Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Натан Таза сыйынуунун жактоочусу

Натан Таза сыйынуунун жактоочусу

Натан Таза сыйынуунун жактоочусу

Колунда зор бийлиги бар кишиге кылган ишинин туура эмес экенин, жаман жолунан бурулушу керектигин айтуу оңой-олтоң иш эмес. Эгер анын кылмышын жашырыш үчүн бирөөнүн көзүн тазалаганын билсең, ага каршы сүйлөөгө даай алат белең?

Байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөтү Батшеба менен ойноштук кылып, анын боюна бүтүп калат. Ошондо ал Батшеба экөөнүн күнөөсүн жашырыш үчүн анын күйөөсүн өлтүрүп, өзүн аялдыкка алып алат. Ошентип, Дөөтү падыша бир нече ай бою эки жүздүү жашоо өткөрөт. Бирок Жахаба анын күнөөлөрүнө көз жуумп койгон эмес. Ал Натан деген пайгамбарын аны ашкерелөөгө жиберет.

Бул оор тапшырма болчу. Өзүңдү Натандын ордуна коюп көрсөң. Жахабага берилгендигин сактоого, анын нормаларына бекем карманууга болгон чечкиндүүлүгү ага Дөөтү падышанын айыбын ачууга түрткү бергени шексиз. Ал падышаны кантип ашкерелеген жана ага өкүнүшү керектигин кантип түшүндүргөн?

СЫЛЫК НАСААТЧЫ

Бир нече мүнөт бөлүп, 2 Шемуел 12:1—25-аяттарды окуп чык. Өзүңдү Натандын ордуна коюп, Дөөтү падышага төмөнкү окуяны айтып берип жатканыңды элестет: «Бир шаарда эки киши жашаптыр. Алардын бири бай, бири кедей болуптур. Байдын кою да, бодо малы да көп эле. Кедейдин болсо сатып алган бир ургаачы козусунан башка эчтекеси жок болчу. Ал аны багып, уулдары менен бирге чоңойтот. Ал эмне жесе, козусу да ошондон жеп, анын чөйчөгүнөн ичип, койнуна жатып, кызындай эле болуп калат. Күндөрдүн биринде байдыкына бир жолоочу келет. Бай өзүнүн койлору менен бодо малын сойгусу келбей, кедейдин козусун алдырат да, үйүнө келген жолоочуга союп берет» (2 Шем. 12:1—4).

Мурун өзү да койчу болгондуктан Дөөтү бул окуяны чындап эле болгон деп ойлоп алган окшойт. Бир изилдөөчү: «Натан адилетсиздикке кабылып, башка эч кимден жардам ала албаган адамдардын арыз-муңун айтыш үчүн падышага көп келсе керек. Ошондуктан Дөөтү аны бул сапар да ошондой иш менен келди деп ойлогон чыгар»,— деп божомолдойт. Ошондой болгон күндө да, падышага барып, аны менен сүйлөшүш үчүн Натан Кудайга берилген, эр жүрөк киши болушу керек болчу. Ал окуяны укканда Дөөтү каарданып: «Жахаба тирүү, ал киши өлүшү керек!» — дейт. Ошондо Натан: «Ошол киши сенсиң!» — деген жүрөк титиретерлик сөздөрдү айтат (2 Шем. 12:5—7).

Натандын падышаны эмне үчүн ошондой жол менен ашкерелегенин карап көрөлү. Адатта, кимдир бирөөгө көңүлү байланып калган кишиге өзүнүн жагдайы жөнүндө тунук ой жүгүртүү оңой эмес. Ошондой эле баарыбыз эле туура эмес жүрүм-турумубузду актаганга жакын келебиз. Бирок Натандын мисалын укканда Дөөтү билбей эле өзүн өзү ашкерелеген. Ал Натан айткан кишинин кылганы барып турган кара өзгөйлүк экенин айкын түшүнгөн. Белгилей кетчү нерсе, Натан мисалдын Дөөтүгө тиешелүү экенин ал өзү ошол иштин туура эмес экенин айткандан кийин гана айткан. Ошондо Дөөтү күнөөсүнүн канчалык оор экенин баамдаган. Мунун аркасында ал туура ой жүгүртүп, күнөөсүн мойнуна алган. Ал Батшеба менен ойноштук кылуу менен Жахабаны «четке какканын» түшүнгөн жана анын жазасын кабыл алган (2 Шем. 12:9—14; Заб. 51, башындагы сөздөр).

Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Башкаларга Ыйык Китептин негизинде билим бергендердин максаты — угармандарына туура тыянакка келүүгө жардам берүү. Натан Дөөтүнү урматтагандыктан ага сылык мамиле кылган. Ал Дөөтүнүн адилеттүүлүктү, адилдикти чындап сүйөрүн билген. Ошондуктан жогорудагы мисалды колдонуп, анын жүрөгүнүн түпкүрүндөгү Кудайга жаккан ошол сапаттарын ойготууну каалаган. Биз да жүрөгү таза адамдарга Кудайдын көз карашын түшүнүүгө жардам бере алабыз. Кантип? Бардык эле адамдар жалпы жонунан эмне туура, эмне туура эмес экенин билишет. Андыктан аларга ошол билимин колдонууга жардам берсек болот. Бирок андай учурда өзүбүздү алардан жогору көрбөгөнүбүз же аларга тигиндей же мындай кыл деп айтууга укугубуз бардай мамиле кылбаганыбыз маанилүү. Ошондой эле эмне туура, эмне туура эмес экенин аныктоодо өзүбүздүн көз карашыбызга эмес, Ыйык Китепке таянышыбыз керек.

Натанга кубаттуу падышаны ашкерелөөгө биринчи кезекте Кудайга болгон берилгендиги түрткү берген (2 Шем. 12:1). Анын сыңарындай, Жахабага берилген болсок, бул бизге анын принцип-нормаларына бекем карманып, аларды эр жүрөктүк менен жактоого түрткү берет.

ТАЗА СЫЙЫНУУНУН ЖАКТООЧУСУ

Дөөтү бир уулунун атын Натан койгонуна караганда, Натан экөө жакшы достордон болгон көрүнөт (1 Жылн. 3:1, 5). Ыйык Китепте Натан жөнүндөгү биринчи билдирүүдө анын Дөөтүнүн жанында жүргөнү айтылат. Экөө тең Жахабаны сүйгөн кишилерден болушкан. Дөөтү падышанын Натан пайгамбарга: «Мен бал карагайдан салынган үйдө жашап жатам, чыныгы Кудайдын келишим сандыгы болсо дагы эле чатырда турат» — деп, Жахабага арнап ибадаткана кургусу келерин айтканынан Натандын кеп-кеңештерин абдан баалаганын билүүгө болот. Натан ага: «Жүрөгүң эмнени каалап жатса, ошону кыл, анткени Жахаба сени менен»,— дейт (2 Шем. 7:2, 3).

Жахабанын ишенимдүү кызматчысы катары Натан Дөөтүнүн таза сыйынуунун жер бетиндеги эң биринчи борборун курууга байланышкан мүдөөсүн кош колдоп колдойт. Бирок ал ошондо Жахабанын атынан сүйлөбөстөн, өзүнүн оюн айткан көрүнөт. Себеби ошол түнү Жахаба Натан пайгамбарга Дөөтүгө таптакыр башка кабар — ибадаткананы ал эмес, анын уулдарынын бири курарын — айтууну буйрук кылат. Анткен менен Натан Дөөтүгө Жахабанын аны менен келишим түзүп, «тагын түбөлүккө бекем кыларын» убадалаганын да айтат (2 Шем. 7:4—16).

Натандын ибадаткана курууга болгон көз карашы Жахабанын эркине ылайык келген эмес. Бирок ал момун пайгамбар эч наалыбастан, Жахабанын эркине баш ийип, ага ылайык иш кылган. Ал бизге Жахаба оңдоп-түзөгөндө туура кабыл алуу жагынан кандай сонун үлгү калтырган! Натандын андан ары да пайгамбар катары кызмат кыла бергени анын Кудайдын ырайымынан ажырабаганын көрсөтүп турат. Калыбы, Жахаба Дөөтүгө 4000 музыкантты ибадатканада кызмат кылууга дайындоого көрсөтмө бериш үчүн Натан менен көрөгөч Гатты ыйык руху аркылуу жетектеген (1 Жылн. 23:1—5; 2 Жылн. 29:25).

ПАДЫШАЛЫКТЫН КОРГООЧУСУ

Натан пайгамбар Дөөтү падышадан кийин Сулайман такка отурушу керектигин билген. Ошондуктан Адония көрөр күнү, ичер суусу түгөнүп бараткан атасынын падышалык тагын мыйзамсыз түрдө ээлеп алууга далалат кылганда, Натан чечкиндүү түрдө чара көрөт. Бул жолкусунда да ал сылыктык, берилгендик менен иш кылат. Адегенде Батшебаны Дөөтүгө барып, уулу Сулайманды өзүнүн ордуна падыша кылары жөнүндө ант бергенин эсине салууга жөнөтөт. Андан соң өзү падышага барып, андан Адонияны падыша кылып дайындоого буйрук берген-бербегенин сурайт. Жагдайдын курчуп баратканын баамдаган Дөөтү Натан менен башка ишенимдүү кишилерин Сулайманды майлап, падыша кылып жарыялоого жиберет. Ошентип, Адониянын падыша болом деген ою ойрон болот (1 Пад. 1:5—53).

МОМУН ТАРЫХЧЫ

Натан менен Гат 1 Шемуел китебинин 25—31-бөлүмдөрүн жана 2 Шемуел китебин жазган деп эсептелет. Ал китептердеги ыйык рухтун жетеги менен жазылган билдирүүлөр жөнүндө: «Дөөтү падышанын алгачкы жана акыркы иштеринин баары Шемуел көрөгөч, Натан пайгамбар жана Гат көрөгөч жазган билдирүүлөрдө баяндалган»,— делет (1 Жылн. 29:29). Натандын «Сулаймандын... иштери» жөнүндө жазганы да маалым (2 Жылн. 9:29). Демек, Натан пайгамбар, Дөөтүнүн көзү өткөндөн кийин да, падыша сарайында кызмат кыла берген көрүнөт.

Натан жөнүндөгү билдирүүлөрдүн көбүн ал өзү жазса керек. Анын айрым нерселерди жазбаганынан ал тууралуу көп нерсе билүүгө болот. Анын момун тарыхчы болгону шексиз. Ал өзүнө даңк издеп, атын чыгарууну көздөгөн эмес. Ыйык китептик бир сөздүктө белгиленгендей, Ыйык Китепте анын өзү жана санжырасы жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Ошо себептен бизге анын ата-теги, жашоосу жөнүндө эч нерсе маалым эмес.

ЖАХАБАНЫН БЕРИЛГЕН КЫЗМАТЧЫСЫ

Ыйык Жазмада камтылган Натан жөнүндөгү саналуу эле билдирүүлөрдү карап чыгуудан анын момун, бирок Кудайдын чараларын чечкиндүүлүк менен колдогон киши болгонун, Жахаба Кудайдын ага олуттуу тапшырмаларды бергенин билдик. Натандын сапаттары, мисалы, Кудайга болгон берилгендиги, анын мыйзам-принциптерин жогору баалаганы жөнүндө ой жүгүртүп, аны туураганга умтул.

Албетте, бүгүнкү күндө сенден, Натан пайгамбарга окшоп, ойноштук кылган падышаны ашкерелөө же кимдир бирөөнүн тактыны тартып алууга жасаган аракеттерине бөгөт коюу талап кылынбайт. Ошентсе да сен Кудайдын жардамы менен ага болгон берилгендигиңди сактап, анын нормаларын жактай аласың. Ошондой эле башкаларга Ыйык Китептеги чындыктарды үйрөтүүдө жана таза сыйынуунун өркүндөшүнө салым кошууда эр жүрөк, ошол эле учурда сылык боло аласың.

[25-беттеги сүрөт]

Дөөтүнүн падышалыгын коргош үчүн Натан Батшеба менен сылык сүйлөшкөн