Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бизди сүрөткө тартып коёсузбу?»

«Бизди сүрөткө тартып коёсузбу?»

«Бизди сүрөткө тартып коёсузбу?»

Облустук жыйындын экинчи күнүнүн программасы аяктагандан кийин, Мексикадагы Бейтелде кызмат кылган Хосуа достору менен Керетародо сейилдеп жүргөн. Ошол шаарга келген колумбиялык туристтер Хавиер менен анын жубайы Мару Хосуадан: «Бизди сүрөткө тартып коёсузбу?» — деп суранып калышат. Хосуа менен достору жарашыктуу кийинип, көкүрөк көрнөкчөсүн тагынып алышкандыктан, жубайлар: «Бүтүрүү аземинен же дагы башка салтанаттуу жолугушуудан келатасыңарбы?» — деп сурашат. Хосуа Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйынынан келатышканын айтып, аларды жекшемби күнкү программага чакырат.

Жубайлар андай жыйынга кийип баргыдай ылайыктуу кийими жок болгондуктан өздөрүн ыңгайсыз сезип жатканын айтышат. Ошентсе да Хосуа аларга аты-жөнүн айтып, өзү кызмат кылган филиалдын номурун берет.

Кызыктуусу, 4 айдан кийин Хавиер Хосуага жубайы экөөнүн ошол жыйынга барганын, учурда Мехико шаарында жашап жатышканын жана Жахабанын Күбөлөрүнүн келип турушун каалашарын билдирген. Көп өтпөй алар Ыйык Китепти изилдеп, жыйналыш жолугушууларына бара башташкан. Ал эми 10 айдан кийин жарчы болушкан. Кийинчерээк Торонтого (Канада) көчүп кетүүгө туура келсе да, алар рухий жактан ийгилик кылып, чөмүлтүлүшкөн.

Бир канча убакыттан кийин Хавиер Хосуага кат жазып, чындыкты кабыл алууга эмне түрткү бергени жөнүндө мындай деген: «Жыйынга барардын алдында эле жубайым экөөбүз Кудайдын жетекчилигине муктаж экенибиз жөнүндө сүйлөшкөн элек. Силердин жакшынакай кийинип жүргөнүңөрдү көрүп, булар өзгөчө жолугушуудан келатышат окшойт деп ойлогонбуз. Жыйынга барганыбызда, бизге орун таап бергендердин жана окулган аяттарды Ыйык Китептен карап отурууга жардам бергендердин сүйүүсү, ошондой эле жыйынга катышкандардын жүрүм-туруму бизди абдан таасирлентти. Туристтердей кийинип жүргөнүбүзгө көңүл деле бурулган жок».

Хосуа даанышман падыша Сулаймандын: «Үрөнүңдү эртең менен сеп да, колуңду кечке чейин тындырба. Анткени кайсынысы өнүп чыгарын, мунусубу же тигинисиби, же экөө тең өнүп чыгабы, билбейсиң»,— деген сөздөрүнүн калетсиздигине өз тажрыйбасынан ынанган (Нас. 11:6). Сен да башкаларды жакында боло турган жыйынга же жалпыга арналган баяндамага чакыруу менен «үрөн» себе аласыңбы? Жахаба сени да Хавиер менен Мару сыяктуу рухий жактан суусап, ачка болгондорго жардам берүүгө колдонушу мүмкүн (Ыш. 55:1).

[32-беттеги сүрөт]

Солдон оңго: Алехандро Вогелин, Мару Пинеда, Алехандро Пинеда, Хавиер Пинеда жана Хосуа Рамирес Мексикадагы филиалда