Баалуу мурасыбызды көздүн карегиндей сактайбыз
Биздин архивден
Баалуу мурасыбызды көздүн карегиндей сактайбыз
ЖАХАБАНЫН элинин тарыхы — абдан чоң рухий мурас. Ал жөнүндөгү жүрөк козгоорлук маалыматтарды адабияттарыбыздан эле эмес, сүрөттөрдөн, каттардан, кимдир бирөөнүн өз оозунан жазылып алынган билдирүүлөрдөн, ошондой эле тарыхыбызга, сыйынуубузга жана кабар айтуу ишибизге байланыштуу эстеликке калган буюм-тайымдардан алууга болот. Андай материалдарды сактоонун жана тарыхыбызды казып изилдөөнүн кандай пайдасы бар? Байыркы Ысрайылдагы үй-бүлө башчылары балдарына Жахабанын мыйзамдары менен ажайып иштери жөнүндө айтып беришчү. Мунун аркасында алар «Кудайга таянууга» үйрөнүшкөн (Заб. 78:1—7).
Архивдеги маалыматтар тээ эзелтен эле Жахабанын ой-ниетинин ишке ашышында чоң роль ойноп келет. Алсак, ысрайыл элинин душмандары Иерусалимдеги ибадатканада жүргүзүлүп жаткан ишти токтотууга аракет кылганда, падышанын буйругу менен Мадай дубанынын Экбатана деген борбор калаасындагы архив кылдат изилденип, Кореш падышанын ошол курулушка уруксат бергени жөнүндө жазылган документ табылган (Эзра 6:1—4, 12). Ошентип, Кудайдын эрки боюнча, ибадаткана калыбына келтирилген. Кийинчерээк Лука да Инжилин жазууда «бардыгын башынан баштап кылдат изилдеп чыгыш» үчүн ошол убактагы архивдеги маалыматтарды колдонгон (Лк. 1:1—4).
Бүгүнкү күндө Жетектөөчү Кеңеш теократиялык тарыхыбызга абдан кызыгат. Рухий мурасыбызды сактоо, документтештирүү жана кийинки муундарга
өткөрүп берүү эмне үчүн маанилүү экени жөнүндө Жетектөөчү Кеңештин бир мүчөсү: «Каякка баратканыбызды билиш үчүн каяктан келгенибизди билишибиз керек»,— деген. Ошондуктан жакында эле Бруклиндеги (Нью-Йорк) башкы башкармалыкта архив бөлүмү уюшулду. Ал бөлүм Жазуу комитетинин көзөмөлү астында иш жүргүзөт.«ҮЙ-БҮЛӨЛҮК АЛЬБОМУБУЗ» ЖАНА «МУРАСКА АЛГАН БУЮМДАРЫБЫЗ»
Бүгүнкү күн — эртеңки тарых дегендей, убакыттын өтүшү менен көп нерсе артта калат. Ошондуктан көбүбүз үй-бүлөбүзгө байланышкан нерселерди сактап калууну каалайбыз. Рухий үй-бүлөбүз тууралуу да ушуну айтууга болот. Архив бөлүмүндөгүлөр улам көбөйүп жаткан баалуу мурасыбызды сактап, документтештирүү үчүн күжүрмөн эмгектенишет. Архивде кылдат сакталган сүрөттөр «үй-бүлөлүк альбомубуздун» бир бөлүгүн түзөт. Ал эми алгачкы адабияттарыбыз, көңүл толкутарлык окуяларга күбө болгон бир туугандардын баяндары, эстеликке калган баа жеткис буюм-тайымдар «мураска алган буюмдарыбыз» болуп эсептелет. Алар теократиялык мурасыбыз жөнүндө көбүрөөк билүүгө жана рухий үй-бүлөбүздүн келечегине ишенимдүү кароого жардам берет.
Биз силерди «Биздин архивден» деген жаңы рубриканын жардамы менен архив бөлүмүнө «экскурсия» кылып турууга чакырабыз. Ал рубрика «Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган санына мезгил-мезгили менен чыгып турат. Мисалы, кийинки санына: «Таңкы жарык арабасы деген эмне? Аны кимдер колдонгон? Качан жана кандай максатта колдонушкан?» — деген суроолорго жооп бере турган сүрөттүү макала чыгат.
Үй-бүлөлүк альбомдой эле, архивдеги маалыматтар өзүбүз жана рухий ата-бабаларыбыз жөнүндө — бизге чейин жашаган бир туугандарыбыздын ишеними, тайманбастыгы, асмандагы Атабызга кызмат кылуудан алган кубанычы жана кездешкен кыйынчылыктары жөнүндө — билүүгө жардам берет. Ошондой эле Кудайдын өз элин дайыма жетектеп, колдоп келгени тууралуу көбүрөөк маалымат алууга өбөлгө түзөт (Мыйз. 33:27). Биз мурдагыдан да биримдүү болууга, Жахабанын эркин туруктуулук менен аткарууга көмөк кылган рухий тарыхыбызды сактоого чечкиндүүбүз жана Анын жумшаган күч-аракетибизге батасын берерине эч шектенбейбиз.
[31-беттеги кутуча/сүрөт]
Архив бөлүмү жөнүндө кыскача маалымат
Биздин жазуучулар, сүрөтчүлөр, изилдөөчүлөр жана башка кызматчылар адабияттарды, DVDлерди жана Ыйык Китепке негизделген башка материалдарды даярдоодо архивге кайрылышат. Андыктан архив бөлүмүндөгүлөр ар кандай тарыхый материалдарды чогултуп, сактоого көп күч жумшайт. Аларды филиалдардан, Бейтелдеги бөлүмдөрдөн, жыйналыштардан, ишенимдештерибизден жана дүйнөлүк уюмдар менен мекемелерден алышат. Анда ал бөлүмдүн кандай иш жүргүзөрүн кыскача карап көрөлү.
Чогултуу, анализдөө. Архивге сейрек кездешүүчү буюм-тайымдар, материалдар улам кошулуп турат. Алардын көбүн үй-бүлөсү Жахабага ондогон жылдардан бери ишенимдүү кызмат кылып келаткан бир туугандар тартуу кылышат же убактылуу берип турушат. Андай материалдарды анализдеп, салыштыруунун аркасында тарыхыбыз жана ошол тарых жолун басып өткөндөр жөнүндө көбүрөөк биле алабыз.
Тизмесин түзүү. Архивде миңдеген буюм-тайымдар бар, алардын айрымдарына жүз жылдан ашып калды. Формасы, көлөмү, жасалган материалы ар кандай болгондуктан, кийин оңой табылышы үчүн, алар кылдаттык менен бөлүштүрүлүп, тизмеге алынат.
Калыбына келтирүү, кам көрүү. Эскилиги жеткен китептер менен буюмдар калыбына келтирилип, сакталыш үчүн атайын ыкмалар колдонулат. Документтер, сүрөттөр, гезиттерден кыркылып алынган макалалар, фильмдер жана аудио жаздыруулар сан арип түрүндө компьютерге көчүрүлөт. Тарыхый баалуу документтер жана башка буюмдар көп колдонула берип, жарактан чыгып калбашы үчүн, алардын өздөрү эмес, электрондук түрү колдонулат.
Сактоо, кайра колдонуу. Архивдеги материалдар белгилүү бир тартип боюнча коопсуз жайда сакталат. Ошонун аркасында алар жоголуп же жарык менен нымдуулуктан улам бузулуп кетпейт. Андан сырткары, өткөндөн мураска калган баалуу материалдарды, буюмдарды керек учурда издеп-таап, колдонууга жеңил болушу үчүн, компьютердик маалымат базасы иштелип чыккан.
[32-беттеги сүрөт]
1. «Жаратуу фото-драмасынын» жарнагы. 2. Адабияттарга жазылгандардын тизмеси. 3. Үн күчөткүч орнотулган машине. 4. 1912-жылдын 15-апрелиндеги «Күзөт мунарасынын» мукабасы. 5. Ж. Ф. Рутерфорд жөнүндөгү түрмө бланкасы. 6. «WBBR» радиостанциясынын микрофону. 7. Фонограф. 8. Китеп ташуучу сумка. 9. Жеке күндөлүк. 10. Ж. Ф. Рутерфордго жолдонгон телеграмма.