Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жыйналышыңда жакшы маанай өкүм сүрүшүнө салым кош

Жыйналышыңда жакшы маанай өкүм сүрүшүнө салым кош

Жыйналышыңда жакшы маанай өкүм сүрүшүнө салым кош

«Жакшы маанай көрсөтүп жаткан силерге Мырзабыз Иса Машаяк ырайымын төгө берсин» (ФЛП. 4:23).

БУЛАР ЖЫЙНАЛЫШТА ЖАКШЫ МААНАЙ САКТАЛЫШЫНА КАНДАЙЧА ӨБӨЛГӨ ТҮЗӨТ?

Ишенимдештерибиз менен мамилелешүү

Кызматка ынталуу катышуу

Олуттуу күнөө жөнүндө аксакалдарга айтуу

1. Исанын Филипидеги жана Тиатирадагы жолдоочулары эмне себептен мактоого татыктуу болушкан?

БИРИНЧИ кылымда Исанын Филипидеги жолдоочулары жакыр турушса да, берешен болуу жана ишенимдештерине сүйүү көрсөтүү жагынан мыкты үлгү калтырышкан (Флп. 1:3—5, 9; 4:15, 16). Ошондуктан элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен жазган катынын аягында аларга: «Жакшы маанай көрсөтүп жаткан силерге Мырзабыз Иса Машаяк ырайымын төгө берсин»,— деген (Флп. 4:23). Исанын Тиатирадагы жолдоочуларынын жыйналышы да алардыкындай маанай көрсөткөндүктөн, даңкталган Иса Машаяк ал жыйналышты: «Мен сенин иштериңди, сүйүүңдү, ишенимиңди, кызматыңды, туруктуулугуңду жана акыркы иштериңдин мурунку иштериңен көп экенин билем»,— деп мактаган (Аян 2:19).

2. Биздин маанайыбыз жалпы жыйналышыбыздын маанайына кандай таасир этет?

2 Бүгүнкү күндө да Жахабанын Күбөлөрүнүн ар бир жыйналышында белгилүү бир маанай же рух өкүм сүрөт. Мисалы, айрым жыйналыштар сүйүүсү, жылуу-жумшак мамилеси менен өзгөчө белгилүү. Башкалары болсо Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишине жигердүү катышканы, толук убактагы кызматты абдан баалаганы менен айырмаланып турат. Эгер ар бирибиз жакшы маанай өрчүтсөк, жалпы жыйналышыбыздын биримдигине, рухий жактан гүлдөшүнө өз үлүшүбүздү кошо алабыз (1 Кор. 1:10). Ал эми маанайыбыз жаман болсо, бул жыйналыштагылардын рухий жактан үргүлөшүнө же жылымык болуп калышына, атүгүл туура эмес иштерге көз жумду мамиле кылышына себеп болушу мүмкүн (1 Кор. 5:1; Аян 3:15, 16). Силердин жыйналышыңардын маанайы жөнүндө эмне айтууга болот? Жыйналышыңарда жакшы маанай өкүм сүрүшүнө жеке сен кантип салым кошо аласың?

ЖАКШЫ МААНАЙ ӨКҮМ СҮРҮШҮНӨ САЛЫМ КОШ

3, 4. Кантип Жахабаны «чоң жыйналышта даңазалай» алабыз?

3 Забурчу Дөөтү: «[Жахаба,] мен сени чоң жыйналышта даңазалайм, калың элдин арасында даңктайм»,— деп ырдаган (Заб. 35:18). Ырас, ал ишенимдештери менен чогуу болгондо Жахабаны даңктаган. Жума сайын өткөрүлүүчү жыйналыш жолугушууларында, алардын ичинде «Күзөт мунарасын» изилдөөдө жооп берүү менен ынталуулугубузду, ишенимибизди көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андыктан ар бирибиз өзүбүзгө мындай суроолорду берип көргөнүбүз дурус: «Жыйналыш жолугушууларында дайыма жооп берүүгө аракет кыламбы? Аларга жакшы даярданып, маңыздуу жооп беремби? Үй-бүлө башчысы катары балдарыма алдын ала жооп даярдоого, аны өз сөзү менен айтып берүүгө көмөктөшөмбү?»

4 Дөөтү: «Оо, Кудай, жүрөгүм бекем, жүрөгүм бекем. Сени даңктап ырдайм, обон салам» — деп, жүрөгүбүздүн бекем болушун ырдоо менен байланыштырган (Заб. 57:7). Жыйналышта ырдалчу ырлар Жахабаны бекем жүрөгүбүз менен «даңктап ырдоого», «обон салууга» эң сонун шарт түзөт. Эгер айрым ырларды билбесек, үй-бүлө менен сыйынуу кечинде аларды ырдап көнүксөк болот. Биз: «Мен Жахабаны өмүр бою даңктап ырдайм, тирүү турганымда Кудайымды ыр менен даңазалайм»,— деп ырдаган забурчудан үлгү алгыбыз келет (Заб. 104:33).

5, 6. Башкаларга кантип меймандостук, берешендик көрсөтө алабыз жана бул жыйналышка кандай таасир этет?

5 Бир туугандарыбызга меймандостук көрсөтүү менен да жыйналышыбызда сүйүү өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзө алабыз. Пабыл еврейлерге жазган катынын аягында аларды: «Мындан ары да ортоңордо бир туугандык сүйүү болсун. Меймандостук көрсөтүүнү унутпагыла»,— деп үндөгөн (Евр. 13:1, 2). Ал эми меймандостук көрсөтүүнүн жакшы жолу — кыдыруучу көзөмөлчүлөр менен алардын жубайларын же жыйналыштагы толук убакыт кызмат кылган бир туугандарды чайга чакыруу. Ошондой эле жалгыз бой ата-энелерди, жесир же башка бир туугандарды конокко же үй-бүлө менен сыйынуу кечине чакыруу жөнүндө да ойлонуп көрсөк болот.

6 Пабыл Тиметейди бир туугандарын «жакшылык кылууга», «жакшы иштерге бай», «берешен болууга», «өздөрүндөгү нерселерди башкалар менен бөлүшө билүүгө», «чыныгы жашоого бекем карманыш үчүн, келечекке жакшы негиз боло турган жана жок болбой турган кенч жыйноого» чакырууга үндөгөн (1 Тим. 6:17—19). Ооба, Пабыл ишенимдештерин берешен болууга чакырган. Биз атүгүл каатчылык учурда да, ал кеңеш кылгандай, берешен боло алабыз. Алсак, машинеси бар бир туугандар башкаларды кабар айтуу кызматына же жыйналыш жолугушууларына алып барып келсе болот. Ал эми андай жардам көрсөтүлгөн бир туугандар аларга ыраазычылыгын билдирүү менен жыйналышта жакшы маанай өкүм сүрүшүнө салым кошо алышат. Мисалы, алар күйүүчү майдын барган сайын кымбаттап баратканын эске алып, кеткен чыгымдарды жабууга жардам беришсе болот. Андан сырткары, ишенимдештерибизге көбүрөөк убакыт бөлсөк, алар өздөрүн керектүү сезип, жакшы көрөрүбүзгө ынана алышат. Алардан убактыбыз менен каражатыбызды аябай, көп жакшылык кылсак, аларга болгон сүйүүбүздү арттыргандан тышкары, жыйналышыбызда жагымдуу, жакшы маанай өкүм сүрүшүнө салым кошобуз (Гал. 6:10).

7. Сырга бек болуу кандайча жыйналышта жакшы маанай өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзөт?

7 Бизди ишенимдештерибиз менен бириктирип турган сүйүү түйүнүн бекемдей турган дагы эки нерсеге: чыныгы дос болууга жана сыр сактай билүүгө токтололу. (Оку: Накыл сөздөр 18:24.) Чыныгы дос сырга бек болот. Ишенимдештерибиз башкаларга жайбай турганыбызга эч шектенбей, биз менен жүрөгүнүн түпкүрүндө уялаган ой-сезимдери менен бөлүшкөндө, ортобуздагы сүйүү мурдагыдан да өсөрү шексиз. Андыктан башкалардын сырын сактап, ишеничтүү дос болуу менен жыйналышта үй-бүлөдөгүдөй сүйүү өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзө берели (Накыл 20:19).

КЫЗМАТКА ЫНТАЛУУ КАТЫШ

8. Лаодикиялыктарга кандай кеңеш берилген жана эмне үчүн?

8 Иса Лаодикиядагы жыйналышка мындай деген: «Мен сенин иштериңди билем: сен муздак да, ысык да эмессиң. Муздак же ысык болсоң кана. Же ысык, же муздак болбой, жылымык болгонуң үчүн, сени оозумдан бүркүп салам» (Аян 3:15, 16). Лаодикиялыктар кызматка болгон ынтасын суутуп коюшкан. Бул алардын бири-бири менен болгон мамилесине да таасир этсе керек. Иса аларга: «Мен жакшы көргөндөрүмдүн баарын ашкерелейм, жазалайм. Андыктан ынталуу бол, өкүн»,— деген (Аян 3:19).

9. Талаа кызматына болгон көз карашыбыз жыйналышыбыздын маанайына кандай таасир этет?

9 Жыйналышыбызда жакшы маанай же рух өкүм сүрүшү үчүн, кабар айтуу кызматына жигердүү катышканыбыз да маанилүү. Жыйналыштын уюшулганынын бир максаты — кой мүнөздүү адамдарды издеп таап, аларга рухий жактан өсүүгө жардам берүү. Ошондуктан, Исага окшоп, шакирт даярдоо ишин жүрөк жалыны менен берилип аткарышыбыз керек (Мт. 28:19, 20; Лк. 4:43). Кабар айтуу ишине канчалык жигердүү катышсак, «Кудайдын кызматташтары» катары ошончолук биримдүү болобуз (1 Кор. 3:9). Бир туугандарыбыздын талаа кызматында ишенимин коргоп, рухий нерселерди баалаарын айгинелеп жатканын көргөнүбүздө аларды ого бетер жакшы көрүп, ого бетер баалап калабыз. Ошондой эле алар менен «ийиндеш туруп» кызмат кылуу жыйналышыбыздын ынтымагын чыңдайт. (Оку: Сепания 3:9.)

10. Кызматыбыздын сапатын жакшырта бергенибиз жыйналыштагыларга кандай таасир этет?

10 Кызматыбыздын сапатын жакшыртууга жасаган аракетибиз да башкаларга жакшы таасир этет. Эгер кабар айтып жүргөндө адамдарга чын жүрөктөн кызыгуу көрсөтүп, жүрөгүн козгоо жагынан жакшыра берүүгө умтулсак, кызматка мурдагыдан да ынталуу катыша баштайбыз (Мт. 9:36, 37). Ал эми биздин ынталуулугубуз жаныбыздагы бир туугандар да жугат. Иса шакирттерин кабар айтууга бирден эмес, экиден жөнөткөн (Лк. 10:1). Ошонун аркасында алар бири-бирине дем-күч берип, үйрөткөндөн сырткары, ого бетер ынталуу болууга да түрткү беришкен. Жалындап кызмат кылган жарчылар менен кызматташууну кимибиз эле каалабайбыз? Алардын маанайы бизди бекемдеп, ынталуу кызмат кылууга түрткү берет (Рим. 1:12).

НААЛЫГАНДАН КАЧ, ОЛУТТУУ КҮНӨӨГӨ КӨЗ ЖУМБА

11. Мусанын күндөрүндө ысрайылдыктар кандай маанай өрчүтүшкөн жана бул аларга кандай таасир эткен?

11 Жаңы эл болуп уюшулганынан бир нече эле жума өткөндө, ысрайылдыктар нааразы болуп, наалый башташкан. Акыры, алар Жахабага жана анын өкүлдөрүнө каршы козголоң чыгарышкан (Чыг. 16:1, 2). Ошондуктан Мисирден чыккан ысрайылдыктардын аз гана бөлүгү Убадаланган жердин босогосун аттаган. Атүгүл Муса да, Ысрайыл жамааты жаман рух көрсөткөндө, туура эмес иш кылганы үчүн Убадаланган жерге барбай калган (Мыйз. 32:48—52). Анда жаман маанай өрчүтүп албаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

12. Канткенде наалыгандан кача алабыз?

12 Наалый бергенден качканыбыз абдан маанилүү. Бул жагынан момун болуу жана бийлиги бар адамдарды урматтап-сыйлоо жардам берет. Андан сырткары, кимдер менен мамилелешип жатканыбызга да көңүл бурушубуз зарыл. Чөйрөнү туура эмес тандасак же Ыйык Китептеги принциптерди баалабаган классташтарыбыз же чогуу иштегендерибиз менен көп убакыт өткөрсөк, мунун кесепетин тартпай койбойбуз. Наалый берген же эч кимге баш ийгиси келбеген адамдардан алыс болгонубуз акылдуулукка жатат (Накыл 13:20).

13. Наалуу кандайча жыйналыштын рухийлигине терс таасир этиши мүмкүн?

13 Наалуунун рухий жактан буза турган таасири бар. Мисалы, ал жыйналыштын тынчтыгына, биримдигине доо кетириши мүмкүн. Ошондой эле бир туугандарга нааразы болуу алардын жүрөгүн ооруткандан сырткары, жалаа жабуу, тил тийгизүү сыяктуу күнөөлөргө алып барышы ыктымал (Леб. 19:16; 1 Кор. 5:11). 1-кылымдагы жыйналышта айрымдар наалып, «бийлиги барларды урматтабай, даңкка бөлөнгөндөрдү жамандашкан» (Жүй. 8, 16). Албетте, алардын жыйналыштагы жооптуу бир туугандарга нааразы болуп, наалыганы Кудайга жаккан эмес.

14, 15. а) Олуттуу күнөөгө көз жумуп коюу жыйналышка кандай таасир этиши мүмкүн? б) Кимдир бирөөнүн жашыруун күнөө кылганын билип калсак, эмне кылышыбыз керек?

14 Кимдир бирөөнүн жашыруун күнөө кылганын, мисалы, ичимдикти көп ичкенин, порнография көргөнүн же адеп-ахлаксыздык кылганын билип калсак, эмне кылышыбыз керек? (Эф. 5:11, 12). Эгер андай олуттуу күнөөгө көз жумуп койсок, Жахабанын ыйык руху жыйналышка таасир этпей калышы мүмкүн. Ал эми мунун айынан бүтүндөй жыйналыштын бейкуттугуна доо кетет (Гал. 5:19—23). Исанын Корунттагы алгачкы жолдоочулары «эски ачыткыдан арылышы» керек болгондой эле, биз, жыйналышыбызда жакшы маанай сакталышы үчүн, аны жаман таасирдин баарынан коргошубуз керек. Анда жыйналыштын бейкуттугуна өбөлгө болуш үчүн эмне кылганыбыз зарыл?

15 Жогоруда кеп кылынгандай, айрым нерселерди, айрыкча, бир туугандарыбыздын бизге ишенип айткан сырларын башкаларга айтпаганыбыз маанилүү. Бирөөнүн сырын жайып салуу кандай гана кыянаттык, кандай гана таш боордук болуп калмак! Анткен менен кимдир бирөө олуттуу күнөө кетиргенде, жыйналыштын аксакалдарына билдирүү кажет. Себеби Ыйык Китепте алардын ошондой иштерди кароого милдеттүү экени айтылат. (Оку: Лебилер 5:1.) Андыктан кайсы бир ишенимдешибиздин олуттуу күнөө кылганын билсек, аны аксакалдарга кайрылып, жардам суроого үндөгөнүбүз зарыл (Жкп. 5:13—15). Эгер ал белгилүү бир убакыттын ичинде кайрылбаса, анда аксакалдарга ал тууралуу өзүбүз айтышыбыз керек.

16. Олуттуу күнөө жөнүндө аксакалдарга айтканыбыз кандайча «жыйналыштын рухунун» сакталышына жардам берет?

16 Исанын жолдоочуларынын жыйналышы — рухий жактан коопсуз, бейкут жай. Ошондуктан биз, кимдир бирөө олуттуу күнөө кетиргенде, аксакалдарга айтып, жыйналышты коргошубуз керек. Аксакалдар күнөө кылган кишиге акылына келүүгө жардам бергенде, ал өкүнүп, берилген кеңештер менен жазаны кабыл алса, жыйналыштын маанайына коркунуч туудурбай калат. Бирок ал өкүнбөй, аксакалдардын сүйүү менен берген кеңешин четке каксачы? Анда жыйналыштан чыгарылат. Ошондо арабыздагы бузуку таасир жок болуп, «жыйналыштын руху сакталат». (Оку: 1 Корунттуктар 5:5.) Ооба, «жыйналыштын руху сакталышы» үчүн, ар бирибизден тийиштүү иш-аракет кылып, аксакалдар кеңеши менен кызматташуу жана ишенимдештерибиздин коопсуздугун коргоо талап кылынат.

«РУХ БЕРГЕН БИРИМДИКТИ САКТООГО» УМТУЛ

17, 18. Бизге «рух берген биримдикти сактоого» эмне жардам берет?

17 Исанын алгачкы жолдоочулары «элчилердин насааттарын түшүнүүгө» ынтызар болуу менен жыйналыштын биримдигине салым кошушкан (Элч. 2:42). Алар аксакалдардын Ыйык Жазманын негизинде берген кеп-кеңештерин, көрсөтмөлөрүн абдан баалашкан. Бүгүнкү күндө да аксакалдар ишенимдүү жана акылдуу кул тобу менен тыгыз кызматташкандыктан жыйналыштагылардын баарына биримдикти сактоого түрткү берип, жардам көрсөтүшөт (1 Кор. 1:10). Жахабанын уюмунун Ыйык Китептин негизинде берген жетекчилигине баш ийип, аксакалдардын көрсөтмөлөрүнө кармансак, «рух берген биримдикти сактоого жана тынчтыкта жашоого умтулуп» жатканыбызды көрсөтөбүз (Эф. 4:3).

18 Андыктан жыйналышта дайыма жакшы маанай өкүм сүрүшү үчүн, колубуздан келгендин баарын кыла берели. Ошондо бизге «Мырзабыз Иса Машаяк ырайымын төгө берерине» эч шектенбесек болот (Флп. 4:23).

[Изилдөө суроолору]

[19-беттеги сүрөт]

Маңыздуу жооп даярдоо менен жыйналышта жакшы маанай сакталышына салым кошуп жатасыңбы?

[20-беттеги сүрөт]

Ырларыбызды жакшы үйрөнүү менен жыйналышта жакшы маанай сакталышына өбөлгө түз