Өзгөрүүлөрдү жасап, мол бата алып келем
Өзгөрүүлөрдү жасап, мол бата алып келем
Айтып берген: Жеймс А. Томпсон
Мен 1928-жылы Кошмо Штаттардын түштүгүндө төрөлгөм. Ал кезде ак кишилер менен кара кишилерди бөлүп-жарган мыйзам күчүндө эле. Кокус аны буза турган болсоң, түз эле түрмөгө түшмөксүң же андан да жаман жаза алмаксың.
ОШОЛ учурда Кошмо Штаттарда ак жана кара Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштары, райондору жана облустары өз-өзүнчө болчу. Атам 1937-жылы Теннесси штатынын Чаттануга шаарындагы кара бир туугандардан турган жыйналышка шериктик кызматчысы (азыр аксакалдар кеңешинин координатору) болуп дайындалды. Ал эми Генри Николс ак бир туугандардан турган жыйналыштын шериктик кызматчысы эле.
Кичинекей кезимде кечинде короодо отуруп алып, атам менен Генри Николс бир туугандын маегин уккан учурларымды жылуу сезим менен эскерем. Ал экөө көбүнчө учурдагы жагдай-шартта кабар айтуу ишин кантип ийгиликтүү аткарса болору жөнүндө сүйлөшчү. Маегин толук түшүнбөсөм да, атамдын жанына отуруп алып, аларды укканды жакшы көрөр элем.
1930-жылдын башында апам каза болуп, үй-бүлөбүздүн башына оор кайгы түштү. Апам, болгону, 20 эле жашта болчу. Ошентип, атам 4 жашар эжем Дорис менен 2 жашар мени өзү жалгыз тарбиялай баштады. Чөмүлтүлгөнүнө аз эле болсо да, атам рухий жактан жакшы ийгиликтерди кылып жатты.
Жашоомо зор таасир эткен кишилер
1933-жылы атам Лили Маа Гвендолен Томас деген сонун бир тууганга жолугуп, көп өтпөй экөө баш кошту. Атам да, апам да Жахабага берилгендик менен кызмат кылуу жагынан Дорис эжем экөөбүзгө мыкты үлгү көрсөттү.
1938-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн уюму жыйналыштын аксакалдарын эми жергиликтүү бир туугандар эмес, Бруклиндеги (Нью-Йорк) башкы башкармалык дайындай тургандыгына байланыштуу чечим кабыл алып,
жыйналыштарды ал чечимди колдоого чакырды. Чаттанугадагы айрым бир туугандар уюм киргизген ал өзгөртүүнү кабыл алгысы келбей, олку-солку болуп жатканда, атам аны кош колдоп колдой турганын айтты. Атамдын берилгендиги жана апамдын аны чын жүрөктөн колдогону мага ушу күнгө чейин чоң жардам берип келет.Чөмүлтүлүп, толук убакыт кызмат кылышым
1940-жылы жыйналышыбыздагы бир туугандар болуп бир автобусту ижарага алып, Детройтто (Мичиган штаты) өткөрүлө турган жыйынга сапар тарттык. Арабыздагылардын айрымдары ошол жыйында чөмүлтүлмөк. 5 жашымдан бери эле кабар айтып, кызматка ынталуу катышып келаткандыктан, менден: «А сен эмнеге чөмүлтүлбөйсүң?» — деп сурап калышты.
Ошондо мен: «Чөмүлтүлүүнүн маанисин толук түшүнбөйм»,— деп жооп бердим. Атам муну угуп калып, аябай таң калды. Ошол учурдан тартып ал мага чөмүлтүлүү деген эмне экенин жана анын канчалык маанилүү экенин түшүнүүгө жардам берүү үчүн көбүрөөк күч жумшай баштады. Анан 4 айдан кийин күздүн ушундай бир суук күнүндө, 1940-жылдын 1-октябрында, Чаттануганын четиндеги бир көлмөдө чөмүлтүлдүм.
14 жашымдан тартып жайкы каникулдарда пионер болуп кызмат кылып жүрдүм. Мен Теннесси штатындагы шаарчаларда жана коңшу жайгашкан Жоржия штатында кабар айтар элем. Таң заарда туруп, шам-шум эткенге бир нерсе камдап алчумун да, эртең мененки саат 6дагы поездге же автобуска отуруп, аймакка жөнөп кетчүмүн. Кайра үйгө кечки саат 6ларда келчүмүн. Камдап алган тамагымды түшкө жеткизбей эле жеп салар элем. Акчам болсом да, өңүм кара болгондуктан, дүкөнгө кирип, тамак-аш сатып ала алчу эмесмин. Бир жолу бал муздак сатып алганы дүкөнгө кирип калсам, кууп чыгышты. Бирок бир боорукер ак аял бирди алып чыгып берди.
Жогорку класстарга көчкөнүмдө, түштүктө тең укуктуулук үчүн күрөшкөн кыймыл күч ала баштады. Кара кишилердин укугун коргоо боюнча улуттук бирикме сыяктуу уюмдар окуучуларды аларга мүчө болуп, кыймылды жигердүү колдоого үндөшчү. Кара балдар окуган бир нече мектеп, анын ичинде менин мектебим да окуучулардын 100 пайызын мүчө кылууну максат кылып койгон эле. Ошондуктан мага «биздин расабыздын таламын талашууга» кысым көрсөтүштү. Бирок мен макул болбой, Кудайдын бет карама эмес экенин жана бир расаны экинчисинен жогору көрбөй турганын, ошондой эле анын мындай адилетсиздиктин баарын жок кыларына бекем ишенеримди түшүндүрүп бердим (Жкн. 17:14; Элч. 10:34, 35).
Орто мектепти бүткөндөн көп өтпөй Нью-Йорк шаарына көчүп кетүүнү чечтим. Бирок жолдон мурун жыйындан таанышкан досторум менен жолугуш үчүн Филадельфия шаарына (Пенсильвания штаты) токтодум. Ал жерден биринчи жолу ак, кара бир туугандар аралашкан жыйналышка катыштым. Ошол жыйналышка келген кыдыруучу көзөмөлчү мени четкерээк алып чыгып, кийинки жолугушуунун бир бөлүгүн алып бара турганымды айтты. Бул мага ошол жакта калып калууну чечүүгө жардам берди.
Филадельфияда тапкан досторумдун бири Гералдина Уайт деген кыз болчу. Аны мен Гери деп коёр элем. Ал Ыйык Китепти жакшы билчү жана үймө-үй кабар айтып жүргөндө үй ээси менен аябай сонун маек курчу. Баарынан да маанилүүсү, мага окшоп, анын да пионер болоюн деген максаты бар болчу. Биз 1949-жылы 23-апрелде баш коштук.
Гилат мектебине чакырылышыбыз
Биз башынан эле Гилат мектебинен билим алып, башка өлкөдө миссионер болуп кызмат кылууну максат кылып келгенбиз. Ошондуктан
муктаждык бар жерлерде кызмат кылуудан кубаныч алчубуз, анткени бул Гилат мектебине даярданганга өбөлгө түзмөк. Мисалы, биз Лонсайд шаарында (Нью-Жерси штаты), анан Честер шаарында (Пенсильвания штаты), ошондой эле Атлантик-Сити шаарында (Нью-Жерси штаты) кызмат кылдык. Атлантик-Ситиде кызмат кылып жүргөндө, үйлөнгөнүбүзгө 2 жыл болуп калгандыктан, Гилат мектебине анкета толтурууну чечтик. Бирок чакырылышыбызга тоскоолдук кылган бир кыйынчылык пайда болду.1950-жылдардын башында көптөгөн жаштар аскерге чакырылып, Кореядагы согушка жиберилип жатты. Филадельфиядагы аскерге чакыруу комиссиясы мени аскерден бошоткусу келген жок. Жахабанын Күбөлөрү бейтараптуулукту сактаганы үчүн, комиссия аларга бейкалыс көз карашта болгондой сезилчү. Бирок кийинчерээк сот ФИБдин (Федералдык иликтөө бюросу) мен жөнүндө иликтөө жүргүзүп, менин чындап эле бейтараптуулукту сактаарымды аныктаганын айтты. Ошентип, 1952-жылдын 11-январында Президенттик апелляция кеңеши мени диний кызматчы катары аскерден бошотту.
Ошол эле жылдын августунда Гери экөөбүз Гилат мектебинин сентябрда баштала турган 20-классына чакырылдык. Окуп жүргөндө биз башка өлкөгө дайындалат болушубуз керек деп ойлоп жүрдүк. Дорис эжем Гилат мектебинин 13-классын бүтүрүп, Бразилияда кызмат кылып жаткан. Гери экөөбүздүн кыдыруучулук ишке — түштүктө жайгашкан Алабама штатындагы кара бир туугандардан турган жыйналыштарды кыдырып, бекемдегенге — дайындалганыбызды укканда кандай таң калганыбызды элестетсеңер! Чынын айтсам, ошондо бир аз көңүлүбүз чөгө түштү, анткени биз башка өлкөдө кызмат кылууну көксөп келгенбиз.
Биз барган алгачкы жыйналыш Хантсвилл шаарында эле. Ал жакка барганда бир ишенимдеш эженин үйүнө токтодук. Баштыгыбыздан аны-мунуларыбызды чыгарып жатып, ал эженин телефондон бирөөгө: «Балдар келди»,— дегенин кулагыбыз чалып калды. Ошондо 24 эле жашта элек, бирок андан да жаш көрүнчүбүз. Ошондон тартып ал райондо «балдар» деген атка кондук.
Түштүктүн тургундарынын басымдуу бөлүгү Ыйык Китепти жогору баалагандыктан, ал жакты адамдар «Ыйык Китептин аймагы» деп атап коёр эле. Ошондуктан кабар айтканда көбүнчө төмөнкүдөй үч бөлүктөн турган сунуштоону колдончубуз:
1) Дүйнөдөгү бир көйгөй жөнүндө кыскача сөз кылчубуз;
2) Ыйык Китептен анын чечилишин көрсөтүп берчүбүз;
3) Ыйык Китептен биз эмне кылышыбыз керектигин окуп берчүбүз.
Анан Ыйык Китепти изилдөөгө жардам бере турган ылайыктуу адабиятты сунуштачубуз. Бул ыкма аябай ийгиликтүү болгондуктан, мен 1953-жылы Нью-Йоркто өткөрүлгөн «Жаңы дүйнө коому» деген жыйында тапшырма менен чыгууга дайындалдым. Ошол жыйында жогорудагыдай үч бөлүктөн турган сунуштоону көрсөтүп бердим.
Көп өтпөй 1953-жылы жайында түштүктөгү кара бир туугандар жашаган аймактарда
облустук көзөмөлчү болуп кызмат кылууга дайындалдым. Биздин аймак Виржиниядан Флорида штатына чейин, ал эми батышты көздөй Алабама, Теннессиге чейин созулчу. Ооба, кыдыруучулук иш жагдайга ылайыкташа билүүнү талап кылат. Маселен, биз жууна турган бөлмөсү жок үйлөргө көп токтоор элек. Жуунгубуз келсе, ашканадагы мештин артында турган чоң калай бочкага түшүп жуунуп алчубуз. Дагы жакшы, үйдүн ошол бурчу эң жылуу жер болчу.Расалык бөлүнүп-жарылуудан улам пайда болгон кыйынчылыктар
Түштүктө кызмат кылып жүргөндө бир иш кыларда жакшылап ойлонуп, тапкыч болууга туура келчү. Алсак, ал жакта кара кишилерге автомат кир жуугуч машинелер орнотулган коомдук кир жуучу жайды колдонууга тыюу салынган эле. Ошондуктан Гери жууганы алып барган кийимдерин «Томпсон мырзайымдыкы» дечү, ошол себептен көптөр аны «Томпсон мырзайымдын» үй кызматчысы деп ойлошчу. Ал эми облустук көзөмөлчүлөр элге «Жаңы дүйнө коому иш-аракетте» деген фильмди көрсөтүшү керек болгондо, мен дүкөнгө телефон чалып, «Томпсон мырзага» керек болуп жатат деп, чоң экранды ижарага сурачумун. Анан барып, алып келчүмүн. Биз дайыма сылык-сыпаа болчубуз. Андыктан, жалпы жонунан айтканда, кызматыбызга тоскоолдук кылган кыйынчылыктар деле болгон жок.
Түштүктөгүлөрдө дагы бир бейкалыс пикир бар эле: алардын көбү түндүктөгүлөрдү анча жактыра берчү эмес. Бир жолу жергиликтүү гезитке Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунан (Нью-Йорк) Жеймс. А. Томпсон (кичүүсү) жыйында сөз сүйлөй турганы жарыяланган. Айрымдар мени Нью-Йорктон деп ойлоп калышкандыктан, мектеп кеңеши райондук жыйынды өткөрүү үчүн мектеп залын ижарага алууга байланыштуу түзүлгөн келишимди бузуп салган. Ошондуктан мен аларга барып, Чаттанугадагы эле мектепте окуганымды айткам. Ошондо алар залын колдонууга кайрадан уруксат беришкен.
1950-жылдардын орто ченинде расалык бөлүнүп-жарылуучулук күч алып, кээде адамдар бири-бирине зордук-зомбулук көрсөткөн учурлар да болгон. 1954-жылда өткөрүлгөн бир нече облустук жыйында кара бир туугандар сөз сүйлөп чыкпагандыктан, айрым Күбөлөр буга нааразы болушкан. Биз кара бир туугандарыбызды сабырдуу болууга чакырганбыз. Кийинки жылы жайында мен баяндама сүйлөп чыгууга дайындалдым. Ошондон кийин түштүктө кара бир туугандар көбүрөөк сөз сүйлөп чыга башташты.
Убакыттын өтүшү менен түштүктө расалык зордук-зомбулук басаңдап, жыйналыштар аралаша баштады. Бул жарчыларды ар кайсы жыйналыштарга дайындап, жыйналыштардын аймактарын, ошондой эле жетекчиликти колго алган бир туугандардын милдеттерин кайрадан бөлүштүрүүнү талап кылды. Айрым кара бир туугандар да, ак бир туугандар да бул жаңы өзгөртүүнү анча жактырышкан жок. Бирок көпчүлүгү асмандагы бет карама эмес Атабызды туурашты. Ырас, көп бир туугандар, расасына карабай, ынак достордон болушкан. Мен кичинекей кезде, 1930, 1940-жылдары, биздин үй-бүлөбүздүн ошондой ынак достору бар болчу.
Жаңы дайындоо
1969-жылдын январында Гери экөөбүзгө Түштүк Америкадагы Гайана мамлекетине барып кызмат кылууну сунушташты, биз сүйүнүп макул болдук. Бирок алгач Бруклинге (Нью-Йорк) бардык. Ал жактан Гайанадагы кабар айтуу ишин кантип көзөмөлдөсө болоруна байланыштуу билим алдым. Анан 1969-жылдын июль айында Гайанага бардык. Ошондо 16 жыл кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылгандан
кийин жашоомдо чоң өзгөрүү болду: эми мага бир орунда турууга туура келди. Гери көбүнчө миссионер болуп талаада, ал эми мен филиалда кызмат кыла баштадым.Филиалда ар кандай иш аткарчумун, мисалы, чөп кыркчумун, 28 жыйналышка адабият жиберчүмүн жана Бруклиндеги башкы башкармалык менен кат алышчумун. Ошондуктан күн сайын 14-15 саат кызмат кылар элем. Жубайым экөөбүздүн тең жаныбыз тынчу эмес, ошентсе да кызматыбыздан дайыма кубаныч алчубуз. Биз жаңы барганда, Гайанада 950 жарчы болсо, азыр алардын саны 2 500дөн ашты.
Ал жактын аба ырайын, экзотикалык жашылча-жемиштерин жакшы көрсөк да, биздин кубанычыбыздын булагы Ыйык Китептен Кудайдын Падышалыгы жөнүндө чындыкты билүүнү каалаган момун адамдар болду. Гери көп учурда жума сайын 20 изилдөө өткөрө турган. Биз жардам берген кишилердин көптөрү рухий жактан өсүп, чөмүлтүлүштү. Убакыттын өтүшү менен айрымдары пионер, башкалары жыйналыш аксакалы, дагы бирөөлөрү атүгүл Гилат мектебинен билим алып, миссионер болушту.
Ден соолугумдун начарлашы жана башка кыйынчылыктар
1983-жылы Кошмо Штаттарда жашап жаткан ата-энем бирөөнүн жардамына муктаж болуп калды. Мен, Дорис эжем, Гери — үчөөбүз отуруп алып, кеңештик. Ошондо Бразилияда 35 жылдан бери миссионер болуп кызмат кылып келаткан Дорис эжем: «Бир эле киши кам көрө алса, эки миссионерди талаадан алып кетип эмне кылабыз?» — деп, үйгө кайтып барып, ата-энебизге кам көрүүнү чечти. Алар көз жумгандан кийин, эжем Чаттанугада калып, атайын пионер болуп кызмат кыла баштады.
1995-жылы мен простата безинин рак оорусуна чалдыктым, ошондуктан бизге Кошмо Штаттарга кайтып барууга туура келди. Биз Түндүк Каролина штатындагы Голдсборо шаарына көчүп бардык, анткени ал шаар менин үй-бүлөм жашаган Теннесси штаты менен Геринин үй-бүлөсү жашаган Пенсильвания штатынын орто ченинде жайгашкан эле. Азыр рак оорум басаңдап калгандыктан, Гери экөөбүз Голдсбородогу жыйналышта бейкаруу (саат нормасынан бошотулган) атайын пионер болуп кызмат кылуудабыз.
Мен 65 жылдан ашык толук убакыт кызмат кылдым. Ошол жылдарыма кылчая карап, Жахабага Гери экөөбүзгө ага кызмат кылуу максатында өзгөрүүлөрдү жасаганыбыз үчүн мол бата бергенине миң мертебе ыраазы болом. Дөөтү: «[Жахаба,] сен өзүңө берилгендерге берилгендик көрсөтөсүң»,— деп кандай таамай айткан! (2 Шем. 22:26).
[3-беттеги сүрөт]
Атам менен Николс бир тууган мага сонун үлгү көрсөтүшкөн
[4-беттеги сүрөт]
Гери экөөбүз Гилатка барарда, 1952-ж.
[5-беттеги сүрөт]
Гилатты бүткөндөн кийин түштүктө кыдыруучулук ишти аткарууга дайындалдык
[6-беттеги сүрөт]
Кыдыруучу көзөмөлчүлөр менен жубайлары ак жана кара бир туугандар чогуу өткөргөн облустук жыйындын алдында, 1966-ж.
[7-беттеги сүрөт]
Гайанада миссионер болуп кызмат кылуудан ырахат алдык