Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жүрөктү ууктурган көрө албастык

Жүрөктү ууктурган көрө албастык

Жүрөктү ууктурган көрө албастык

Ал Наполеон Бонапартта болгон. Юлий Цезарда болгон. Искендер Зулкарнайнда болгон. Алар зор күчкө, атак-даңкка ээ болушса да, жүрөктөрү ууланып калган: үчөө тең кимдир бирөөнү көрө алган эмес.

«Наполеон Цезарды көрө алган эмес, Цезарь Искендерди [Зулкарнайн] көрө алган эмес, ал эми Искендер, менимче, тарыхта эч качан болбогон Геркулести көрө алган эмес»,— деп жазган англис философу Бертран Рассел. Ооба, адам канчалык бай, канчалык таланттуу, канчалык ийгиликтүү болбосун, көрө албастыкка ууланып калышы мүмкүн.

Көрө албастык — башкалардын колунда болгон нерселерине, ийгилигине, артыкчылык-таланттарына ич күйдүлүк кылып, кыжырдануу. Бир ыйык китептик эмгекке ылайык, көрө албас киши башка бирөөдөй болууну эле самабастан, кимдир бирөөнүн анда жок нерсеге ээ болгонуна ачууланып, аны тартып алууну да көздөйт.

Андыктан көрө албастык жүрөгүбүздө кантип пайда болорун, анын канчалык кесепеттүү экенин, айрыкча, ал сапаттын жүрөгүбүздө терең тамырлап кетишине жол бербеш үчүн эмне кылсак болорун билип алганыбыз абдан маанилүү.

КӨРӨ АЛБАСТЫКТЫН ОТУН ЭМНЕ ЖАЛЫНДАТАТ?

Адамдар жеткилеңсиз болгондуктан көз артууга жакын келет. Андай жаман сапаттын өрчүшүнө ар кандай нерселер себеп болушу мүмкүн (Жкп. 4:5). Элчи Пабыл: «Менменсинбейли, бири-бирибизге атаандашпайлы, ичи тарлык кылбайлы»,— деп жазганда алардын бири жөнүндө сөз кылган (Гал. 5:26). Ооба, атаандашуу адамдын жүрөгүндө көрө албастыктын отун жалындатат. Мунун калетсиздигине Кристина жана Хосе деген ишенимдештерибиз өз тажрыйбасынан ынанышкан *.

Кристина үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылат. Ал: «Өзүмдүн башкаларга көз артып жатканымды көп байкайм»,— дейт. Бир жолу ал кыдыруучулук кызматты аткарган жубайлар менен чогуу тамактанып калат. Жолдошу Эрик экөөнүн ал жубайлар менен тең курактуу экенин жана мурун бирдей кызматты аркалаганын билгенде ал: «Менин жолдошум деле аксакал! Анда эмнеге силер кыдыруучулук кызмат аткарасыңар да, биз аткарбайбыз?» — деген. Атаандашуудан улам жалындаган көрө албастык Кристинаны сокур кылып, жолдошу экөөнүн кандай сонун кызматты аткарып жатканын көз жаздымында калтырып, жашоосуна нааразы болушуна себеп болгон.

Ал эми Хосе кызмат жардамчысы болгусу келчү. Бирок ал эмес, башкалар дайындалганда, ичи күйүп, аксакалдар кеңешинин координаторуна ачуусу келген. «Көрө албастыкка ушунчалык ууккандыктан мен аны жек көрүп, ниетине шек санай баштагам,— деп мойнуна алат ал.— Көрө албастык жүрөгүңдү бийлеп алганда, өзүмчүл болуп, тунук ой жүгүртө албай калат экенсиң».

БИЗ САБАК АЛА ТУРГАН ЫЙЫК КИТЕПТИК ОКУЯЛАР

Ыйык Китепте бизге эскертүү иретинде көп окуялар жазылган (1 Кор. 10:11). Алардын айрымдары көрө албастыктын кантип өрчүй турганын эле эмес, ага жүрөгүн бийлеп алууга жол берип койгондорду кантип ууландырып саларын да көрсөтөт.

Мисалы, Адам ата менен Обо эненин тун уулу Кабыл, Жахаба анын эмес, Абылдын курмандыгын кабыл алганда, абдан ачууланган. Ал каарын басып, туура иш кылса деле болмок, бирок көрө албастыкка уугуп калгандыктан инисин өлтүрүп койгон (Башт. 4:4—8). Ошондуктан Ыйык Китепте Кабылдын «кара өзгөйдөн», Шайтандан, болгону айтылат (1 Жкн. 3:12).

Жусуптун он агасы анын атасы менен өзгөчө ынак мамиледе болгонун көрө алган эмес. Ал аларга пайгамбарлык мааниси бар түштөрүн айтып бергенде, аны ого бетер жек көрүп калышкан. Атүгүл аны өлтүргөнгө да даяр болушкан. Акыры, алар аны кулчулукка сатып жиберишкен жана атасын Жусуп өлүп калды деп алдап, таш боордук кылышкан (Башт. 37:4—11, 23—28, 31—33). Бир канча жылдан кийин алар бири-бирине: «Бир тууганыбызга жасаган мамилебиз үчүн күнөөлүүбүз, анткени ал ырайым кылышыбызды сурап жалынганда, биз аны укпай койгонбуз» — деп айтып, күнөөсүн мойнуна алышкан (Башт. 42:21; 50:15—19).

Корак, Датан, Абырам жөнүндө айта турган болсок, алар өздөрүнүн сыймыктуу жоопкерчиликтерин Муса менен Арундукуна салыштыргандыктан, жүрөктөрүндө көрө албастыктын оту тутанып кеткен. Алар Мусаны: «Бизге төрө болгуң барбы?» — деп кекетип, анын бой көтөрүп жатканын айтышкан (Сан. 16:13). Бирок бул карандай калп эле (Сан. 11:14, 15). Анткени Мусаны Жахаба өзү дайындаган болчу. Чынында, ал козголоңчулар Мусанын ээлеген абалына көз артып жатышкан. Ошонун айынан алар, акыр-түбү, Жахабанын колунан ажал табышкан.

Сулайман падыша көрө албастыктан улам адам эмнеге чейин барарын өз көзү менен көргөн. Бир аял, жаңы төрөлгөн баласы чарчап калганда, жанындагы аялды өлгөн бала аныкы экенине ишендирип, анын тирүү баласын тартып алгысы келген. Муну териштирүү үчүн экөө Сулайманга барышкан. Алардын иши каралып жатканда, алдамчы аял атүгүл тирүү баланын өлтүрүлүшүнө макул болгон. Ошондо Сулайман баланын өз энеси ким экенин баамдап, баланы ага берүүнү буйруган (1 Пад. 3:16—27).

Ооба, көрө албастыктын кесепети каргашалуу болушу ыктымал. Айтылып өткөн окуялардан көрө албастык жек көрүүчүлүккө, адилетсиздикке, киши өлтүрүүчүлүккө алып барышы мүмкүн экени жана көрө албастык кылгандардын айынан башкалар ак жерден эле жапа чеккени көрүнүп турат. Анда көрө албастыкка жеңилип калбаш үчүн эмне кылсак болот? Ал ууга каршы кандай уу кесерлер бар?

КҮЧТҮҮ УУ КЕСЕРЛЕР

Сүйүү өрчүт. Элчи Петир Исанын жолдоочуларын: «Чындыкка баш ийгендиктен силер тазарып, чыныгы бир туугандык сүйүүгө ээ болдуңар. Андыктан бири-бириңерди жан-дилиңер менен, чын жүрөктөн сүйгүлө»,— деп үндөгөн (1 Пет. 1:22). Сүйүү деген эмне? Элчи Пабыл: «Сүйүү чыдамкай, боорукер. Сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, менменсинбейт, адепсиздик кылбайт, өз кызыкчылыгын көздөбөйт»,— деп жазган (1 Кор. 13:4, 5). Жүрөгүбүздө ушундай сүйүү өрчүтсөк, көрө албастыкты тизгиндөөгө жардам берет (1 Пет. 2:1). Мисалы, Жонатан Дөөтүнү «жанындай жакшы көргөндүктөн» ага ичи тарлык кылган эмес (1 Шем. 18:1).

Кудайдан корккон адамдар менен бол. 73-забурду жазган киши эч нерседен кам санабай, жыргалга батып жашаган ыймансыздарга көз арткан. Бирок ал «Кудайдын улуу ыйык жайына» баруу менен көрө албастыгын жеңген (Заб. 73:3—5, 17). Ишенимдештери менен болуу забурчуга «Кудайга жакындаганынын» аркасында ээ болгон баталарын баалаганга жардам берген (Заб. 73:28). Жыйналыш жолугушууларына дайыма барып, бир туугандарыбыз менен пикирлешип туруу бизге да ошентүүгө жардам берет.

Жакшылык кылууга умтул. Кабылдын жүрөгүндө көрө албастык, жек көрүүчүлүк уялаганын көргөндө Кудай ага: «Жакшы иш кыл»,— деген (Башт. 4:7). Исанын жолдоочулары кандай «жакшы иш» кылышы керек? Иса Жахаба Кудайыбызды бүт жүрөгүбүз, бүт жаныбыз, бүт акылыбыз менен сүйүшүбүз, ошондой эле жакыныбызды өзүбүздү сүйгөндөй сүйүшүбүз керектигин айткан (Мт. 22:37—39). Жашообузда Жахабага кызмат кылууну биринчи орунга коюудан жана башкаларга жардам берүүдөн алган кубанычыбыз көрө албастыкка каршы күчтүү уу кесер болуп саналат. Ал эми Жахабага жана жакындарыбызга кызмат кылуунун эң сонун жолу — Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине жигердүү катышуу. Бул «Жахабанын батасына» ээ кылат (Накыл 10:22).

«Кубангандар менен кубан» (Рим. 12:15). Иса шакирттеринин ийгилигине кубанган жана алардын кабар айтуу ишинде өзү кылгандан да көптү кыларын айткан (Лк. 10:17, 21; Жкн. 14:12). Биз, Жахабанын кызматчылары, биримдүү элбиз, ошондуктан арабыздан кимдир бирөөнүн ийгиликке жетиши — баарыбыз үчүн бата (1 Кор. 12:25, 26). Андыктан башкалар сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болгондо, көз артпастан, кубанышыбыз керек эмеспи?

КӨП КҮЧ-АРАКЕТТИ ТАЛАП КЫЛГАН КҮРӨШ

Көрө албастыкты жеңиш үчүн тынбай күч-аракет жумшашыбыз керек. Кристина бир тууган мындай дейт: «Мен дагы эле көрө албастыгым менен күрөшүп келем. Аны канчалык жек көрсөм да, ал жүрөгүмдө жашап келет. Ошондуктан мени бийлеп албашы үчүн, аны дайыма басып турам». Хосе да ушундай күрөш жүргүзүп келет. «Жахаба аксакалдар кеңешинин координаторунун жакшы сапаттарын баалоого жардам берди,— дейт ал.— Кудай менен ынак мамиледе болгондуктан ушундай ийгиликке жете алдым».

Көрө албастык — «күнөөгө баткан дененин иштеринин» бири. Андыктан Исанын ар бир жолдоочусу ага каршы күрөшүшү керек (Гал. 5:19—21). Ал сапаттын бизди башкарып алышына жол бербесек, алда канча бактылуу болобуз жана асмандагы Атабыз Жахабанын жүрөгүн кубантабыз.

[Шилтеме]

^ 7-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[17-беттеги сүрөт]

«Кубангандар менен кубан»