Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Иса Машаяктын жолдоочусу порнография көрүп жүргөнү үчүн жыйналыштан чыгарылышы мүмкүнбү?

▪ Ооба, мүмкүн. Бул порнографиянын бардык түрүнөн жаа бою качканыбыз, башкача айтканда, журналдарда, фильмдерде, видеолордо жана Интернетте камтылган порнографиялык материалдарды таптакыр окубаганыбыз, көрбөгөнүбүз канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат.

Учурда порнография бүт жер шарына канатын жайды. Ал эми Интернет аркылуу порнографиялык маалыматтарга эшик болуп көрбөгөндөй кенен ачылгандыктан, андай балээге кабылгандардын саны барган сайын өсүүдө. Айрымдар: жаш балдар да, чоңдор да порнографиялык веб-сайттарга капысынан эле кабылып калышат. Ал эми башкалары порнографияны үйүнөн же иштеген жеринен эч кимге билгизбей атайылап көрүшөт же окушат. Кудайдын кызматчылары андан эмне үчүн сак болушу керек?

Мунун негизги себебин Иса Машаяктын: «Аялды кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот»,— деген сөздөрүнөн көрө алабыз (Мт. 5:28). Ырас, ак никеде турган эркек менен аялдын жыныстык катнашта болгону туура жана бул аларга ырахат тартуулайт (Накыл 5:15—19; 1 Кор. 7:2—5). Бирок порнография таптакыр бөлөк нерсеге багытталат. Ал Иса Машаяк эскерткен ыпылас ойлорду туудура турган жыныстык адеп-ахлаксыздыкты чагылдырат. Порнография окуу же көрүү Кудайдын: «Бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга, жаман каалоолорго жана бурканга табынуучулук болуп эсептелген ач көздүккө азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө»,— деген көрсөтмөсүнө карама-каршы келери айдан ачык (Кол. 3:5).

Кудайдын кызматчысы бир-эки жолу порнография көргөн болсочу? Анын жагдайын: «Мен жолдон чыгып кете жаздадым, бутум тайып кете жаздады»,— деп жазган забурчу Асап кабылган кооптуу жагдайга салыштырууга болот. Кудайдын кызматчысы жылаңач эркектин же аялдын же бузуктук кылып жаткандардын сүрөтүн же видеосун кызыгып көрсө, кантип абийирин таза сактап, Кудай менен тынчтыкта боло алат? Ал: «Мен эртеден кечке кыйналам, күнүгө эртең менен ашкереленем»,— деп айткан Асаптыкындай сезимде болушу мүмкүн (Заб. 73:2, 14).

Порнография көрүп жүргөн бир тууган тайгак кыяда баратканын жана рухий жардамга муктаж экенин түшүнүшү керек. Андай жардамды жыйналыштагы аксакалдардан алууга болот. Анткени аларга: «Кимдир бирөө билбестиктен туура эмес иш кылып алса да, силер, рухий жактан жетилгендер, андай адамды жумшактык менен туура жолго салганга аракет кылгыла»,— деген көрсөтмө берилген (Гал. 6:1). Бир же эки аксакал ага зарыл жардам көрсөтүп, оорусу айыгып, күнөөсү кечирилиши үчүн, ишеним менен тиленишет (Жкп. 5:13—15). Порнографиянын тагын кетириш үчүн жардам издегендер, Асапка окшоп, Кудайга жакындаган жакшы экенин сезишет (Заб. 73:28).

Анткен менен элчи Пабыл айрымдардын «ыпылас иштерин, бузуктугун, уятсыз жүрүм-турумун мойнуна алып өкүнбөй» турганын айткан * (2 Кор. 12:21). Профессор Марвин Р. Винсент бул аяттагы «ыпылас иштер» деп берилген грек сөзү «ыпыластыктын жийиркеничтүү түрүн» билдирерин жазган. Порнографиянын кээ бир түрлөрүндө жылаңач киши же бузуктук кылып жаткан эркек-аял эле эмес, андан алда канча жаман нерселер чагылдырылат. Мисалы, анын гомосексуализм (бир жыныстагы адамдардын жыныстык катнашы), топ кишинин жыныстык катнашы, жаныбар менен жыныстык катнашта болуу, балдардын порнографиясы, топ кишинин бирөөнү зордукташы, аял кишиге мыкаачылык кылуу, жыныстык кумарды кандыруу үчүн кимдир бирөөнү байлоо же кыйноо сыяктуу өтө ыпылас, жийиркеничтүү иштерди камтыган түрлөрү бар. Элчи Пабылдын күндөрүндө «акылдарын караңгылык баскан» айрым кишилер «уят-сыйытты жыйыштырып, ар кандай ыпылас иштерди ач көздүк менен жасаш үчүн уятсыз жүрүм-турумга берилип кетишкен» (Эф. 4:18, 19).

Элчи Пабыл Галатиялыктар 5:19-аятта да «ыпыластык» деген сөздү колдонгон. Британиялык бир окумуштуу ал сөздүн «бул жерде табигый эмес кумарларды билдириши мүмкүн» экенин белгилеген. Порнографиянын жогоруда айтылып өткөн жийиркеничтүү, жыныстык жактан бузган түрлөрүнүн «табигый эмес кумарларды» пайда кылган ыпыластыкка жатарын кимибиз четке кага алабыз? Пабыл Галатиялыктар 5:21де андай ыпылас «иштерди кылып жүргөндөр Кудайдын Падышалыгын мурастабай» турганын айткан. Демек, кимде ким порнографиянын жыныстык жактан бузган, жийиркеничтүү түрүн көрүүнү адат кылып алса, балким, бир топ убактан бери көрүп жүрсө жана өкүнүп, жаман жолунан бурулбаса, жыйналыштын руху менен тазалыгы сакталышы үчүн, ал жыйналыштан чыгарылышы керек (1 Кор. 5:5, 11).

Бактыга жараша, атүгүл жийиркеничтүү порнографиянын кылтагына илинип калгандардын айрымдары жыйналыштын аксакалдарынан рухий жардам алып, жашоосунда чоң өзгөрүү кыла алышкан. Иса Машаяк байыркы Сардестеги жолдоочуларына: «Аз жерден өлүп кала жаздагандарды бекемде... алган, уккан нерселериңди эсиңден чыгарба, аларды сакта, өкүн. Эгер ойгонбосоң,.. кайсы саатта келгенимди билбей каласың»,— деген (Аян 3:2, 3). Ооба, порнография көрүп жүргөндөр өкүнүп, каймана мааниде оттон суурулуп чыга алышат (Жүй. 22, 23).

Бирок эч качан от менен ойнобогонго чечкиндүү болгонубуз алда канча жакшы. Арийне, ар бирибиз порнографиянын бардык түрүнөн оолак болууга бел байлашыбыз керек!

[Шилтеме]

^ 8-абз. Ыпыластыктын, бузуктуктун жана уятсыз жүрүм-турумдун айырмасын билүү үчүн «Күзөт мунарасынын» (ор.) 2006-жылдын 15-июлундагы санынын 29—31-беттерин карагыла.

[30-беттеги кыстырма]

Порнография көрүп жүргөн бир тууган тайгак кыяда баратканын, жардамга муктаж экенин түшүнүшү керек