Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабага бүт жүрөгүң менен кызмат кыл

Жахабага бүт жүрөгүң менен кызмат кыл

Жахабага бүт жүрөгүң менен кызмат кыл

«Уулум,.. атаңдын Кудайын таанып-бил, ага бүт жүрөгүң... менен кызмат кыл» (1 ЖЫЛН. 28:9).

ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП ИЗДЕ:

Каймана маанидеги жүрөк деген эмне?

Жүрөгүбүздү кантип изилдей алабыз?

Канткенде дайыма Жахабага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кыла алабыз?

1, 2. а) Кудайдын Сөзүндө адамдын кайсы органы каймана мааниде эң көп колдонулган? б) Каймана маанидеги жүрөктүн эмнени билдирерин түшүнгөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

ЫЙЫК ЖАЗМА адамдын дене мүчөлөрү каймана мааниде колдонулган билдирүүлөргө бай. Маселен, уруу аксакалы Аюп: «Колумда зордук-зомбулук жок»,— деген. Сулайман падыша болсо: «Жакшы кабар сөөктү чучукка толтурат»,— деп жазган. Ошондой эле Жахаба Жезекиел пайгамбарды: «Чекеңди оттук таштан катуу... кылдым»,— деп кайраттандырган. Ал эми элчи Петир: «Жахабанын көзү адил адамдарды көрүп, кулагы алардын жалынычын угат»,— деп айткан (Аюп 16:17; Накыл 15:30; Жез. 3:9; 1 Пет. 3:12).

2 Бирок адамдын дене мүчөлөрүнүн, органдарынын ичинен бирөө каймана мааниде баарынан көп колдонулган. Ал жөнүндө ишенимдүү аял Анна тиленүүсүндө: «Жүрөгүм Жахабаны ойлоп кубанат»,— деп айткан (1 Шем. 2:1). Ыйык Китепте жүрөк деген сөз миңге жакын жолу кездешет жана көбүнчө каймана мааниде колдонулган. Ал сөздүн эмнени билдирерин түшүнгөнүбүз абдан маанилүү, себеби Ыйык Китепте жүрөгүбүздү сакташыбыз керектиги айтылган. (Оку: Накыл сөздөр 4:23.)

КАЙМАНА МААНИДЕГИ ЖҮРӨК ДЕГЕН ЭМНЕ?

3. Ыйык Китептеги «жүрөк» деген сөздүн маанисин түшүнүүгө эмне жардам берет? Мисал менен түшүндүр.

3 Ыйык Жазмада «жүрөк» деген сөзгө сөздүктөгүдөй аныктама берилбесе да, ал анын маанисин түшүнүүгө жардам берет. Кандайча? Бир мисал алалы. Дубалдын бооруна түстүү майда таштардан кыналып жасалган чоң кооз сүрөттү элестетсең. Аны бир аз алысыраак туруп карасаң, кылдат кураштырылган миңдеген таштардан кандай сүрөт жаралганын толугу менен көрө аласың. Анын сыңарындай, эгер «алысыраак туруп», Ыйык Китептеги «жүрөк» деген сөз колдонулган жерлерди карасак, алардын баары биригип бир бүтүн сүрөттү түзөрүн байкайбыз. Кандай сүрөттү?

4. а) «Жүрөк» деген сөз эмнени билдирет? б) Иса пайгамбардын Матай 22:37деги сөздөрү эмнени билдирет?

4 Ыйык Китепти жазгандар «жүрөк» деген сөздү адамдын жалпы ички дүйнөсүн сүрөттөө үчүн колдонушкан. Ал өзүнө каалоолорубузду, ойлорубузду, кулк-мүнөзүбүздү, маанайыбызды, жөндөмдүүлүктөрүбүздү, ниеттерибизди жана максаттарыбызды камтыйт. (Оку: Мыйзам 15:7; Накыл сөздөр 16:9; Элчилер 2:26.) Бир эмгекте айтылгандай, ал «адамдын бүтүндөй жан дүйнөсүн» билдирет. Кээ бир учурларда «жүрөк» деген сөз тар мааниде колдонулган. Алсак, Иса пайгамбар: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй»,— деген (Мт. 22:37). Бул учурда «жүрөк» адамдын эмоцияларын, каалоолорун жана сезимдерин билдирет. Жүрөктү, жанды жана акылды өз-өзүнчө айтуу менен Иса пайгамбар Кудайга болгон сүйүүбүздү сезимдерибиз, жашоо мүнөзүбүз аркылуу жана акыл жөндөмүбүздү колдонуу менен көрсөтүшүбүз керектигин баса белгилеген (Жкн. 17:3; Эф. 6:6). Бирок өзүнчө колдонулганда «жүрөк» деген сөз адамдын жалпы ички дүйнөсүн туюнтат.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЖҮРӨГҮБҮЗДҮ САКТАШЫБЫЗ КЕРЕК?

5. Эмне үчүн Кудайга бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылууга бардык күчүбүздү жумшагыбыз келет?

5 Жүрөк жөнүндө Дөөтү падыша уулуна: «Уулум Сулайман, атаңдын Кудайын таанып-бил, ага бүт жүрөгүң, бүт жаның менен кызмат кыл, анткени Жахаба жүрөктөрдүн баарын сынап, адамдын ойлору менен каалоолорунун баарын билип турат»,— деп эскерткен (1 Жылн. 28:9). Ырас, Жахаба бардык адамдардын, анын ичинде биздин да жүрөгүбүздү изилдейт (Накыл 17:3; 21:2). Ал жүрөгүбүздөн тапкан нерселер аны менен болгон мамилебизге жана келечегибизге зор таасир этет. Андыктан Дөөтү падышанын ыйык рухтун жетеги менен жазган кеңешине кулак кагып, Кудайга бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылуу үчүн бардык күчүбүздү жумшаганыбыз акылдуулукка жатат.

6. Жахабага кызмат кылууга болгон чечкиндүүлүгүбүзгө байланыштуу эмнени түшүнүшүбүз керек?

6 Жахабанын Күбөсү катары ынталуу кызмат кылганыбыз ага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылууну абдан каалаарыбызды айгинелеп турат. Ошол эле учурда биз Шайтандын каардуу дүйнөсүнүн кысымы жана күнөөкөр денебиздин каалоолору Кудайга бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү солгундатышы мүмкүн экенин түшүнөбүз (Жер. 17:9; Эф. 2:2). Андыктан ошол чечкиндүүлүгүбүз басаңдап калган-калбаганын, башкача айтканда, рухий жактан сак жүргөн-жүрбөгөнүбүздү текшерип туруу үчүн жүрөгүбүздү дайыма изилдеп турушубуз керек. Муну кантип кылсак болот?

7. Жүрөгүбүздүн кандай экени эмнеден көрүнөт?

7 Дарактын өзөгү, мындайча айтканда, жүрөгү көрүнбөгөндөй эле, ички дүйнөбүз да көрүнбөйт. Анткен менен, Иса пайгамбар Тоодогу насаатында айткандай, дарактын кандай экени жемишинен билингендей эле, жүрөгүбүздүн кандай экени кылган иштерибизден билинет (Мт. 7:17—20). Анда ошол иштердин бирин карап көрөлү.

ЖҮРӨГҮБҮЗДҮ ИЗИЛДӨӨНҮН БИР ЖОЛУ

8. Иса пайгамбардын Матай 6:33төгү сөздөрүнө ылайык, жүрөгүбүздүн түпкүрүндө эмне жатканы эмнеден көрүнөт?

8 Ошол эле насаатында Иса пайгамбар угуучуларына алардын Жахабага бүт жүрөгү менен кызмат кылууга болгон каалоосун эмне айгинелерин айткан. «Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издегиле, ошондо силерге мунун баары берилет»,— деген ал (Мт. 6:33). Ырас, жашоодо эмнени биринчи орунга койгонубуз жүрөгүбүздүн түпкүрүндө жаткан каалоолорубузду, ойлорубузду жана мүдөө-максаттарыбызды айкын кылат. Андыктан жашоодо эмнени алдыңкы орунга коюп жатканыбызды текшерүү Кудайга бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылып жаткан-жатпаганыбызды аныктоонун жакшы жолу болуп эсептелет.

9. Иса Машаяк айрымдарды эмне кылууга чакырган жана алардын жообунан эмне айкын болгон?

9 Машаяк жолдоочуларын «биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын... издөөгө» үндөгөндөн көп өтпөй, адамдын жашоодо эмнени биринчи орунга койгонунан анын жүрөгүнүн кандай экенин билүүгө болорун көрсөткөн бир окуя болот. Инжилди жазууга катышкан Лука ал окуяны Иса Машаяктын Иерусалимде өзүн эмне күтүп турганын билсе да, ал жакка «барууну чечкенин» айтуу менен баштаган. Ал элчилери менен «жолдо баратканда» бир нече кишиге жолугуп, аларды: «Менин жолдоочум бол»,— деп чакырат. Алар анын чакырыгын кабыл алууну каалашканы менен, ар кандай шарт коюшат. Бири: «Адегенде үйүмө барып, атамды коюп келүүгө уруксат бер»,— дейт. Дагы бирөө: «Мырзам, мен сенин артыңдан ээрчийм. Бирок адегенде үйдөгүлөрүм менен коштошуп келүүгө уруксат бер»,— деп айтат (Лк. 9:51, 57—61). Машаяктын Кудайдын эркин аткарууга бүт жүрөгү менен чечкиндүү болгону алардын ар нерсени шылтоолоп олку-солку болгонунан кандай гана айырмаланган! Өз кызыкчылыктарын Падышалыктын иштеринен жогору коюу менен алар Кудайга бүт жүрөгү менен кызмат кылгысы келбей турганын көрсөтүшкөн.

10. а) Машаяктын жолдоочулары анын чакырыгына кандай жооп кайтарышкан? б) Иса Машаяк кандай мисал айткан?

10 Алардан айырмаланып, биз Иса Машаяктын чакырыгын кабыл алып, анын жолдоочусу болдук жана күнүгө Жахабага кызмат кылып жатабыз. Муну менен жүрөгүбүздө Жахабага карата кандай сезимдерди туярыбызды көрсөтүүдөбүз. Бирок жыйналышта жигердүү кызмат кылып жүрсөк да, жүрөгүбүзгө коркунуч туудура турган бир нерсе бар экенин унутпашыбыз керек. Ал эмне? Жогоруда айтылган кишилер менен болгон маегинде Машаяк: «Сокону кармап баратып артын карай берген адам Кудайдын Падышалыгына жарабайт» — деп, жүрөгүбүзгө эмне коркунуч туудурарын көрсөткөн (Лк. 9:62). Анын мисалынан кандай сабак алсак болот?

«ЖАКШЫЛЫККА УМТУЛАБЫЗБЫ?»

11. Иса пайгамбардын мисалындагы жумушчунун иши эмне болгон жана эмне үчүн?

11 Иса пайгамбардын ошол кыска мисалын айкыныраак түшүнүш үчүн, ага анча-мынча боёк кошуп, көркөмдөп көрөлү. Талаада жумушчу жаны тынбай кош айдап жатат. Бирок ал иштеп жатып үйүндө бала-бакырасы, достору менен көлөкөдө чүйгүн тамактан, музыкадан ырахат алып, каткырып күлүп жатканын ойлой берет. Ал нерселер тим эле көзүнөн учат. Бир топ жерди айдагандан кийин, ошол каалоосу күчөп, ээ бербей кеткендиктен, ал «артын карайт». Ошентип, үрөн себилгенге чейин, дагы көп жер айдалыш керек болсо да, ал алаксып, ишин бүтүрбөй калат. Анын туруктуулук көрсөтпөгөнүнө мырзасынын нааразы болору айтпаса да түшүнүктүү.

12. Бүгүнкү күндө кимди Иса пайгамбардын мисалындагы жумушчуга салыштырууга болот?

12 Эми кандайча бүгүнкү күндө да ушул мисалдагыдай жагдай болушу мүмкүн экенин карап көрөлү. Жумушчуну жакшы эле кызмат кылып жаткандай көрүнгөн, бирок рухий жактан кооптуу абалда турган бир тууганга салыштырса болот. Маселен, кайсы бир ишенимдешибиз кызматка ынталуу катышат деп коёлу. Бирок жолугушууларга барып, кабарга чыкканы менен, дүйнөдөгү өзүнө жаккан айрым нерселер жөнүндө ойлоно берет. Жүрөгүнүн тереңинде ал аларды аябай эңсейт. Акыры, бир нече жыл кызмат кылгандан кийин, анын ошол нерселерге жетүүгө болгон каалоосу күчөп, акыл-оюн ээлеп алгандыктан, ал «артын карайт». Рухий талаада дагы көп жумуш кылынышы керек болсо да, ал «өмүр сөзүнө бекем карманбай», теократиялык иштерге мурдагыдай катышпай калат (Флп. 2:16). Жумушчусунун минтип туруктуу бойдон калбаганына «оруп-жыюу ишинин Кожоюну» Жахабанын капа болору шексиз (Лк. 10:2).

13. Жахабага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылуу эмнени билдирет?

13 Бул мисалда кандай сабак камтылганы айдан ачык. Пайдалуу, кубаныч тартуулаган рухий иштерге, мисалы, жыйналыш жолугушууларына, кабар айтууга үзбөй катышканыбыз мактоого татыйт. Бирок Жахабага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылуу ушуну эле билдирбейт (2 Жылн. 25:1, 2, 27). Эгер жүрөгүбүздүн түпкүрүндө арттагы нерселерди — дүйнө сунуштаган нерселерди — самай берсек, Кудай менен болгон ынак мамилебизден кол жууп калышыбыз мүмкүн (Лк. 17:32). Биз «жамандыктан жийиркенип, жакшылыкка умтулганда» гана «Кудайдын Падышалыгына» жарактуу болобуз (Рим. 12:9; Лк. 9:62). Ошондуктан баарыбыз Шайтандын дүйнөсүндөгү эч бир нерсенин, ал канчалык пайдалуу же жагымдуу сезилбесин, Падышалыктын иштерин бүт жүрөгүбүз менен аткарууга тоскоолдук кылышына жол бербешибиз керек. (2 Кор. 11:14; оку: Филипиликтер 3:13, 14.)

ДАЙЫМА СЕРГЕК БОЛ!

14, 15. а) Шайтан жүрөгүбүзгө кандай жол менен таасир этүүгө аракет кылат? б) Шайтандын ыкмасы эмнеси менен өтө коркунучтуу экенин мисал менен түшүндүр.

14 Жахабаны сүйгөндүктөн биз ага өмүрүбүздү арнаганбыз. Ошондон тартып көбүбүз бир топ жылдан бери чечкиндүүлүгүбүздөн жазбай, ага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылып келатабыз. Бирок Шайтан бизге кол шилтеп, жайыбызга коюп койгон жок. Ал дагы деле жүрөгүбүздү олжо көрөт (Эф. 6:12). Албетте, ал биздин туруп туруп эле Жахабаны таштап кетпесибизди билет. Ошондуктан «бул дүйнөнү» амалкөйлүк менен колдонуп, Кудайга кызмат кылууга болгон ынтабыздын жалынына акырындан суу себүүгө умтулат. (Оку: Марк 4:18, 19.) Эмне үчүн Шайтандын бул ыкмасы абдан натыйжалуу?

15 Бул суроого жооп алуу үчүн 100 ватт кубаттуулугундагы лампочканын жарыгында китеп окуп жатканыңды элестетсең. Бир маалда эле лампочка күйүп кетет. Капкараңгы болуп калгандыктан, анын күйүп кеткенин түшүнүп, жаңысына алмаштырасың. Бөлмөң кайрадан жапжарык боло түшөт. Эртеси кечинде да ошол эле бөлмөңдө китеп окуйсуң. Бирок кимдир бирөө сага билгизбей 100 ваттык лампочканы 95 ваттыкка алмаштырып койгон. Айырмасын байкайсыңбы? Байкабайт болушуң керек. Эртеси ал аны 90 ваттыкка алмаштырып коёт. Муну да байкабашың мүмкүн. Эмне үчүн? Себеби лампочканын жарыгы сага байкалбагыдай кылып акырындык менен азайтылган. Ошо сыяктуу эле, Шайтан дүйнөсүнүн таасири аркылуу ынтабызды аз-аздан суута бериши мүмкүн. Эгер ошондой болсо, анын Жахабага кызмат кылууга болгон 100 ваттык ынтабызды азайтууга жумшаган аракети оңунан чыккан болот. Сак болбосок, ынтабыздын өчүп баратканын өзүбүз да байкабай калышыбыз ыктымал (Мт. 24:42; 1 Пет. 5:8).

ТИЛЕНҮҮ АБДАН МААНИЛҮҮ

16. Канткенде Шайтандын айла-амалдарынын мизин майтара алабыз?

16 Канткенде Шайтандын ушу сыяктуу айла-амалдарынын мизин майтарып, дайыма Жахабага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кыла алабыз? (2 Кор. 2:11). Ан үчүн тиленүү абдан маанилүү. Пабыл ишенимдештерин «Ибилистин айла-амалдарына каршы турууга» үндөгөндөн кийин: «Кудайга ар кандай тиленүү, жалынуу менен кайрылып, ар дайым... тиленгиле»,— деп чакырган (Эф. 6:11, 18; 1 Пет. 4:7).

17. Иса Машаяктын тиленүүсүнөн эмнеге үйрөнө алабыз?

17 Шайтанга каршы туруу үчүн Иса Машаякты туураганыбыз акылдуулукка жатат. Анын тиленүүгө олуттуу караганы Жахабага дайыма бүт жүрөгү менен кызмат кылууга ынтызар болгонун көрсөтүп турат. Мисалы, Лука анын өлөр алдындагы түнү кантип тиленгени жөнүндө: «Жан дүйнөсү кыйналгандыктан, Иса ого бетер жалындуу тилене баштады»,— деп жазган (Лк. 22:44). Иса Машаяк ага чейин эле жалындуу тиленчү, бирок ошол учурда, жердеги жашоосундагы эң эле оор сыноого туш болгондо, «ого бетер жалындуу тиленген». Кудай анын тиленүүсүн жоопсуз калтырган эмес. Иса Машаяктын үлгүсү көрсөтүп тургандай, тиленүүлөрдүн жалындуулугу ар кандай деңгээлде болот. Ошондуктан сыноолорубуз канчалык оорлоп, Шайтандын ыкмалары канчалык амалдуу болгон сайын, Жахабадан бизди калкалашын өтүнүп, «ого бетер жалындуу тиленишибиз» керек.

18. а) Тиленүүгө байланыштуу өзүбүзгө кандай суроо берип көрүшүбүз керек жана эмне үчүн? б) Жүрөгүбүзгө эмнелер таасир этет жана кандайча? ( 16-беттеги кутучаны кара.)

18 Мындай тиленүүлөр бизге кандай таасир этет? Элчи Пабыл: «Бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр[дү]... сактайт»,— деген (Флп. 4:6, 7). Ооба, Жахабага дайыма бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылуу үчүн жалындуу жана үзгүлтүксүз тиленишибиз кажет (Лк. 6:12). Андыктан өзүңөн: «Канчалык жалындуу жана тез-тез тиленем?» — деп сурап көр (Мт. 7:7; Рим. 12:12). Жообуңан Жахабага кызмат кылууну канчалык каалаарың көрүнөт.

19. Жахабага дайыма бүт жүрөгүң менен кызмат кылуу үчүн эмне кыла бергиң келет?

19 Жогоруда карап чыкканыбыздай, жашоодо эмнени биринчи орунга койгонубуз жүрөгүбүздүн кандай экенинен кабар берет. Биз артта калтырган нерселердин жана Шайтандын айла-амалдарынын Жахабага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү басаңдатышына жол бергибиз келбейт. (Оку: Лука 21:19, 34—36.) Андыктан, Дөөтү пайгамбардай болуп, ар убак Жахабага: «Жүрөгүмдү бир бүтүн кыл»,— деп жалбарганыбыз маанилүү (Заб. 86:11).

[Изилдөө суроолору]

[16-беттеги кутуча]

ЖҮРӨГҮБҮЗГӨ ТААСИР ЭТКЕН ҮЧ НЕРСЕ

Кадимки жүрөгүбүз жакшы иштеши үчүн, айрым нерселерди кылыш керек болгондой эле, каймана маанидеги жүрөгүбүздү жакшы абалда сактоо үчүн да белгилүү бир кадамдарды жасашыбыз керек. Анда үч маанилүү нерсеге токтололу.

1 Азыктандыруу. Кадимки жүрөгүбүздү пайдалуу азык-заттар менен жетиштүү өлчөмдө камсыз кылуу керек. Ошо сыяктуу эле, каймана жүрөгүбүздү өздүк изилдөө, ой жүгүртүү жана жолугушууларга катышуу аркылуу пайдалуу рухий азыктар менен жетиштүү өлчөмдө азыктандырышыбыз зарыл (Заб. 1:1, 2; Накыл 15:28; Евр. 10:24, 25).

 2 Көнүгүү. Кадимки жүрөгүбүз тийиштүү иштеши үчүн, кээде анын канды ыкчам айландырышына шарт түзүү керек. Анын сыңарындай, кызматка жигердүү катышуу менен, балким, кызматыбызды кеңейтүү менен каймана жүрөгүбүздү жакшы абалда сактай алабыз (Лк. 13:24; Флп. 3:12).

3 Чөйрө. Биз ыймансыз адамдардын арасында иштеп, жашап жаткандыктан, кадимки жана каймана жүрөгүбүз катуу стресске дуушар болушу мүмкүн. Бирок бизге чындап кам көргөн, Жахабага бүт жүрөгү менен кызмат кылган ишенимдештерибиз менен көп убакыт өткөрүүнүн аркасында андай стрессти азайта алабыз (Заб. 119:63; Накыл 13:20).