Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ооруңа карабай кубанычыңды сактай аласың

Ооруңа карабай кубанычыңды сактай аласың

Ооруңа карабай кубанычыңды сактай аласың

ТАҢ ата электе эле, эртерээк кеч кирсе экен деп тилеп жатканыңды элестетсең. Анткени сай сөөгүңдү сыздаткан же жан дүйнөңдү кыйнаган оору менен дагы бир күн алпурушушуң керек. Атүгүл: «Ушунча кыйналгандан көрө, өлүп эле калсам гана»,— деп айткан Аюптукундай сезимде болушуң мүмкүн (Аюп 7:15, «Жаңы англис Ыйык Китеби»). Ооруңан эртең-бүрсүгүнү эле сакайбай турган болсоңчу?

Дөөтү падышанын жан досу Жонатандын уулу Мепибешет да ушу сыяктуу кыйынчылыкты башынан өткөргөн. Беш жашында ал «кулап кетип, эки бутунан тең аксап калган» болчу (2 Шем. 4:4). Майыптыктын азабын чеккени аз келгенсип, падышага чыккынчылык кылды деген жалаа жабылып, мүлкүнөн ажыраганда ого бетер жаны кыйналса керек. Бирок ал майып болгонуна, жалаа жабылып, көңүлү калганына карабай, кубанычын жоготкон эмес (2 Шем. 9:6—10; 16:1—4; 19:24—30).

Элчи Пабылдын да ушу сыяктуу көйгөйү болгон. Ал денесиндеги «тикен» жөнүндө жазган (2 Кор. 12:7). Анын жанын кыйнаган «тикен» өнөкөт ооруну же анын Кудайдын элчиси экенин талашка салган кишилерди билдириши ыктымал. Ал эмне болгон «тикен» болбосун, анын айынан чеккен азабы кыска убакытка созулган эмес (2 Кор. 12:9, 10).

Бүгүнкү күндө да Кудайдын айрым кызматчылары алсыраткан өнөкөт оорудан же стресстен кыйналып келишет. Алсак, Магдаленага 18 жашында теринин кургак учугу деген диагноз коюлган. Ага чалдыккан кишинин иммундук системасы өзүнүн эле органдарына каршы чабуул коёт. «Башында аябай жүрөгүм түштү. Убакыттын өтүшү менен абалым начарлап отуруп, ичкен тамагым сиңбей, ооз көңдөйүмдү жара басып, калкан сымал безимдин функциясы бузулду»,— дейт ал. Ал эми Изабела сыртынан билине бербегени менен жанды кейиткен оору менен күрөшүп келет. Ал мындай дейт: «Бала кезимен эле депрессия менен алышып келем. Кээде туруп туруп эле коркунуч басып, демим кыстыгып, ичим түйүлүп кетет. Ошондо эч нерсеге дарманым келбей, бүк түшүп жатып калам».

Кыйынчылыкка тике кара

Ооруп калганда жашооңо бүлгүн түшкөндөй эле болушу мүмкүн. Андайда отуруп алып, жагдай-шартыңды чынчылдык менен таразалап көргөнүң дурус. Чынында, бардыгы мурункудай болбой калганын моюнга алуу оңойго турбайт. Магдалена мындай дейт: «Оорум күндөн күнгө күчөй берет. Ушунчалык алсырагандыктан көп учурда төшөктөн турганга да алым келбей калат. Эртеңки күнү абалым кандай болору бүдөмүк болгондуктан, бир нерсени алдын ала пландаштыруу кыйын. Мен баарынан да Кудайга мурункудай кызмат кыла албай калганыма капаланам».

Збигне мындай дейт: «Жылдар оошкон сайын, ревматоиддик артритим алдан-күчтөн тайдырып, улам бир муунумду жабыркатып келет. Кээде муундарым аябай катуу сезгенгендиктен, жөпжөнөкөй эле иштерди кылууга да дарманым келбей калат. Ушундан улам көңүлүм чөгөт».

Бир канча жыл мурун Барбаранын мээсинде улам чоңоё бере турган шишик бар экени аныкталган. «Организмимде күтүлбөгөн өзгөрүүлөр болду. Шайым ооп шалдырап, бат-баттан башым ооруп, бир нерсеге көңүл топтой албай калдым. Жипсиз байлаган ушундай илдетке чалдыккандан кийин жашоомдогу бардык нерсени кайрадан талдап чыгууга туура келди»,— дейт ал.

Айтылып өткөн кишилердин баары — Жахабанын ишенимдүү кызматчылары. Алар анын эркин жашоосунда биринчи орунга коюшат. Ошондой эле Кудайга толугу менен таянышат жана анын камкордугун сезишет (Накыл 3:5, 6).

Жахаба кантип жардам берет?

Кудайдын ырайымынан ажырап калгандыктан кыйынчылыкка дуушар болдум деп ойлобошубуз керек (Ый 3:33). Аюп «кемчиликсиз, түз жүргөн» киши болсо да, не деген азапты башынан өткөргөнүн ойлоп көрсөң (Аюп 1:8). Кудай «эч кимди жамандык менен сынабайт» (Жкп. 1:13). Эмоциялык оорубу же өнөкөт оорубу, дарттын баары түпкү ата-энебиз Адам ата менен Обо энеден тукум кууп өткөн (Рим. 5:12).

Бирок Жахаба менен Иса адил адамдарды жардамсыз калтырбайт (Заб. 34:15). Өзгөчө оор учурларда Кудай биз үчүн «баш маана», «сепил» болуп берет (Заб. 91:2). Анда оңой менен айыкпай турган ооруга чалдыкканда кубанычыңды сактоого эмне жардам берет?

Тиленүү. Байыркы учурдагы ишенимдүү кишилерден үлгү алып, тиленүү аркылуу жүгүңдү асмандагы Атабыз Жахабага артсаң болот (Заб. 55:22). Ошентсең, «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгын» сезесиң. Ал тынчтык жүрөгүң менен акылыңды сактайт (Флп. 4:6, 7). Тиленүү аркылуу Кудайга таянуу Магдаленага жан сыздаткан оорусу менен күрөшүүгө жардам берип келет. Ал: «Жахабага ичимдегинин баарын төккөндө кадимкидей жеңилдеп, жүрөгүм кайрадан кубанычка толгонун сезем. Күнүгө Кудайга таянуу деген эмне экенин мен эми жакшы түшүндүм»,— дейт (2 Кор. 1:3, 4).

Жахаба тиленүүңө жооп кылып, ыйык руху, өзүнүн Сөзү жана жыйналыштагы бир туугандар аркылуу күч-кубат берет. Албетте, ал ооруңдан керемет жолу менен арылтпайт. Ошентсе да анын сага оор кыйынчылыгың менен күрөшүүгө зарыл болгон акылмандык менен күч берерине эч шектенбе (Накыл 2:7). Ал «адаттан тышкаркы күч» берип, сени бекемдейт (2 Кор. 4:7).

Үй-бүлөң. Үйүңдөгүлөрдүн мээрими, боорукердиги сага дартыңа чыдоого жардам берет. Бирок сүйүктүү жакындарыңдын да кыйналып жатканын унутпа. Алар да, сендей эле, айласы куруп, жарга такалгандай сезимде болушу мүмкүн. Ошентсе да алар дайыма жаныңда болуп, сага жөлөк болгонго аракет кылышат. Алар менен чогуу тиленүүнүн аркасында көп бушайман болбой, жүрөгүң тынч алат (Накыл 14:30).

Барбара кызы жана жыйналыштагы рухий сиңдилери тууралуу: «Алар мага кызматка катышууга жардам беришет. Алардын ынталуулугу жүрөгүмдү ушунчалык жылытат»,— дейт. Ал эми Збигне жубайынын ага абдан чоң колдоо көрсөтөрүн айтып: «Үйдөгү иштердин көбүн жубайым өзү кылат. Ошондой эле мага кийингенге жардам берет, жыйналышка баратканда, кызматта жүргөндө көп учурда сумкамды көтөрүп алат»,— дейт.

Жыйналыштагы бир туугандарың. Ишенимдештерибиз менен бирге болгондо алар көңүлүбүздү жубатып, бекемдешет. Бирок ооруңдун айынан жыйналышка бара албай жатсаңчы? Магдалена мындай дейт: «Жолугушуулардан мен да пайда ала алышым үчүн, ишенимдештерим программаны жаздырып келип беришет. Ошондой эле мага кандай жардам керек экенин билиш үчүн бат-баттан чалып турушат. Бекемдээрлик кат жазып турушканы да жагымдуу. Алардын мени унутпаганы, ал-акыбалыма кызыкдар болуп турганы мага чыдаганга күч берет».

Депрессиядан жапа чеккен Изабела: «Жыйналышта мени кунт коюп угуп, түшүнгөнгө аракет кылган „аталарым“, „энелерим“ бар. Рухий бир туугандарым — менин үй-бүлөм. Алардын арасында жүргөндө жүрөгүм кубанычка, тынчтыкка бөлөнөт»,— дейт.

Ар кандай кыйынчылыктар менен күрөшүп жүргөндөрдүн «башкалардан бөлүнбөй», жыйналыштагы бир туугандар менен бирге болууга аракет кылганы акылдуулукка жатат (Накыл 18:1). Ошентүү менен алар башкаларды абдан бекемдешет. Башында эмнеге муктаж болуп жатканыңды ишенимдештериңе айтуудан тартынышың мүмкүн. Бирок муну ачык айтканыңдан өтөрү жок. Бул алардын сага «чыныгы бир туугандык сүйүү» көрсөтүшүнө мүмкүнчүлүк берет (1 Пет. 1:22). Балким, алардан жыйналышка ала кетишин суранаттырсың же кызматташкың же сырдашып, чер жазыша сүйлөшкүң келип жатканын айтаттырсың. Бирок биз алардан сөзсүз жардам беришин талап кылбашыбыз, тескерисинче, чын жүрөктөн ыраазы болушубуз кажет.

Оң маанай сактоо. Өнөкөт оору менен ооруп жатканда кубанычыңды сактоо көбүнесе өзүңөн көз каранды. Дайым маанайың пас болсо же жакшылыктан үмүтүңдү үзүп койсоң, терс ойлор чырмап алышы мүмкүн. Ыйык Китепте: «Адамдын руху ооруну көтөрүүгө жардам берет, бирок рух жараланган болсо, аны ким көтөрө алат?» — делет (Накыл 18:14).

Магдалена мындай деп ой бөлүшөт: «Көйгөйлөрүм тууралуу эле ойлоно бербегенге көп күч жумшайм. Өзүмдү жакшыраак сезген күндөрдү көңүлдүү өткөргөнгө аракет кылам. Мындан тышкары, өнөкөт оорусуна карабай Кудайга ишенимдүү кызмат кылган бир туугандардын өмүр баяндарын окуп, бекемделем». Изабела болсо Жахабанын аны жакшы көрөрү, баалаары жөнүндө көп ой жүгүртөт. Бул ага дем-шык берет. «Мен өзүмдү бирөөгө керектүү сезем жана ким үчүн жашап жатканымды билем. Ошондой эле жаркын келечекке үмүт артып жашайм»,— дейт ал.

Збигне мындай дейт: «Ооруга чалдыккандан бери момун, тил алчаак болууга үйрөнүп жатам. Ошондой эле кыраакы, акыл-эстүү болууга, башкаларды чын жүрөктөн кечирүүгө жана өзүмдү аябастан, Жахабага кубаныч менен кызмат кылууга үйрөнүп жатам. Оорум мага рухий жактан өсө берүүгө түрткү берүүдө десем жаңылышпайм».

Туруктуулугуң, чыдамкайлыгың Жахабанын көз далдаасында калбай турганын унутпа. Ал сени жакшы түшүнүп, сага боору ачыйт жана кам көрөт. Ошондой эле анын ысмына көрсөткөн сүйүүңдү, эмгегиңди эч качан унутпайт (Евр. 6:10). Андыктан Жахабанын өзүнүн ишенимдүү кызматчыларына: «Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деп айткан сөздөрүн эсиңен чыгарба (Евр. 13:5).

Көңүлүң чөгүп турган учурларда жаңы заманда жашап жатканыңды элестет. Аз калды. Жакында Кудайдын Падышалыгы аркылуу төгүлө турган баталарды өз көзүң менен көрөсүң!

[28, 29-беттердеги кутуча/сүрөт]

Өнөкөт оорусуна багынбай, кызматын улантып жатышат

«Бирөө-жарым жандап баспаса, өзүм баса албайм. Ошондуктан кабарга жубайым же бир туугандар менен чыгам. Айтар сөзүмдү, аяттарды жаттап алам» (Яжи, көзү начар көрөт).

«Мен телефон менен кабар айткандан тышкары, кат аркылуу кабар айтам жана кызыккандардын бир нечеси менен кат алышып турам. Ооруканада жатканда Ыйык Китепти, адабияттарыбызды дайыма керебетимдин жанына коюп коём. Бул көптөр менен Ыйык Китептин негизинде маектешүүгө өбөлгө түзөт» (Магдалена, теринин кургак учугу менен ооруйт).

«Үймө-үй кабар айтканды жакшы көрөм. Бирок өзүмдү жаман сезген учурларда телефон аркылуу кабар айтам» (Изабела, депрессиядан кыйналат).

«Чындыкка кызыккан кишилерге кайра барганды, ыйык китептик изилдөөгө катышканды жакшы көрөм. Өзүмдү жакшы сезген учурларда үймө-үй кабар айткан да жагат» (Барбара, мээсинде шишик бар).

«Мен журнал бата турган жеңил эле сумка көтөрөм. Муундарым какшап чыкпаса эле кызматта жүрө берем» (Збигне, ревматоиддик артрит менен ооруйт).

[30-беттеги сүрөт]

Ооругандарды кичинекейлер да, чоңдор да бекемдей алышат