Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкаларга ойгонууга жардам бер

Башкаларга ойгонууга жардам бер

Башкаларга ойгонууга жардам бер

«Кандай убакта жашап жатканыңарды, уйкудан ойгоно турган убак келгенин билесиңер» (РИМ. 13:11).

ТҮШҮНДҮРӨ АЛАСЫҢБЫ?

Эмне үчүн рухий жактан ойгоо болушубуз керек?

Кызматта жүргөндө эмне себептен уга билишибиз жана кыраакы болушубуз керек?

Кызматыбызда жылуу-жумшак, сылык-сыпаа болуу канчалык маанилүү?

1, 2. Көптөр кандай мааниде ойгонушу керек?

ЖЫЛ сайын миңдеген кишилер машине айдап баратып үргүлөп же көзү илинип кетип, өмүрү менен кош айтышат. Башкалары болсо уктап калып, кечигип баргандыктан же жумушта уктап калгандыктан жумушунан айрылышат. Бирок рухий мааниде уктап калуу андан да кесепеттүү болушу мүмкүн. Ыйык Китепте анын канчалык кесепеттүү экени айтылгандан кийин: «Сергек жүргөн... адам бактылуу»,— деп жазылган (Аян 16:14—16).

2 Жахабанын улуу күнү тездик менен жакындап келатат. Бирок адамзат жалпы жонунан рухий мааниде уктап жатат. Атүгүл христиан дүйнөсүнүн айрым жетекчилери өздөрүнүн оторлорун «уктап жаткан алптар» деп аташкан. Рухий жактан уктоо деген эмне? Сергек болгонубуз эмне үчүн абдан маанилүү? Башкаларга ойгонууга кантип жардам берсек болот?

РУХИЙ ЖАКТАН УКТОО ДЕГЕН ЭМНЕ?

3. Рухий жактан уктап жаткандарды кантип сүрөттөп берет элең?

3 Сөздүн түз маанисинде уктап жаткан киши, адатта, иш-аракетсиз абалда болот. Ал эми рухий жактан уктап жаткандардын, тескерисинче, жаны тынбашы мүмкүн. Бирок алар бүт күчүн рухий иштерге эмес, күнүмдүк түйшүктөр менен алпурушууга, көңүл ачууга, көрүнүктүү абалга же байлыкка жетүүгө арнашы ыктымал. Ушуларга баш-оту менен кирип кеткендиктен алар рухий муктаждыктарына көп деле көңүл бурбай калышат. Ал эми рухий жактан ойгоо тургандар «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызды түшүнүшөт, ошондуктан Кудайдын эркин жигердүү аткарууга бүт күчүн жумшашат (2 Пет. 3:3, 4; Лк. 21:34—36).

4. Элчи Пабыл: «Башкаларга окшоп уктабайлы»,— деген сөздөр менен эмнени айткысы келген?

4 Оку: 1 Тесалоникалыктар 5:4—8. Бул жерде элчи Пабыл ишенимдештерин: «Башкаларга окшоп уктабайлы»,— деп чакырган. Муну менен эмнени айткысы келген? Эгер Кудайдын адеп-ахлак нормаларын баркка албасак, ошондой эле анын ыймансыздарды жок кыла турган убагы жакындап калганын аңдабай калсак, уктап калган болмокпуз. Андыктан ыймансыздардын ой жүгүртүүсү менен иштеринин бизге таасир этишине жол бербешибиз керек.

5. Рухий жактан уктап жаткандар эмне деп ойлошот?

5 Айрымдар аларды жоопко тарта турган Кудай жок деп ойлошот (Заб. 53:1). Башкалары болсо Кудай адам баласына көңүл деле бурбайт, ошондуктан ал жөнүндө билүүнүн зарылдыгы жок дешет. Ал эми кээ бирлери кайсы бир динди тутуу менен Кудайга жага алабыз деп ойлошот. Андай адамдардын баары рухий жактан уктап жатышат. Алар ойгонушу керек. Анда аларга кантип жардам бере алабыз?

ӨЗҮБҮЗ ОЙГОО БОЛУШУБУЗ КЕРЕК

6. Эмне үчүн рухий жактан сергек турушубуз керек?

6 Башкаларды ойготуш үчүн өзүбүз ойгоо болушубуз керек. Бул эмнени билдирет? Кудайдын Сөзүндө каймана мааниде уктоо «караңгылыктын иштери» — жосунсуз той-тамашалар, аракечтик, жыныстык адеп-ахлаксыздык, уятсыз жүрүм-турум, чыр-чатак, көрө албастык — менен байланыштырылат. (Оку: Римдиктер 13:11—14.) Андай иштерден оолак болуу кыйынга турушу ыктымал. Бирок сергек болгонубуз абдан маанилүү. Анткени, машине айдап баратканда уктап кетүү канчалык опурталдуу экенин эске албаган айдоочу өмүрүн тобокелге салгандай эле, рухий жактан уктап калсак, өлүмгө дуушар болушубуз мүмкүн!

7. Адамдарга карата жаңылыш көз карашта болуу бизге кандай таасир этиши мүмкүн?

7 Кээде биз аймагыбыздагылардын эч кимиси жакшы кабарга кулак какпайт деп элестетип алышыбыз мүмкүн (Накыл 6:10, 11). Ошондон улам: «Эч ким укпаса, адамдарга барып, жардам берем деп жан талашуунун эмне кереги бар?» — деп ойлошубуз ыктымал. Ооба, учурда көптөр рухий мааниде уктап жатат дечи, бирок алардын жагдай-шарты, көз карашы өзгөрүшү мүмкүн. Айрымдар ойгонуп, кабарыбызга кулак кагууда. Өзүбүз сергек туруу менен, маселен, Падышалык жөнүндөгү кабарды кызыктуу кылып айтуунун жаңы ыкмаларын колдонууга аракет кылуу менен көптөргө жардам бере алабыз. Кызматыбыздын аябагандай маанилүү экенин эсибизде бек сактаганыбыз да сергек турууга көмөк кылат.

КЫЗМАТЫБЫЗ ЭМНЕ ҮЧҮН АЯБАГАНДАЙ МААНИЛҮҮ?

8. Кызматыбыз эмне үчүн аябагандай маанилүү?

8 Адамдар кандай жооп кайтарбасын, кабар айтуу ишибиз Жахабага даңк алып келип, анын ой-ниетинин аткарылышында чоң роль ойноорун эсибизден чыгарбашыбыз зарыл. Жакында Кудай адамдарды жакшы кабарды кандай кабыл алганына жараша соттойт. Ал жакшы кабарды четке каккандарды жазалайт (2 Тес. 1:8, 9). Келечекте адил адамдар да, адил эмес адамдар да тириле тургандыктан, азыр жан алакетке түшүп кабар айтуунун зарылдыгы жок деп ойлоо жаңылыштык болуп калар эле (Элч. 24:15). Анткени Кудайдын Сөзүнөн билгенибиздей, «эчки» деп сыпатталгандар «түбөлүккө жок кылынат». Биздин кабар айтуу кызматыбыз аркылуу Кудайдын ырайымы көрсөтүлүп, адамдарга өзгөрүлүп, «түбөлүк өмүргө ээ болууга» жол ачылууда (Мт. 25:32, 41, 46; Рим. 10:13—15). Эгер кабар айтпасак, алар өмүр алууга өбөлгө түзгөн кабарды кантип угушат?

9. Кабар айтуу ишине катышуу кандайча өзүңө да, башкаларга да пайда алып келет?

9 Жакшы кабарды жарыялоо өзүбүзгө да пайда алып келет. (Оку: 1 Тиметей 4:16.) Башкаларга Жахаба Кудай жана анын Падышалыгы жөнүндө айтуу ага болгон ишенимиңди, сүйүүңдү өстүргөнүн байкадың беле? Кабар айтуу сага жакшы сапаттарды өрчүтүүгө жардам берди беле? Кызматка катышып, Кудайга берилгендигиңди далилдегениңдин аркасында кубанычыңа кубаныч кошулду беле? Башкаларга чындыкты окутуу сыймыгына ээ болгондор Кудайдын рухунун адамдарга жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө жардам берип жатканын көрүп кубанышат.

КЫРААКЫ БОЛ

10, 11. а) Иса менен Пабыл кандайча баамчыл, кыраакы болушкан? б) Баамчыл, кыраакы болуу кызматыбызды жакшыртууга кандайча жардам берет?

10 Адамдардын жакшы кабарга болгон кызыгуусун ойготуунун ар кандай жолдору бар. Ошондуктан кыраакы болушубуз керек. Иса Машаяк бул жагынан бизге мыкты үлгү калтырган. Жеткилең болгондуктан ал бир фарисейдин ичинен ага нааразы болгонун, күнөөкөр аялдын чын жүрөктөн өкүнгөнүн жана жесир аялдын жан аябастыгын көрө алган (Лк. 7:37—50; 21:1—4). Ал алардын ар биринин рухий муктаждыгын байкай билген. Бирок кыраакы болуш үчүн сөзсүз эле жеткилең болуу талап кылынбайт. Буга элчи Пабыл мисал боло алат. Ал тек-жайы, көз карашы ар кандай адамдарга жакшы кабарды кабыл алууга жардам бериш үчүн аларга ылайыкташа билген (Элч. 17:22, 23, 34; 1 Кор. 9:19—23).

11 Иса менен Пабылдай болуп, баамчыл, кыраакы болууга аракет кылуу менен кызматта жолуктурган адамдардын кызыгуусун ойготуунун эң жакшы жолдорун таба алабыз. Маселен, кабар айтарда адамдын маданиятынан, кызыккан нерселеринен, үй-бүлөлүк абалынан кабар бере турган нерселерге көңүл бур. Балким, анын эмне кылып жатканын байкап, сөз баштаарда ошол нерсе жөнүндө бир-эки ооз жылуу сөз айтсаң болоттур.

12. Кызматта жүргөндө пикир алышууга байланыштуу эмнеден сак болушубуз керек?

12 Баамчыл киши алаксыбаганга аракет кылат. Кызматта жүргөндө шеригибиз менен пикир алышуу бекемдээрлик болушу мүмкүн. Бирок талаа кызматына катышканыбыздын негизги максаты кабар айтуу экенин унутпашыбыз керек (Нас. 3:1, 7). Ошондуктан үймө-үй кабар айтып жүргөндө пикир алышуубуз кызматыбызга тоскоолдук кылбагыдай болушу зарыл. Жолуктурган адамдарга айта турган ойлорду талкуулоо — максатыбызга көңүл топтоонун жакшы жолу. Мындан сырткары, кээде телефон натыйжалуу кызмат кылууга жардам берсе да, анын үй ээси менен сүйлөшүүгө тоскоолдук кылышына жол бербешибиз керек.

АДАМДЫН ЖЫРГАЛЧЫЛЫГЫНА КЫЗЫКДАР БОЛ

13, 14. а) Адамдын эмнеге кызыгарын кантип баамдай алабыз? б) Кандай жолдор менен адамдын рухий нерселерге болгон табитин ача алабыз?

13 Рухий жактан ойгоо жана баамчыл болсок, кызматта жолуктурган адамдарды кунт коюп угабыз. Аймагыңдагыларга ой-сезимдери менен бөлүшүүгө түрткү берүү үчүн кандай суроолорду берсең болот? Алар диндердин көбөйүп баратканына, зордук-зомбулуктун күч алып жатканына же бийликтегилердин жакшы башкара албаганына тынчсызданышабы? Тирүү жандыктардын канчалык кереметтүү жаратылганы же Ыйык Китептеги кеңештердин пайдалуулугу жөнүндө сөз кылуу менен аймагыңдагылардын рухий нерселерге болгон табитин ача аласыңбы? Кудайга тиленүү бардык эле маданияттагы адамдарды, жадагалса айрым атеисттерди да кызыктырат. Көптөр тиленүүнү уга турган бирөө барбы деп ойлонушат. Башкалар: «Кудай бардык тиленүүлөрдү угабы? Укпаса, тиленүүлөрүмдү угушу үчүн, эмне кылышым керек?» — деген суроолорго жооп алгысы келиши мүмкүн.

14 Тажрыйбалуу, сөз баштоо жагынан чебер жарчылардан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Мисалы, алардын адамды суракка алып же анын жеке иштерине кийлигишип жаткандай көрүнүп калбаш үчүн суроолорду кантип бергенине көңүл бур. Алардын үнүнүн тонунан, жүзүнөн үй ээсинин көз карашын түшүнүүгө кызыкдар экени кандайча көрүнүп турат? (Накыл 15:13).

СЫЛЫК-СЫПАА, ЧЕБЕР БОЛ

15. Кабар айтканда эмне үчүн сылык-сыпаа болушубуз керек?

15 Катуу уктап жатканыңда кимдир бирөөнүн сени ойготушун каалайт белең? Бирөө чочутуп ойготкондо, көптөр кыжырданышат. Ошондуктан уктап жаткан кишини жылуу-жумшак, акырын ойготкон оң. Адамдарды рухий жактан ойготуу жөнүндө да ушуну айтууга болот. Маселен, кимдир бирөө кабар айтып келгениңе ачууланса, эмне кылганың абзел? Ага түшүнүү менен мамиле кылып, оюн ачык айтканына рахмат айт да, жакшы маанайда коштошуп кетип кал (Накыл 15:1; 17:14; 2 Тим. 2:24). Сылык-сыпаалыгың ага сенден кийин барган Күбөнү жакшы угууга түрткү бериши мүмкүн.

16, 17. Кабар айтып жүргөндө кантип кыраакылык көрсөтө алабыз?

16 Бирок кээ бир учурларда айткан кабарыңды жакшы кабыл албай, сөзүңдү бөлгөндөр менен да маек курсаң болот. Айрымдар сүйлөшкүсү келбегендиктен эле «Жок, рахмат. Менин өз диним бар» же «Мен буга кызыкпайм» деп коюшу мүмкүн. Ошентсе да сөздү дароо бүтүрүп койбой, ыгын таап, сылыктык менен кызыктуу суроо берүүнүн аркасында анын рухий нерселерге болгон кызыгуусун туудурушуң ыктымал. (Оку: Колосалыктар 4:6.)

17 Кээде такыр колу бош эмес кишини жолуктурганыбызда, анын абалын түшүнүп, кетип калганыбыз жөндүү болот. Бирок айрым учурларда сөзүңдүн ток этер жерин айтсаң орундуу болорун байкашың мүмкүн. Кээ бир жарчылар бир мүнөткө жетпеген убакытта эле үй ээсине Ыйык Китептен ойлондурарлык аят окуп, суроо берип кетишет. Алардын кыска, бирок нуска айткан сөзү ушунчалык кызыктыргандыктан, айрымдар кыска маекке убакыт тапса деле болорун түшүнүшкөн. Мүмкүнчүлүк болгондо, ушул ыкманы колдонуп көрсөң кандай?

18. Расмий эмес күбөлөндүрүүдө ийгиликке жетиш үчүн эмне кылсак болот?

18 Эгер расмий эмес күбөлөндүрүүгө алдын ала даярданып алсак, күнүмдүк иштер менен алек болуп жүргөндө жолуктурган адамдардын жакшы кабарга болгон кызыгуусун ойгото алабыз. Көптөгөн бир туугандарыбыз чөнтөгүнө же сумкасына адабияттарды сала жүрүшөт. Ошондой эле, өңүтү келгенде, Ыйык Китептен аят окуп берүүгө да даярданып алышат. Балким, жыйналышыңдагы кызмат көзөмөлчүсүнөн же пионерлерден расмий эмес күбөлөндүрүүгө кантип даярданса болорун сурайттырсың.

ТУУГАН-ТУУШКАНДАРЫҢДЫ СЫЛЫКТЫК МЕНЕН ОЙГОТ

19. Эмне үчүн туугандарыбызга жардам берүүгө талыкпай аракет кыла беришибиз керек?

19 Албетте, баарыбыз эле тууган-туушкандарыбыздын чындыкка келишин каалайбыз (Жаш. 2:13; Элч. 10:24, 48; 16:31, 32). Эгер бул жагынан кылган алгачкы аракеттерибизден майнап чыкпаса, ындыныбыз сууп, аларга кабар айткыбыз келбей калышы, алардын көз карашын өзгөртүү колуман келбейт деп ойлошубуз ыктымал. Анткен менен кайсы бир окуялардан улам алардын жашоосу же көз карашы өзгөрүшү мүмкүн. Же, балким, чындыкты жакшыраак түшүндүрүп берүүгө үйрөнгөндүктөн, эми аракетибиз жемиштүү болоттур.

20. Туугандарыбыз менен сүйлөшкөндө сылык-сыпаа болгонубуз эмне үчүн маанилүү?

20 Биз туугандарыбыздын сезимдерин сыйлашыбыз керек (Рим. 2:4). Аларга кабар айтып жүргөндө жолуктурган адамдарга сүйлөгөндөй сылык-сыпаа сүйлөгөнүбүз абзел. Андыктан туугандарыңа жылуу-жумшак, урмат-сый менен мамиле кыл. Аларды үйрөтүп жаткандай болбой, чындыктын сага кандай пайда алып келип жатканын айтып бер (Эф. 4:23, 24). Жахабанын сени «пайдалуу нерсеге үйрөтүп», жашооңду маңыздуу кылууга жардам берип жатканы айкын көрүнүп турсун (Ыш. 48:17). Туугандарың үлгүңөн Исанын жолдоочусунун жашоосу кандай болушу керектигин көргүдөй болушсун.

21, 22. Тууган-туушкандарга рухий жактан жардам берүүдө туруктуу болуунун маанилүүлүгүн көрсөткөн окуя айтып бер.

21 Жакында эле бир эже мындай деп жазган: «Мен 13 уялаш бир тууганыма дайыма сөзүм менен да, ишим менен да күбөлөндүрүүгө аракет кылып келем. Алардын ар бирине жыл сайын кат жазам. Ошентсе да 30 жыл бою үй-бүлөбүздөн жалгыз эле мен Жахабанын Күбөсү болуп келдим».

22 Ал мындай деп сөзүн улаган: «Бир күнү жүздөгөн чакырым алыс жашаган эжеме телефон чалып калдым. Ал мага чиркөөсүндөгү дин кызматчыдан аны менен Ыйык Китепти изилдешин суранганын, бирок ал аны менен такыр изилдебегенин айтты. Ошондо ага жардам берүүгө куштар экенимди айтсам, ал: „Болуптур, бирок, айтып коёюн, мен эч качан Жахабанын Күбөсү болбойм“,— деди. Ага „Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?“ китебин салып жибергенден кийин бир нече күндө бир телефон чалып турдум. Бирок эжем ал китептин бетин ача да элек болчу. Ошондуктан ага кийинки жолу телефон чалганда андан китепти колуна алууну сурандым, анан 15 мүнөттөй анда цитата кылынган аяттардын айрымдарын окуп-талкууладык. Бир нече жолу ошенткенден кийин, анын 15 мүнөттөн көбүрөөк изилдегиси келе баштады. Бара-бара ал өзү чала турган болду. Кээде таң атпай, мен тура электе эле, кээде күнүнө 2 жолу чалар эле. Эжем кийинки жылы чөмүлтүлүп, бир жылдан соң пионердик кызматты баштады».

23. Эмне үчүн адамдарга рухий уйкудан ойгонууга жардам бере беришибиз керек?

23 Арийне, адамдарга рухий уйкудан ойгонууга жардам берүү үчүн чеберчилик, талыкпай күч-аракет жумшоо талап кылынат. Бирок дагы деле момун кишилер жакшы кабарга кулак кагып жатышат. Ай сайын болжол менен 20 000ден көп киши чөмүлтүлүп, Жахабанын Күбөсү болууда. Ошондуктан, келгиле, элчи Пабылдын 1-кылымдагы бир тууганыбыз Архипке жазган: «Мырзабыздын жолдоочусу катары өзүңө тапшырылган кызматты тийиштүү түрдө аткар»,— деген кеңешин жүрөгүбүзгө түйүп алалы (Кол. 4:17). Эмки макала болсо баарыбызга шашылыш түрдө кабар айтуу деген эмнени билдирерин түшүнүүгө жардам берет.

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги кутуча]

ДАЙЫМА СЕРГЕК БОЛУУ ҮЧҮН...

▪ Кудайдын эркин аткарууга бүт күчүңдү жумша

▪ Караңгылыктын иштеринен кач

▪ Рухий жактан үргүлөөнүн канчалык кооптуу экенин унутпа

▪ Аймагыңдагы адамдарга туура көз карашта бол

▪ Кабар айтуунун жаңы ыкмаларын колдон

▪ Кызматыңдын аябагандай маанилүү экенин эсиңден чыгарба