толтуруп», кыйынчылыктарын көтөрүп кетүүгө жардам берген (Евр. 11:34). Жахабанын руху аларга кандайча таасир эткенин карап чыгуу менен биз мындан ары да ишенимдүү кызмат кылууга күч алабыз. Азыркы күндө ишенимибизге туш-туштан сокку урулуп жаткандыктан, бул биз үчүн абдан маанилүү.

Кудайдын руху Мусага күч, жөндөмдүүлүк берген

3—5. а) Мусага жоопкерчилигин аткарууга ыйык рух жардам бергенин кайдан билебиз? б) Муса жөнүндөгү билдирүүдөн Жахабанын ыйык рухун канчалык өлчөмдө берерине байланыштуу эмнени билебиз?

3 Б.з.ч. 1513-жылы жашаган адамдардын ичинен Муса «эң жумшак адам» болгон (Сан. 12:3). Бирок Кудай ага ысрайыл элин жетектөөгө байланыштуу абдан чоң жоопкерчилик тапшырган. Кудайдын руху ага пайгамбарлык кылууга, сот жүргүзүүгө, анын Сөзүн жазууга, жетекчилик кылууга жана кереметтерди көрсөтүүгө күч берген. (Оку: Ышая 63:11—14.) Анткен менен Муса бир жолу өзүнө артылган жүктүн оор экенин айтып, Кудайга даттанган (Сан. 11:14, 15). Ошондо Жахаба андагы «рухтан алып», ага жоопкерчилигин аткарууга көмөктөшө турган 70 кишиге берген (Сан. 11:16, 17). Мусага жүгү оор сезилсе да, ал аны жалгыз көтөргөн эмес; ага жардам берүүгө дайындалган 70 киши да өздөрүнө артылган жүктү жалгыз көтөрүшкөн эмес.

4 Мусага ошол ишти аткарууга жетиштүү өлчөмдө ыйык рух берилген. Кудай андагы «рухтан алып», 70 кишиге бергенден кийин деле, Мусада керектүү өлчөмдө ыйык рух болгон. Ыйык рух ага өтө эле аз, ал эми 70 кишиге өтө көп берилген эмес. Жахаба бизге да ыйык рухун, жагдай-шартыбызга жараша канча керек болсо, ошончо берет. «Ал чексиз ырайымдуу болгондуктан» рухун ченебей, марттык менен берет (Жкн. 1:16; 3:34).

5 Азыркы тапта сен да сыноолорго туш болуп жатасыңбы? Жоопкерчиликтериң көбөйгөндөн көбөйүп, убактың кыскаргандан кыскарып бараткандай сезилеби? Үй-бүлөңө материалдык жана рухий жактан кам көрүү үчүн кара жаныңды карч уруп эмгектенгенден тышкары, чыгымдарыңдын көбөйүп жатканына же ден соолугуңдун начарлап баратканына түпөйүлдөнүп жатасыңбы? Жыйналышта жооптуу иштерди аткарып жатасыңбы? Жагдайың кандай болбосун, Жахабанын ыйык руху аркылуу сага аларды көтөрүп кетүүгө күч бере аларына эч шектенбе (Рим. 15:13).

Ыйык рух Безелелге жөндөмдүүлүк берген

6—8. а) Кудайдын руху Безелел менен Олиапка эмне кылууга жөндөмдүүлүк берген? б) Безелел менен Олиаптын Кудайдын рухуна жетектелгенин дагы эмне көрсөтүп турат? в) Безелел жөнүндөгү билдирүү бизди эмне үчүн бекемдейт?

6 Мусанын замандашы Безелел жөнүндөгү билдирүүдөн да Кудайдын рухунун кандай таасир этери тууралуу көп нерсе билүүгө болот. (Оку: Чыгуу 35:30—35.) Безелел ыйык чатырга керектүү буюм-тайымдарды жасоодо жетекчилик кылууга дайындалган. Ошол чоң долбоор башталганга чейин эле анын ошондой өнөрү, жөндөмдүүлүгү болгонбу? Балким, болгондур. Бирок ал ага чейин Мисирде кулчулукта жүргөндө негизинен кыш куюп иштесе керек (Чыг. 1:13, 14). Анда ал Кудай тапшырган оор ишти кантип аткарган? Ыйык Жазмада: «Кудай аны өзүнүн рухуна толтургандыктан, ал акылмандыкка, түшүнүккө, билимге ээ болуп, бардык ишке жөндөмдүү болду: чыгармачылыгы артып... чеберчилик менен ар кандай буюмдарды жасаганга жөндөмдүү болду»,— делет. Эгер Безелелдин кандайдыр бир тубаса шык-жөндөмү бар болгон болсо, Кудай аны ыйык руху менен өрчүткөнү күмөнсүз. Олиап жөнүндө да ушуну айтууга болот. Безелел менен Олиап ал иштерди мыкты өздөштүрүшкөн көрүнөт, анткени алар милдеттерин аткаргандан тышкары, башкаларды да үйрөтүшкөн. Ооба, Кудай аларга башкаларды үйрөтүүгө да жөндөмдүүлүк берген.

7 Безелел менен Олиаптын колунан бүткөн буюмдардын укмуштуудай бышык, сапаттуу болгону да алардын Кудайдын рухуна жетектелгенин далилдеп турат. Ал буюмдар 500 жылдай өткөндөн кийин да колдонула берген! (2 Жылн. 1:2—6). Жасаган нерсеси менен атын чыгаргысы келген бүгүнкү күндөгү адамдардан айырмаланып, Безелел менен Олиап жасаган буюмдарына өздөрүнүн атын жазышкан же белгисин коюшкан эмес. Алар бүт атак-даңкты Жахаба Кудайга ыйгарууну каалашкан (Чыг. 36:1, 2).

8 Бизге да кандайдыр бир шык-жөндөмдү талап кылган иштер, мисалы, куруу, адабият басуу, жыйындарды уюштуруу, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин жетектөө жана кан куйдурбоого байланыштуу Ыйык Китепке негизделген көз карашыбызды доктурлар менен ооруканада иштеген башка кызматкерлерге түшүндүрүп берүү сыяктуу олуттуу иштер тапшырылышы мүмкүн. Айрым учурларда андай иштерди жөндөмдүү бир туугандар аткарса да, көп учурда аларды тажрыйбасы, атайын билими жок ыктыярдуу кызматчылар аткарышат. Кудайдын руху аларга ал иштерди ийгиликтүү аткарууга жардам берет. Жахабага кызмат кылууда кайсы бир иш тапшырылганда, мага караганда башкалар жакшыраак аткарат деп ойлоп, андан баш тарткың келген учурларың болду беле? Жахаба кандай иш тапшырбасын, анын руху билимиңди, жөндөмүңдү арттырып, аны аткарууга жардам берерин унутпа.

Кудайдын руху Жашыяны ийгиликке жеткирген

9. Мисирден чыккандан кийин ысрайыл эли кандай жагдайга туш болгон жана буга байланыштуу кандай суроо туулат?

9 Кудайдын руху Муса менен Безелелдин замандашын да жетектеген. Ысрайыл эли Мисирден чыккандан көп өтпөй, Амалыктын тукумдары жөн жерден эле аларга сокку ура баштаган. Ысрайылдыктар ошол соккунун мизин кайтарышы керек эле. Ага чейин эзели согушуп көрбөсө да, аларга эгемендүү эл катары согушка аттанууга туура келген (Чыг. 13:17; 17:8). Ошондуктан аларды баштай турган кол башчы керек болгон. Буга ким тандалган?

10. Жашыя жетектеген ысрайылдыктар эмненин аркасында жеңишке жетишкен?

10 Жахаба Жашыяны тандаган. Бирок анын мурун жасаган кайсы жумушу ага ушул тапшырманы аткарууга жардам берет эле? Кул болуп, кара жумуш кылганыбы? Ылайга саман аралаштырып, кыш куйганыбы? Же чөлдө манна чогултканыбы? Белгилей кетчү нерсе, Жашыянын чоң атасы Элишама Эпрайым уруусунун башчысы болгон жана сыягы, Ысрайылдын үч уруудан турган аскер тобундагы 108 100 кишини жетектеген (Сан. 2:18, 24; 1 Жылн. 7:26, 27). Анткен менен Жахаба Мусага душман менен беттеше турган аскер күчүн Элишама да, анын уулу Нун да эмес, Жашыя жетектеши керектигин айткан. Салгылаш эртеден кечке созулган. Ошондо Жашыя Кудайга толугу менен баш ийгендиктен жана ыйык рухтун жетегине ылайык иш кылгандыктан, ысрайылдыктар жеңишке ээ болгон (Чыг. 17:9—13).

11. Канткенде, Жашыяга окшоп, ыйык кызматта ийгиликке жете алабыз?

11 Мусанын көзү өткөндөн кийин, ысрайыл элин «акылмандык рухуна» ээ болгон Жашыя жетектей баштаган (Мыйз. 34:9). Ыйык рух аны Мусага окшоп пайгамбарлык кылууга, керемет көрсөтүүгө жөндөмдүү кылбаса да, ага бир катар согуштарда ысрайыл элин ийгиликтүү жетектеп, Канаан жерин басып алууга жардам берген. Бүгүнкү күндө биз да ыйык кызматтын айрым түрлөрүн аткарууга өзүбүздү тажрыйбасыз же жараксыз сезишибиз мүмкүн. Ошого карабай, Кудайдын көрсөтмөлөрүнө так кармансак, Жашыяга окшоп, ийгиликке жетерибизге эч шектенбесек болот (Жаш. 1:7—9).

«Гидонго Жахабанын руху түшкөн»

12—14. а) Гидондун 300 кишисинин мидиандыктардын азар түмөн колунун таш талканын чыгарганы эмнени айгинелеп турат? б) Жахаба Гидонду кантип бекемдеген? в) Бүгүнкү күндө Кудай бизди кантип бекемдейт?

12 Жашыя көз жумгандан кийин да Жахаба ыйык рухун колдонуп, ишенимдүү кызматчыларына күч бере берген. Бийлер китеби «алсыз болгондо күчкө толгон» инсандар жөнүндөгү билдирүүлөргө бай (Евр. 11:34). Мисалы, Кудай ыйык руху аркылуу Гидонго өзүнүн эли үчүн күрөшүүгө дем-күч берген (Бий. 6:34). Гидон мидиандыктар менен согушуу үчүн аскерин чогултканда, душмандар алардан төрт эсе көп болуп чыккан. Бирок ысрайыл элинин ошончо аз аскери да Жахабанын көз алдында өтө көп болгон. Ошондуктан ал Гидонго аскерлеринин санын кыскартууга эки жолу буйрук берген. Акыр-аягы, 1 ысрайылдык 450 мидиандыкка каршы согуша турган болгон! (Бий. 7:2—8; 8:10). Жахаба ысрайылдык жоокерлердин саны ушунча эле болушун туура көргөн. Эгер ысрайыл эли аз болуп туруп душмандын азар түмөн колун жеңе турган болсо, жеңишке өз күчүбүз же акылмандыгыбыз менен жеттик деп кимиси мактана алмак?

13 Ошентип, Гидон менен анын кишилери жоо менен беттешүүгө даяр болушкан. Эгер ошончо аз сандагы аскердин арасында сен да болсоң, араңардагы суу жүрөк, сак эмес кишилердин үйүнө жиберилгенин билип кооп санабай калат белең? Же аягы эмне менен бүтөт болду экен деп жүрөгүң түшүп, бүткөн боюңду калтырак басат беле? Ошол учурда Гидондун Кудайга таянганы шексиз. Жахаба ага эмне кыл десе, ал так ошондой кылган. (Оку: Бийлер 7:9—14.) Гидон Жахабадан аны менен болорун далилдеш үчүн жышаан көрсөтүшүн суранганда, ал аны айыптаган эмес (Бий. 6:36—40). Кайра анын ишенимин бекемдеген.

14 Жахаба — чексиз кудуреттүү Кудай. Ошондуктан ал өзүнүн элин ар кандай оор жагдайдан куткарыш үчүн алсыз же колунан эч нерсе келбегендей көрүнгөн адамдарды деле колдонуп коё алат. Кээде биз өзүбүздү көп душмандын курчоосунда калгандай же туңгуюкка кептелгендей сезишибиз мүмкүн. Албетте, андайда Гидонго көрсөтүлгөндөй жышаан көрсөтүлөт деп күтпөйбүз. Бирок Кудай бизге өзүнүн Сөзү жана ыйык руху менен жетектеген жыйналышы аркылуу зарыл көрсөтмөлөрдү берип, кайраттандырат (Рим. 8:31, 32). Ошондой эле мээримдүү Кудайыбыздын убадалары ишенимибизди бекемдеп, анын сөзсүз жардам берерине ынандырат.

«Иптахка Жахабанын руху түшкөн»

15, 16. Иптахтын кызына жан аябас болууга эмне жардам берген жана бул ата-энелерге эмне кылууга түрткү берет?

15 Дагы бир мисалды карап көрөлү. Ысрайылдыктар Амон уулдарынын кошууну менен майданда беттеше турган болгондо, «Иптахка Жахабанын руху түшкөн». Жеңишке жетип, Жахабаны даңктоону абдан каалагандыктан Иптах аткаруу оңойго турбаган ант берген. Ал Кудайга, эгер Амон уулдарын колуна салып бере турган болсо, үйүнө кайтып келгенде аны ким биринчи болуп тосуп чыкса, аны ага берем деп ант берген. Иптах жеңиш менен кайтып келгенде, аны жападан жалгыз кызы тосуп чыккан (Бий. 11:29—31, 34). Бул Иптах үчүн күтүлбөгөн нерсе болгонбу? Кыязы, андай деле эмес көрүнөт, анткени ал ант берип жатканда алдынан кызы тосуп чыгышы мүмкүн экенин билген. Ал кызын Жахабанын Шилодогу ыйык жайында өзгөчө кызмат кылууга жиберип, антын аткарган. Иптахтын кызы да буга каршы болгон эмес. Анткени Жахабанын берилген кызматчысы болгондуктан ал атасынын анты сөзсүз аткарылышы керектигин түшүнгөн. (Оку: Бийлер 11:36.) Ырас, Жахабанын руху экөөнө тең күч берген.

16 Иптахтын кызына жан аябас болууга эмне жардам берген? Атасынын Кудайга ынталуулук, берилгендик менен кызмат кылганын көрүп анын ишеними өскөнү шексиз. Андыктан, ата-энелер, кандай үлгү көрсөтүп жатканыңар балдарыңардын көз жаздымында калбайт. Айткан сөздөрүңөргө чындап ишенериңер чыгарган чечимдериңерден көрүнөт. Балдарыңар силердин жалындуу тиленгениңерди, натыйжалуу окутканыңарды жана Жахабага бүт жүрөгүңөр менен кызмат кылуу үчүн жумшап жаткан күч-аракетиңерди көрүп, Жахабага кызмат кылууга күчтүү каалоо өрчүтүшү мүмкүн. Ал эми бул өз кезегинде силерге чоң кубаныч тартуулайт.

Шымшонго «Жахабанын руху түшкөн»

17. Шымшон Кудайдын рухунун жардамы менен эмнелерди кылган?

17 Кудайдын рухуна жетектелген кишилердин дагы бири — Шымшон. Ысрайыл эли пелиштиликтердин эзүүсүнөн азап чегип жатканда, аларды куткарышы үчүн, Шымшонго «Жахабанын руху түшкөн» (Бий. 13:24, 25). Ошондуктан ал укмуштуудай зор күчтү талап кылган иштерди кылган. Пелиштиликтер ысрайылдыктарды Шымшонду кармап берүүгө көндүргөндө, «ага Жахабанын руху түшүп, колун байлаган аркандар күйүп калган зыгыр жибиндей болуп үзүлүп калган» (Бий. 15:14). Кийинчерээк туура эмес иш кылып, кереметтүү күчүнөн ажырап калса да, ал ишеними аркылуу күчкө толгон (Евр. 11:32—34; Бий. 16:18—21, 28—30). Ошол учурда жагдай өзгөчө болгондуктан, Жахабанын руху ага өзгөчө жол менен таасир эткен. Жахаба бизге Шымшондукундай иштерди кылууга күч бербесе да, ал жөнүндөгү билдирүүлөр бизди абдан кайраттандырат. Кандайча?

18, 19. а) Шымшон жөнүндөгү билдирүү бизди эмне үчүн кайраттандырат? б) Бул макалада айтылган Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын үлгүсүн карап чыгуудан кандай пайда алдың?

18 Шымшонго күч берген ыйык рухтун бизге да күч берерине ишенебиз. Ал бизге Иса өзүнүн жолдоочуларына тапшырган ишти, тактап айтканда, жакшы кабар жарыялоо жана кылдат күбөлөндүрүү ишин аткарууга жардам берет (Элч. 10:42). Бул иш бизден өзүбүздө жок жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтүүнү талап кылат. Андыктан бизге тапшырылган ар кандай иштерди аткарууга ыйык руху аркылуу жөндөмдүүлүк берип жатканы үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! Биз Ышая пайгамбардын: «Эгедер Теңир Жахаба мени жана өзүнүн рухун жиберди»,— деген сөздөрүнө толук кошулабыз (Ыш. 48:16). Жахаба Мусанын, Безелелдин жана Жашыянын жөндөмдүүлүктөрүн арттыргандай эле, биздин да жөндөмдүүлүктөрүбүздү арттырарына бекем ишенебиз, ошондуктан кабар айтуу ишине бүт жүрөгүбүздү арнайбыз. Ошондой эле анын Гидонго, Иптахка, Шымшонго күч бергендей эле, бизге да күч берерин билгендиктен «рухтун кылычын, башкача айтканда, Кудай сөзүн алып», рухий майданда колдонобуз (Эф. 6:17, 18). Кыйынчылыктарга кабылганда Жахабага таянсак, Шымшон түзмө-түз күчтүү болгондой эле, биз рухий жактан күчтүү болобуз.

19 Ооба, Жахаба таза сыйынууну тайманбастык менен жактагандарга батасын берет. Эгер Кудайдын ыйык рухунун жетегине баш ийсек, ишенимибиз бекемделе берет. Грек Жазмаларында да ыйык рухка жетектелген адамдардын окуялары жазылган. Алардан Жахабанын ыйык руху анын 1-кылымдагы ишенимдүү кызматчыларына б.з. 33-жылындагы Элүүнчү күн майрамына чейин жана андан кийин кандайча таасир эткенин биле алабыз. Жүрөк толкуткан ал окуялардын айрымдарын кийинки макалада талкуулайбыз.

Кудайдын рухунун...

• Мусага

• Безелелге

• Жашыяга

• Гидонго

• Иптахка

• Шымшонго

...жардам бергени сени эмнеси менен бекемдеди?

[Изилдөө суроолору]

[22-беттеги кыстырма]

Кудайдын руху Шымшонду күчкө толтургандай, бизди рухий жактан күчтүү кылат

[21-беттеги сүрөт]

Ата-энелер, силердин жакшы үлгүңөр балдарыңарга күчтүү таасир этет