«Дароо эле көзгө урундум»
Биздин архивден
«Дароо эле көзгө урундум»
Толук убакыт кызмат кылган жарчы Шарлотта Уайт дөңгөлөктүү чемоданын сүйрөп алып, Луисвиллге (Кентукки штаты, АКШ) адеп барганда, ал жак дүң эле дей түшкөн.
1908-жыл болчу. Шарлотта бир туугандын элде жок оокаты — Таңкы жарык арабасы — шаар тургундарынын назарын шак эле өзүнө бурган. «Мен дароо эле көзгө урундум,— деп жазган ал,— эл ичи дуу-дуу болуп эле калды».
Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр (Жахабанын Күбөлөрү мурда ушинтип аталчу) Ыйык Жазманы кылдат изилдөөнүн аркасында билген асыл чындыктарды башкаларга жеткирүү абдан маанилүү экенин түшүнүшкөн. Көптөрү андай билимди «Миң жылдыктын таңкы жарыгы» (кийинчерээк «Жазманы изилдөө») деп аталган китептердин жыйнагынан алышкан. Ал бир туугандар төгөрөктүн төрт бурчун: шаарларды, айыл-кыштактарды, алыскы аймактарды кыдырып, «Ыйык Китепти изилдегендерге жардам» деп да белгилүү болгон ал китептерди өздөрүнө окшоп билимге суусаган окурмандарга таратышкан.
1908-жылы Шарлотта бир тууган жана башка ынталуу жарчылар кездеме мукабалуу 6 томдуу ал эмгекти 1,65 АКШ долларына сатышчу. Алар китептерди дароо эле таратып кирбестен, алгач заказ алып, анан кийинчерээк, көбүнчө адамдар айлык алган күнү, алып барып, аны басып чыгарууга кеткен баада эле бере турган. Таң калыштуусу, Ыйык Китепти Изилдөөчүлөргө каршы болгон бир киши элдин ал китеп үчүн ошончо аз акча тартуу кылганына нааразы болгон.
Малинда Кифер деген ишенимдешибиз ошол убакты эскерип, жумасына 200дөн 300гө чейин заказ алганын айткан. Бирок «Таңкы жарык» китептерине көптөрдүн кызыкканы бир көйгөйдү туудурган. Эмнеге дегенде, анын 6-тому эле 740 беттүү болгон. «Күзөт мунарасында» белгиленгендей, «50 китептин
салмагы 18 кг болуп», аны таратуу, өзгөчө, эже-карындаштар үчүн абдан оор болгон.«Таңкы жарыкты» таратууга байланыштуу көйгөйдү чечүү үчүн Жеймс Коул бир тууган чемодан бурама менен бекитиле турган 2 дөңгөлөктүү бүктөлмө араба ойлоп тапкан. Эми китептерге жык толгон оор коробкаларды көтөрүп жүрүү зарыл болбой калган. Ошондон көп өтпөй Жеймс бир тууган: «Ийним түшпөй жыргап эле калдым»,— деген. Ал өзүнүн арабасын 1908-жылы Цинциннатиде (Огайо штаты) өткөн жыйында жалпыга алып чыккан. Ошондо катышуучулардын баары төбөсү көккө жете сүйүнүшкөн. Ал арабанын жардамы менен көбүнчө «Миң жылдыктын таңкы жарыгы» деген эмгек таратылгандыктан, анын темиринин эки учундагы бурамаларга «Таңкы жарык арабасы» деп чегилип жазылган. Бир туугандар бир аз көнүккөндөн кийин эле ондогон китептерди салып алып, аны бир кол менен эле, атүгүл өңгүл-дөңгүл жолдордо да оңой эле сүйрөй алышчу. Ошондой эле анын бийиктигин боюна жараша өзгөртүп алышчу. Китептери түгөнүп, кызматы аяктаганда, ыңгайлуу болушу үчүн, анын желим дөңгөлөктөрүн чемодандын капталына бүктөп, үйүнө жөө же трамвай менен кетип калышчу.
Таңкы жарык арабасы 2,50 АКШ доллары турчу. Бирок ал толук убакыт кызмат кылган эже-карындаштарга бекер берилчү. Сол жактагы сүрөттөгү Малинда бир тууганыбыз арабаны сүйрөгөндүн эбин таап алгандыктан, бир колу менен китептерге жык толгон арабаны сүйрөп, экинчи колуна да китептер салынган сумка көтөрүп алар эле. Пенсильваниядагы (АКШ) көмүр кенин иштетүү өнөр жайы өнүккөн шаардан китепти алгысы келгендерди көп жолуктургандыктан ал китеп тараткан күнү көпүрөдөн 3-4 жолу өтчү.
1980-жылдардын аягында бир авиакомпаниянын учкучу азыркы учурда аэропорттордо жана чоң шаарлардын көчөлөрүндө элдин баары колдонуп жүргөн дөңгөлөктүү чемоданды ойлоп тапкан. Бирок 100 жылдай мурун эле ынталуу ишенимдештерибиз Ыйык Китептеги чындыктын үрөнүн бардык жерде себүү үчүн Таңкы жарык арабасын колдонуп, көпчүлүктүн көңүлүн бурдурушкан. Бул аларга майдай жакса керек, анткени ошонун аркасында алардын жүргүзүп жаткан иши көпчүлүккө маалым боло берген.
[32-беттеги сүрөт]
Малинда бир тууган китеп тараткан күнү көпүрөдөн 3-4 жолу өтчү
[32-беттеги сүрөт]
«Таңкы жарыкты» таратууга байланыштуу көйгөй чечилген