Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңдеби?

Эсиңдеби?

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңбы?

Сулайман падышанын бизге сабак боло турган кандай жактары болгон?

Кудай Сулайман падышага батасын берип, өзүнүн эркин аткарууда колдонгон. Бирок бара-бара ал Кудайдын кеңештерине кулак какпай калган. Ал фараондун кызына жана башка көп бутпарас аялдарга үйлөнүп, аларга өзүн жалган сыйынууга азгырып кетишине жол берип койгон. Биз да акырындык менен туура эмес көз караш же каалоо өрчүтүп алышыбыз мүмкүн, ошондуктан сак болушубуз керек (Мыйз. 7:1—4; 17:17; 1 Пад. 11:4—8) (15.12. 10—12-б.).

Эмне үчүн Саараны Кудайдан корккон асыл зайып болгон деп айта алабыз?

Кудай Ыбрайым пайгамбарга Урдан кетүүгө буйрук бергенде, бул туугандарын, досторун таштап, белгисиз тарапка бет алууну билдирген. Ошентсе да Саара Кудайдын бата берерине ишенип, күйөөсүн колдогон. Ал күйөөсүн урматтаган жана сонун сапаттарды чагылдырган (1.1. 8-б.).

Эмне үчүн Жахаба Ыбрайым пайгамбарга сүйүктүү уулун курмандыкка чалууну буйруган?

Кудайдын Ыбрайым пайгамбарга Ыскакты курмандыкка чалууга жол бербегенин унутпашыбыз керек. Андай буйрук берүү менен Кудай, өзү үчүн канчалык кымбат болсо да, Уулу Исаны курмандыкка чаларын көрсөткөн (1.1. 23-б.).

1-кылымдан тартып Иса Машаяктын майланган жолдоочулары дайыма болуп келген деп эмне үчүн айта алабыз?

Иса Машаяктын «буудай» менен «отоо чөптөр» жөнүндөгү мисалындагы «жакшы үрөндөр» «Падышалыктын уулдарын» билдирет (Мт. 13:24—30, 38). Орок маалына чейин буудай отоо чөптөр менен чогуу өсмөк. Демек, кимдин буудай тобуна киргенин так айта албасак да, 1-кылымдан тартып майлангандар дайыма болуп келген десек болот (15.1. 7-б.).

Армагедондун алдында кандай окуялар болот?

Элдер: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп дүйнөнү дүңгүрөтө жар салышат (1 Тес. 5:3). Андан соң өкмөттөр жалган диндерге чабуул коёт (Аян 17:15—18). Андан кийин Жахабага кызмат кылгандарга кол салынат. Ошондо дүйнөнүн акыры келет (1.2. 9-б.).

Көрө албастык менен кантип күрөшсөк болот?

Бизге жардам бере турган кадамдар: сүйүү өрчүтүү, Кудайдан корккон адамдар менен болуу, жакшылык кылууга умтулуу, «кубангандар менен кубануу» (Рим. 12:15) (15.2. 16, 17-б.).

Кимдер науатль тилинде сүйлөйт жана алар үчүн эмнелер кылынууда?

Ал мурун байыркы ацтектердин тили болгон, азыр деле Мексиканын тургундарынын 1,5 миллиону ошол тилде сүйлөйт. Жахабанын Күбөлөрү науатль тилинде кабар айтып, айрым адабияттарды басып чыгарууда (1.3. 13, 14-б.).

Бирөөгө кеңеш берерде кайсы принциптерди эстен чыгарбашыбыз керек?

Иштин чоо-жайын аныкта. Шаша-буша жооп бере салба. Момун болуп, Кудайдын Сөзүн колдон. Мүмкүн болсо, теократиялык китепкананы колдон. Башкалар үчүн чечим чыгарба (15.3. 7—9-б.).

Иса пайгамбар угуучуларына: «Эки чакырым жол жүр»,— деген (Мт. 5:41). Муну менен эмнени айткысы келген?

Ошол убакта Ысрайылда үстөмдүк кылып жаткан римдиктер каалаган кишисин кайсы бир ишти аткарууга мажбурлай алышкан. Иса пайгамбар угуучуларына: «Эки чакырым жол жүр»,— деп айтуу менен аларды, бийликтегилер мыйзамга ылайык келген нерсени кылууну талап кылганда, кыжырданбай аткарууга үндөгөн (1.4. 9-б.).