Алар Кудайдын сөзүн кайраттуулук менен жарыялашкан!
Алар Кудайдын сөзүн кайраттуулук менен жарыялашкан!
Эр жүрөктүк, кайраттуулук. Каршылыктар менен беттешкенде ушул сапаттар абдан зарыл. «Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрөбүз» жана «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» (ор.) деген китептерде баяндалгандай, Исанын чыныгы жолдоочулары ушул сапаттарды дайыма чагылдырып келишет. 1-кылымдагы ишенимдештерибиздей эле, биз Жахабадан анын сөзүн зор кайраттуулук менен айтуу үчүн ыйык рух жана жардам сурап тиленебиз (Элч. 4:23—31).
Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы кабар айтуу иши жөнүндө бир бир тууганыбыз мындай деп жазган: «Кудайдын кызматчылары „Жазманы изилдөө“ деген китептин „Толук ачылган сыр“ деп аталган 7-томун жигердүү таратышкан. Ошондо ал китеп аябагандай кеңири таратылган. 1918-жылы „Падышалык жөнүндө кабар“ аттуу сериядагы №1 баракча жарык көргөн. Анын артынан „Толук ачылган сыр“ деген китептин таратылышына бийликтегилер эмне үчүн тыюу салганы жөнүндө „Падышалык жөнүндө кабар“ аттуу сериядагы №2 баракча чыккан. Андан соң ошол эле сериядагы №3 баракча басылып чыккан. Бул адабияттарды ишенимдүү майлангандар тобу тараткан. „Падышалык жөнүндө кабар“ деген баракчаларды таратуу үчүн ишеним, кайраттуулук талап кылынган».
Бүгүнкү күндө Падышалыктын жарчыларынын катарына жаңы кошулгандарга, адатта, кантип кабар айтуу керектиги үйрөтүлөт. Бирок мурун мындай эмес болчу. Кошмо Штаттарда жашаган бир поляк бир тууганыбыз 1922-жылы кабар айтууга биринчи жолу катышканда эмне болгонун эскерип, мындай деген: «Ишкер аймакта жалгыз кабар айтып жүрүп, бир доктурдун офисин тыкылдаттым. Ал убакта адабият сунуштаганды билчү эмесмин, англисче да кыйратып сүйлөй албачумун. Эшикти медайым ачты. Ошол окуя күнү бүгүнкүдөй эсимде, анткени ошондо толкунданып, бүткөн боюмду калтырак баскан. Сумкамдан адабият алып чыгайын десем, китептеримдин баары медайымдын бут алдына чачылып калса болобу! Ага эмне деп айтканым эсимде жок, бирок бир адабият калтырып кеткем. Ал жактан кетип баратканда күч-кайратка толгонумду, Жахаба батасын бергенин сезгем. Ошол күнү ошол аймакта көп китепче тараткам».
Бир ишенимдеш эжебиз: «1933-жылдары көп бир туугандар Падышалык жөнүндө кабар таратуу үчүн үн күчөткүч орнотулган машинелерди колдонушкан»,— деп эскерет. Бир жолу ал бир жубайлар менен Калифорниянын (АКШ) толуу аймагында кабар айтканы жөнүндө мындай дейт: «Байке үн күчөткүч орнотулган машинени тоонун бийигирээк жерине токтотту, биз болсо ылдый жакта калдык. Ал жакшы кабар жаздырылган пластинканы койгондо, кабар кадимкидей асмандан айтылып жаткандай сезилди. Шаарчанын тургундары байкени издеп-издеп, такыр таппай коюшту. Пластинка ойноп бүткөндө, биз шаарчаны кыдырып, тургундарга кабар айттык. Мен ошол машинеден башка дагы эки машиненин жардамы менен кабар айткам. Чынында, адамдардын көбү жакшы кабарды уккусу келчү эмес. Бирок алардын угуудан башка аргасы жок болчу, анткени машинелерден чыккан кабар ар бир адамдын үйүнүн ичине
чейин жаңырып турчу. Биз Жахабанын керектүү ыкманы керектүү убакта колдоноруна дайыма күбө болчубуз. Жогоруда айтылган ыкма менен кабар айтуу үчүн зор кайраттуулук талап кылынган. Бирок ошол ыкма дайыма өз максатына жетип, Жахабанын ысмы даңазаланчу».1930-жылдары жана 1940-жылдардын башында кызматта фонографтар менен ыйык китептик баяндамалар жаздырылган пластинкалар колдонулчу. Бир бир тууган мындай дейт: «Бир рухий сиңдим фонограф менен үймө-үй кабар айтып жүргөн. Ал бир үйдүн эшигинин алдында пластинканы койгондо, үйдүн кожоюну жаалданып, фонографты тоголото бир тепкен. Бирок бир да пластинка сынган эмес. Муну көрүп, ары жакта токтоп турган жүк ташуучу машинедеги түштөнүп жаткан үч киши жаш бир тууганыбызды чакырып, пластинканы коюп беришин суранышкан жана андан адабият алып калышкан. Ошентип, ал үч кишинин жакшы мамилеси тиги үй ээсинин жаман мамилесин жаап кеткен». Ырас, мындай сыноолорду көтөрүү үчүн эр жүрөк болуш керек болчу.
Жогорудагы эже мындай деп сөзүн улайт: «1940-жылдары көчөдө журнал таратуу иши кантип башталганы азыркыга чейин эсимде. Ага чейин маалымат жүрүштөрү болуп турчу. Бир туугандар төшүнө „Дин — бул тузак жана алдамчылык“ жана „Кудайга жана Машаяк Падышага кызмат кылгыла“ деген ураандар жазылган көрнөктү илип алып, көчө бойлой, биринин аркасынан бири чубап жүрүшөр эле. Жолдо карай баракчаларды да таратышчу. Кабар айтуунун ушундай түрлөрүнө катышуу үчүн кайраттуулук талап кылынганы айтпаса да түшүнүктүү. Бирок ошонун аркасында Жахабанын ысмы жана эли жалпыга маалым болчу».
«Чакан шаарчаларда журнал таратуу абдан кыйын болчу,— дейт дагы башка ишенимдеш эжебиз.— Ошол убактарда Күбөлөргө катуу каршылык көрсөтүлүп жаткан эле... Көчөнүн бурчунда колуңа журнал кармап алып, бизге кеңеш кылынган ураанды айтып туруу үчүн зор кайраттуулук керек болгон. Ошентсе да биз ар бир ишемби сайын кызматтын ошол түрүнө катышканга аракет кылчубуз. Айрым учурларда адамдар кабарыбызды жакшы кабыл алышчу. Бирок бизди көргөндө өңү-башы бузулуп, кыжырданган кишилер топтошо баштаганда, токмок жебеш үчүн акырын жылт койгон учурларыбыз да болгон».
Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Жахабанын Күбөлөрү куугунтукка карабай кызматын уланта эр жүрөктүк менен беришкен. 1940-жылдын 1-декабрынан 1941-жылдын 12-январына чейин жүргүзүлгөн 43 күндүк өнөктүккө АКШдагы 50 000дей жарчы катышып, сегиз миллиондой баракча тараткан. Ал өнөктүк «Тайманбастык менен күбөлөндүрүү убагы» деп аталган.
Жашы өр тартып калган көптөгөн бир туугандарыбыз кайраттуулукту талап кылган ар кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн эскеришет. Айрымдар ошол жылдарда бир туугандардын тайманбастыгы эл оозунда көп айтылган: «Согушту душмандын дарбазасына чейин жүргүз!» — деген нуска сөздө чагылдырыларын айтышат. Бул ыймансыз дүйнөнүн акыры келгенге чейин Кудайдын кабарын дагы кандай жол менен айтарыбыз белгисиз. Аман болсок, көрө жатарбыз. Бирок, кандай болбосун, Жахабанын жардамы менен анын сөзүн бекем ишеним, кайраттуулук менен жарыялай беребиз.
[9-беттеги сүрөт]
Падышалык тууралуу кабар айтуу үчүн зор кайраттуулук талап кылынган