Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Уулу Атасын ачып бергиси келет

Уулу Атасын ачып бергиси келет

Уулу Атасын ачып бергиси келет

«Атасынын ким экенин Уулунан жана Уулу кимдерге ачып бергиси келсе, ошолордон башка эч ким билбейт» (ЛК. 10:22).

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢ?

Эмне үчүн Иса Машаяк Атасы жөнүндөгү чындыкты эң мыкты ачып бере алган?

Ал башкаларга Атасы жөнүндөгү чындыкты кантип ачып берген?

Аны туурап, асмандагы Атабыз жөнүндөгү чындыкты кандай жолдор менен ачып берсең болот?

1, 2. Кайсы суроо көптөрдүн башын маң кылып келет жана эмне үчүн?

КУДАЙ деген ким? Бул суроо көптөрдүн башын маң кылып келет. Мисалы, көптөр Кудай өкүнбөгөн күнөөкөрлөрдү тозок отунда кыйнайт деп ойлошот. Бирок ошол эле учурда алар: «Кудай боорукер, ырайымдуу»,— деп айтышат. Ал эми эволюция теориясына ишенгендердин көбү Кудай жок деп эсептешет жана жаратуулардын баары кокустуктун натыйжасында пайда болгон дешет. Анткен менен ошол теорияны өнүктүргөн Чарлз Дарвин Кудайдын бар экенин четке каккан эмес. Ал Кудай жөнүндөгү түшүнүк адамдын ой-туюму жетпей турган нерсе экенин айткан.

2 Эмнеге ишенишпесин, көп адамдарда Кудайдын бар экенине байланыштуу суроолор туулат. Бирок алар купулуна толорлук жооп таба албай, акыры, Кудай жөнүндөгү чындыкты издебей калышат. Ооба, Шайтан «ишенбегендердин акылын сокур кылып койгон» (2 Кор. 4:4). Ошондуктан адамзаттын басымдуу бөлүгү адашып, асмандагы Атабыз — ай-ааламдын Жаратканы — жөнүндөгү чындыкты билбей келатканы таң калыштуу эмес (Ыш. 45:18).

3. а) Жараткан жөнүндөгү чындыкты ким ачып берген? б) Кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Бирок адамдардын Кудай жөнүндөгү чындыкты билгени абдан маанилүү. Эмне үчүн? Анткени «Жахабанын ысмын чакыргандар» гана аман калат (Рим. 10:13). Жахабанын ысмын чакыруу анын кандай Кудай экенин таанып-билүүнү камтыйт. Иса Машаяк шакирттерине Атасы жөнүндөгү ошол маанилүү чындыктарды ачып берген. (Оку: Лука 10:22.) Эмне үчүн асмандагы Атабызды ал гана эң мыкты ачып бере алган? Ал муну кантип кылган? Асмандагы Атабызды башкаларга ачып берүү жагынан аны кантип туурай алабыз? Анда ушул суроолорго жооп алалы.

КУДАЙДЫ ИСА МАШАЯК ГАНА ЭҢ МЫКТЫ АЧЫП БЕРЕ АЛГАН

4, 5. Эмне үчүн Иса Машаяк Атасы жөнүндөгү чындыкты эң мыкты ачып бере алган?

4 Иса Машаяк адамдарга Атасы жөнүндөгү чындыкты жеткилең түрдө ачып бере алган. Эмне үчүн? Жандуу, жансыздын баары жаратыла электе эле, ал асманда жашаган рухий жаратуу, «Кудайдын жалгыз Уулу» болгон (Жкн. 1:14; 3:18). Ал кандай гана өзгөчө абалды ээлеген! Кең ааламда эч нерсе жок кезде, Атасы Уулуна бүт көңүлүн буруп, мээримине бөлөгөн. Ошондо Уулу ал жана анын касиет-сапаттары жөнүндө көптү биле алган. Атасы менен Уулу миллиарддаган жылдар бою пикир алышып, бири-бирине аябай ынак болуп калышкан (Жкн. 5:20; 14:31). Ооба, Уулу Атасы жөнүндөгү билимдин эбегейсиз чоң кенчине ээ болгон! (Оку: Колосалыктар 1:15—17.)

5 Кудай Уулун өзүнүн Өкүлү кылып дайындаган, башкача айтканда, ал «Кудайдын Сөзү» болгон (Аян 19:13). Ошондуктан ал башкаларга Атасы жөнүндөгү чындыкты эң мыкты ачып бере алган. Инжилди жазууга катышкан Жакан Иса Машаяктын — «Сөздүн» — «Атасынын көкүрөгүндө» болгонун айткан (Жкн. 1:1, 18, шилт.). «Көкүрөк» деген сөздү колдонгондо Жакан, сыягы, өзүнүн күндөрүндөгү дасторкон үстүндө отурууга байланыштуу бир салтты эске салса керек. А кезде коноктор бири-бирине жакын жамбаштап жаткандыктан, биринин башы экинчисинин көкүрөк жагына туш келчү. Ошондуктан жакын жаткан эки киши оңой пикирлеше алышчу. Анын сыңарындай, Уулу «Атасынын көкүрөгүндө» болгондуктан, аны менен жакын пикирлеше алган.

6, 7. Атасы менен Уулунун ортосундагы мамиле кантип бекемделе берген?

6 Атасы менен Уулунун ортосундагы мамиле бекемделгенден бекемделе берген. Уулу «күнүгө анын кубанычы болгон». (Оку: Накыл сөздөр 8:22, 23, 30, 31.) Экөө эриш-аркак эмгектенип, Уулу Атасынан үйрөнө бергендиктен, бири-бирине ого бетер жакын болуп калышкан. Башка аң-сезимдүү жаратуулар жаратылгандан кийин, Уулу Атасынын алардын ар бирине кандай мамиле кылып жатканына байкоо салып, аны ого бетер урматтап, ого бетер жакшы көрө берген.

7 Атүгүл кийинчерээк Шайтан Жахабанын башкарууга укуктуу экенин талашка салганда да, Уулу Атасынын кыйын жагдайда сүйүүсүн, адилеттүүлүгүн, акылмандыгын жана күчүн кандайча көрсөткөнүнө күбө болгон. Ошонун аркасында ал кийин өзү жерде кызмат кылып жүргөндө кезиге турган кыйынчылыктарды кантип жеңсе болорун үйрөнгөн (Жкн. 5:19).

8. Инжилде жазылгандар Кудайдын сапаттары жөнүндө көбүрөөк билүүгө кандайча жардам берет?

8 Иса Машаяк Жахаба менен тыгыз мамиледе болгондуктан ал жөнүндө эч ким эч качан айтып бере албай турган нерселерди айтып берген. Жаратканыбыз жөнүндө билүү үчүн анын жалгыз Уулунун окутуп-үйрөткөнүн, кылган иштерин изилдөөдөн өтөрү жок. Маселен, «сүйүү» деген эмне экенин сөздүктөн окуп коюу менен эле толук түшүнө алат белек? Ал эми Инжилдеги Иса Машаяктын кызматы, башкаларга кантип кам көргөнү жөнүндөгү көркөм сүрөттөлгөн кызыктуу окуялар тууралуу ой жүгүртүү менен биз «Кудай — сүйүү» дегенди тереңирээк түшүнө алабыз (1 Жкн. 4:8, 16). Ал жерде жүргөндө шакирттерине Кудайдын башка сапаттарын да ачып берген.

ИСА МАШАЯК АТАСЫН КАНТИП АЧЫП БЕРГЕН?

9. а) Иса Машаяк Атасын кайсы эки негизги жол менен ачып берген? б) Анын өзүнүн Атасын окуулары аркылуу ачып бергенин көрсөткөн мисал айтып бер.

9 Иса Машаяк Атасы жөнүндөгү чындыкты ошол учурдагы жана болочоктогу жолдоочуларына кантип ачып берген? Эки негизги жол менен: өзүнүн окуулары жана жүрүм-туруму менен ачып берген. Алгач, окууларына токтололу. Жолдоочуларына окуткан нерселери анын Атасынын ой жүгүртүүсүн, сезимдерин, жолдорун жакшы билгенин көрсөтүп турат. Алсак, ал Атасын жоголгон коюн издеп чыккан камкор койчуга салыштырган. Ал койчунун коюн таап алганда «жоголбогон токсон тогуз коюна караганда табылган кою үчүн көбүрөөк сүйүнөрүн» айткан. Бул мисал менен эмнени баса белгилегиси келген? «Ошо сыяктуу эле,— деген ал,— асмандагы Атам да ушул кичинелердин биринин да жок болушун каалабайт» (Мт. 18:12—14). Бул мисалдан Жахаба жөнүндө эмнени биле аласың? Кээде өзүңдү керексиз, унутта калгандай сезсең да, асмандагы Атаң сенин жыргалчылыгыңа кызыкдар болуп, сага кам көрөт. Анын көз алдында сен «ушул кичинелердин бирисиң».

10. Иса пайгамбар Атасын жүрүм-туруму аркылуу кантип ачып берген?

10 Иса Машаяк шакирттерине Атасын жүрүм-туруму аркылуу да ачып берген. Ошондуктан Филип андан: «Атаңды көрсөтчү»,— деп сураганда, ал: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айта алган (Жкн. 14:8, 9). Анын өзүнүн Атасынын сапаттарын кантип чагылдырганын көрсөткөн айрым мисалдарга токтололу. «Бүт денесин пес оорусу каптаган бир киши» андан айыктырышын сурап жалбарганда, ал ага колун тийгизип: «Каалайм. Айык»,— деген. Дартынан сакайгандан кийин ал кишинин анын жакшылыгынын артында Жахаба турганын түшүнгөнү шексиз (Лк. 5:12, 13). Ошондой эле Лазар каза болгондо, Иса Машаяктын «каңырыгы түтөп, жүрөгү сыздап», «көзүнө жаш алганын» көргөн шакирттер Жахабанын аларга канчалык боору ачып жатканын сезишке керек. Ал Лазарды тирилтерин билсе да, анын үй-бүлөсүнүн, досторунун кайгырып жатканына жүрөгү сыздаган (Жкн. 11:32—35, 40—43). Иса пайгамбардын жашоосунда болуп өткөн жана Жахабанын канчалык кайрымдуу, боорукер экенин көрсөткөн окуялардын ичинен сага да өзгөчө жаккандары бар болсо керек.

11. а) Иса Машаяк ибадаткананы тазалаганда Атасы жөнүндө эмнени ачып берген? б) Анын ибадаткананы тазалаганы жөнүндөгү окуя бизди кандайча жубатат?

11 Ал эми Иса пайгамбардын ибадаткананы тазалаганынан эмнени биле аласың? Ошол окуяны көз алдыңа тартып көрсөң: Ал аркандан камчы жасап алып, кой, өгүз саткандарды ибадатканадан кууп чыгат жана акча алмаштыргандардын тыйындарын чачып, үстөлдөрүн көңтөрүп салат (Жкн. 2:13—17). Анын эр жүрөктүүлүк менен иш кылганын көргөндө шакирттери Дөөтү падышанын: «Сенин үйүңө болгон ынтамдан улам ичим өрт болду»,— деген пайгамбарлык сөздөрүн эстешкен (Заб. 69:9). Анын чечкиндүүлүк менен чара көргөнүнөн чыныгы сыйынуу үчүн күйүп-бышканын билүүгө болот. Бул окуядан асмандагы Атабыздын кандай Кудай экенин көрө алдыңбы? Ал жер бетинен жамандыкты жок кылууга кудуреттүү болгондон тышкары, аны аябай каалайт. Ошондой эле Иса Машаяктын жаман иштерди көргөндө жогорудагыдай иш-аракет кылганынан Жахабанын бүгүнкү күндө жер бетинде жамандыктын күч алганын көрүп, кандай сезимде болуп жатканын түшүнүүгө болот. Адилетсиздикке кабылганда бул бизди кандай гана жубатат!

12, 13. Иса пайгамбардын өзүнүн шакирттерине жасаган мамилесинен Жахаба жөнүндө эмнени биле алабыз?

12 Дагы бир мисалды, Машаяктын өзүнүн шакирттерине кандай мамиле кылганын, карап көрөлү. Алар кимиси чоң экени жөнүндө талашып-тартыша беришкен (Мр. 9:33—35; 10:43; Лк. 9:46). Атасы менен нечендеген жылдар бою чогуу болгондуктан Иса Машаяк анын текебердикке кандай караарын жакшы билген (2 Шем. 22:28; Заб. 138:6). Мындан тышкары, ал Шайтан Ибилистин ошондой сапатты чагылдырып келгенине күбө болгон. Өзүмчүл Шайтан атак-даңкка, жогорку абалга ээ болууну көздөгөн. Ошондуктан Иса Машаяк өзү окутуп-үйрөткөн шакирттеринин кайра-кайра эле биринчиликке умтула бергенине аябай капа болсо керек. Атүгүл тандап алган элчилери да атак үчүн талашып-тартышкан! Алар Мырзасынын жердеги жашоосунун эң акыркы күнүнө чейин ошентишкен (Лк. 22:24—27). Ошого карабай ал алардын акыры андан момундукка үйрөнөрүнөн үмүт үзбөй, боорукердик менен оңдой берген (Флп. 2:5—8).

13 Иса пайгамбардын өзүнүн шакирттеринин туура эмес көз карашын чыдамдуулук менен оңдогонунан асмандагы Атабыздын кандай экенин көрө алдыңбы? Анын кылган ишинен, сүйлөгөн сөзүнөн Атабыздын өзүнүн кызматчыларын ката кетире бергени үчүн таштап салбай турганын баамдадыңбы? Жахабанын ушундай Кудай экенин билгенибиз ката кетиргенде өкүнүп, андан кечирим суроого түрткү бербейби?

УУЛУ АТАСЫН АЧЫП БЕРҮҮГӨ ЫНТЫЗАР БОЛГОН

14. Иса Машаяк Атасын ачып берүүгө ынтызар экенин кантип көрсөткөн?

14 Бийлик төрүндөгү көптөгөн башкаруучулар элин кыңк эттирбей баш ийдирүү үчүн алардан керектүү маалыматтарды жаап-жашырышат. Алардан айырмаланып, Иса Машаяк Атасын ачып берүүгө ынтызар болгондуктан башкалардан ал жөнүндөгү зарыл маалыматтарды жашырган эмес. (Оку: Матай 11:27.) Андан тышкары, шакирттерине чыныгы Кудай Жахабаны таанып-билүүгө «акыл берген» (1 Жкн. 5:20). Бул эмнени билдирген? Атасы жөнүндө айткандарын шакирттери түшүнө алышы үчүн, алардын акылын ачкан. Ал тозок оту сыяктуу акылга сыйгыс, түшүнүксүз окуулар менен адамдардын башын айландырган эмес.

15. Эмне үчүн Иса Машаяк Атасы жөнүндө айрым нерселерди айткан эмес?

15 Иса Машаяк Атасы жөнүндө билгендеринин баарын эле айта бергенби? Жок. Ал акылдуулук кылып, айрым нерселерди айткан эмес. (Оку: Жакан 16:12.) Эмне үчүн? Анткени ал убакта шакирттери «түшүнө албайт» болчу. Бирок, ал айткандай, «чындыкты толук түшүнүүгө» көмөк кыла турган «жардамчы» — ыйык рух — келгенде, аларга көп нерсе ачылып берилмек (Жкн. 16:7, 13). Акылдуу ата-эне, балдары түшүнө алгыдай куракка жеткиче, айрым нерселерди айтпай тургандай эле, Иса пайгамбар шакирттеринин рухий жактан жетилип, Атасы жөнүндөгү айрым чындыктарды түшүнүүгө даяр болушун күткөн. Ал боорукер болгондуктан алардын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин эске алган.

ИСА МАШАЯККА ОКШОП, БАШКАЛАРГА ЖАХАБАНЫ ТААНЫП-БИЛҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕР

16, 17. Эмне үчүн сен Жахаба жөнүндө башкаларга айтып бере аласың?

16 Кимдир бирөө менен жакыныраак таанышып, анын кандай сонун адам экенин билгенде ал жөнүндө башкаларга айткың келбейби? Иса Машаяк Атасын жакшы билгендиктен жерде жүргөндө ал жөнүндө көп айткан (Жкн. 17:25, 26). Биз да, ага окшоп, башкаларга асмандагы Атабызды ачып бере алабызбы?

17 Жогоруда карап чыкканыбыздай, Иса Машаяк Атасы жөнүндө бир да киши билбеген нерселерди билген. Бирок ал жөнүндө билгендерин жашырбай, даярдуулук менен ачып берген. Ошондой эле жолдоочулары Жахабанын сапаттарын тереңирээк түшүнө алышы үчүн, атүгүл алардын акылын ачкан. Анын жардамы менен биз асмандагы Атабыз жөнүндө бүгүнкү күндө адамдардын көбү билбеген чындыктарды билдик. Ошондуктан анын өзүнүн окуулары, жүрүм-туруму аркылуу Атасын ынтызарлык менен ачып бергенине кандай гана ыраазыбыз! Ооба, биз Жахабаны билгенибизге мактансак болот (Жер. 9:24; 1 Кор. 1:31). Биз ага жакындоого аракет кылгандыктан, ал да бизге жакындаган (Жкп. 4:8). Андыктан Жаратканыбыз жөнүндөгү чындыктарды башкаларга айтып бере алабыз. Муну кантип кылсак болот?

18, 19. Башкаларга асмандагы Атабыз жөнүндө кандай жолдор менен ачып берсең болот? Түшүндүр.

18 Машаякты туурап, биз да сүйлөгөн сөзүбүз, кылган ишибиз аркылуу башкаларга Атабыз жөнүндө ачып беришибиз керек. Кызматта жолуктурган адамдардын көбү Кудайдын ким экенин таптакыр билбей турганын унутпа. Алардын Кудайга болгон көз карашы жалган окуулардын айынан бурмаланган болушу мүмкүн. Андыктан аларга Кудайдын ысмы, анын адамзатка болгон ой-ниети, касиет-сапаттары жөнүндө Ыйык Китептен билгендерибизди айтып берсек болот. Ошондой эле Ыйык Китептеги кайсы бир билдирүүдөн Кудайдын сапаттары жөнүндө жаңы нерсени билгенибизде ал тууралуу ишенимдештерибиз менен бөлүшсөк болот. Бул аларды да бекемдейт.

19 Иса Машаяктай болуп, асмандагы Атабыз жөнүндөгү чындыкты жүрүм-турумубуз менен кантип ачып берсек болот? Башкалар иш-аракетибизден Машаяктын сүйүүсүн көргөндө ага да, Кудайга да жакындашат (Эф. 5:1, 2). Элчи Пабыл бизди, өзү «Машаяктан үлгү алгандай», андан «үлгү алууга» чакырган (1 Кор. 11:1). Жүрүм-турумубуз аркылуу башкаларга Жахабанын кандай Кудай экенин көрүүгө жардам берүү кандай зор сыймык! Келгиле анда, баарыбыз, Машаякты туурап, башкаларга асмандагы Атабыз жөнүндөгү чындыкты ачып бере берели.

[Изилдөө суроолору]