«Чындыктын негиздерин» изилдөөнүн пайдасы
«Мыйзамда камтылган билим менен чындыктын негиздерин түшүнөсүң» (РИМ. 2:20).
1. Мусанын мыйзамында айтылгандардын маанисин түшүнгөнүбүз эмне үчүн маанилүү?
ЭГЕР элчи Пабылдын ыйык рухтун жетеги менен жазган каттары болбосо, Мусанын мыйзамындагы көп нерселердин маанисин түшүнүү кыйын болмок. Мисалы, еврейлерге жазган катында ал Исанын «ишенимдүү башкы дин кызматчы» катары «Кудай менен элдештире турган курмандыкты» бир эле ирет чалып, ошол курмандыкка ишенгендерге «түбөлүк куткарылууга» жол ачканын түшүндүргөн (Евр. 2:17; 9:11, 12). Андан тышкары, ал ыйык чатырдын «асмандагынын... көлөкөсү гана» болгонун жана Исанын Муса арачылык кылган келишимден алда канча «жакшы келишимдин» Арачысы болгонун айткан (Евр. 7:22; 8:1—5). Пабылдын күндөрүндө Мыйзамда айтылгандардын чечмелениши Исанын жолдоочулары үчүн абдан маанилүү болгон, бүгүнкү күндө биз үчүн да маанилүү. Алар Кудайдын биздин жыргалчылыгыбыз үчүн караштырган чараларынын канчалык баалуу экенин жакшыраак түшүнүүгө көмөк кылат.
2. Жүйүт эместерден айырмаланып, Исанын жүйүт жолдоочулары кандай артыкчылыкка ээ болушкан?
2 Пабыл Римдеги ишенимдештерине жазган катынын айрым бөлүктөрүн Исанын жүйүттөрдөн чыккан жана мурун Мусанын мыйзамы боюнча үйрөтүлгөн жолдоочуларына арнаган. Ал аларга, жүйүт элинен болбогондордон айырмаланып, Мыйзамды жакшы билгендиктен Жахаба жана анын адил принциптери жөнүндөгү «билим менен чындыктын негиздерин» түшүнүшөрүн айткан. «Чындыктын негиздеринин» маанисин түшүнгөнү, аларды баалаганы Исанын жүйүт жолдоочуларына, аларга чейин жашап өткөн ишенимдүү жүйүттөрдөй болуп, Жахабанын өз элине берген Мыйзамын билбегендерди жетектөөгө, окутуп-үйрөтүүгө жана чындыктарды ачып берүүгө жардам берген. (Оку: Римдиктер 2:17—20.)
ИСАНЫН КУРМАНДЫГЫНЫН КӨЛӨКӨСҮ
3. Байыркы жүйүттөр чалган курмандыктар тууралуу изилдөөдөн кандай пайда алабыз?
3 Пабыл айтып өткөн «чындыктын негиздери» бүгүнкү күндө да Жахабанын ой-ниетин түшүнүшүбүз үчүн абдан маанилүү. Мусанын мыйзамынын негизинде жаткан принциптер бүгүнкү күндө да наркын жоготкон жок. Андыктан, келгиле, Мыйзамдын бир тармагын — ар кандай курмандыктар менен тартууларды — ошондой эле алардын момун жүйүттөрдү кандайча Машаякка алып барганын жана Кудайдын талаптарын түшүнүүгө көмөк кылганын карап чыгалы. Жахабанын өзүнүн кызматчыларына койгон негизги талаптары эч качан өзгөрбөйт. Ошондуктан анын курмандыктар менен тартууларга байланыштуу ысрайылдыктарга берген мыйзамдары бизге ыйык кызматыбыздын сапатын текшерүүгө жардам берет (Мал. 3:6).
4, 5. а) Мусанын мыйзамы Кудайдын элине эмнени эстетип турган? б) Курмандыктар эмненин «көлөкөсү» болгон?
4 Мусанын мыйзамындагы көптөгөн көрсөтмөлөр байыркы убактагы жүйүттөргө алардын күнөөкөр экенин эстетип турган. Маселен, өлгөн кишинин сөөгүнө тийген киши тазаланышы керек болчу. Ан үчүн кемтиги жок кызыл уй союлуп, өрттөлчү. Ал эми анын күлү «тазартуучу суу» даярдаш үчүн сакталып коюлчу. Ал суу тазаланып жаткан кишиге таза эмес болуп калганынан кийинки үчүнчү жана жетинчи күнү чачыратылчу (Сан. 19:1—13). Ошондой эле, Мыйзам боюнча, аял төрөгөндөн кийин белгилүү бир убакыт бою таза эмес деп эсептеле турган. Тазалануу күндөрү бүткөн соң, андан күнөөсүнөн арылуу үчүн курмандык чалуу талап кылынган. Бул адамдын тукум улоо органдары аркылуу балдарына жеткилеңсиздик менен күнөө тукум кууп өтө турганын эске салып турган (Леб. 12:1—8).
5 Күнөө жуулушу үчүн, дагы башка көптөгөн жагдайларда да малдан курмандык чалуу талап кылынган. Курмандык чалган киши түшүнгөнбү же жокпу, ошол убакта жана кийинчерээк Жахабанын ибадатканасында чалынган курмандыктар Исанын жеткилең курмандыгынын «көлөкөсү» болгон (Евр. 10:1—10).
АДАМДЫН НИЕТИ КАНЧАЛЫК МААНИЛҮҮ?
6, 7. а) Жахабага кандай курмандык алып келүүнү чечерде ысрайылдыктар эмнени эсинен чыгарбашы керек болгон жана бул эмнени алдын ала көрсөткөн? б) Өзүбүзгө кандай суроолорду берип көрүшүбүз керек?
6 Жахабага курмандыкка чалына турган малга карата бирдей талап коюлган: алар сокур, бир жери бир нерсе болгон, аксак-тексек же оорулуу болбошу, кыскасы, эч кандай кемтиги жок болушу керек эле (Леб. 22:20—22). Ысрайылдыктардан Жахабага жер-жемиштен же эгинден тартуу кылганда «биринчи түшүмүн», «эң жакшысын» алып келүү талап кылынган (Сан. 18:12, 29). Эгер алар курмандыкка же тартууга эң жакшысын бербесе, Жахаба кабыл алчу эмес. Мал курмандыгына байланышкан жогорудагы маанилүү талап Исанын курмандыгынын кемтиги жок, таза болорун жана Жахабанын адамзатты куткаруу үчүн эң жакшысын, өзү үчүн эң кымбат болгонун курмандыкка чаларын көрсөткөн (1 Пет. 1:18, 19).
7 Эгер Жахабага тартуу алып келүүнү каалаган киши анын кылган бардык жакшылыктарына чындап ыраазы болсо, колунда болгонунун эң мыктысын алып келүүгө ынтызар болмоктугу шексиз. Албетте, курмандыкка эмне алып келерин ал өзү чечкен. Бирок Малаки 1:6—8, 13.) Бул бизге өзүбүзгө: «Жахабага кандай ниет менен кызмат кылып жатам? Кызматымдын сапатын жана кандай ниет менен кызмат кылып жатканымды текшерип көрүшүм керек эмеспи?» — деген суроолорду берип, Кудайга кылган кызматыбыз тууралуу ойлонуп көрүүгө түрткү берет.
ал колундагы малынын эң жакшысын эмес, кемтиги барын алып келсе, Кудай кабыл албай турганын билген. Эгер билип туруп ошондой курмандык чала турган болсо, бул анын курмандык чалууга олуттуу карабай турганын, атүгүл аны оор жүктөй көрөрүн айгинелемек. (Оку:8, 9. Ысрайылдыктардын курмандыкты кандай ниет менен чалганын карап чыгуудан эмнеге үйрөнөбүз?
8 Ысрайылдык киши Жахабага чын жүрөктөн ыраазы экенин билдирүү үчүн ыктыярдуу курмандык чалгысы же анын ырайымына ээ болуу үчүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалгысы келсе, ылайыктуу малды тандоо ага кыйын деле болмок эмес. Ал Жахабага эң мыктысын берүүдөн кубаныч алмак. Бүгүнкү күндө биз Мусанын мыйзамында талап кылынган курмандыктарды чалбайбыз, бирок убактыбызды, күч-кубатыбызды, каражатыбызды Жахабага кызмат кылууга арноо менен каймана мааниде курмандык чалабыз. Элчи Пабыл Кудай берген үмүтүбүз жөнүндө «жарыялоо» жана «жакшылык кылып», колубузда болгон нерселерибизди «башкалар менен бөлүшүү» Ага жага турган курмандык экенин айткан (Евр. 13:15, 16). Андай иштерди кандай ниет менен кылганыбыз Жахабага бизге кылган жакшылыктары үчүн канчалык ыраазы экенибизди көрсөтөт. Демек, байыркы учурда курмандык чалган кишидей эле, биз да Кудайга кандай ниет менен кызмат кылып жатканыбызды жана кызматка кандай караарыбызды текшерип көрүшүбүз керек.
9 Ал эми Мусанын мыйзамында күнөө кылган адамдан күнөө курмандыгын же айып курмандыгын чалуу талап кылынган жагдайлар жөнүндө эмне айтууга болот? Мунун талап кылынганы анын ниетине, курмандык чалууга болгон каалоосуна таасир этет беле? Ал андай курмандыктарды кыйылып чалышы мүмкүн беле? (Леб. 4:27, 28). Эгер ал Жахаба менен дайыма жакшы мамиледе болууну чын дилден кааласа, антмек эмес.
10. Исанын жолдоочуларына бузулган мамилени калыбына келтирүү үчүн кандай «курмандыктарды» чалууга туура келиши мүмкүн?
10 Ошол сыңары, бүгүнкү күндө биз ойлонбой сүйлөп алып же өзүбүз байкабай ишенимдешибизди таарынтып алышыбыз мүмкүн. Ошондо абийирибиз бизге туура эмес кылганыбызды билдириши ыктымал. Мындайда Жахабага кызмат кылууга олуттуу карагандардын баары кетирген катасын оңдош үчүн бүт күчүн жумшайт. Бул таарынган кишиден чын жүрөктөн кечирим суроону же олуттуу күнөө кетиргенде, жыйналыштагы мээримдүү аксакалдардан жардам суроону билдириши мүмкүн (Мт. 5:23, 24; Жкп. 5:14, 15). Демек, ишенимдешибизге же Кудайга каршы кылган күнөөбүздү жууш үчүн биз тараптан кандайдыр бир иш-аракет талап кылынат. Ошондой «курмандыктарды» чалуу менен Жахаба жана бир тууганыбыз менен болгон мамилебизди калыбына келтирип, таза абийирге ээ болобуз. Бул өз кезегинде Жахабанын жолу эң мыкты жол экенине болгон ишенимибизди бекемдейт.
11, 12. а) Тынчтык курмандыгы эмнени билдирген? б) Тынчтык курмандыгынын азыркы учурдагы таза сыйынуу менен кандай байланышы бар?
11 Мусанын мыйзамында талап кылынган курмандыктардын дагы бири тынчтык курмандыгы болгон. Ал Жахаба менен болгон тынчтыкты билдирген. Андай курмандык алып келген киши жана анын үй-бүлөсү курмандыкка чалынган малдын этин, сыягы, ибадатканадагы ашканалардын биринде жеген. Малды курмандыкка чалуу расмисин аткарган дин кызматчы менен ибадатканада кызмат кылган башка дин кызматчылар да анын этинен жешкен (Леб. 3:1; 7:31—33). Адам тынчтык курмандыгын Кудай менен жакшы мамиледе болууну каалагандыктан алып келген. Ошондо ал, мындайча айтканда, өзүнүн үй-бүлөсү, дин кызматчылар жана Жахаба менен бирге ынтымакта, кубанычта тамактангандай болгон.
12 Каймана мааниде Жахабаны конокко чакыруу жана анын чакырыкты кабыл алышы кандай зор сыймык болмок! Албетте, андай кадырлуу конокту сыйлаш үчүн үй ээси эң эле жакшы нерселерин алып чыкмак. Мыйзамда камтылган чындыктын негизине кирген тынчтык курмандыгы каалагандардын баары Исанын улуу курмандыгы аркылуу Жараткан менен тынчтыкта, ынак мамиледе боло аларын көрсөтүп турган. Эгер каражатыбызды, күч-кубатыбызды өз ыктыярыбыз менен Жахабага кызмат кылууга арнасак, аны менен дос боло алабыз.
ЭМНЕДЕН САК БОЛУУ КЕРЕК?
13, 14. Жахаба эмне үчүн Шабул падышанын чалайын деген курмандыгын кабыл алган эмес?
13 Жахаба курмандыкты кабыл алышы үчүн, Мусанын мыйзамында айтылган курмандыктарды чалган кишинин ниети, жүрөгү таза болушу керек болчу. Бизге эскертүү болушу үчүн, Ыйык Китепте Кудай курмандыгын кабыл албай койгон адамдар жөнүндө жазылган. Алардын курмандыгы эмне себептен кабыл алынган эмес? Эки жагдайга токтолуп көрөлү.
14 Шемуел пайгамбар Шабул падышага Жахабанын Амалыктын тукумдарына чыгарган өкүмү ишке аша турган убакыт келип жеткенин айткан. Ошондуктан Шабул ал элди мал-салы менен кошо жок кылышы керек болчу. Анткен менен ал жеңишке жеткенден кийин жоокерлерине Амалыктын тукумдарынын падышасы Агакты тирүү калтырууга жол берип койгон. Ошондой эле алардын малынын эң жакшыларын Жахабага курмандыкка чалабыз деп өлтүрбөй койгон (1 Шем. 15:2, 3, 21). Жахаба буга кандай караган? Ал Шабулду тил албаганы үчүн четке каккан. (Оку: 1 Шемуел 15:22, 23.) Мындан эмнеге үйрөнөбүз? Кудай курмандыктарыбызды кабыл кылышы үчүн, анын осуяттарына баш ийишибиз кажет.
15. Ышаянын күндөрүндө кээ бир ысрайылдыктардын курмандык чалганы менен, жаман иштерди кыла беришкени эмнени көрсөткөн?
15 Ышая китебинде да ушу сыяктуу мисал камтылган. Ошол мезгилде ысрайылдыктар Жахабага курмандыктарды милдет катары эле көрүп чалып жатышкан. Бирок алардын курмандык чалганы менен, туура эмес иштерди да кыла беришкени ниетинин таза эмес экенин көрсөткөн. Ошондуктан алардын курмандыгы жараксыз болуп калган. «Көп сандаган курмандыктарыңардан мага эмне пайда? — деген Жахаба.— Мен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынган кочкорлорго, бордолгон малдын майына тойдум, букачарлардын да, козулардын да, текелердин да канына ыраазы эмесмин... Эч нерсеге жарабаган нан курмандыктарын алып келгениңерди токтоткула. Жыпарзат да мен үчүн жийиркеничтүү». Көйгөйдүн тамыры эмнеде эле? Кудай аларга: «Көп тиленсеңер да, укпайм. Колуңар кан төккөн. Жуунгула, тазалангыла, жаман иштериңерди көз алдыман жок кылгыла, жамандык кылганыңарды токтоткула»,— деп айткан (Ыш. 1:11—16).
16. Кудайдын курмандыктарыбызды кабыл алар-албасы эмнеден көз каранды?
16 Ооба, өкүнбөгөн күнөөкөрлөрдүн курмандыгы Жахабага жаккан эмес. Бирок ал анын осуяттарына ылайык жашоого чын ниеттен умтулгандардын тартууларын кабыл алып, тиленүүлөрүн уккан. Мыйзамда камтылган талаптар алардын күнөөкөр жана кечирүүгө муктаж экенин көрсөтүп турган (Гал. 3:19). Өзүнүн ошондой абалда экенин түшүнгөн киши чын жүрөктөн өкүнгөн. Ошо сыяктуу эле, бүгүн биз да күнөөлөрүбүз Машаяктын курмандыгынын негизинде гана кечирилерин түшүнүшүбүз зарыл. Эгер муну түшүнүп, Машаяктын курмандыгын жогору бааласак, Жахабага ынталуу кызмат кылууда чалган курмандыктарыбыздын баары ага кубаныч тартуулайт. (Оку: Забур 51:17, 19.)
ИСАНЫН КУРМАНДЫГЫНА ИШЕНИМ ӨРЧҮТҮҮ
17—19. а) Канткенде Жахабага Исанын куткаруу курмандыгы үчүн ыраазы экенибизди билдире алабыз? б) Эмки макалада эмне талкууланат?
17 Кудайдын Исага чейин жашаган кызматчылары анын ой-ниетинин «көлөкөсүн» гана көрүшсө, биз анын ишке ашышына күбө болуудабыз (Евр. 10:1). Курмандыктарга байланыштуу мыйзамдар жүйүттөргө Кудай менен жакшы мамиледе болуу үчүн эмне кылышы керектигин үйрөткөн: алар ага чындап ыраазы болушу, ага колунда болгонунун эң жакшысын бериши жана куткарылууга муктаж экенин түшүнүшү керек болчу. Грек Жазмаларында ачылып берилгендиктен, биз Жахабанын кун аркылуу бизди күнөөнүн кесепеттеринен биротоло арылтарын жана атүгүл бүгүнкү күндө да анын алдында таза абийирге ээ болууга мүмкүнчүлүк берип жатканын түшүнөбүз. Ырас, Исанын куткаруу курмандыгы — Жахаба берген кереметтүү белек! (Гал. 3:13; Евр. 9:9, 14).
18 Албетте, куткаруу курмандыгынан пайда алышыбыз үчүн анын эмнени билдирерин билип эле койгонубуз жетишсиз. «Ишенимдин негизинде адил деп жарыяланышыбыз үчүн, Мыйзам Машаякка алып баруучу тарбиячыбыз болгон»,— деп жазган элчи Пабыл (Гал. 3:24). Ал эми ишеним иштер менен коштолушу керек (Жкп. 2:26). Ошондуктан Пабыл Мусанын мыйзамында айтылган билимдин негиздерин түшүнгөн 1-кылымдагы ишенимдештерин ошол билимин иш жүзүндө колдонууга үндөгөн. Ошентүү менен алар башкаларга Кудайдын принциптерин үйрөткөндөн тышкары, өздөрү да аларга ылайык иш кылган болушмак. (Оку: Римдиктер 2:21—23.)
19 Учурда бизден Мусанын мыйзамына кармануу талап кылынбайт. Анткен менен биз да Жахабага жага турган курмандыктарды чалышыбыз керек. Муну кантип кылсак болорун эмки макалада талкуулайбыз.
[Изилдөө суроолору]
[17-беттеги кыстырма]
Жахабанын өзүнүн кызматчыларына койгон негизги талаптары эч качан өзгөрбөйт
[18-беттеги сүрөт]
Булардын кайсынысын Жахабага курмандыкка чалат элең?
[19-беттеги сүрөт]
Жахабага жага турган курмандыктарды чалгандар анын ырайымына ээ болушат