Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Биринчи кылымда жана бүгүнкү күндө Кудайдын рухуна жетектелгендер

Биринчи кылымда жана бүгүнкү күндө Кудайдын рухуна жетектелгендер

Биринчи кылымда жана бүгүнкү күндө Кудайдын рухуна жетектелгендер

«Мунун баарын бир эле рух аткарат» (1 КОР. 12:11).

1. Бул макалада эмнелерге токтолобуз?

ЭЛҮҮНЧҮ КҮН МАЙРАМЫ. Ушул үч эле сөз эмне деген көңүл толкутарлык окуяларды эсибизге салбайт! Ошол күнү Кудай өзүнүн кызматчыларына ыйык рухун төккөн (Элч. 2:1—4). Ошондон тартып Кудай өз элин ыйык руху аркылуу башкача жол менен жетектей баштаган. Мурунку макалада биз Кудайдын руху анын байыркы убактагы ишенимдүү кызматчыларына оор жана кылдаттыкты талап кылган ар кандай тапшырмаларды аткарууга жардам бергенин карап чыкканбыз. Ыйык рухтун аларга тийгизген таасири 1-кылымдан кийин жашагандарга тийгизген таасиринен эмнеси менен айырмаланат? Ал эми Кудайдын азыркы учурдагы кызматчылары анын рухунун таасиринен кандай пайда алышат? Бул макалада ушул суроолорго токтолобуз.

«Мен Жахабанын кулумун!»

2. Мариям Жахабанын рухунун таасирине качан күбө болгон?

2 Убадаланган ыйык рух төгүлгөндө, Иерусалимдеги бир үйдүн үстүнкү чоң бөлмөсүнө чогулгандардын арасында Мариям да болгон (Элч. 1:13, 14). Бирок ошол окуядан 30 жылдан ашуун убакыт мурун да ал Жахабанын рухунун укмуштуудай жол менен таасир эткенине күбө болгон. Мариям кыз кезинде, Жахаба ыйык руху аркылуу өз Уулунун жашоосун анын жатынына көчүргөн. Ооба, анын боюндагы бала «ыйык рухтан» болгон (Мт. 1:20).

3, 4. Мариям Кудайдын эркин аткарууга кандай караган жана андан кандай үлгү алсак болот?

3 Эмне үчүн Мариям ошондой теңдешсиз сыймыкка ээ болгон? Периште ага Кудайдын Уулун төрөй турганын айткандан кийин, ал: «Мен Жахабанын кулумун! Мен жөнүндө эмне деп айтсаң, ошонун баары аткарылсын»,— деген (Лк. 1:38). Ушул сөздөрүнөн анын кандай адам болгону айкын көрүнүп турат. Анын кандай адам экенин Жахаба эбак эле байкаган. Мариямдын дароо жооп бергени Жахабанын эркин аткарууга даяр болгонун көрсөтүп турат. Ал: «Боюма бүткөнүмдү укса, эл эмне дейт? Бул сүйлөшкөн жигитим менен болгон мамилеме кандай таасир этет?» — деген сыяктуу суроолорду берген эмес. Ал эми өзүнүн карапайым кул экенин айтуу менен Кожоюну Жахабага толугу менен таянарын айгинелеген.

4 Кудайга кызмат кылууда кээде жоопкерчиликтериң же кездешкен кыйынчылыктарың көтөрө алгыс оор жүктөй сезилеби? Ар бирибиз өзүбүзгө: «Жахабанын баарын өзүнүн ой-ниетине ылайык кыларына толугу менен ишенемби? Жахаба тапшырган иштерди дайыма даярдуулук менен аткарамбы?» — деген суроолорду берип көрүшүбүз кажет. Жахабанын ага бүт жүрөгү менен таянгандарга жана анын эгедерлигине баш ийгендерге ыйык рухун берерине толук ишенсең болот (Элч. 5:32).

Ыйык рух Петирди колдогон

5. Б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамына чейин ыйык рух Петирге кандай таасир эткен?

5 Мариямдай эле, элчи Петир да б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамына чейин Кудайдын ыйык рухунун күчтүү таасирин көргөн. Алсак, Иса ага жана башка элчилерге адамдардан жиндерди кууп чыгарууга бийлик берген (Мр. 3:14—16). Ыйык Жазмада майда-чүйдөсүнө чейин айтылбаса да, Петир ошол бийлигин колдонгон көрүнөт. Иса аны Галилея деңизинин үстү менен басууга чакырганда да, Кудайдын күчү айкын болгон. (Оку: Матай 14:25—29.) Арийне, Петир ыйык рухтун колдоосуна ишенгендиктен ажайып иштерди кыла алган. Бирок көп өтпөй ал рух ага жана башка шакирттерге башкача жол менен таасир этмек.

6. Кудайдын руху аркылуу Петир б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамында жана андан кийин эмнелерди кылган?

6 Б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамында Петирге жана башка шакирттерге Иерусалимге барган кишилердин тилинде сүйлөө жөндөмдүүлүгү берилген. Андан соң Петир калың элге сөз сүйлөгөн (Элч. 2:14—36). Ооба, кээде коркоктук, кызуу кандуулук кылса да, ал кайрат байлап, куугунтукка, каршылыкка карабай тайманбастык менен кабар айткан (Элч. 4:18—20, 31). Ошондой эле ал Кудайдын руху аркылуу өзгөчө маалыматтарды алган (Элч. 5:8, 9). Атүгүл ага бир кишини тирилтүүгө күч берилген (Элч. 9:40).

7. Петир майлангандан кийин Исанын кайсы окууларын түшүнгөн?

7 Элүүнчү күн майрамына чейин эле Петир Иса окуткан көптөгөн чындыктардын маанисин аңдаган (Мт. 16:16, 17; Жкн. 6:68). Бирок ал түшүнө элек чындыктар да бар болчу. Маселен, Петир Машаяктын үчүнчү күнү рух катары тирилтилерин жана анын Падышалыгы асманда болорун түшүнгөн эмес (Жкн. 20:6—10; Элч. 1:6). Анткени адамдардын рухий жаратуу болуп, асмандагы Падышалыкта бийлик кылары жөнүндөгү түшүнүк Петир үчүн жат нерсе болчу. Ыйык рух менен чөмүлтүлүп, асманда жашоо үмүтүнө ээ болгондон кийин гана ал Исанын ушуга байланыштуу окууларын түшүнө алган.

8. Майлангандар да, башка койлор да кандай билимге ээ?

8 Исанын шакирттерине мурун айкын болбогон нерселер ыйык рух төгүлгөндөн кийин айкын боло баштаган. Грек Жазмаларын жазууга катышкандар биздин пайдабыз үчүн ыйык рухтун жетеги менен Жахабанын көп кырдуу ой-ниетине байланыштуу кереметтүү чындыктарды ачып беришкен (Эф. 3:8—11, 18). Бүгүнкү күндө ыйык рух менен майлангандар да, «башка койлор» да бир рухий дасторкондон тамактанып, Кудай жөнүндөгү чындыктарды бирдей түшүнүшөт (Жкн. 10:16). Ыйык рухтун жардамы менен Кудай Сөзүнөн билим алып, аны түшүнүп жатканыңды жогору баалайсыңбы?

Пабыл «ыйык рухка толгон»

9. Пабыл ыйык рухтун жардамы менен эмнелерди кылган?

9 Б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамынан бир жылдай өткөндөн кийин, Кудайдын ыйык рухун дагы бир киши алган. Ал кийин Пабыл деген ат менен таанылган Шабыл болгон. Анын ыйык рухтун жетеги менен кылган иштери азыр да бизге пайда алып келүүдө. Алсак, элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен Ыйык Китептин 14 китебин жазган. Кудайдын руху, Петирге жардам бергендей эле, ага да асманда жашай тургандар ээ боло турган өлбөстүк жана чирибестик жөнүндө түшүнүп, ал тууралуу так-таасын жазууга жардам берген. Андан сырткары, ыйык рухтун көмөгү менен Пабыл оорулууларды айыктырган, жиндерди кууп чыгарган, атүгүл өлгөндөрдү тирилткен. Бирок ыйык рух Пабылга андан да маанилүү нерсени кылууга күч берген. Бүгүнкү күндө да ыйык рух, кереметтүү түрдө болбосо да, Кудайдын кызматчыларына ошол эле нерсени кылууга күч берет.

10. Ыйык рух Пабылдын сүйлөө жөндөмдүүлүгүнө кандай таасир эткен?

10 Бир жолу Пабыл «ыйык рухка толуп», бир көз байлоочуну эр жүрөктүк менен айыптаган. Ошондо мунун баарын угуп турган Кипр аралынын акими кандай гана таасирленген! Ал «Жахаба жөнүндө билгендерине абдан таң калып», чындыкты кабыл алган (Элч. 13:8—12). Кыязы, Пабыл Кудай жөнүндөгү чындыкты айтуу үчүн ыйык рухтун жардамы абдан зарыл экенин жакшы билген (Мт. 10:20). Ошондуктан ал кийинчерээк Эфестеги жыйналыштагылардан ага сүйлөө жөндөмдүүлүгү берилишин сурап тиленишин өтүнгөн (Эф. 6:18—20).

11. Кудайдын руху Пабылды кантип жетектеген?

11 Ыйык рух Пабылды сүйлөөгө жөндөмдүү кылгандан тышкары, кээ бир жерлерде кабар айтышына тыюу салган. Миссионердик сапарда жүргөндө Пабылга дайыма Кудайдын руху жол көрсөткөн. (Элч. 13:2; оку: Элчилер 16:6—10.) Жахаба дагы деле кабар айтуу ишин ыйык руху аркылуу жетектейт. Анын тил алчаак кызматчыларынын баары, Пабылдай болуп, чындык жөнүндө кайраттуулук, ынталуулук менен жарыялаганга аракет кылышат. Бүгүнкү тапта Кудайдын кантип жетектеп жатканы Пабылдын күндөрүндөгүдөй ачык көрүнбөсө да, анын өзүнүн рухун колдонуп, жүрөгү таза адамдардын чындыкты угушуна кам көрүп жатканына эч шектенбесек болот (Жкн. 6:44).

«Иш-аракеттер... ар түрдүү болот»

12—14. Кудайдын руху анын кызматчыларынын баарына бирдей таасир этеби? Түшүндүр.

12 Жахабанын 1-кылымдагы майлангандардан турган жыйналышка батасын төккөнү анын бүгүнкү күндөгү берилген кызматчыларын бекемдейби? Сөзсүз! Пабылдын өзүнүн күндөрүндөгү рух берген кереметтүү жөндөмдүүлүктөр жөнүндө Корунттагы жыйналышка Кудайдын жетеги менен эмне деп жазганына көңүл бурсаң: «Ар түрдүү жөндөмдүүлүктөр бар, бирок рух бирөө эле. Кызматтын ар кандай түрлөрү бар, бирок Мырзабыз бирөө эле. Иш-аракеттер да ар түрдүү болот, бирок баарына иш-аракет кылууга ар кандай жолдор менен түрткү берген Кудай бирөө эле. Мунун баарын бир эле рух аткарат, ал ар кимге өзү каалагандай жөндөм берет» (1 Кор. 12:4—6, 11). Мындан көрүнүп тургандай, ыйык рух Кудайдын көздөгөн максатына жараша анын ар кайсы кызматчысына ар кандайча таасир этет. Ырас, ыйык рух Машаяктын «кичине оторуна» да, «башка койлоруна» да берилет (Лк. 12:32; Жкн. 10:16). Анткен менен ал жыйналыштын бардык мүчөлөрүнө дайыма эле бирдей таасир эте бербейт.

13 Мисалы, аксакалдар ыйык рух аркылуу дайындалат (Элч. 20:28). Бирок рух менен майлангандардын баары эле жыйналышта көзөмөлчү болуп кызмат кыла беришпейт. Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Кудайдын руху жыйналыштын ар кайсы мүчөсүнө ар кандай таасир этет.

14 Кудай майлангандарга «уулдары катары асырап алыш үчүн берген рухун» өзүнүн жалгыз Уулун асмандагы өлбөс жашоого тирилткенде да колдонгон. (Оку: Римдиктер 8:11, 15.) Ошол эле рухун колдонуп, Жахаба ай-ааламды жараткан (Башт. 1:1—3). Ошол эле руху аркылуу ал Безелелди ыйык чатырга байланышкан өзгөчө иштерди аткарууга жөндөмдүү кылган, ал эми Шымшонго зор күчтү талап кылган иштерди кылууга күч берген, Петирге болсо суунун үстү менен басууга жардам берген. Андыктан Кудайдын рухуна ээ болуу анын руху менен майлануудан айырмаланарын унутпашыбыз керек. Адам ыйык рух менен майланганда, ыйык рух ага өзгөчө бир жол менен таасир эткен болот. Кимди ыйык рух менен майлаарын Кудай өзү чечет.

15. Ыйык рухка чөмүлтүлүү түбөлүккө уланабы? Түшүндүр.

15 Кудайдын иш-аракет кылуучу ыйык күчү б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамынан миңдеген жылдар мурун эле анын ишенимдүү кызматчыларына ар кандай жолдор менен таасир этип келген. Ал эми ошол жылдан тартып Кудай адамдарды ыйык руху менен майлай баштаган, бирок бул түбөлүккө созулмак эмес. Ыйык рухка чөмүлтүлүү токтомок, анткен менен, Кудайдын кызматчылары анын эркин түбөлүккө аткара бериши үчүн, ыйык рух дагы деле аларга таасир эте бермек.

16. Кудайдын кызматчылары анын ыйык рухунун жардамы менен эмнелерди кылууда?

16 Учурда Жахабанын ыйык рухунун жетеги астында жерде кандай иш жүргүзүлүп жатат? Мунун жообу Аян 22:17де камтылган. Ал жерде мындай делет: «Рух менен колукту: „Кел!“ — деп жатышат. Муну уккандардын баары: „Кел!“ — десин. Ким суусаса, келсин. Ким кааласа, өмүр суусунан бекер алсын». Ыйык рух түрткү бергендиктен, Кудайдын кызматчылары бүгүнкү күндө каалагандардын баарын Жахаба тартуулаган өмүр суусунан ичүүгө чакырып жатышат. Исанын майланган жолдоочулары бул иште жетекчиликти колго алса да, ага башка койлор да катышууда. Эки топ тең бул ишти бүтүрүү үчүн ыйык рух менен кызматташат. Алардын баары Жахабага арналганын көрсөтүп, «Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлтүлүшөт» (Мт. 28:19). Ошондой эле жашоосунда Кудайдын рухунун жетегине баш ийип, анын жемишин чагылдырышат (Гал. 5:22, 23). Майлангандардай эле, башка койлор да Кудайдын рухунун жардамына таянышат. Анын көмөгү менен алар Жахабанын ыйыктыкка байланыштуу талаптарына жооп берүү үчүн колунан келгендин баарын кылышат (2 Кор. 7:1; Аян 7:9, 14).

Ыйык рух сураганыңды токтотпо

17. Бизде Кудайдын руху бар экенин кантип көрсөтө алабыз?

17 Келечекте асманда түбөлүк жашоого үмүттөнөсүңбү же жердеби, Жахаба сага, кынтыксыз бойдон калып, сыйлыгыңды алышың үчүн, «адаттан тышкаркы күч» берет (2 Кор. 4:7). Падышалык жөнүндө жакшы кабар жарыялап жатканың үчүн шылдыңга алынышың мүмкүн. Бирок сени «Машаяктын ысмы үчүн кордоп жатышса, анда бактылуу» экениңди унутпа, анткени сенде «даңк руху, Кудайдын руху, бар» (1 Пет. 4:14).

18, 19. Жахаба сага ыйык руху аркылуу кантип жардам берет жана сен эмнеге чечкиндүүсүң?

18 Ыйык рух — Кудайдын белеги. Ал аны чын жүрөктөн сурагандардын баарына берет. Ыйык рух жөндөмдүүлүктөрүңдү арттыргандан тышкары, Кудайга бүт жүрөгүң менен кызмат кылууга болгон каалооңду да өрчүтөт. Ооба, «Кудай, өзүнүн эркине ылайык иш кылышың» үчүн, сага «каалоо да, күч да берип, иш-аракет кылууга түрткү берет». Кудайдын баа жеткис белеги болгон ыйык рухтун көмөгү жана «өмүр сөзүнө бекем карманууга» жумшаган аракетиң мындан ары да куткарылууңа «коркуп, титиреп жетүүгө» жардам берет (Флп. 2:12, 13, 16).

19 Ошондуктан Кудайдын өзүнүн руху аркылуу колдоо көрсөтөрүнө бекем ишенип, ар бир тапшырманы жан-жигериңди төшөп аткар, аны мыкты өздөштүргөнгө аракет кыл жана Жахабага жардам сурап кайрыл (Жкп. 1:5). Ал сага өзүнүн Сөзүн түшүнүүгө, жашоодогу кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жана жакшы кабар айтууга зарыл нерселердин баарын берет. Иса: «Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет; издегениңерди токтотпогула, ошондо табасыңар; тыкылдатканыңарды токтотпогула, ошондо силерге эшик ачылат»,— деп убадалаган (Лк. 11:9, 13). Бул Кудайдан ыйык рух суроону да камтыйт. Ошондуктан Жахабадан, байыркы убактагы жана азыркы учурдагы ишенимдүү кызматчыларындай болуп, ыйык рухка жетектелүүгө жардам беришин сурап тилене бер.

Түшүндүрө аласыңбы?

• Канткенде Мариямды туурай алабыз жана бул кандай батага ээ кылат?

• Пабыл кандай мааниде Кудайдын рухуна жетектелген?

• Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары кандайча анын рухуна жетектелишет?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги сүрөт]

Кудайдын руху Пабылга каардуу рухтардын таасирин жеңүүгө күч берген

[26-беттеги сүрөт]

Ыйык рух майлангандарга да, «башка койлорго» да жардам берет