Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабага чын жүрөктөн курмандык чалалы

Жахабага чын жүрөктөн курмандык чалалы

«Эмне иш аткарсаңар да, аны... Жахаба үчүн кылгандай, жан-дилден кылууга умтулгула» (КОЛ. 3:23).

1—3. а) Исанын өз өмүрүн курмандыкка бергени Жахабанын бизден эч кандай курмандыкты талап кылбай турганын билдиреби? Түшүндүр. б) Бүгүнкү күндө курмандык чалууга байланыштуу кандай суроо туулат?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 1-кылымында Жахаба өзүнүн элине, Иса өмүрүн курмандыкка бергенден кийин, Мусанын мыйзамын аткаруунун зарылдыгы болбой калганын ачып берген (Кол. 2:13, 14). Жүйүттөр жүздөгөн жылдардан бери чалып келген курмандыктар эми талап кылынбай калган. Себеби Мыйзам «Машаякка алып баруучу тарбиячы» катары өзүнүн ролун аткарып бүткөн (Гал. 3:24).

2 Бул Исанын жолдоочуларынын курмандык чалууга эч кызыкдар эмес экенин билдиреби? Жок. Элчи Петир «Иса Машаяк аркылуу Кудайга жагымдуу рухий курмандыктарды чалышыбыз» керектигин айткан (1 Пет. 2:5). Ошондой эле элчи Пабыл Исанын ишенимдүү жолдоочусунун бүтүндөй жашоосун «курмандыкка» салыштырган (Рим. 12:1).

3 Демек, биз Жахабага бир нерсе тартуулаганыбызда же ал үчүн кайсы бир нерседен баш тартканыбызда ага курмандык чалган болобуз. Анда ысрайылдыктарга курмандык чалууга байланыштуу коюлган талаптар жөнүндө билгендерибиз бизге чалган курмандыктарыбыздын Жахабага жагар-жакпасын аныктоого кандайча жардам берет?

КҮНҮМДҮК ИШТЕРИБИЗДЕ

4. Күнүмдүк турмушубуздагы иштерге байланыштуу эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек?

4 Күнүмдүк турмушубуздагы иштерди Жахабага курмандык чалуу менен байланыштыруу кыйын болушу мүмкүн. Бир караганда, үй иштери, мектепте окуу, жумуш, соода-сатык кылуу сыяктуу иштердин Кудайга сыйынуу менен эч кандай деле байланышы жоктой көрүнүшү ыктымал. Бирок өмүрүңдү Жахабага арнаган болсоң же жакын арада арнаганы жатсаң, жогорудагы иштерди кандай маанай менен аткарганың аны менен болгон мамилеңе таасир этерин унутпа. Биз күнүнө 24 саат бою Кудайдын кызматчыларыбыз. Андыктан Ыйык Жазмадагы принциптерди жашообуздун ар бир тармагында колдонушубуз керек. Буга байланыштуу Пабыл: «Эмне иш аткарсаңар да, аны адамдар үчүн эмес, Жахаба үчүн кылгандай, жан-дилден кылууга умтулгула»,— деп айткан. (Оку: Колосалыктар 3:18—24.)

5, 6. Жүрүм-турумубуз менен кийген кийимибиз кандай болушу керектигин аныктоого эмне жардам берет?

5 Албетте, биздин күндөлүк иштерибиз ыйык кызматыбыздын бөлүгү болуп эсептелбейт. Анткен менен Пабылдын бардык иштерибизди «Жахаба үчүн кылгандай, жан-дилден кылууга» үндөгөнү бизге жашообуздун бардык тармагы жөнүндө ойлонууга түрткү берет. Анда анын кеңешин кантип колдонсок болот? Дайыма адептүү кийинип, өзүбүздү үлгүлүү алып жүрөбүзбү? Же жүрүм-турумубуздан, кийген кийимибизден улам Жахабанын Күбөсү экенибизди айтуудан уялабызбы? Мындайга эч качан жол бербейли! Жахабанын кызматчылары катары биз анын ысмын каралай турган эч кандай жаман иш кылгыбыз келбейт! (Ыш. 43:10; 2 Кор. 6:3, 4, 9).

6 Келгиле анда, баарын «Жахаба үчүн кылгандай, жан-дилден кылуу» жашообуздун ар кайсы тармагына кандай таасир этерин карап көрөлү. Ушулар тууралуу талкуулап жатканда ысрайылдыктардан Жахабага эң жакшысын курмандыкка чалуу талап кылынганын эсибизден чыгарбайлы (Чыг. 23:19).

ЖАШООБУЗГА КАНДАЙ ТААСИР ЭТИШИ КЕРЕК?

7. Жахабага арналганыбыз эмнени билдирет?

7 Жахабага арналганыңда сен өмүрүңдү толугу менен ага кызмат кылууга арнайм деп сөз бергенсиң. Мындайча айтканда, жашооңдун ар бир тармагында Жахабаны биринчи орунга коёруңду убадалагансың. (Оку: Еврейлер 10:7.) Бул эң туура чечим болгон. Кайсы бир ишти кыларда Жахабанын ага кандай караарын билип, анан ошого ылайык иш кылганда натыйжасы жакшы болоруна өз тажрыйбаңдан ынанганың күмөнсүз (Ыш. 48:17, 18). Ооба, Жахабанын эли — Улуу Насаатчысынын сапаттарын чагылдыргандыктан ыйык жана бактылуу эл (Леб. 11:44; 1 Тим. 1:11).

8. Жахабанын байыркы убактагы курмандыктарды ыйык деп эсептегенин эмне үчүн унутпашыбыз керек?

8 Ысрайылдыктардын Жахабага арнап чалган курмандыктары ыйык деп эсептелген (Леб. 6:25; 7:1). «Ыйык» деп которулган еврей сөзү бөлүнгөн, өзгөчө же Кудайга арналган деген маанини туюнтат. Курмандыктарыбыз Жахабага жагышы үчүн, биз да бул дүйнөдөн бөлүнүп, андагы ыпылас нерселердин баарынан алыс болушубуз зарыл. Андан сырткары, Жахаба жек көргөн нерселердин бирин да сүйбөшүбүз керек. (Оку: 1 Жакан 2:15—17.) Бул Кудайдын көз алдында бизди булгай турган уюмдардын же иштердин баарынан оолак болушубуз керектигин билдирет (Ыш. 2:4; Аян 18:4). Ошондой эле адеп-ахлаксыз, ыпылас нерселерди көрбөшүбүз же аларды элестетип кыялданбашыбыз керектигин да билдирет (Кол. 3:5, 6).

9. Башкаларга жакшы мамиле кылганыбыз канчалык маанилүү жана эмне үчүн?

9 Пабыл ишенимдештерине: «Жакшылык кылууну жана өзүңөрдөгүнү башкалар менен бөлүшүүнү унутпагыла, анткени ушундай курмандыктар Кудайга жагат»,— деп айткан (Евр. 13:16). Демек, жакшы адам болгонубузду, башкаларга жакшылык кылганыбызды Жахаба өзүнө жаккан курмандык катары кабыл алат. Башкаларга сүйүү менен кам көргөнүбүз бизди Исанын чыныгы жолдоочулары катары айырмалап турат (Жкн. 13:34, 35; Кол. 1:10).

СЫЙЫНУУБУЗДА ЧАЛГАН КУРМАНДЫКТАР

10, 11. Жахаба кабар айтуу ишибизге, сыйынуубузга кандай карайт жана бул бизге эмне кылууга түрткү бериши керек?

10 Исанын жолдоочулары катары башкаларга жакшылык кылуунун эң маанилүү жолу — «эл алдында үмүтүбүз жөнүндө... жарыялоо». Сен ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланып кабар айтасыңбы? Пабыл бул маанилүү ишибиздин «мактоо курмандыгы», «башкача айтканда, [Кудайдын] ысмын жарыялаган оозубуздун жемиши» экенин айткан (Евр. 10:23; 13:15; Ош. 14:2). Андыктан жакшы кабар айтууга канча убакыт жумшап жатканыбыз жана кызматыбыздын сапаты тууралуу ойлонуп көргөнүбүз дурус. Бул жагынан кызмат жолугушуусунда айтылгандар жакшы жардам берет. Арийне, талаа кызматыбыз да, расмий эмес күбөлөндүрүү да сыйынуубуздун бир бөлүгү жана «мактоо курмандыгы» болуп эсептелет. Ошол себептен андай курмандыкка да эң жакшысын бергенибиз кажет. Ар кимибиздин жагдай-шартыбыз ар кандай болсо да, жакшы кабарды таратууга канча убакыт жумшаарыбыз Жахаба берип жаткан рухий белектерге канчалык ыраазы экенибизди айгинелейт.

11 Биз Жахабага, үйдө болобу, жыйналыштабы, дайыма сыйынабыз. Муну бизден ал өзү талап кылат. Албетте, бүгүнкү күндө бизден ишемби күнгө байланышкан мыйзамга кармануу же Иерусалимге барып, майрамдарга катышуу талап кылынбайт. Анткен менен байыркы убактагы андай мыйзамдар менен бүгүнкү күндө биз аткарып жаткан рухий иштердин окшоштугу бар. Мисалы, Кудай бизден маңызсыз, пайдасыз иштерден баш тартып, анын Сөзүн окууга, тиленүүгө жана жыйналыш жолугушууларына катышууга убакыт бөлүшүбүздү күтөт. Ошондой эле үй-бүлө башчылары демилгени колго алып, үй-бүлө менен сыйынуу кечин өткөрүшөт (1 Тес. 5:17; Евр. 10:24, 25). Рухий иштерибизге байланыштуу ар бирибиз өзүбүздөн: «Сыйынуумдун сапатын дагы кантип жакшыртсам болот?» — деп сурап көргөнүбүз оң.

12. а) Байыркы убакта түтөтүлгөн жыпарзатты эмнеге салыштырууга болот? б) Мындай салыштыруу тиленүүлөрүбүздүн мазмунуна кандай таасир этиши керек?

12 Дөөтү падыша Жахабага: «Сенин алдыңда тиленүүм даярдалган жыпарзаттай болсун»,— деп ырдаган (Заб. 141:2). Бир саамга токтоп, тиленүүлөрүңдүн сапаты жана канчалык үзгүлтүксүз тиленериң жөнүндө ойлонуп көр. Аян китебинде «ыйыктардын тиленүүлөрү» жыты жагымдуу жыпарзатка салыштырылат. Андай тиленүүлөр жыпарзат сыяктуу Жахабага көтөрүлөт (Аян 5:8). Байыркы Ысрайылда Жахабанын курмандык жайында дайыма түтөтүлгөн жыпарзат көрсөтмө боюнча кылдаттык менен жасалчу. Ал Жахаба берген көрсөтмөгө ылайык тартуу кылынганда гана ага жага турган (Чыг. 30:34—37; Леб. 10:1, 2). Ошо сыяктуу эле, биз тиленүүгө олуттуу карап, Жахабанын кеңештерине ылайык тиленсек, үнүбүз ага жетерине толук ишенсек болот.

БЕРЕШЕНДИК МЕНЕН БЕРИП, ЫРААЗЫЧЫЛЫК МЕНЕН АЛАБЫЗ

13, 14. а) Филипидеги бир туугандар менен Эпафродит Пабылга кандай жардам көрсөтүшкөн жана ал буга кандай караган? б) Филипидеги бир туугандар менен Эпафродиттен эмнеге үйрөнсөк болот?

13 Көп болобу же азбы, бүткүл дүйнөлүк ишибизди колдоо үчүн берген тартууларыбыз да курмандык болуп эсептелет (Мр. 12:41—44). Б.з. 1-кылымында Филипидеги жыйналыштын мүчөлөрү Пабылдын кем-карчын толукташ үчүн Эпафродитти Римге жөнөтүшкөн. Филипиликтердин ал өкүлү, сыягы, Пабылга жыйналыш чогулткан акчалай тартууну алып барган. Алар Пабылга буга чейин да бир нече жолу берешендик менен кам көрүшкөн. Бул жолкусунда да алар, Пабыл акча маселесин ойлоп тынчсызданбай, кызматка көбүрөөк убакыт жумшай алышы үчүн, ага жардам көрсөтүүнү каалашкан. Пабыл алардын белегин кандай кабыл алган? Ал аны «Кудайга жаккан жыпар жыттуу, жагымдуу курмандык» деген. (Оку: Филипиликтер 4:15—19.) Ырас, Жахаба да, Пабыл да филипиликтердин марттыгына абдан ыраазы болгон.

14 Азыркы учурда да Жахаба бүткүл дүйнөлүк иш үчүн кылган тартууларыбызды жогору баалайт. Андан сырткары, эгер Падышалыктын кызыкчылыктарын мындан ары да жашообузда биринчи орунга койсок, бизге материалдык жактан да, рухий жактан да кам көрөрүн убадалайт (Мт. 6:33; Лк. 6:38).

ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫБЫЗДЫ БИЛДИРЕЛИ

15. Жахабага ыраазы болууга кандай себептер бар?

15 Жахабага ыраазы болуунун себептерин санап отурсак, аягы түгөнбөйт. Күн сайын ага өмүр белеги үчүн ыраазычылык билдиргенибиз орундуу эмеспи? Ал бизди жашоого керектүү нерсенин баары менен: тамак-аш, кийим-кечек, баш калкалай турган жай жана аба менен камсыз кылып келет. Андан сырткары, Кудай жөнүндөгү так билим ишенимибизди өстүрүп, жаркын келечекке үмүт берет. Жахабанын бизге өмүр бергени жана биз үчүн кылган башка жакшылыктары эле ага сыйынууга, ага арнап даңктоо курмандыгын чалууга негиз берерине кошулбайсыңбы? (Оку: Аян 4:11.)

16. Машаяктын куткаруу курмандыгына ыраазы экенибизди кантип көрсөтөбүз?

16 Мурунку макалада талкуулаганыбыздай, Кудайдын адамзатка берген эң баалуу белеги — Машаяктын куткаруу курмандыгы. Ал — Кудайдын бизге болгон сүйүүсүнүн зор далили (1 Жкн. 4:10). Анда ошол белек үчүн ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз? Пабыл мындай деген: «Бизге түрткү берген күч — Машаяктын сүйүүсү. Себеби биз мындай тыянакка келдик: бир адам бардыгы үчүн өлгөн... Жашап жаткандар эми өздөрү үчүн жашабай, алар үчүн өлүп, кайра тирилген Машаяк үчүн жашашы үчүн, ал бардыгы үчүн өлгөн» (2 Кор. 5:14, 15). Бул сөздөр менен Пабыл, эгер Кудайдын ырайымына чындап эле ыраазы болсок, өмүрүбүздү Кудай менен анын Уулун даңктоого арнай турганыбызды айткан. Ал эми аларга болгон сүйүүбүз менен ыраазычылыгыбызды баш ийгенибиз, кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине катышууга дилгир болгонубуз менен көрсөтө алабыз (1 Тим. 2:3, 4; 1 Жкн. 5:3).

17, 18. Көптөр кандай жолдор менен Жахабага даңктоо курмандыгын көбүрөөк чалууда? Мисал келтир.

17 Кудайга чалган даңктоо курмандыктарыңдын сапатын жакшырта аласыңбы? Көптөр Жахабанын аларга кылган бардык жакшылыктары жөнүндө ой жүгүрткөндөн кийин Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишине жана башка теократиялык иштерге көбүрөөк катышуу үчүн убактысын, иштерин кайра карап чыгып, өзгөрүүлөрдү жасоого түрткү алып келишет. Айрымдары жыл сайын бир же бир нече ай көмөкчү пионер болуп кызмат кылса, башкалары үзгүлтүксүз пионерлердин катарына кошулууда. Кээ бирлери болсо Падышалыктын курулуш иштерине катышууда. Булар ыраазычылык билдирүүнүн эң сонун жолдору эмеспи? Эгер ыйык кызмат болуп эсептелген мындай иштерди туура ниет менен — ыраазычылыгыбызды билдирүү үчүн — кылсак, алар Кудайга жагат.

18 Көптөгөн бир туугандар Жахабага терең ыраазы болуп, аны иш жүзүндө көрсөтүүгө түрткү алып келишет. Алардын бири — Морейна. Ал жүрөгүн өйүгөн суроолоруна өзү тутуп келген католик дининен жана Азия философиясынан жооп издеп келген. Бирок алардын биринен да канааттандырарлык жооп таба алган эмес. Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштагандан кийин гана анын көңүл суусуну канган. Морейна бүт суроолоруна Ыйык Китептен жооп алып, ошонун аркасында жан дүйнөсү тынчтанып, жашоодон кубаныч ала баштаганы үчүн Жахабага миң мертебе ыраазы болгон. Бул ага бүт күчүн Жахабага кызмат кылууга жумшоого түрткү берген. Ал чөмүлтүлөрү менен эле үзгүлтүксүз көмөкчү пионер болуп кызмат кыла баштап, мүмкүнчүлүгү болор замат, үзгүлтүксүз пионер болгон. Андан бери 30 жыл өттү. Морейна азыркыга дейре толук убакыт кызмат кылып келет.

19. Канткенде Жахабага көбүрөөк курмандык чала аласың?

19 Албетте, Жахабанын көптөгөн ишенимдүү кызматчылары жагдай-шартынан улам пионер боло алышпайт. Бирок, мүмкүнчүлүктөрүбүзгө карабай, баарыбыз Жахабага кызмат кылууда ага жага турган рухий курмандыктарды чала алабыз. Мисалы, жүрүм-турумубузду ала турган болсок, бардык учурда Жахабанын өкүлдөрү экенибизди эсибизде бек сактап, анын принциптерине так кармануу менен курмандык чалган болобуз. Ал эми ишенимибиз жөнүндө айта турган болсок, Кудайдын ой-ниетинин ишке ашарына бекем ишенүү менен курмандык чалган болобуз. Ошондой эле жакшы иштерибиз, атап айтканда, жакшы кабарды таратууга катышканыбыз да курмандык чалууга жатат. Келгиле анда, Жахабанын бизге кылган сан жеткис жакшылыктары үчүн жүрөгүбүздөн оргуп чыккан ыраазычылык менен мындан ары да ага чын жүрөктөн курмандык чала берели!

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги кыстырма]

Жахабанын жакшылыктары сага мактоо курмандыгын көбүрөөк чалууга түрткү берүүдөбү?

[23-беттеги сүрөт]

Ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланып кабар айтасыңбы?