Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Артыңды караба!

Артыңды караба!

Артыңды караба!

«Сокону кармап баратып артын карай берген адам Кудайдын Падышалыгына жарабайт» (ЛК. 9:62).

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢ?

Эмне үчүн «Лоттун аялын эстеп» жүрүшүбүз керек?

Кайсы үч нерсени ойлой бербешибиз керек?

Жахабанын уюмунан артта калбаш үчүн эмне кылышыбыз зарыл?

1. Иса кандай эскертүү берген жана буга байланыштуу кандай суроо туулат?

«ЛОТТУН аялын эстегиле» (Лк. 17:32). Иса Машаяктын 2000 жылдай мурун берген бул эскертүүсүнө кулак кагуу бүгүн болуп көрбөгөндөй маанилүү. Иса бул олуттуу эскертүүсү менен эмнени айткысы келген? Аны угуп жаткан жүйүттөргө муну түшүндүрүүнүн деле зарылдыгы жок болчу. Анткени алар Лоттун аялынын эмне болгонун беш колдой билишкен. Ал үй-бүлөсү менен Содомдон качып чыгып баратканда Кудайдын тилин албай артын карап, туз мамыга айланып калган. (Оку: Башталыш 19:17, 26.)

2. Лоттун аялынын артын караганына эмне себеп болушу мүмкүн эле жана анын тил албастыгынын кесепети кандай болгон?

2 Лоттун аялы эмне себептен артын караган? Жөн эле эмне болуп жатканын көргүсү келди беле? Же буга ишениминин аздыгы же жоктугу себеп болду беле? Же Содомдо калтырган дүнүйөсүн кыя албай койду беле? (Лк. 17:31). Кандай болбосун, ал тил албастыгы үчүн өмүрү менен кош айтышкан. Ойлоп көрсөң, ал так Содом менен Амордун бузулган эли набыт болгон күнү өмүрүнөн ажыраган! Ошондуктан Исанын: «Лоттун аялын эстегиле»,— деп айтканы таң калыштуу эмес.

3. Иса каймана мааниде артыбызды карабашыбыз керектигин кандайча баса белгилеген?

3 Биз да каймана мааниде артыбызды карабашыбыз керек болгон маалда жашап жатабыз. Иса анын шакирти болордон мурун үйүндөгүлөрү менен коштошуп келүүнү суранган бир кишиге айткан сөздөрүндө ушул ойду баса белгилеген. Ал ага: «Сокону кармап баратып артын карай берген адам Кудайдын Падышалыгына жарабайт»,— деген (Лк. 9:62). Бул анын талапты катуу койгонун же катаалдык кылганын билдиреби? Жок, себеби ал анын жоопкерчиликтен качыш үчүн эле шылтоо издеп жатканын билген. Иса адамдын Кудайдын алдындагы милдетин аткаруудан качканын «артын карай берүүгө» салыштырган. Жер айдап жаткан киши сокону кармап баратып артын карайбы же аны таштап коюп артын карайбы, баары бир деле алаксыйт жана бул кылып жаткан жумушуна терс таасир этет.

4. Эмнеге көңүл топтошубуз керек?

4 Биз арттагы эмес, алдыдагы нерселерге көңүл топтошубуз керек. Бул тууралуу Накыл сөздөр 4:25те кандай таамай айтылганына көңүл бурсаң. Ал жерде: «Көзүң түз карасын, көз карашың алдыңа багытталсын»,— делет.

5. Бизде арттагыны карабоого кандай себеп бар?

5 Бизде арттагыны карабоого орчундуу себеп бар. Кандай себеп? Биз «акыркы күндөрдө» жашап жатабыз (2 Тим. 3:1). Жакында Кудай эки эле шаарды эмес, азыркы каардуу дүйнөнү бүт бойдон жок кылат. Анда Лоттун аялы туш болгон каргаша кабылбаш үчүн эмне кылышыбыз керек? Алгач артта калган кайсы нерселерди кароого азгырылышыбыз мүмкүн экенин аныктап алганыбыз зарыл (2 Кор. 2:11). Эмесе, алар эмнелер экенин жана аларга көңүл топтобогонго эмне жардам берерин карап чыгалы.

«КАЙРАН ГАНА КҮНДӨРҮМ»

6. Эмне үчүн өткөн күндөрүбүздү эстегенде сак болушубуз керек?

6 Биз мурунку күндөрүм жакшыраак болчу деп ойлоп, жаңылыштык кетиришибиз мүмкүн. Анткени башыбыздан өткөндү дайыма эле болгонун болгондой эстей бербейбиз. Мисалы, өзүбүз байкабай эле, өткөн күндөрүбүздүн кыйынчылыктарын «кичирейтип», ал эми кубанычын «чоңойтуп» жиберишибиз, башкача айтканда, ошол убакта азыркыга караганда бактылуураак болчумун деп ойлоп алышыбыз ыктымал. Ушундай туура эмес ой жүгүртүүдөн улам: «Кайран гана күндөрүм» — деп, ошол убакка кайрылып барууну самай башташыбыз мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте: «„Эмне үчүн азыркы күндөргө караганда өткөн күндөр жакшы эле?“ — дебе. Анткени антип сураганың акылмандыкка жатпайт»,— деген эскертүү камтылган (Нас. 7:10). Мындай ой жүгүртүү эмне үчүн кооптуу?

7—9. а) Ысрайылдыктар Мисирде эмнеге туш болушкан? б) Аларда кубанууга кандай себептер бар эле? в) Алар эмнеге нааразы болуп, наалышкан?

7 Муса пайгамбардын күндөрүндө ысрайылдыктардын эмнеге туш болгонун карап көрөлү. Адегенде алар Мисир жеринде конок катары жашашкан. Бирок Жусуп көз жумгандан кийин, мисирликтер «Ысрайыл уулдарын оор жумушка салып кыйнаш үчүн, алардын үстүнөн башчыларды коюшкан» (Чыг. 1:11). Кийинчерээк фараон ал элдин санын азайтыш үчүн жаңы төрөлгөн эркек балдарын өлтүрүүгө буйрук берген (Чыг. 1:15, 16, 22). Ошондуктан Жахаба Мусага: «Мен Мисирдеги элимдин тарткан азабын көрүп, жумушка салгандардын айынан зарлаган үнүн уктум. Мен алардын канчалык азап чегип жатканын билем»,— деп айткан (Чыг. 3:7).

8 Ысрайылдыктардын өздөрү кул болуп жүргөн жерден эркин эл катары чыгып келатканда кандай гана кубанып-шаттанышканын элестетсең. Алар, Жахаба текебер фараон менен анын элине он жаза жибергенде, анын эбегейсиз зор күчүнө күбө болушкан. (Оку: Чыгуу 6:1, 6, 7.) Мисирликтер акыр-аягы аларды коё беришкен, атүгүл батыраак чыгып кетүүгө шаштырышкан. Ал эле эмес, аларга ушунчалык көп алтын-күмүш беришкендиктен, Ыйык Китепте: «Алар мисирликтерди тоноп кетишти»,— деп айтылат (Чыг. 12:33—36). Кийинчерээк ысрайылдыктар, фараон менен анын аскерлери Кызыл деңиздин ириминде калганда да, кубанышкан (Чыг. 14:30, 31). Ошондой жүрөк козгоорлук окуяларды өз көзү менен көргөндө алардын ишеними бекемделгени шексиз.

9 Таң калыштуусу, кереметтүү түрдө куткарылганынан бир аз эле убакыт өткөндө, алар нааразы болуп, наалый башташкан. Эмнеден улам? Тамактан. Алар Жахаба берген ырыскыга ыраазы болбой: «Мисирдеги бекер жеген балык, бадыраң, дарбыз, пияз, сарымсак алигиче эсибизден кетпейт. Азыр болсо минтип алсырап бүттүк. Жегенге маннадан башка эч нерсе жок»,— деп күңкүлдөшкөн (Сан. 11:5, 6). Ой жүгүртүүсү ушунчалык бурмалангандыктан, атүгүл кул болуп жүргөн жерине кайтып барууну көксөшкөн! (Сан. 14:2—4). Алар арта калган нерселерин караганы үчүн Жахабанын ырайымынан айрылып калышкан (Сан. 11:10).

10. Ысрайылдыктар менен болгон окуядан кандай сабак алсак болот?

10 Мындан кандай сабак алсак болот? Кыйынчылыктарга туш болгондо, мурунку, балким, чындыкты тааныганга чейинки жакшыдай көрүнгөн күндөрүбүздү ойлой бербешибиз зарыл. Албетте, башыбыздан өткөн окуялардан кандай сабак алганыбыз жөнүндө ой жүгүртүүнүн же кайсы бир жагымдуу учурларды эстеп жүрүүнүн эч жаман жери жок. Анткен менен өткөн күндөргө тең салмактуу, реалдуу карашыбыз керек. Болбосо учурдагы жагдай-шартыбызга нааразы болуп, ошол жөнүндө эле ойлоно берип, кайрадан мурунку жолубузга түшүүгө азгырылышыбыз мүмкүн. (Оку: 2 Петир 2:20—22.)

МУРУНКУ КУРМАНДЫКТАРЫБЫЗ

11. Айрымдар мурун баш тарткан нерселерине кандай карашат?

11 Тилекке каршы, айрым бир туугандар мурун баш тарткан нерселерин эстеп, жакшы мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жибердим деп бармагын тиштешет. Балким, сенин да жогорку билим алууга, атак-даңкка ээ болууга же көп акча табууга мүмкүнчүлүгүң болгондур, бирок сен андай максаттарды көздөбөөнү чечкендирсиң. Көптөгөн бир туугандарыбыз бизнес, көңүл ачуу, билим алуу же спорт тармагында зор жетишкендиктерге жете алышмак. Бирок алар андан баш тартышкан. Андан бери бир топ убакыт өттү. Дүйнөнүн акыры болсо али келе элек. Кээде: «Эгер ошондой курмандыктарга барбасам, эмгиче эмне деген ийгиликтерге жетмекмин...» — деп кыялданасыңбы?

12. Пабыл артта калтырган нерселерине кандай караган?

12 Элчи Пабыл Машаяктын жолдоочусу болуу үчүн көп нерседен кечкен (Флп. 3:4—6). Ал артта калтырган нерселерине кандай караган? «Ээ болгон нерселеримден Машаяк үчүн баш тарттым»,— деген ал. Эмне себептен баш тарткан? Сөзүн улап: «Мырзам Машаяк Иса жөнүндөгү теңдешсиз билим үчүн, чынында эле, бардыгынан баш тарттым. Машаяк үчүн баарын четке кактым, ага ээ болуу үчүн баарын таштанды деп эсептейм»,— деп айткан * (Флп. 3:7, 8). Таштандыны же акыр-чикирди ыргытканына адамдын ичи ачышпагандай эле, Пабыл дүйнөдөгү мүмкүнчүлүктөрүнөн баш тартканына арман кылган эмес. Алар анын көз алдында баалуулугун жоготкон.

13, 14. Канткенде Пабылдан үлгү ала алабыз?

13 Эгер колдон чыгарып жибергендей көрүнгөн мүмкүнчүлүктөрүң жөнүндө ойлоно берериңди байкасаң, эмне кылсаң болот? Пабылдан үлгү ал. Мисалы, кандай баталарды алганың жөнүндө ой жүгүрт. Сен баа жеткис сыймыкка ээ болдуң: Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүп, анын алдында жакшы атка ээ болдуң (Евр. 6:10). Ал эми бул дүйнө Жахаба бизге берип жаткан жана келечекте бере турган баталарга тең келерлик эмне сунуштай алат? (Оку: Марк 10:28—30.)

14 Пабыл ишенимдүү кызмат кыла берүүгө эмне жардам берерин да белгилеп өткөн. Ал өзүнүн «арттагыны унутуп, алдыдагыны көздөгөнүн» айткан (Флп. 3:13). Анын эки кадамды баса белгилегенине көңүл бурсаң. Ал кадамдардын экөө тең маанилүү. Биринчиден, биз артта калтырган нерселерди ойлоп тынчсызданып, баалуу убактыбызды, күчүбүздү кетирбей, аларды унутушубуз керек. Экинчиден, марага жетүүнү көздөп чуркап бараткан жөө күлүктөй болуп, алдыдагы нерселерге көңүл топтоп, алга илгерилей беришибиз зарыл.

15. Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын үлгүсү жөнүндө ой жүгүртүүдөн кандай пайда алабыз?

15 Кудайдын байыркы жана азыркы учурдагы ишенимдүү кызматчыларынын үлгүсү жөнүндө ой жүгүртүү бизге артты карабай, алдыга кадам шилтей берүүгө дем-шык берет. Маселен, Ыбрайым менен Саара Урду «эстей беришсе, анда ал жакка кайтып баруунун жолун таба алышмак» (Евр. 11:13—15). Бирок алар кайтып барышкан эмес. Ал эми Муса алгач Мисирден кеткенде башка ысрайылдыктар калтыргандан алда канча көп нерсени калтырган. Анткен менен Ыйык Китептин бир да жеринде анын ошолорду эңсегени айтылбайт. Тескерисинче, анын «сыйлыктан көзүн албагандыктан... майланган катары көргөн кордугун Мисирдин байлыгынан артык байлык деп эсептегени» жазылат (Евр. 11:26).

ЖАГЫМСЫЗ ЭСКЕРҮҮЛӨР

16. Башыбыздан кечирген нерселер бизге кандай таасир этиши мүмкүн?

16 Жүрөгүбүздө сактап жүргөн эскерүүлөрдүн баары эле жагымдуу болбошу мүмкүн. Балким, мурунку күнөөлөрүбүздү же каталарыбызды ойлоп бушайман болоттурбуз (Заб. 51:3). Же мурун кайсы бир кеңеш катуу тийип, азыркыга чейин көңүлүбүздүн жарасы айыкпай келеттир (Евр. 12:11). Же мүмкүн, адилетсиздикке же адилетсиздиктей көрүнгөн мамилеге кабылганыбызды эстеп, жүрөгүбүз уйгу-туйгу болуп жүргөндүр (Заб. 55:2). Анда эси-дартыбыздын баары эле өткөн-кеткен нерселер болуп калбашы үчүн, эмне кылсак болот? Үч жагдайды карап көрөлү.

17. а) Эмне үчүн элчи Пабыл өзүн «ыйыктардын эң кичинеси» деп атаган? б) Пабылга терс ойлорго алдырбаганга эмне жардам берген?

17 Мурунку каталар. Элчи Пабыл өзүн «ыйыктардын эң кичинеси» деп атаган (Эф. 3:8). Эмне үчүн? «Анткени мурун Кудайдын жыйналышын куугунтуктап жүргөм»,— деген ал (1 Кор. 15:9). Анын мурун өзү куугунтуктаган кишилерди жолуктурганда кандай сезимде болгонун элестетсең. Бирок ал терс ойлорго алдырбастан, Кудайдын ага зор ырайым көрсөткөнү жөнүндө ой жүгүрткөн (1 Тим. 1:12—16). Ошонун аркасында жүрөгү ыраазычылыкка толуп, кызматын уланта берүүгө түрткү алган. Ооба, Пабыл унуткан нерселерге мурунку күнөөлөрү да кирген. Эч кимибиз өткөнгө кайрылып барып, кетирген кемчилик-каталарыбызды оңдой албайбыз, ошондуктан аларды ойлоп санаа тарта берсек, алдан-күчтөн таябыз. Андан көрө, Жахабанын бизге көрсөткөн ырайымы жөнүндө ой жүгүртүп, бүт күчүбүздү ага кызмат кылууга арнаганыбыз акылдуулук болот.

18. а) Берилген кеңешти жаман сезим менен эстей берсек, эмне болушу мүмкүн? б) Сулайман падышанын кеңешти кабыл алууга байланыштуу айткандарын кантип колдоно алабыз?

18 Катуу тийген кеңеш. Эгер көңүлүбүзгө катуу тийген кеңешти эстей берсекчи? Бул жүрөгүбүздү ооруткандан тышкары, ындыныбызды өчүрүшү мүмкүн (Евр. 12:5). Берилген кеңешти дароо четке кагабызбы же кабыл алганыбыз менен көңүлүбүз чөгүп, аны колдонбой коёбузбу, экөөнүн жыйынтыгы бирдей эле: андан эч кандай пайда албайбыз. Андыктан Сулайман падышанын: «Акыл-насаатты бекем карма, коё бербе. Аны сакта, анткени ал — сенин өмүрүң»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылганыбыз кандай гана жакшы (Накыл 4:13). Жол белгилерине так карманган айдоочудай болуп, кеңешти кабыл алалы да, колдонуп, алга илгерилей берели. (Накыл 4:26, 27; оку: Еврейлер 12:12, 13.)

19. Хабакук менен Жеремия пайгамбарларды кантип туурай алабыз?

19 Адилетсиздик же адилетсиздиктей көрүнгөн иштер. Кээде Хабакук пайгамбардыкындай сезимде болушубуз мүмкүн. Ал Жахабанын адилетсиздикке эмне үчүн жол берип жатканын түшүнбөй, андан адилеттүүлүк орнотушун суранган (Хаб. 1:2, 3). Андай учурларда: «Жахабаны ойлоп кубанам, мени куткарган Кудайды ойлоп шаттанам»,— деп айткан ал пайгамбардай болуп, Жахабага бекем ишенгенибиз абдан маанилүү (Хаб. 3:18). Ошондой эле, Жеремия пайгамбардан үлгү алып, Жахабаны — адилеттүүлүктү сүйгөн Кудайды — «чыдамкайлык менен күтүп», убагы келгенде, баарын өз ордуна коёруна бекем ишенели (Ый 3:19—24).

20. «Лоттун аялын эстеп» жүргөнүбүздү кантип көрсөтөбүз?

20 Биз жүрөк толкуткан учурда жашап жатабыз. Көз алдыбызда укмуштуудай окуялар болуп жатат, дагы канчасына күбө болгону турабыз. Андыктан Жахабанын уюмунан артта калбайлы. Ан үчүн Ыйык Жазмадагы кеңешке кулак кагып, артты эмес, алдыны карайлы. Ошондо «Лоттун аялын эстеп» жүргөн болобуз.

[Шилтеме]

^ 12-абз. Бул жерде «таштанды» деп берилген түп нускадагы сөз «иттерге ыргытылчу нерсе», «кык», «заң» деген маанилерди да камтыйт. Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуунун айтымында, Пабыл колдонгон ал сөз «адам көргөндө шарт бурулуп, экинчи көргүсү келбей турган жийиркеничтүү, керексиз нерсеге» карата колдонулат.

[Изилдөө суроолору]