Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кеңешти кантип бересиң?

Кеңешти кантип бересиң?

Кеңешти кантип бересиң?

Кимдир бирөө сенден кеңеш сураган учур болду беле? Мисалы: «Эмне кылышым керек? Ал кечеге барсамбы? Ушул жумушка кирсемби? Аны менен жакыныраак таанышып көрсөмбү?» — деген сыяктуу суроолорду берди беле?

Айрымдар сенден достору, үй-бүлөсү же атүгүл Жахаба менен болгон мамилесине таасир эте турган маселелерге байланыштуу чечим чыгарууга жардам берүүнү суранышы мүмкүн. Ошондо кантип жардам бересиң? Адатта, кантип кеңеш бересиң? Берилген суроо олуттуу болобу, жокпу, Накыл сөздөр 15:28де жазылгандай, «адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берет». Анда Ыйык Китептеги 5 принциптин туура кеңеш берүүгө кандайча жардам берерин карап көрөлү.

1 Иштин чоо-жайын аныкта.

«Ким аягына чейин укпай туруп жооп берсе, акылсыздыгын көрсөтөт жана өзүн басынтат» (НАКЫЛ 18:13).

Жакшы кеңеш бериш үчүн биз кеңеш сурап жаткан кишинин жагдай-шартын, көз карашын түшүнүшүбүз керек. Мисалы, кимдир бирөө сага телефон чалып, үйүңө жетүүнүн эң жакшы жолун айтып берүүнү суранса, ага жардам бериш үчүн адегенде эмнени билишиң керек? Анын каякта турганын билбей туруп, ага эң жакшы жол кайсы экенин айта алат белең? Албетте, жок. Ошо сыңары, туура кеңеш бериш үчүн адамдын кайсы «жерде» турганын, тактап айтканда, жагдай-шартын, көз карашын билип алышың талап. Балким, анын жагдай-шартына байланыштуу сен билбеген жана бере турган кеңешиңе таасир эте турган нерселер бардыр. Иштин чоо-жайын жакшы билбесек, адамга жардам бербей эле, аны адаштыра турган кеңеш берип коюшубуз ыктымал (Лк. 6:39).

Канчалык терең изилдегенин аныкта. Кеңеш сураган кишиге төмөнкүдөй суроолорду берип көргөнүбүз акылдуулук болот: кайсы ыйык китептик принциптерди колдоноюн деп жатасың? Сен тандаган варианттардын кандай жакшы-жаман жактары бар? Эмнелерди изилдеп көрдүң? Башкалар, мисалы, жыйналыштагы аксакалдар, ата-энең же сени менен Ыйык Китепти изилдеген бир тууган кандай кеңеш айтты?

Бул суроолор бизге анын жооп табууга канчалык аракет кылганын баамдоого жана башкалардын айткандарын эске алып кеңеш берүүгө көмөк кылат. Мындан тышкары, ал суроолордун жардамы менен анын өзү уккусу келген кеңешти издеп жаткан-жатпаганын аныктай алабыз (2 Тим. 4:3).

2 Шаша-буша жооп бере салба.

«Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө... шашпасын» (ЖКП. 1:19).

Кээде берилген суроого жакшы эле ниет менен дароо жооп бере салышыбыз мүмкүн. Бирок бул көп учурда, өзгөчө, өзүбүз терең изилдебеген суроону талкуулаганда туура болбой калмак. Накыл сөздөр 29:20да: «Ойлонбой сүйлөгөн кишини көрдүң беле? Ага караганда акылсыздын оңолоруна көбүрөөк үмүттөнсө болот»,— делет.

Ошондуктан убакыт бөлүп, кеңешиңдин Кудайдын акылмандыгына толук шайкеш келер-келбесин аныктап ал. Ан үчүн: «Ой жүгүртүүмө „дүйнөнүн руху“ жана ой жүгүртүүсү таасир этип жаткан жокпу?» — деп ойлонуп көр (1 Кор. 2:12, 13). Туура кеңеш бериш үчүн ниетиңдин жакшы болгону жетишсиз экенин унутпа. Алсак, Исанын кандай оор сыноону башынан өткөрөрүн билгенде Петир ага: «Мырзам, өзүңдү ая. Мындай нерсе эч качан башыңа түшпөсүн»,— деген. Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Эгер абайлабаса, ниети ак киши да Кудайдын эмес, адамдын ойлорун айтып коюшу мүмкүн (Мт. 16:21—23). Андыктан бир нерсе айтардан мурун жакшылап ойлонгонубуз абдан маанилүү! Арийне, Кудайдын чексиз акылмандыгына салыштырганда биздин тажрыйбабыз канчалык чектелүү! (Аюп 38:1—4; Накыл 11:2).

3 Момун болуп, Кудай Сөзүн колдон.

«Өз алдымча эч нерсе кылбай[м],.. Атам кандай үйрөтсө, ошондой сүйлөйм» (ЖКН. 8:28).

Кеңеш бергенде: «Сенин ордуңда болсом, минтмекмин»,— деп айтасыңбы? Атүгүл суроонун жообу айкын болсо да, Исаны туурап, момун болгонуң жакшы. Ага акылмандыгы, тажрыйбасы жагынан эч бир адам тең келе алган эмес. Ошентсе да Иса: «Мен өз оюмдан чыгарып сүйлөгөн жокмун. Эмнени айтып, эмнени сүйлөшүм керектигин мага... Атам осуят кылган»,— деген (Жкн. 12:49, 50). Ооба, анын окуулары, кеңештери дайыма Атасынын эркине ылайык келген.

Мисалы, Лука 22:49да жазылгандай, Исадан шакирттери аны кармаганы келген кишилер менен согушуу керекпи, жокпу, сурашкан. Атүгүл бир шакирти алардын биринин кулагын кылыч менен шылый чапкан. Ошол окуя тууралуу жазылган башка билдирүүдө, Матай 26:52—54-аяттарда, Исанын ошондой учурда да ал шакирти менен Жахабанын эрки жөнүндө сүйлөшүүгө убакыт бөлгөнү айтылат. Иса Башталыш 9:6дагы принципти, 22-забурда жана Ышая 53-бөлүмдө жазылган пайгамбарлыктарды жакшы билгендиктен ага акылман кеңеш бере алган. Анын кеңешинин адамдардын өмүрүн сактап калганы жана Жахабага жакканы шексиз.

4 Теократиялык китепканаңды колдон.

«Үйүндөгүлөрүнө өз убагында тамак берип турушу үчүн, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кул ким?» (МТ. 24:45).

Иса ишенимдүү кул тобун баалуу рухий тамак берип турууга дайындаган. Кимдир бирөөгө маанилүү маселелерге байланыштуу кеңеш же көрсөтмө берерде Ыйык Китепке негизделген адабияттарды кылдат изилдөөгө убакыт бөлөсүңбү?

«Күзөт мунарасы коомунун адабияттарынын индекси» жана «Күзөт мунарасы коомунун электрондук китепканасы» * ачык-айкын жазылган аябагандай көп маалымат табууга шарт түзөт. Кенчке тете ошондой маалыматты баркка албай коюу кандай гана чоң жаңылыштык болуп калар эле! Ал рухий казыналарда миңдеген темалардын тизмеси берилип, кеңеш издеп жаткан кишиге жардам бере турган миңдеген макалалар камтылган. Сен башкаларга ыйык китептик принциптерди изилдөөгө жана Кудайдын Сөзүнүн негизинде ой жүгүртүүгө жардам берүү жагынан канчалык дасыккансың? Карта адамга кайсы жерде турганын аныктоого, көздөгөн жерине жетүүгө жардам бергендей эле, изилдөө куралдары бизге кайсы жолдо баратканыбызды көрүүгө жана өмүр жолунан чыкпоого жардам берет.

Көптөгөн аксакалдар бир туугандарга «Индексти» жана «Күзөт мунарасы коомунун электрондук китепканасын» колдонуп керектүү макалаларды кантип тапса болорун үйрөтүү менен аларга Ыйык Жазманын негизинде ой жүгүртүүгө көмөк кылышат. Бул жарчыларга тынчсыздандырып жаткан суроосуна жооп табууга эле эмес, изилдөө жүргүзүүнү жана Жахаба берген рухий куралдарды колдонууну адат кылып алууга да жардам берет. Мунун аркасында алар акылын «колдонуу аркылуу... жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырышат» (Евр. 5:14).

5 Башкалар үчүн чечим чыгарба.

«Ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт» (ГАЛ. 6:5).

Акырында айта кетчү нерсе, кайсы кеңешти колдонууну ар ким өзү чечет. Жахаба Кудай баарыбызга анын принциптерине жетектелер-жетектелбесибизди өз алдыбызча чечүүгө эркиндик берген (Мыйз. 30:19, 20). Кээ бир жагдайларда бир нече ыйык китептик принцип колдонорлук болушу мүмкүн жана алардын кайсынысын тандаарын кеңеш издеп жаткан киши өзү чечиши керек. Адамдын бизге кандай маселе менен кайрылганына же анын жашына жараша, өзүбүздөн: «Бул маселе боюнча кеңеш берүүгө укугум барбы?» — деп сурап көргөнүбүз оң. Анткени айрым маселелерди жыйналыштын аксакалдары же жашы жете элек бирөө кеңешке муктаж болсо, ата-энеси караганы жакшы.

[Шилтеме]

^ 20-абз. Бүгүнкү күндө «Күзөт мунарасы коомунун электрондук китепканасы» 39 тилде, ал эми «Күзөт мунарасы коомунун адабияттарынын индекси» 45тен ашуун тилде бар.

[8-беттеги кутуча/сүрөт]

Үй-бүлө менен сыйынууда изилдөө

Жакын арада кимдир бирөө сага кандайдыр бир суроо берген болсо, ага жооп табуу үчүн үй-бүлө менен сыйынууда изилдөө жүргүзүп көрсөң кандай? Ага жардам бере турган кандай макалаларды жана ыйык китептик принциптерди таба аласың? Мисалы, сенден кайсы бир ишенимдешибиз кимдир бирөө менен жакыныраак таанышууга байланыштуу кеңеш сурап калды дейли. «Индекстен» же «Күзөт мунарасы коомунун электрондук китепканасынан» эң биринчи ошол маселеге түздөн-түз тиешеси бар теманы карап көр. Алсак, «Индекстен» «Сүйлөшүү» же «Нике» деген таманы таап, анан макалалардын тизмеси берилген бөлүмчөлөргө көз жүгүртүп чык. Бөлүмдүн негизги аталышын карап жатканда «Кара» деп белгиленген кошумча темалардын бар-жогуна көңүл бур. Алар сен изилдеп жаткан суроого көбүрөөк тиешелүү болушу мүмкүн.

[9-беттеги кутуча]

Жахабанын уюму аркылуу берген рухий куралдарынын жардамы менен башкаларга жакшы кеңештерди берип, өзүбүз да сонун кеңештерди таба алабыз. Насаатчы 12:11де: «Акылмандардын сөздөрү учтуу таяктай, учкул сөздөрдү чогулткандар кагылган мыктай. Ал сөздөр бир койчудан»,— деп айтылат. Мал айдаганда колдонулган учтуу таяк сыяктуу, сүйүү менен берилген пайдалуу кеңеш жүрөгү таза адамдарга туура багыт берет. Ошондой эле «кагылган мык» бир нерсенин бекем болушун шарттагандай эле, жакшы кеңеш бекем, туруктуу болууга жардам берет. Акылдуулар өздөрүнүн Койчусу Жахабанын акылмандыгын чагылдырган «учкул сөздөрдү чогултуудан» ырахат алышат.

Кеңеш берип жатканда Койчубузду туураганга умтул. Кимдир бирөөгө пайдалуу кеңеш бергенибизде кандай гана кубанабыз. Эгер кеңешибиз толугу менен Ыйык Китепке негизделсе, акыл сураган адамга жакшы кеңеш берген болобуз. Ал ага түбөлүктүү пайда алып келиши мүмкүн.