Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Куткарылышыбыз үчүн, Жахаба бизди коргойт

Куткарылышыбыз үчүн, Жахаба бизди коргойт

Куткарылышыбыз үчүн, Жахаба бизди коргойт

«Силер... акыркы убакта ачыла турган куткарылууга ээ болушуңар үчүн, ишенимиңердин негизинде Кудайдын күчү менен корголуп турасыңар» (1 ПЕТ. 1:5).

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢ?

Жахаба бизди чыныгы сыйынууга кантип алып келген?

Жахаба бизди кеңеши аркылуу жетектеши үчүн, эмне кылышыбыз керек?

Жахаба бизди кантип бекемдейт?

1, 2. а) Жахабанын бизге кынтыксыздыгыбызды сактоого жардам берерине эмне үчүн ишенсек болот? б) Жахаба бизди канчалык жакшы билет?

«АКЫРЫНА чейин чыдаган адам куткарылат» (Мт. 24:13). Иса пайгамбардын бул сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Кудай Шайтандын дүйнөсүнө чыгарган өкүмүн ишке ашырганда, аман калышыбыз үчүн аягына чейин кынтыксыз болушубуз керек. Бирок бул Жахабанын өз акылыбыз же өз күчүбүз менен аягына чейин чыдашыбызды күтөрүн билдирбейт. Ыйык Китеп бизди: «Кудай ишенимдүү; ал силердин алыңар жеткис азгырыктарга кабылышыңарга жол бербейт. Тескерисинче, азгырыкка дуушар болгонуңарда, туруштук бере алышыңар үчүн, жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт»,— деп ынандырат (1 Кор. 10:13). Бул эмнени билдирет?

2 Жахаба алыбыз жеткис азгырыктарга кабылышыбызга эч качан жол бербейт. Анткени ал биз жөнүндө баарын, анын ичинде кыйынчылыктарыбызды, табиятыбызды, кулк-мүнөзүбүздү жана күчүбүз эмнеге жетерин жакшы билет. Чынында эле Жахаба бизди ушунчалык жакшы билеби? Ооба. Ыйык Китепте анын ар бирибизди эң сонун билери айтылат. Ал күндөлүк жашообузду, адаттарыбызды, атүгүл ой-сезимдерибизди жана жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ниеттерибизди да билет. (Оку: Забур 139:1—6.)

3, 4. а) Забурчу Дөөтүнүн тажрыйбасы Жахабанын ар бир адамга көңүл бурарын кандайча көрсөтүп турат? б) Жахаба бүгүнкү күндө кастарлоо сезимин туудура турган кандай иш кылууда?

3 Кудуреттүү Кудай топуракка тете пенделерге да ушунчалык көңүл бурабы? Забурчу Дөөтүнү да ушул суроо ойлондурган. Ошондуктан ал Жахабага: «Мен асманыңды, манжаларыңдын иштерин, сен жараткан ай менен жылдыздарды караганымда: „Сен унутпагыдай, ажалдуу адам ким?..“ — деп ойлоном»,— деген (Заб. 8:3, 4). Балким, ага бул суроону берүүгө өз тажрыйбасы түрткү бергендир. Жышайдын эң кенже уулу Дөөтү Жахабанын «жүрөгүнө жаккандыктан», ал аны, элине жол башчы болушу үчүн, кой кайтарып жүргөн жеринен тандап алган (1 Шем. 13:14; 2 Шем. 7:8). Ай-ааламды жараткан Кудайдын жөнөкөй эле койчу баланын жүрөгүндөгү ойлоруна көңүл буруп жатканын билгенде Дөөтүнүн кандай сезимде болгонун элестетсең!

4 Жахабанын бүгүнкү күндө да ар бирибизге көңүл бурары кастарлоо сезимин туудурат. Ал «бардык элдердин асыл заттарын» таза сыйынууга чогултуп, аларга кынтыксыз бойдон калууга жардам берип жатат (Акай 2:7). Жахабанын бизге кынтыксыздыгыбызды сактоого кандайча жардам берерин түшүнүү үчүн адегенде анын адамдарды чыныгы сыйынууга кантип тартары жөнүндө ой жүгүртүп көрөлү.

КУДАЙ ӨЗҮ ЖАКЫНДАТАТ

5. Жахаба адамдарды Уулуна кантип жакындатат? Мисал менен бышыкта.

5 Иса Машаяк: «Мени жиберген Атам жакындатпаса, мага эч ким келе албайт»,— деген (Жкн. 6:44). Бул сөздөр адам Кудайдын жардамы менен гана Машаяктын шакирти боло аларын көрсөтүп турат. Жахаба кой мүнөздүү адамдарды Уулуна кантип жакындатат? Жакшы кабарды жарыялоо иши жана ыйык руху аркылуу. Алсак, Пабыл менен анын миссионердик сапардагы шериктери Филипиден Лидия деген аялга жолугуп, жакшы кабар айтышкан. Ыйык Жазмада: «Пабылдын сөздөрүн кабыл алышы үчүн, Жахаба анын жүрөгүн ачты»,— деп айтылат. Ооба, Жахаба ыйык руху аркылуу Лидияга кабардын маанисин түшүнүүгө жардам берген. Натыйжада ал үйүндөгүлөрү менен бирге чөмүлтүлгөн (Элч. 16:13—15).

6. Жахаба баарыбызды чыныгы сыйынууга кантип алып келген?

6 Мындай окуя Лидия менен эле болду беле? Албетте, жок! Эгер сен өзүңдү Кудайга арнаган болсоң, анда ал сени да чыныгы сыйынууга өзү алып келген. Асмандагы Атабыз Лидиянын жүрөгүнөн кандайдыр бир баалуу нерсени көргөндөй эле, сенин жүрөгүңөн да жакшы нерсени көргөн. Жакшы кабарга кулак кага баштаганыңда, ал сага ыйык руху менен анын маанисин түшүнгөнгө көмөк кылган (1 Кор. 2:11, 12). Анан окуп-билгендериңди иш жүзүндө колдонууга умтула баштаганыңда, анын эркин аткарууга жасаган аракетиңе батасын берген. Ал эми өмүрүңдү ага арнаганыңда, жүрөгү кубанычка бөлөнгөн. Ооба, өмүр жолуна түшкөнүңдөн тартып эле, Жахаба дайыма сени менен болуп келет.

7. Кудайдын бизге аягына чейин ишенимдүү бойдон калууга жардам берерин кайдан билебиз?

7 Жахаба бизге өмүр жолуна түшүүгө өзү жардам бергендиктен, аягына чейин ишенимдүү калышыбызга да жардам берерине шектенбесек болот. Ал биздин чындык жолуна өз күчүбүз менен түшө албагандай эле, ал жолдо өз күчүбүз менен жүрө албасыбызды да билет. Элчи Петир майлангандарга: «Силер болсо акыркы убакта ачыла турган куткарылууга ээ болушуңар үчүн, ишенимиңердин негизинде Кудайдын күчү менен корголуп турасыңар»,— деп жазган (1 Пет. 1:5). Анын сөздөрү жалпы жонунан Иса Машаяктын бардык жолдоочуларына тиешелүү болгондуктан, аларга ар бирибиз көңүл бурушубуз керек. Эмне үчүн? Анткени акырына чейин ишенимдүү кызмат кылыш үчүн баарыбыз Жахабанын жардамына муктажбыз.

ТУУРА ЭМЕС ИШ КЫЛУУДАН САКТАЙТ

8. Эмне үчүн туура эмес иш кылып алуудан сак болушубуз керек?

8 Жашоодогу кыйынчылыктар, өзүбүздүн жеткилеңсиздигибиз рухий көзүбүздү тунартып, байкабай туура эмес иш кылууга түртүп коюшу мүмкүн. (Оку: Галатиялыктар 6:1.) Муну Дөөтү пайгамбардын жашоосунда болгон бир окуя тастыктап турат.

9, 10. Жахаба Дөөтү пайгамбарды туура эмес иш кылуудан кантип сактаган жана ал бизге кантип жардам берет?

9 Көрө албас Шабул падышадан качып жүргөндө Дөөтү пайгамбар андан өч албай, зор сабырдуулук көрсөткөн (1 Шем. 24:2—7). Бирок ошондон көп өтпөй эле, ал терс ой-сезимдерин тизгиндей албай калган. Бир жолу кишилери тамак-ашка муктаж болгондуктан, ал ысрайылдык Набал деген кишиден жардам сураган. Набал анын кишилерин кордоп, куру кол кетирип жибергенде, ал жаалданып, өч алыш үчүн анын үйүндөгүлөрүн бүт кырып таштоого аттанган. Ошол учурда ал бейкүнөө кишилердин канын төксө, Кудайдын алдында күнөөгө батмактыгын унутуп койгон. Набалдын жубайы Абигейилдин өз убагында кийлигишкени гана аны чоң күнөөдөн сактап калган. Мунун артында Жахаба турганын баамдап, Дөөтү пайгамбар Абигейилге: «Сени бүгүн мага жиберген Ысрайылдын Кудайы Жахаба даңкталсын! Мени бүгүн канга забын болуудан, өзүм үчүн өч алуудан сактап калганың үчүн, Кудай сага батасын берсин, акылыңа береке берсин»,— деген (1 Шем. 25:9—13, 21, 22, 32, 33).

10 Бул окуядан эмнени билүүгө болот? Жахаба Абигейилди колдонуп, Дөөтү пайгамбарды туура эмес иш кылуудан сактагандай эле, бизди да жаза басуудан сактайт. Албетте, жаңылыштык кетирейин деп жаткан учурларыбыздын баарында эле Кудай кимдир бирөөнү жиберет деп күтпөшүбүз керек. Ошондой эле анын кайсы учурда кандай иш кыларын же ой-ниети аткарылышы үчүн, эмнелерге жол берерин так билбейбиз (Нас. 11:5). Анткен менен Жахабанын дайыма жагдай-шартыбызды жакшы билерине жана акырына чейин ишенимдүү калышыбызга жардам берерине күмөн санабасак болот. Ал бизди: «Сага түшүнүк берем, сени жүрүшүң керек болгон жолго салам. Кеңеш берем, сенден көзүмдү албайм»,— деп ынандырат (Заб. 32:8). Жахаба бизге кандай жол менен кеңеш берет? Канткенде андан пайда ала алабыз? Жахабанын азыркы тапта да элин жетектеп жатканына эмне үчүн толук ишенсек болот? Бул суроолорго Аян китебинде кандай жооп берилерине көңүл буралы.

КЕҢЕШИ АРКЫЛУУ КОРГОЙТ

11. Жахаба өзүнүн элинин жыйналыштарында эмне болуп жатканын канчалык жакшы билет?

11 Аян китебинин 2, 3-бөлүмдөрүндө жазылган аянда даңкталган Иса Машаяктын Кичи Азиядагы жети жыйналышта эмне болуп жатканына кылдат көз салып турганы көрсөтүлгөн. Ал аяндан айкын болгондой, Машаяк жыйналыштарды жалпы жонунан эле эмес, алардагы ар бир жагдайды көрүп турган. Айрым учурларда ал атүгүл кээ бир кишилердин ысмын атаган. Ошондой эле ар бир жыйналышка кайрылганда аны мактаган же ылайыктуу кеңеш берген. Бул эмнени көрсөтүп турат? Аяндагы жети жыйналыш Исанын майланган жолдоочуларынын 1914-жылдан кийинки жыйналыштарын билдирет. Ал эми аларга берилген кеңештер жалпысынан Кудайдын бүгүнкү күндөгү элинин дүйнө жүзүндөгү бардык жыйналыштарына тиешелүү. Ошондуктан Жахаба азыр Уулу аркылуу өзүнүн элин жетектеп жатат деп айтууга толук негиз бар. Анын жетекчилигинен канткенде пайда ала алабыз?

12. Жахаба кадамыбызды багытташы үчүн, эмне кылышыбыз керек?

12 Жахабанын сүйүү менен берген жетекчилигинен пайда алуунун бир жолу — өздүк изилдөө. Ишенимдүү жана акылдуу кул тобу чыгарган адабияттар аркылуу Жахаба бизге Ыйык Жазмага негизделген кеңештерди мол берип турат (Мт. 24:45). Бирок ал кеңештерден пайда алыш үчүн аларды изилдөөгө убакыт бөлүшүбүз жана билгендерибизди жашоодо колдонушубуз керек. Ооба, өздүк изилдөө — Жахабанын бизди «мүдүрүлүүдөн сакташ» үчүн караштырган чараларынын бири (Жүй. 24). Адабияттарыбыздан кайсы бир макаланы же ойду окугандан кийин: «Бул так эле мен үчүн жазылыптыр»,— деген учурларың болду беле? Берилген кеңештерди Жахабадан деп кабыл ал. Досубуз ийнибизге акырын койгулап, кайсы бир нерсеге көңүлүбүздү бургандай эле, Жахаба ыйык рухун колдонуп, жүрүм-турумубуздун же кулк-мүнөзүбүздүн кайсы жагын жакшыртышыбыз керектигине назарыбызды бурат. Эгер ыйык рухтун жетекчилигине баш ийсек, Жахаба кадамыбызды багыттаган болот. (Оку: Забур 139:23, 24.) Андыктан өздүк изилдөөбүздүн сапатын текшерип көргөнүбүз абдан маанилүү.

13. Эмне үчүн Кудайдын Сөзүн кантип изилдеп жатканыбызды текшерип турганыбыз акылдуулукка жатат?

13 Көңүл ачууга өтө эле көп убакыт коротуу өздүк изилдөөбүзгө арнай турган убактыбызды уурдап алышы ыктымал. Бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Өздүк изилдөөбүздүн ордун оңой эле башка нерсе ээлеп алышы мүмкүн. Азыр көңүл ачууга эшик болуп көрбөгөндөй кенен ачылды, ал алда канча арзан да болуп калды. Алсак, телевизор, компьютер, телефон аркылуу да көңүл ачса болот. Ал бизди туш тараптан курчап алды десек жаңылбайбыз». Эгер сак болбосок, терең изилдөө жүргүзүүгө арнай турган убактыбыз акырындан азайып отуруп, такыр калбай да калышы мүмкүн (Эф. 5:15—17). Ошондуктан ар бирибиз өзүбүздөн: «Кудайдын Сөзүн казып изилдөөгө бат-баттан убакыт бөлүп турамбы? Же жыйналыштан сөз сүйлөш керек болгондо же тапшырма аткарыш керек болгондо элеби?» — деп сурап көргөнүбүз оң. Эгер бул жагынан жакшырышыбыз керектигин байкасак, балким, үй-бүлө менен сыйынууга же өздүк изилдөөгө арналган кечти натыйжалуураак колдонуп, Жахабанын акылмандыгын кенчти издегендей издөөгө аракет кылаттырбыз. Ал эми анын акылмандыгы бизди коргоп, куткарылууга жардам берет (Накыл 2:1—5).

ДЕМ-КҮЧ БЕРИП, БЕКЕМДЕЙТ

14. Жахабанын ой-сезимдерибизге кош көңүл карабай турганы Ыйык Китепте кандайча көрсөтүлгөн?

14 Дөөтү пайгамбар далай жолу турмуштун ысыгына күйүп, суугуна тоңгон (1 Шем. 30:3—6). Анын ыйык рухтун жетеги менен жазган сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Жахаба анын сезимдерин жакшы түшүнгөн. (Оку: Забур 34:18; 56:8.) Кудай биздин да ой-сезимдерибизди жакшы түшүнөт. Жүрөгүбүз жараланганда же кыйналганыбызда, ал биздин жаныбызда болот. Ушуну билүүнүн өзү эле, Дөөтү пайгамбарды жубаткандай, бизди да жубатат. Ал: «Сенин мээримдүүлүгүңө кубанам да, шаттанам, анткени тарткан азабымды көрдүң, жанымдын кыйналганын билдиң»,— деп ырдаган (Заб. 31:7). Бирок Жахаба тарткан азабыбызды көрүп эле тим болбойт. Ал бизди жубатып-бекемдөө менен туруктуу болууга да жардам берет. Андай жардам алуунун бир жолу — жыйналыш жолугушууларына катышуу.

15. Асаптын окуясынан эмнеге үйрөнсөк болот?

15 Жыйналыш жолугушууларына катышуунун бир пайдасы забурчу Асаптын окуясынан айкын көрүнүп турат. Адил адамдардын азап чегип, ал эми ыймансыздардын гүлдөп жатканына көңүл топтогондуктан ал Кудайга кызмат кылуунун баа жеткис сыймык экенине шек санап, ындыны өчө баштаган. Асап: «Жүрөгүм ызага толуп, ичим сыздады» — деп, өзүнүн кандай сезимде болгонун айткан. Натыйжада ал Жахабага дээрлик кызмат кылбай калган. Ага рухий жактан кайрадан бутуна турууга эмне жардам берген? «Мен Кудайдын улуу ыйык жайына кирдим»,— деген Асап. Ал жактан Жахабага кызмат кылган ишенимдештери менен чогуу болгондуктан, кайрадан туура ой жүгүртө баштаган. Ал ыймансыздардын убактылуу гана жыргашарын жана убагы келгенде, Жахабанын баарын орду-ордуна коёрун түшүнгөн (Заб. 73:2, 13—22). Биз да кээде Шайтандын дүйнөсүндөгү адилетсиздиктен улам көңүлүбүз чөгүп, Асаптыкындай сезимде болушубуз мүмкүн. Андай учурда бир туугандарыбыз менен болгонубуз көңүлүбүздү сергитип, кайрадан Жахабага кубаныч менен кызмат кылууга жардам берет.

16. Аннанын үлгүсү бизге кандайча жардам берет?

16 Бирок жыйналыштагы кайсы бир жагдайдан улам сага жолугушууларга баруу кыйын болуп жатсачы? Балким, кайсы бир сыймыктуу кызматыңды же жыйналыштагы жоопкерчилигиңди аркалабай калганың үчүн өзүңдү ыңгайсыз сезип жаткандырсың. Же ишенимдешиң менен пикириң келишпей, кыйналып жүргөндүрсүң. Ошондой болсо, сага Аннанын үлгүсү жардам бериши мүмкүн. (Оку: 1 Шемуел 1:4—8.) Анын үйүндөгү жагдайды эстесең. Күндөшү Пенина аны ыза кылып, көңүлүн көп оорута турган. Өзгөчө, үй-бүлөсү менен Жахабага курмандык чалыш үчүн жыл сайын Шилого барышканда, анын кордугу Аннанын жанына батып кетчү. Ал ушунчалык жаны кейигендиктен «ыйлап, тамак жечү эмес». Бирок ошонун айынан Жахабага сыйына турган жерге барбай, үйүндө калып калчу эмес. Анын ишенимдүүлүгүн көрүп, Жахаба батасын берген (1 Шем. 1:11, 20).

17, 18. а) Жыйналыш жолугушуулары бизди кандайча бекемдейт? б) Жахабанын, куткарылышыбыз үчүн, бизге назиктик менен кам көрүп жатканы сенде кандай сезимдерди туудурат?

17 Кудайдын кызматчыларында Аннадан үлгү алууга көптөгөн себептер бар. Биз жыйналыш жолугушууларына үзбөй катышышыбыз керек. Анткени, баарыбыз өз тажрыйбабыздан ынангандай, жолугушуулар бизди дайыма бекемдейт (Евр. 10:24, 25). Ал жактан бир туугандарыбыздын сүйүүсүн сезип, кайраттанабыз. Ошондой эле баяндамадагы кайсы бир ой же ишенимдешибиздин берген жообу жүрөгүбүздү козгошу мүмкүн. Жолугушуу башталганга чейин же андан кийин пикир алышканыбызда, кимдир бирөө бизди кунт коюп угуп, жылуу сөздөрдү айтышы ыктымал (Накыл 15:23; 17:17). Андан сырткары, Жахабаны даңктап ырдаганда көңүлүбүз көтөрүлөт. Өзгөчө, тынчыбызды кетирген ойлор чулгаганда, дем-күч алыш үчүн жыйналыш жолугушууларына барганыбыз маанилүү. Жахаба ал жактан бизди «сооротуп», акырына чейин ишенимдүү болгонго күч-кубат берет (Заб. 94:18, 19).

18 Жахаба Кудайыбыз бизге назиктик менен кам көргөндүктөн, өзүбүздү ага: «Сен мени оң колуман кармап турасың. Мени кеңешиң менен жетектейсиң»,— деп айткан забурчу Асаптай коопсуз сезебиз (Заб. 73:23, 24). Жахабанын, куткарылышыбыз үчүн, бизди коргоп жатканына кандай гана ыраазыбыз!

[Изилдөө суроолору]

[28-беттеги сүрөт]

Сени да Жахаба өзү жакындаткан

[30-беттеги сүрөт]

Кудайдын кеңешин колдонуу бизди коргойт

[31-беттеги сүрөт]

Жахаба бекемдеп, туруктуу болууга жардам берет