Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

«Күзөт мунарасы» журналынын акыркы сандарын көңүл коюп окудуңарбы? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңарбы?

• Оливетан деген ким болгон жана анын эмгеги бизди эмнеси менен кызыктырат?

Пьер Роберт деген француз киши ушул ат менен белгилүү болгон. 16-кылымдагы Реформация учурунда ал Ыйык Китепти француз тилине которгон. Ал «епископ» деп которулуп жүргөн сөздү өзүнүн котормосунда «көзөмөлчү» деп, ал эми «чиркөө» деп которулуп жүргөн сөздү «жыйналыш» деп берген. Ошондой эле айрым жерлеринде Кудайдын ысмын — «Жахаба» деген ысымды — колдонгон (1.9. 18—20-б., ор.).

• Кудай лебилерге: «Сенин үлүшүң... менмин»,— дегенде эмнени айткысы келген?

Ысрайыл элинин Леби уруусунан башка уруулары үлүшкө жер алган, бирок лебилердин «үлүшү» Жахаба болгон (Сан. 18:20). Алар жер алышпаса да, Жахабага кызмат кылууда өзгөчө сыймыкка ээ болушкан. Андан сырткары, Жахаба алардын негизги муктаждыктарын канааттандырган. Бүгүнкү күндө да Падышалыктын иштерин алдыга жылдырууга салым кошуп жаткандар Жахабанын алардын негизги муктаждыктарына кам көрөрүнө бекем ишенсе болот (15.9. 7, 8, 13-б.).

• Байыркы Иерусалимди бабылдыктар качан басып алганын каяктан билебиз?

Тарыхчылар Бабыл падышаларына жана алардын башкаруусуна карата бири-бирине карама-каршы келген ар кандай ойлорду айтышат. Анткен менен окумуштуулар Кир IIнин (Кореш) Бабылды б.з.ч. 539-жылы басып алганына кошулушат. Ал жыл тактыгы тастыкталган дата болуп эсептелет. Жүйүттөр туткундан бошотулуп, б.з.ч. 537-жылы мекенине кайтып барышкан. Ыйык Китепте алардын тутканда 70 жыл жүргөнү айтылат. Ошондуктан Иерусалим б.з.ч. 607-жылы талкаланган деп айтууга болот (2 Жылн. 36:21, 22; Жер. 29:10; Дан. 9:1, 2) (1.10. 26—31-б., ор.).

• Исанын жолдоочусу эс алуунун кайсы бир түрүнүн пайдалуу же пайдалуу эмес экенин кантип аныктай алат?

Эс алуунун кайсы бир түрү пайдалуубу, Кудайга жагабы же жокпу, аныкташ үчүн: «Ал кандай көңүл ачууга кирет? Ага канча убакыт бөлөм? Ким менен эс алам?» — деп ойлонуп көргөнүбүз акылдуулукка жатат (15.10. 9—12-б.).

• Бойдон алдыруу эмне үчүн туура эмес?

Кудайдын көз алдында өмүр ыйык. Ал түйүлдүктү да тирүү жан деп эсептейт (Заб. 139:16). Мусанын мыйзамында төрөлө элек балага зыян келтирген кишинин жоопко тартылышы керектиги айтылган. Мындан төрөлө элек ымыркайдын өмүрүн кыюу киши өлтүрүүгө тете экенин көрүүгө болот (Чыг. 21:22, 23) (1.11. 6-б., ор.).

Накыл сөздөр 7:6—23-аяттар бизге порнографиядан оолак болууга кандайча жардам берет?

Ал билдирүүдө бузулган аял жашаган жерге барган жигит жөнүндө айтылат. Ал аял аны азгырып кеткен. Бүгүнкү күндө да биз кумарды козгогон сүрөттөр же видео тасмалар камтылган Интернет сайттарынан алыс болушубуз керек жана Жахабадан Интернеттеги андай сүрөттөргө кабыла электе жардам сурап тиленишибиз кажет (15.11. 9, 10-б.).

• 2012-жылы Жер планетасынын жок болор-болбосун каяктан билебиз?

Байыркы Майя календарындагы жыл санактан улам айрымдар Жер планетасы 2012-жылы жок болот деп ойлошот. Бирок мындай болушу мүмкүн эмес, анткени Жахаба жерди адамдар жашасын деп жараткан. Ыйык Китепте жердин түбөлүктөн түбөлүккө турары айтылат (Нас. 1:4; Ыш. 45:18) (1.12. 10-б., ор.).

• Ыйык Китепти жазууга катышкан кайсы кишилер б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында болгон?

Майрамда, кыязы, Грек Жазмаларын жазгандардын алтоосу болгон. Алар — Исанын 3 элчиси Матай, Жакан, Петир жана Исанын энелеш бир туугандары Жакып менен Жүйүт, ошондой эле, калыбы, жаш Марк (1.12. 22-б., ор.).